Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Китепкана

  Оо, спорт

Бабараим палвандын күрөшү

7- ноябрь күнү борбор калаабыздагы Фрунзе заводунун стадионунда Бабараим Каримовдун жаркын элесине арналган Лейлек күрөшү боюнча турнир өттү. Күндүн суугуна, стадиондун алыстыгына карабастан келген элдин саны арбын болду. Турнирди Бабараим палвандын уулу Исламбек Каримов жакын санаалаштары менен биргеликте өткөздү. Бабараим палван кезинде Орто Азиянын 5 жолку чемпиону болгон экен. Бою 195 см, салмагы 100 килограммдан жогору болгон алп киши тирүү болгондо 71 жашта болмок. Турнирге келген жакын туугандары, достору күрөшкө чыккан палвандардын духун көтөрүп, улам байге фондуна акча салып атышты. Лейлек күрөшү кыргыз күрөшүнөн аз-маз эле айырмаланат. Лейлек күрөшүндө чалмай жок, колдун күчү менен так көтөрүп жерге урмай. Турнирде палвандар 70 кг чейин, 90 кг чейин, 90 кг дан жогору болуп үч салмактык категорияда күч сынашты. Ар бир салмактык категорияда 1-орунга 15 миң сом, 2-орунга 10 миң сом, 3-орунга 5 миң сом каралган. Мындан сырткары ар бир оюнда күрөшкө чыккан палвандарга 200 сомдон 500 сомго чейин кызыктыруучу белек берилип жатты. Натыйжада 70 килограммга чейин Талант Эшбаев - 1, Заир Байзаков - 2, Жуматай Жолдошов - 3 орунду ээлешти. 70 килограммдан жогорку салмакта Акыл Разыков - 1, Тайыр Туратов - 2, Анвар Маматкулов - 3-орунду ээлешсе, 90 килограммдан жогорку салмактагыларда 1-орунду Садик Мадалиев, 2-орунду Нияс Курманалиев, 3-орунду Шерали Маасаидов алышты.
Турнирдин уюштуруучусу Бабараим палвандын уулу Исламбек Каримовдун айтымында бул турнир алгачкы жолу уюшулуп жатат. Турнирди эл аралык деңгээлде өткөзүүнү көздөп Тажикстан, Өзбекстан, Казакстандан палвандарды чакырышкан. Тилекке каршы Кыргызстандагы саясий кырдаалдын туруксуздугунан улам коңшу мамлекеттен чакырылыган коноктор келе албай калышкан. Эгерде митингдер болбогондо мелдеш мындан да чоң масштабда өтмөк-дейт Исламбек мырза. Алгачкы саамалык болуп өткөзүлгөн бул турнир кулачын кенен жаят деген ишенимдебиз.

Барчын АСКАРОВА




  Балалыктын асманы

Калеминен жаралган көптөгөн чыгармалары театр сахналарында ойнолуп, ар бир каарманына, сахна чеберлери жан киргизип, учурда дүйнөнүн булуң бурчундагы театрларга коюлуп, калеминин баалуулугу артып келген драматург Султан Раев, жакында "Эл жазуучусу" деген наам алды.
Улуу инсаныбыз артта калган балалык чагы жана студенттик кези жөнүндө баяндап берди:

Раев деген фамиляны билбеген Султан Раев
Азаптан кутулбачудай сезилчү
- Менин балалык чагым карапайым айылда өткөн. Ата-энем да айылда дыйканчылык менен күн көргөн, өмүр бою бир жерде иштеген, эмгекчил адамдардан болгон. Мен сегиз бир тууганмын, менден улуу эжем, андан кийин мен болчумун. Дайыма чоң түйшүктү аркалап, дыйканчылыкка жардам берип жүрүп чоңойдум. Негизи Кара-Суу районунун Жоош айылынан болом. Ал жерде көбүнчөсү пахта айдап өстүрүшөт. Биз мектепти окуп жүргөн учурда дайыма пахта тергенге жөнөтүшчү. Бала кезимде боюм узун, арык бала элем. Пахтаны териш үчүн эңкейишиң керек, эңкейсем белим ооруйт. Мага пахта терген өзүнчө бир азап эле. Өмүр бою ушул азаптан кутулбачудай сезилчү. Эң көп тергеним 80 кг болсо, кийин 8 кгга түшкөн эле.
Ошол учурда эле мүнөзүм оор басырыктуу, кыялымдын микродүйнөсүн түзүп алып, ойлонуп эле жүрчүмүн. Мындайча айтканда өтө кыялкеч болчумун. Мектепти да жакшы баа менен окуп бүтүрдүм. Биздин окучулук кезибиз советтер союзунда өтпөдүбү. Ал кезде азыркыдай эмес, заман таптакыр башкача эле. Ал кезди эстесем бир окуя эсиме келет. Биринчи класс болуп, алгачкы мектеп босогосун аттап окуп жүргөн кез. Мугалим баарыбыздын фамилиябызды атап, "Мен айтканда, кимге тиешелүү болсо ордуңардан турасыңар" деди, аңгыча "Раев" деп калды. Мен ким болду экен деп эки жагымды каранып коем, эч ким турбайт. Мугалим менин жаныма келип "Ай, эмне эки жагыңды каранасын тур! Раев деген сен болосуң" десе, мен "Жо-ок менин атамдын аты Раев эмес, Аким болчу" деп тырышып турбайм. Көрсө ошого чейин мен чоң атамдын атына катталарымды билбептирмин.
Белек бербесең көрөсүң сонунду
- Ошентип окуп жүрүп 3-класска келдим. Бир күнү 23-февралга жакын мугалим эжебиз келип, "Балдар мындан кийин 23-февраль балдардын майрамы болот. Ал күнү кыздар балдарга белек бересиңер. Ал эми 8-март кыздардын майрамында балдар силерге берет" деп ким-кимге белек берерин бөлүштүрүп койду. Класста бой келбети чоң, эркек баланын мүнөзүнө окшогон Эргешова Төрөайым деген кыз бар болчу. Экөөбүз бир-бирибизге белек беришкени калдык. Майрам күнү Төрөйым келип белегин берип жатып, "Сен мага 8-мартта бересиң, бербесең көрөсүң сонунду" деп кетти. Ошентип 8-март майрамы да келди. Ошол күнү апам менен атам таякелеримдикине кетип, үйдөгү уйубуз тууп калып мектепке барбай калдым. Баягы кызга белегим да берилбей калды. Кийин мектепке барсам баягы кыз мага аябай ачууланып, "Сенин айыңдан мен эч кимден белек албай калдым" деп таарынды. Кеч болсо да белегимди бердим. Азыркы кездин белеги менен ошол кездин белегин салыштырып кээде күлүп калам. Менин атам айылда почточу болуп иштечү, "Корея" деген түстүү сүрөттөрү менен журнал чыкчу, ошо журналды, бир аз колдонулуп калган упа бар эле, аны анан колго тартылган сүрөт, дептер, ручка менен кошуп белек даярдагам. Класс боюнча ошол кыздын белеги мыкты болгон. Биздин балалык чагыбыз жетишип-жетишбеген советтик балалык эле.

Алгачкы маяна
- Кийин бой жетип калган учурда өзүнчө ансамбль группасын түзүп алып "Бонием", "Битлс" жана башка ушул сыяктуу топтордун музыкаларын туурачубуз. Жанымдагы шериктерим да абдан таланттуу балдар эле. Жумаш деген балабыздын "слуху" өтө күчтүү болчу. Бир музыканы үч жолу укса кайта аны өзүндөй ойноор эле. Баарыбызга ошол үйрөтчү. Мен басс гитарада ойночумун. Ошол учурларда Жаңы- Жыл болуп Кара-Суу районунун маданият үйүнө карнавалга катышкыла деп бизди чакырып калды. Жумаш, мен анан Ибрагим Жунусовдун бир тууган агасы болуп барып катыштык. Ошол күнү музыка ойноп бергендигибиз үчүн, бизге 7 рубл акча берди. Биздин эң биринчи алган айлыгыбыз ошо болду. 31-декабрдан 1-январга караган түнү аябай сүйүнгөнүбүздөн Кара-Суу районунан биздин айылга чейин жети чакырым аралыкта жөө барганбыз. Ошондогу кубанычыбыздын чеги жок эле.

Студенттик курак
- Бул күндөр артта калып кийин армияга бардым, андан кийин студент болуп таптакыр башка чөйрөгө аралаштык. Башында театралдык окуу жайга тапшырып өтпөй калдым, андан кийин журналистик бөлүмүнө тапшырып окуп калдым. Ошол жерден көптөгөн кыргыздын чыгаан жигиттери менен тааныштым. Мелис Эшимканов, Кожогелди Култегин, Алик Акималиев, Жаныбек Өмүралиев, Шайлообек Дүйшеев мына ушулар менен чогу окуган элем. Бир жерден тамактанып, бир жатаканада жашаган курдаштардан элек. 4-курста окуп жүргөн кезибиз эле. Ал кезде тартип деген катуу болчу. Бир жолу сабактан зачет берип жаткан учурда анча жакшы окубаган Кешова Алтын деген кызыбыз кечигип калды. Анын үстүнө кош бойлуу эле. Ал кызды көп күткүбүз келбей, студенттердин баары биригип сүйлөшүп алып мугалимге, "Төрөп коюп келбей калды, кыз төрөптүр" деп калп айтканбыз. Баарыбыз зачет алып бүткөндөн кийин курсагын чандайтып баягы кыз келип калып калпыбызды чыгарса болобу. Мугалимибиз "Ким чыгарды бул кепти, эмне калпайтасыңар" деп тилдеген эле.

Чыгармачылык жол жана үй-бүлө
- Менин калемиме таандык он бештен ашык пьесам бар. Эң биринчи "Уул кыздар" деген чыгармамды Нурлан Абдыкадыров атту режиссер коюп чыккан. Негизи эле театралдык карьерамды ачып берген режиссер Алмаз Зарлыкбеков болду. Эң биринчи Нарын театрына "Күн кармаган бала" деген пьесамды койгон эле. Көптөгөн чыгармаларым башка мамлекеттердин тилине которулуп, театр сахналарында коюлуп жатат. Азыркы тапта Германия мамлекетинде "Таажы" деген пьесамды даярдап жатышат. Турцияда, Казакстанда кыскасы 12 тилге которулуп коюлуп жатат.
Үч кыздын атасымын, үч кызым тең окуу жайды бүткөн. Бир кызым Пекинде окуп жатат. Бир кызым Сант-Петербургдан бүткөн, экинчиси Сеулдан бүткөн. Кыздарым мен сыяктуу эмес, жетишкен жашоодо жашашты. Бирок, менин жолумду эч кимиси жолдошкон жок.
Маектешкен Жаз-Айым Айдекова








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??