Айт маарек болсун!

Акундун пикетчи небереси, Мусабековдун Акзыйнаты жана Исаковдун Асманынын тили
Атактуулардын үйүнө айттаганда
Бардык мусулмандардын ыйык майрамы болгон Курман айт майрамы да келди. Жалпы мусулмандар бул күндү чоң даярдык менен тосуп алышат. Эртең менен эрте туруп, жуунуп-тазаланган соң кудайга дуба кылып, айт намазга барып, ата-бабаларга багыштап куран окулат. Бул күнү таарынышып жүргөндөр болсо элдешишип, бирин-бири кечирүүлөрү керек. Ошондой эле бул күн достуктун, адамкерчиликтин майрамы. Биз дагы курман айт майрамын эл көзүнө көрүнүп калган атактуу адамдарыбыз кандай тосуп жана кандай майрамдап жаткандарынан кабар алуу максатында жөнөп калдык.

Ошентип андан ары Аскат Мусабековдун үйүн көздөй сапар алдык. Коңгуроону басарыбыз менен Аскат байке, жубайы Залина жана кичине кызы Акзыйнат болуп тосуп алышты. Акзыйнат колубуздан жетелей "жүйгүлө, отуйгула" деп төркү үйгө дасторкондун үстүнө алып келди. Атаң кантип ырдайт-деген сурообузга, "Алуузатым бий жолуу-уу-уук" деп созуп калды. 2 жаштагы Акзыйнат сахнаны көрүп аралашкангабы коробканын үстүнө чыгып улам бир өнөрүн көрсөтүп жатты. Атасын тартып ырдап гана тим болот го десек, комузун алып күү чертип, малдаш токуна калып, Манас айтып берди. Өнөрлөрүн көрсөтүп болгон соң " Кол чапкыла, кол чапкыла" деп, кадимки чоң артисттер жүгүнгөндөй жүгүнүп койду. Чыгармачыл жаш үй-бүлөнүн кызы мына бизди ушундай таң калтырып, үйдү шаңга бөлөп олтурду. Кызынын кылыгына тойбой кумарланып кошо ойногон ырчыбызга, "Кызыңызды ырчы кыласызбы?" деген суроо узатканыбызда, "эгер таланты ашып-ташып турса талантын жаап кое албайбыз" деп жооп берди. Бактылуу үй-бүлөнүн ынтымагына суктанып, ынтымагыңар ыдырабасын, үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн катарынада болгула деген тилегибизди айтып андан аркы сапарыбызды уланттык.

Аскат Мусабеков, ырчы:
- Сиз үчүн Курман айт майрамы кандай майрам?
- Жалпы мусулмандар үчүн Курман айт майрамы эң чоң майрамдардын бири болуп саналат. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп быйыл үй-бүлөм менен бирге эч жакка чыкпай үйдө болуп атабыз. Мурун болсо майрамдап кетчүбүз. Мурдагы жылы карылар үйүнө барып, кой союп берген элек. "Адеп башаты" коомдук уюмуна барып жүрөм, быйыл ал жакта жети кишиден биригип бука союп курмандык чалдык. Бүгүн ажылыкка сапар алган миңдеген мусулмандар Арафат тоосуна барып сыйынып жатышкан учуру. Чоң энем дагы Ажыга аттанып кетти эле Кудайым буюрса келип калуу алдында турат. Курман айт абдан жакшы майрам. Айтыңыздар маарек болсун!


Биринчи босогосун аттаган үйүбүз акыйкатчы Турсунбек Акундун үйү болду. Турсунбек агай сүйгүнчүк небересин көтөрүп бизди жаркылдап жайнап тосуп алды. Төркү бөлмөгө өткөнүбүздө жубайы, келин-уулу болуп биринчи коногубуз болдуңар деп досторконго узатышты. Биз бул жерден жеңебиздин айкөлдүгүнө баа берип олтурдук. Эмнеге дегенде бир үйдө эки уул-келинди батырып жашаш азыркы заманда кыйын эле болсо керек. Кире берерде жаңыдан кой союлуп жатканын көрдүк эле. Жеңебиз шаша-буша куурдакты өз колу менен кууруй салып астыбызга алып келди. Бир уул-келини намаз окуйт экен.Конокко кетишибиз керек деп шашып атышкандыктанбы эмнегедир биз кетээрибизде куран окулган жок. Турсунбек агай көтөрүп жүргөн небереси чоң атасынын эле өзү экен. "Чоңойсо пикетчи болот, Акүйдүн алды ушул кызымдыкы" деп тамаша-чынга аралаштыра айтып күлдүрдү.

Турсунбек Акун, акыйкатчы:
- Таң эрте Курман айт майрамын кантип тосуп алдыңыз?
- Эртең менен эрте балдарым менен айт намазына бардык. Жүз миңдеген адамдар келишти. Жаңы шайланган президентибиз келиптир аны менен чогу олтуруп намаз окудук. Намаздан кийин үйгө келип, кара койду курмандыкка чалдык. Азыр бир аздан соң биз да айттап кудаларга, тууган-туушкандардыкына барабыз. Курман айт биздин үй-бүлө үчүн негизги майрамдардын бири. Жалпы кыргыз элимдин айты маарек болсун!


Андан кийин манасчы Рысбай Исаковдун үйүнө кирип бардык. Гүлкайыр жеңебиз кеч болсо да тасмалын жайып, күтүп олтурушкан экен. Рысбай байкенин балдары да үйдү чуу кылып атышты. "Балалуу үй базар" дегенге ынанып кеттик. Манасчыбыздын 4 жаштагы уулуна "Манас айтканды билесиңби?" деп сураганыбызда, ширин тили менен олтура калып Манас айтып кирди. Манастан үзүндү айтканын угуп баралына келгенде атасынан артык Манасчы болот го деп ичибизден ойлоп койдук. Дасторконго бата кылаарда Асман тили келбесе да курандын кыраатына салып бир нерселерди божурап куран окуп, "Оомийин!" деп алакан жайып калды. Узатып эшикке чыгып бара жатканда кичинекей балдары кол булагалап "Кош, кош!" деп узатып калышты. Ошентип бүгүнкү Курман айт майрамынын да сапары карыды.
Рыспай Исаков, манасчы:
- Илгери 70 үйгө айттоо парз болгон экен, азыр 7 үйгө айтта дешет, сиздин көз карашыңыз?
- Бул эми "Аш көп болсо, каада көп дегендей" эле чындап келгенде. Канча үйгө айттоо, кандай кылыш керек экендиги кайсыл жерде жазылганын билбейт экенмин. Бирок, бул сөзсүз түрдө 7 үйгө же 70 үйгө барыш керек деген түшүнүктө болбошубуз керек. Айттын аркасы менен ынтымагыңарды бекемдеп алгыла, кошунаңар менен киришип-чыгышкыла, тууган-уругуңар менен катташып алгыла деген түпкүрүндө ушундай тарбия жатат. Меники алты гана үй болуп калды деп жетинчи үйдү издеп жүрүү эмес, же меники жети үй болду деп сегизинчи үйгө кирбей кетип калуу да эмес. Негизгиси ынтымакты бекемдейт.


Курман айт
Курман айт майрамы тарыхта 7-пайгамбар Ибрагимдин доорунан бери майрамдалып келе жатканы белгилүү. Ибрагим пайгамбар уктап жатып, түш көрөт. Бул түш бир эмес, үч жолу кайталанат. Түшүндө "мени сүйсөң, уулуңду курмандыкка чал" деп айтылат. Аян Алла Таала тарабынан берилип жатканын түшүнгөн пайгамбар жакшы көргөн уулу Исмайылды курмандыкка чалуу үчүн алып жөнөйт. Ибрагим пайгамбар жетчү жерине жетип, баласына бычак тартса, эмнегедир бычак өтпөйт. Анткени бул убакта Алла Таала Ибрагим пайгамбардын чын ниеттен жасап жатканына ишенип, курмандыкка чалуу үчүн ак кочкор жөнөткөн экен. Маарап түшкөн кочкорду пайгамбар баласынын ордуна мууздайт. Мусулмандардын курмандыкка кой союу салты мына ошондон калган.
Курман айт Орозо айттын өткөнүнө 70 күн болгондон кийин майрамдалат. Мусулмандар бул күнү жуунуп-тазаланып, эртең менен эрте мечитке барып, намаз окуусу шарт. Андан кийин колунда барлар мал союшса болот. Ал эми "бул мусулмандын милдети" деп, колунда жоктордун жөн жерден малга чыгым болуусуна жол берилбейт. Малды курмандыкка чалганда атайын дуба окулат. Анан ал малдын этинин үчтөн бир бөлүгү өзүнө, экинчи бөлүгү жакындарына, үчүнчү бөлүгү кедей-кембагалдарга таратылышы кажет.


  Жандүйнө

Бала
Ичиң билинип калыптыр. Мен сени мынчалыкка барат деп ойлогон эмесмин. Куру чакырык менен жазгандарыңды ураан кылып жүрбөгөнүңө дагы бир ирээт көзүм жетти. Сен турмушуңда да эрдик кылдың түшүнгөнгө. "Кимдин турмушу менен кимдин иши бар экен",-дейбиз. Бирок, сөз ишке ашканда оозума кеп кирбей калгансыды. Ичиңди карагым келбей жүзүңө тигиле бердим.
Ойлорум жеңип кетти. Куру намысты кубалап, анан кайра ичи-койнума батпай сүйүнө баштадым ымыркайды элестетип алып. "Эми мен жашагым келбесе да ушул бейкүнөө жана бейнике балам үчүн жашайм",- дедиң. Аргасыз жылмаюларың чыныгы кубанычка айлана баштаганын көрүп мен деле кубана бердим. Кайра: "Биз ушундай турмушка татыктуу белек, а?",-деп буулугуп аласың.
Жок! Тумандаган ойлордон заматта башымды силкип алдым. Мен сенчилеп мындай эрдик жасай албайм, коомдук пикир болбогондо деле. Жашагым келбесе да жашап жүрөм илкий басып. Дагы бир тагдырдын ээсин жараткым келбейт. Ага көзү ачыктык кылбайм, бирок... Бирок, мен үчүн дүйнөдө бактылуулар аздай сезилет. Мен үчүн тирүүлүктүн маңызы жоктой...
Керемет ЖАН


Айттагандар Гүлзат Садырбек кызы, Барчын Аскарова