Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Алп талантты эстегенде

Сагынбек Абдрахманов, С. Чокморов фондунун төрагасы:
"Чокморовдун комплекси руханий ордо болот"
Кыргыз искусствосунун корифейи болгон Сүймөнкул Чокморов агабыздын атындагы фонддун түзүлгөнүнө аз гана убакыт болсо да алгылыктуу иштерди жасап жатканы көрүнүп жатат. Өткөн аптада Ж.Баласагын атындагы Улуттук Университетте Чокморовдун мемориалдык комплексин куруу боюнча сынактын көргөзмөсү болуп, 30 ашуун катышуучулар келишти. Сынакка катышкан долбоорлор биринен бири өтөт. Бири Ак кар көк муздуу Ала Тоонун элесин чагылдырса, экинчи бири кинолентанын түзүлүшүн берүүгө аракет кылган. Аталган комплекс шаардын четине салынат деп пландаштарылып, тоонун боорунан жер тилкеси берилген. Жан дүйнөнү байыта турган ордону куруу демилгесин көтөрүп чыккан фонддун төрагасына суроо узаттык.
- Сынактын негизги талаптарына токтолсоңуз?
- Бул сынакты атайы кыргыздын улуу инсандары чыккан жер деп өткөзүп жатабыз. Комплекс Байтикке бара жаткан жактагы үч кошкон жерге курулат. Комплекстин алдына Сүймөнкул Чокморовдун сөзсүз түрдө ат менен кинодогу образындагы эстелик болуш керек. Сүрөттөрү сыйлыктары ар кай жерде каралбай калганы өтө кейиштүү. Мына ушуну эске алып музейге катылгандай болсун дедик. Мындан сырткары мемориалдык комплекс курулуп каралбай, өзүн-өзү акташ үчүн пайда таба турган жактары да болуш керек. Кафе, ресторан, стадион сыяктуу.
- Калыстар тобундагы мүчөлөр кимдер?
- Сынак өзүң көргөндөй ачык өтүп жатат. Ар бир келген киши өзүнүн ой-пикирин жазып калтырып жатышат. Алардын бары каралып, эске алынат. Андан тышкары калыстар тобуна 11 киши кирген. Үчөө кыргыз элине эмгеги сиңген архитекторлор, скульпторлор, киноматографисттер союзунан Актан Арым Кубат, жазуучулар союзунан Бактыгүл Чотурова, ЖК депутаттарынан Карганбек Самаков бар. Бир тууган агасы Сүйөркул Чокморов, Аламүдүн районунун акими жана мен.
- Каражат маселеси кандай болот?
- Биздин фонд жер-жерлерде марафон өткөзгөн. Мына ошол марафондордон түшкөн каражат эстеликке жетет. Комплекстин калган бөлүгүнө инвесторлор тартылат. Акыркы мезгилде Чүй облусунда талкалангандан башка куруу иштери боло элек. Буюрса Чокморовдун комплекси руханий ордо болот.





  Чыр дөбө

Светлана Асанбекова:
"Мага кылмыш ишин козгой албай атышат"
Эсиңиздерде болсо гезит бетине "Асанбекованын курмандыгына айлангандар" деген аталышта макала жарык көргөн эле. Анда Светлана Асанбекова аттуу айымга алданып, үйлөрүбүздү алдырдык деп тил безеп, акыйкаттык издейбиз деп келген 11 жалгыз бой аялдардын айткандары камтылган. Гезит чыккандан кийин Асанбекова айым редакциябызга келип чуу салды. Бизге келген 11 аялдын айрымдарынын үстүнөн кылмыш иши козголгондугу тууралуу соттук чечимдерди көтөрүп келип бетибизге ыргытып, чөнтөгүңөргө акча салып койсо жаза бересиңерби дебеспи. Биз сатылбайбыз. Биз элдик гезитпиз, бизге министрден тартып селсаякка чейин кайрылат. Алардын үнүн жеткизүү биздин милдет. Бу айымдын далили жок дардаңдаганына таң калдык. Келген аялдар ыйлап сөз менен айтып келсе, мен кагаз менен далилдеп келдим дейт Светлана Асанбекова. Ар кимдин өз чындыгы бар, антсе да биз Аснбекованын да оюн берүүнү туура көрдүк. Кантсе да бул маселеге кийин тактоо үчүн дагы бир ирет кайрылабыз.
- Мен тараптан эч кандай чекилик, мыйзам бузуу (нарушение) жок. Сиздерге келген 11 аял мага каршы кылмыш ишин козгой албай эле эстери ооп атат. Жунушбаеваны, Шабданалиеваны, Осмонова дегендерди мен тааныбайм. Мунун баарын уюштуруп аялдарды таап келген Самудинова менен Жунушбаева. Милютинанын үйүн чындыгында Гармс сатып алган. Чыр үй экенин билгенден кийин башка бир кыргызга сатып ийген. Кимге сатканын билбейм. Мен ал жерде алыш беришим жок. Милютина акча керек болуп атат деп 40 миң доллар алып, мага доверенность берген, ортобузда келишим бар экөөбүздүн тең колубуз коюлган. Келишимдин негизинде, эгерде мен акчаны убагында кайтара албай калсам мына бул үй меники-деп үйүн көрсөткөн. Кийин өзү чалган, мен акчаны бере албайм үйдү сата бериңиз-деп. Үйдү саткам, Гармс алган. А менин колумда нотариальная доверенность бар. Анда заявлениеси бар болчу күйөөм жок, үйгө эч кимдин эч кандай тийешеси жок деген. Касымова менден акча алган, акчаны 3,5 жыл мурун алып бир тыйын бере элек. Азыр юридикалык компания иш алып барып атат. Жогорку сотко чейин барып утулган. Жогорку сотто 984 миң Асанбекованын пайдасына чечилсин деген чечим чыккан. Бул арызданууга жатпайт. Бул аялдар өздөрү акчаны алышты, анан үйүн алдыраарда "паника" болуп атышат.
Мээрим Айталиева




  Абибилла Кудайбердиев, Коргоо министри:

"Биздин аскерлер өтө патриот"
Өткөн аптада Коргоо министрлигинин алдындагы Улуттук гвардияда Турция өлкөсүнүн биздин куралдуу күчтөрүбүзгө кайтарымсыз түрдө берген аскердик-техникалык мүлкүн кабыл алуу салтанаты болуп өттү. Түрк тарап 1 млн. 760 миң АКШ доллары өлчөмүндө автомобилдик техника, кийим-кечек жана оруктук мүлктү, ошондой эле байланыш каражаттарын өткөрүп берди. Аталган иш-чарага Турциянын аскердик атташеси полковник Орхан Фиш катышты. Биз атайын Коргоо министрине собол узаттык.
- Абибилла мырза, бул техникалар өтө эле жөнөкөй эмеспи?
- Кыргызстандагы аскер техникалары жетишсиз. Биздеги техникалар 30 жылдан ашык колдонулду. Жыл сайын алыбыз жетишинче жаңылаганга аракет кылабыз. Ал эми техникаларды алууга мажбурбуз. Турция менен Кыргызстандын ортосунда келишим бар. Бүгүн алган техникалар аскер күчүн жакшыртууга салым кошот. Азыр негизги ишибиз терроризм менен күрөшүү болуп жатат. Бул техникалар терроризмге каршы күрөшүү атайын бөлүмүнө берилет.
- Келишим бар дедиңиз, дагы кандай иштер жүргүзүлүүдө?
- Бүгүнкү күнү Бишкек жогорку аскердик окуу жайынын базасында "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасынын алкагында багыт алуу боюнча, ошондой эле аскердик чыр-чатактардын укугу боюнча курстар ийгиликтүү иштеп жатат. Мындан сырткары, биздин Коргоо министрликтин аскер кызматчылары Түрк Республикасынын Аскердик медициналык академиясында жана Кургактагы аскерлер окуу жайында атайын багыттагы офицерлерди даярдоо курстарында окушат. Ошол эле убакта кыргыз аскер кызматчыларын окутуу жана камсыз кылуу боюнча чыгымдарды түрк тарап көтөрүүдө.
- Аскер адамы катары пикириңиз кандай, Атамбаев "Манас" аэропортундагы АКШ авиабазасын келишимдин мөөнөтү бүткөн соң, чыгаруу тууралуу айтты, аталган авиабаза Кыргызстан үчүн канчалык деңгээлде коркунучу бар?
- Бул базанын Кыргызстан үчүн коркунучу бар деп айтуу туура эмес. Аталган база аркылуу Афганистанда жүргөн НАТОнун коалициялык топторуна жүктөрдү жана өз ыктыярдуу солдаттарды ташыйт. 35 тоннага чейин жүк өтөт жана 15 миңге чукул солдаттар биздин база аркылуу барып алмашат. Эми эл тараптан шайланган президент ошондой кабыл алган соң, демек, анын айтканындай болушу керек.
- Эсиңизде болсо, Владимир Путин Кыргызстандын армиясын жарамсыз деп баалаган. Биздин армия кандайдыр бир сырткы күчтөргө туруштук бере алабы?
- Эч кандай өлкө ичинде болуп жаткан окуяларга жана саясий окуяларга армия киришпеш керек. Армиянын негизги милдети сырттан келген душмандар менен күрөшүү. Ага күчүбүз бар. Мен айтат элем, 1,5 жылдын ичинде биз профессионал армия түздүк. Ар бир Кыргызстандын коопсуздугуна кызмат кылган адам профессионал. Ооба, биздин армиянын саны аз. Бирок, коопсуздукту камсыз кылганга күчү жетет. Эң башкысы биздин аскер адамдарынын моралдык духу өтө жогору. Патриоттук сезим кыргыз аскерлеринде абдан өнүккөн.
Азима АКУНОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
а ­е¦Є.НҐй«