Маалым-ат

Кайрымдуулук
Салымбековдон жардам
2009-жылдын июль айында КАМАЗ машинасы 5 жашар Ширинди коюп кеткен. Ширин шаарыбыздагы 3-балдар ооруканасында жарым жылдай дарыланып, 5 оор операцияны башынан кечирип, врачтардын жардамы менен аман калган. Бирок, тилекке каршы эки колунан ажыраган. Германиялык 3 дарыгер кырсыктан жабыркаган Ширинге протез кол салып берүүнү чечишкен. Ал протез колдун баасы 50-60 миң евро тургандыктан ата-энесинин мүмкүнчүлүгү жетпей коомчулукка жардам сурап кайрылган. Ширинге коомчулук, ар кандай жеке уюмдар кайдыгер карабай өз жардамдарын берип келишет. Жылына жардамга муктаж болгондорго миңдеген каражат бөлүп, кайрымдуулук жардамдарды көрсөтүп келген белгилүү коомдук ишмер, "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков бу сапар да четте калбастан кичинекей Ширинге 28 00 (жыйырма сегиз миң) сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөттү.

Кулак кагыш!
Шарактаган, шапар тепкен шайлоо да бүттү. Көптөрү "өх" деп отуруп калышты. Уткандар сайрандап жүрөт. Өткөндө биздин майрам болду. Эс албадык. Эми кичине эс алып алалык дедик. Буюрса бир жумадан соң, 24-ноябрда жолугушабыз.





Ташиев премьер болобу же пример болобу?
Шайлоо бүттү, анын эртеси болгонуна көп күн өттү. Баягы саны көп талапкерлер акыбалын аңдап карап, демин басып отуруп калышты. Атамбаев айткандай соодагерлер тымызын соодалаша башташты дейт. 2-3-орунду алган Мадумаров менен Ташиев тополоң салбай неге магдырап калды десе, Атамбаев менен тымызын соодалашып (буларың эл алдында сүйлөшөбүз, болбосо кезикпейбиз деп калп эле сайрашыптыр) Ташиев премьерликти, Мадумаров тышкы иштер министрлигин сурашыптыр. Атамбаев Ташиевге коргоо министрлигин, Мадумаровго Чүй же Ысык-Көл губернаторлугун берем дептир. Чабармандын айтканына булар али ак же көк дей элек экен. Бир күн башта Адахан Оштогу координаторлорун жыйып, силерди митинге чыккыла дебейм, өзүңөр билгиле деп жакшы сөзүн айтып анан Москвага учуп кетти. Кимге, эмнеге кеткенин билбедик. Балким алган акчанын отчетун бергени кеткендир.


Жаңы жылга жаңы башкармалар менен
Жаңы президент шайланды, эми такка отуруу аземи болсо анан саясаттын шахмат оюну башталат. Декабрь ичи былчылдашмай болуп жаңы жылга зерикпей кирип барат экенбиз. Коалициялык өкмөт тарап, алтургай спикер да ээрден эңшерилет өңдөнөт. Атамбаевдин короосундагылар жаңы жылга жаңы президент, жаңы өкмөт, жаңы спикер менен барабыз деп атышат. Акыркы маалыматка таянсак, Атамбаев өкмөттү куруу сунушун өз партиясына берет. Алар Иса Өмүркуловду сунуштайт. Ал болбосо "Республика" Бабановду жетелеп келишет. Баса, спикер Келдибеков да премьерлике сунушталчудай болуп турат. Текебаев менен Атамбаевдин тил табышканы ишке ашса, анда Келдибековдун келиши толук мүмкүн. СДПКнын айрым депутаттары ар жакка да, бери жакка да аркан сүйрөбөгөн бирөө өкмөт башына келсе дешет. Муну Марат Султанов деп атышат. Кыязы Султанов да узкий кругда сөз болгон. Маскөө премьерликти Султановго сунгула деген Атамбаевге тапшырма тагылган деген да кеп жүргөн. Балким… Ал эми спикерлик орунга Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Текебаев кудаланары дайын болуп туру.


Бакиевчилер тойлошту
Шайлоодон кийин Бакиевдин майда-чүйдө кадрлары да баш көтөрө баштады. Бишкектин эң кымбат ресторандарынын биринде тойлоп, казы картадан сугунуп, ак молдонун акесин окутушту. Арак ичкен мас болот, аябай сөздөр козголот болуп, кызыган соң кыйла кеп кылышты. Биз жеңдик. Бизге да кызмат кайра тийе турган болду, Молдомуса Конгантиев кызматка келет, эми баш көтөрөбүз дешти. Билгенибизге караганда Конгантиев Шамил Атахановдун ордуна барат шекилдүү. Ырчы, бийчилер баягы Бакиев заманындай эле буларга кызмат кылып, катарга тизилип ырдап, бийлешти. Шарактаган немелерден ар кандай сөздөр чыкты. ИИМ башчысына Мелис Турганбаев барат дешсе, Ибрагим Жунусовдун саясаттагы ыры бүттү, эми сахнасында эле ырдай берсин дешти. Саясатты ушундайлар эле жасап койчу эле… Кызыгы кечээ Бакиевге кой сойгондор, бүгүн Атамбаевдин айланасында жүрүшөт. Эми буларды Атамбаевдин кадрлары дейбизби? Же Атамбаев да Бакиевдин кадры деген чын белем.


Оштогу "разборка"
Өткөн аптада Ош мэри Мелис Мырзакматов, ИИМдин түштүк боюнча орун басары Курсан Асанов, СДПКчы депутат Асылбек Жээнбеков эшикти жаап алышып эркекче сүйлөшүшкөн. Себеби, шайлоодо чогуу Атамбаевге иштейбиз деп кол алышкан экен. Ошол эркекче болбой калыптыр. Көрсө мындай болгон имиш, шайлоого 2 күн калганда Бакиевтердин бири (кыязы Жаныш го) Мырзакматов менен Асановго чалат. Анан эле ойлору өзгөрүп Мелис Мадумаровго, Курсан Ташиевге иштеп ийишет экен. Шайлоо бүтүп, Атамбаев уткан соң Жээнбековдун биягы эркекче болбой калды го деп разборкага чакырган кербези го кыязы. Анан калса Ош губернатору Сооронбай Жээнбеков ээрден эңшериле тургандай болуп туру. Үкасы акасына кол кабыш кылып, элди эптеп тынчытууга аракеттенип жүргөн кези.


Аста-прылда Асанбеков
"Обон" гезитине Темирбек Асанбеков маек бериптир. Жарымы калп. Ишканам бар деп мактанат. Журналист кыз ишканаңдын аты эмне, кайда жайгашкан, эмне иш кылат деп тактап сураса болмок. Не дээр эле. Мактанган кыз тойдо осурат болмок. Жок ишканасын кантип уялбай айтат дейм да. Эч болбосо партия даяр болгондо келип автор болуп калганын эркекчилик үчүн айтып койсо болмок. Ал эми жалган сүйлөгөн киши шайлоодо сүйлөгөн сөздөрүн баягы парламенттик шайлоодо жаттаган сөздөр экенин, ошону эле кайталаганын эзели мойнуңа албасын түшүнүп турабыз. Башкасын коюп Акаевди эле айталы. Темикең Акаев менен Бакиевди эзели көрбөгөнүн, телевизордон гана көрүп жүргөнүн саймедирейт. Канча киши Акаевдин туулган күнүндө чайлашып отурганын айтышты. Муну өз көзү менен көргөн Токтайым Үмөталиева айтып жүрбөйбү. Ал тургай Акаевдин аябай жакын адамы күн алыс Майрам Акаеванын жумушунда аялы экөө акмалап, анан чайга чакырып Акаев менен жакындаганын айтып жүрөт. Анан Темикең оозун куур чөп менен аарчып, калпты чындай айтса таң калат экенсиң. Кыргыз "көргөндү …өт берген жеңиптир" дейт. Ушундай болуп атасың Темир. Абийир, уят деген барбы сенде. Эртең Акаев менен түшкөн сүрөтүң чыгып, видеосу көрүнсө кайсы өрдөгүңдү учурар экенсиң. Сенин абийириң, намысың жан дүйнөңдү жеп жатса керек. Калп сүйлөгөн ооруң ай-буйга келбей, калпың оозуңан чыгып кетип атаканын да түшүнүп калдык. Болбосо эркек болсоң эркекче айткан сөзүңө туруп же кечирим сурайт элең. Күнөөнү өзүңдөн издеп көрсөң боло. Сенин калпыңды, жалганчылыгыңды, шыпыр экениңди канча ирет далилдеп бердик. Жерге кирчүүдөй эле болдуң го Темир. Уят. Кичине уялып койсоң. Эртең жер үстүндө баспай калып жүрбө.

"Асман пресс"