Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Питердеги пикир

Өмүрбек Бабанов:
"Афганистандан коалициялык аскерлерди чыгаруу актуалдуу маселе"
7-ноябрь күнү Санк-Петербургда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин отуруму болду. Ага Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов катышып келди. Бабанов өз сөзүн РФ өкмөт башы Владимир Путинге, отурумга келгендерге тийиштүү шарт түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирүүдөн баштады. Өмүрбек Бабанов оюн төмөндөгүчө улантты:
- Дүйнөлүк экономика кыйын кырдаалды башынан кечирип жатат. ШКУнун мамлекеттери мындай кырдаалдан чыгуунун жаңы жолдорун биргеликте издеш керек. Ал жолдор экономика жаатын көтөрүү болушу абзел. ШКУнун өнүктүрүү фондунун иши тез арада аяктаса бир катар экономикалык проектилерди жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөт. Финансылык механизмди түзүүнүн алкагында Кытай тараптын ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүү демилгесин колдойбуз. Анын негизги максаты катары зор инвестицилык долбоорлор бар. Маселен, "CASA-1000" электр линиясын куруу, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу каралган. Мындан тышкары, биздин өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыкты чыңдоого эл аралык банкттардын биригүүсү көмөк берип инвестицияларды алмашуу үчүн платформаларды жана биздин өлкөлөр аралык капиталдарды даярдоого позитивдүү учур десек болчудай. Ошондой эле жылуулук-энергетикалык ресурстарды эффективдүү колдонуу дагы приоритеттүү багыт болмокчу.
ШКУ өлкөлөрүнүн экономикалык интеграциялардын бирден бир багытын транспорт инфраструктураларын жакшыртууну улантуу болуп саналат. Эл аралык автомобилдик жүк ташуу шарттарын жакшыртуу жөнүндө эл аралык келишим долбоорун даярдоо боюнча мен коллегаларымдын айткандарына кошулам. Биз "Энергетикалык клубдун" ишке киришүүсүнө көбүрөөк маани берүүдөбүз. ШКУнун "Энергетикалык клубунун" жогорку деңгээлдеги топторунун биринчи жыйыны бул багытта жалпы кызматташтыкты өнүктүрөт деп үмүттөнөбүз. Уюмдун өлкөлөрү үчүн жаратылыш кырсыктарды, табигый жана техногендик катастрофаларды алдын алуу иштери актуалдуу боюнча калууда. Кыргыз Республикасы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана оперативдүү калыбына келтирүү боюнча ШКУнун борборун түзүүгө катышат.
Аймактардын экономикалык өнүгүүсү, анын стабилдүүлүгү жана коопсуздугу негизгилерден болуп саналат. 2014-жылы Афганистандан коалициялык аскерлерди чыгаруу планы өзгөчө актуалдуу болуп жаткандыктан ШКУнун байланыштагы топтору бул багытта тыгыз иш алып барышы керек. Эмитеден эле биздин өлкөлөр Афганистанга ар тараптуу таасир берүү жана коопсуздукту бекемдөөнү колго алуу керек деп ойлойм. Бул нерсени аймактагы экономиканын потенциялын өнүктүрүү менен биргеликте алып кетиши кажет. Айтылып жаткан маселе өткөн жылы Ысык-Көл жергесинде өткөн ШКУ мамлекеттеринин жаштар форумунда кенен талкууланган. Кыргыз тарап наркотрафик менен күрөшүү кызматташтыгын өнүктүрүүгө катышат. Экономикалык байланыштарды өнүктүрүдөн башка маданий гуманитардык кызматташтыкка дагы көңүл буруу зарыл.




  Мурас

Адамзатта аты улук, Манастап ураан чакырдык
- Манас Атабыздын үйүн курсак болобу?
Эгемендик алганыбызга 20 жыл өтсө да улутубуздун уңгусу, сыймыгы болгон Манас атабызга алгылыктуу мамиле, сый-урмат кыла албаганыбызга өкүнүп келебиз. Эмгиче борбор калаабызда Манас атабызга арналган үй жок экенине, куралбаганыбызга аттиң дейбиз. Эми да кеч эмес. Андыктан редакторубуз Керим Айдаровдун сунушу менен "Асман пресс" гезити ушул маселени көтөрүүнү чечти. Адегенде коомчулуктун оюн билели дедик. Андан соң максатыбыздын пайдубалын түзүүгө аракет болоор.

Мирлан САМЫЙКОЖО, акын, "Кыргыз" радиосунун башкы редактору;
" Эң негизкиси таза адам куруп, таза сакталышы абзел"
- Негизи эле "Манастын үйүн" куруу деген өзүнчө бир чоң иш. Деги эле Манас деген өтө абайлап сүйлөй турган, абайлап айта турган сөз экен деп түшүнөм. Бирок, кийинки күндөрү Манас деген ат өтө майдаланып, арактарда, пиволордо, коньяктарда ар кандай нерселерге аты коюлуп кетпедиби. Манас менен көпчүлүк учурларда "Тозок менен коркутуп, бейиш менен соороткон" сыяктуу көп нерселерди бүгүнкү күндө модага айландырып алгандай, Манасты да көп эле жерлерде колдонуп, бир нерсе десе эле манас айтуу, манасчылар, манастын дооруу, манастын учуру деген нерселер көп боло баштады. Үй куруу маселесине келсек, үй курулса ал кандай үй болот, ал жерде эмне болот, "Манастын үйү" дегенден кийин эртеңки күнү ал саясаттын үйүнө айланып калбайбы же болбосо Манастын үйү рухтун үйү эмес жөнөкөй эле майда -чүйдө маселелер, ушак-айыңдар чечиле турган же болор-болбос нерселерди сүйлөшө турган жайга айланып калбайбы? Бул ыйык жер катары , анын зоболосун көтөрүү ирээтинде курулуп аткандан киийн ал жерде маанилүү маселелер же болбосо Манас ал жерден башка жерге айтылбай тургандай, ошол жерден Манастан башка үн угулбай тургандай болушу керек. Ким куруп аткан болсо да эң негизги алдыга койгон максаттары, коомчулукка сала турган планы болуш керек деп ойлойм. Ошону менен катар эле пикиримде "Манастын үйүн" курчап турган кырк чоро болбосо дагы, аны курчап турган абийир, курчап турган намыс болушу керек. Эгерде намыс, абийир болбосо эртең эле офиске же кандайдыр бир саясий кеңешке айланып калат. Финансы маселесине келсек, куруп жаткан кишилер биринчиден акча жаатын чечип алып анан куруусу керек. Эгер ал жагы чечилбей туруп көтөрүп алса бул иш чийки болуп калат. "Баягы, баягы койчунун жаман таягы" дегендей барып баары эле акчага келип такалат. Эгерде баштаган ишти аягына чыгарам деген адам болсо, "Жолборс жолунан кайтпайт" деген мырзалардан болушу керек. Эң биринчиден ал жерге кирген ар бир адам духту сезиши керек. Негизгиси ошол жерде тазалык, аура болушу керек. Таза адам куруп жана таза бойдон сакталып калгыдай болушу абзел.


Семетейчи Сейдене
Өткөн кылымдагы айымдардын арасынан биринчи чыккан семетейчинин бири Сейдене Молдоке кызы эле. Ал 1922-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүндө туулган. 2006-жылы дүйнөдөн кайтты. Сейдене бойго жетип турмушка чыкканда Семетей баатыр бир нече жолу түшүнө кирет. "Манас" айтууну талап кылат. Бирок, эмнегедир Сейдене айта албайт. Ошол мезгилде күтүлбөгөн жерден Сейдененин баласы чарчап калат. Муну ал "Манасты" айтпаганы үчүн түшүнө кирген Семетей баштаган баатырлардын арбактарынын жазалоосу катары кабыл алат да, үйдө жалгыз калганда "Семетейден" айта баштайт. Тилекке каршы аны кайнатасы билип калып: "Манасты аял киши айткан эмес",- деп таптакыр тыюу салат. Бирок, Сейдене кайнатасынын тыюу салганына карабай бир чоң майрамда үйүнөн качып барып карыялардан уруксат сурап "Семетейден" үзүндү айтат. Анын айткандары угуучуларга обондуулугу, көркөмдүүлүгү, окуяларынын кызыктуулугу, жаңылыгы менен жагат. Ошол күндөн Сейдене жумурай журттун алдына чыгып Семетейди айта баштайт.
1965-жылы ак таңдай акын А.Үсөнбаевдин үйүнө келип, Саякбай, Осмонкул, Ысмайыл ж.б. залкар шайырлардын алдында "Семетей" айткан. Кыргыз телерадиосунун алтын казынасына "Семетейден" үзүндүлөрдү жаздырат. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын "Манас таануу" бөлүмү Сейдененин айткан "Семетейден" үзүндүлөрүн жазып алат. Семетейчинин айтуучулук, аткаруучулук чеберчилигин өкмөт жогору баалап, республиканын эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наамды ыйгарат. Анын өнөрүн жаш айтуучу Акбермет Молдазимова, Асем Курманбек кызы улантууда.

Сталбек БАКТЫГУЛОВ, композитор;
"Манас үйү" жаңы конуштардын бирине курулса"
- "Манас үйүн" куруу бул эң керектүү, эң ыйык тема. Эгер биз Манас үйүн куруп алсак Кудай өзү кечирсин улуу күнү, айт күнү айтып жатам Меккеге барып убара болуштун да кереги жок. Манасты биз пайгамбар катары ыйык тутушубуз керек. Улуттук ар-намыс, улуттук абийир деп айтар элем. Биз Сулайман тоосуна барып да сыйынып жүрөбүз жана сыйына турган нерселерибиз аз эле болуп атпайбы. "Манас үйү" эмес "Манас мазары" деген атты сунуш кылар элем. Таласка башка бир пландарым менен барып калган элем. Ал жерден Манас атанын күмбөзүнө барып, өзгөчө бир дух алганым эсимен кетпейт. Биз мына ошондой жайларга барып сыйынабыз пенде катары. Кудай Таала адамга өмүр берет экен, андан тышкары тагдыр берет экен. Көбүнчө биздин жашообузга тоскоол болгону пендечилик көз караш. Ар бир эле адамды адам катары кабыл ала берүүгө мүмкүн эмес, пендечиликтер көп. Ошол себептен "Манас үйүн" куруу идеасын жан дилим менен колдойм. Азыркы тапта мечиттерибиз көбөйүп кетти. Алар айт майрамдарда жана жума күндөрү гана эстелип жатат. Ар бир күнүбүздү, саатыбызды артта калуучу муунга аз да болсо из калтырып кетели деп жашашыбыз керек. Азыркы тапта шаарыбыздын четинде жаңы конуштар көп, мына ошол жактарга курулса деген сунушумду айтар элем. Ал жакта ак эмгеги менен нан таап жеген адамдар, Кудайга үнү жеткен карапайым калк жашайт. Жогоруда пендечиликти баса белгилеп жатканымдын себеби ошол. Ал жактагы таза дүйнөдө өсүп жаткан жаш муундарды Манастын духу аркылуу тарбияласак. Бул менен эле токтоп калбастан ар бир айылда, ар бир райондо "Манас үйлөрү" болушу абзел. Биз Манас менен сыймыктанабыз, биз келечектүү элбиз. Андыктан баштаган иштин мүдөөсүнө чыгуу керек.


Гүлзат САДЫРБЕК кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??