Шайлоо жүрүшүнөн сүртүм

- Наристелер добуш берди...
30-октябрь. Мурунку күндөгү бурганак жок, күн чайыттай ачык. Күндүн ачылышын көпчүлүк жакшылыкка жоруду. Келечегиме кайдыгер карабаган жаран катары добуш берүүгө кошумча тизме менен №1153 шайлоо участогуна барып таң калдым. Мындай кезекке туруп шайлоого катышууну каалагандарды биринчи ирет көрдүм. Мен да кезекке турдум. Кызыктын баары ушул жерде экен. Кезекте турабыз, пропискасы барларды дароо киргизип жатышты. Кошумча тизмедегилерди көпкө кармап жаткандыктарынан улам "эмне кошумча тизмедегилер экинчи сорттогу адамдарбы" деген кептер чыга баштады. Шайлоонун жүрүшүнө уюштуруучулук жаатын моюнуна алган адамдар толук кандуу иштеп бере алышпаптыр дешти. Ой-тобоо ушул жерде да тааныш-билишке салабыз. Дегеним кезекте турсак режиссер Эрнест Абдыжапаров келип калды. Эл Эрнест мырзаны алдына өткөзүп жиберген жок. Ал деле эл катары кезекте турган. Бирок, көнгөн адат калбайт экен. Кезекте тургандарды тосуп турган эжекебиз "Ай Абдыжапаровду кое бергиле" деп кезексиз киргизип кетти. Кезекте тургандар баш чайкагандан башка эч нерсе кылышкан жок. Бир учурда кызын жетелеп бир аял келди. "Менин кызым биринчи ирет шайлоого катышкан жатат, кошумча тизмеге кирген деп жар салды. Мен тактап алайынчы бар бекен жок бекен" деп топту жарып кирип барды. Бирок, эшикти тосуп турган байкебиз "кезекте тургандар көп, эл катары турсун кезекке. Кезеги келгенде мен өзүм көзөмөлгө алып коем" деди. Кыял деген укмуш экен, ошол жерден баягы эжекебиз жулкунуп-улкунуп кызынын добушун кадыр колко милдет кылып, "шайлабаса койсун бас" деп кызын ээрчитип кетип калды. Ал эжени карап туруп кызын аяп кеттим. Карачы, жаш кызды эмнеге үйрөтүп атат. Ичинде кири жок, коомго жаңы аралашып аткан ал кыз кайдыгерликке үйрөндү деп биле берсек болот деп ойлодум. Кезегин бербей мен шайлайм деп тургандарды көрүп ичим жылып ыраазы болдум. Бул да болсо шайлоонун эркин өтүп жатканынан кабар берет. Жарым саат кезекте туруп бюллетен алууга бардым. Өз добушумду берип сыртка чыктым да дароо ичинде калган курбума телефон чалдым. Анткени, сыртында телефонго, камерага, фотоаппаратка тыюу салынат деп турган. Ичине киргенде карайт бекен деп текшергим келди. Байкоочулар курбум телефонун колуна алары менен урнага жакындаганда шыкаалап карап калышты. Жакын барса айыпка тартаарын түшүнүп өз ишин аткарып жатыптыр деп койдум. Шайлоодогу дагы бир терс көрүнүш канча жылдан бери жашап жүргөн адамдар шайлай албай, эмнеге мен тизмеде жокмун деген суроо менен артка кайтып жатышкандыктары болду. Аларды карап туруп бир жактан күнөөнү эмнеге өзүңөрдөн издебейсиңер дедим. Шайлоого кайдыгер карабай тизмеден өзүн тактап карап алса болот беле. Бул дагы чоң суроо. Шайлоодогу дагы бир таң калтырган нерсе добуш берүүгө баргандардын көбү жаш балдарды алып келип таза наристенин колу менен бюллетенди салдырып жаткандыктары болду. Азыр элдин тилеги ошол наристелердин жаркын келечеги болсун деген тилектен кабар берет. Ылайым ошондой болсун.
Мээрим Айталиева




  Эл эмне дейт?

- Шайлоо таза өттү деп айта аласызбы?
Дүйшөнкүл Кобешова, пенсионер:
- Болуп өткөн президенттик шайлоо таза өттү деп айта алам. Биз өзүбүз ишенген мамлекет башчыбызды тандап алдык деп ишенимдүү айта алам. Мен өзүм А.Атамбаевди тандадым. Себеби, ал буга чейин пенсиябызды, айлыгыбызды көбөйттү. Мындан ары да карапайым калктын ишеничин актап, Кыргызстанды өнүктүрүп кете алат деген чоң үмүтүм бар.


Баймат Абдималик уулу, студент:
- Болуп өткөн шайлоо таза өткөн жок. Себеби, мен 30-октябрь күнү шайлоого барсам тизмеде жок экенмин. А мен болсо 17-октябрь күнү саат 16:30дар чамасында №1126 шайлоо участогуна барып "форма 2" толтурган элем. Бул жерде мен административдик ресурстун ушунчалык кенен жайылганын түшүндүм жана көрдүм. Андан соң мен ТИКке арыз жазып кайрылдым, ал жерге барсам бардык адамдар түштүк региондон экен. Ушул жерде "мага эмне?" деген суроо туулду. Эмне үчүн түштүк эли арыз жазып жатып да шайлоо укугунан ажырашы керек. Буга ким күнөөлү? БШКбы же мамлекеттин ушунчалык алсыздыгыбы, айтор түшүнбөй калдым. ТИК мени коргобогон соң Октябрь сотуна арыз менен кайрылдым. Ал жерден "бул биздин иш эмес"деп кайрадан мени БШКга жиберди. Ошол учурда мен ыплас шайлоону карап туруп туура эмес шайлоого барууга мажбур болдум. Себеби, алар мага ушундай шарт түзүп берди. Башка учаскага барып "за Атамбаев" десем мага бюллетенди эч кандай тоскоолдуксуз берди. Мени 2011-жылдагы президенттик шайлоо канаатандырган жок, мен бул шайлоону жокко чыгаруусун суранам.


Чалгынчы Жумабаев, айдоочу:
- Менин жеке оюм боюнча шайлоо таза өттү окшойт. Административдик ресурс колдонулган жок. Бирок, уюштуруу иштери бир аз чабал болду. Шайлоо өттү, кетти. Эми жеңилгени да болот экен, жеңгени да болот экен дегендей, эң башкысы элге тынчтык керек. Амбициясын бербей, элдин бейпилдигин ойлош керек. Мына өткөн шайлоодо деле Темир Сариев жеңгендердин колун кысып куттуктап элдин алдында жигиттик кылып, татынакай кете берди. Ал эми амбициясы күчтүүлөр элди алып чыгабыз деп атат. Бул эң туура эмес. Чындыгында тажадык, ашыкча ызы-чуунун кереги жок.


Замир Токтобаев, инженер:
- Жашоодо ар кандай нерсе болот. Саясат- бул ыплас нерсе. Кайсыл жерде акча болсо, ошол жерде бурмалоо болот. Ал жакка кандай гана мен тазамын деген адамдар кирет да, ыплас адам болуп чыга келет. Алар өздөрүн гана ойлошот, элди ойлогон бирөө да жок. Таза өттү деп айта албайм. Баары каалашат президент таза адам болуусун жана бардыгы ал адам менен сыймыктанып туруусу керек.






Калк айтса, калп айтпайт
- Атамбаевдин
президент болушуна
кандай карайсыз, деги эле мамлекеттин мындан аркы келечегин кандай элестетесиз?

Тимур Шаршенов, айдоочу:
- Кыргызстадын мындан аркы келечек турмушун жакшы элестетем. Оңолот, өнүгүп кетет Кудайым буюрса. Тандап алгандан соң ишенебиз да. Кыргыз мамлекетинде жашап жаткан соң, бала-чака деген бар, алардын мындан аркы келечек турмушу кандай болот. Мамлекетти бүлдүрбөй, талатып тонотпой аларга өткөрүп беребизби деген ой жашашы абзел. Андыктан бул президентибиз эң биринчиден урдабаш керек. Өзүнүн эли жери үчүн иштеш керек. Элдин үмүтүн актайм деп келдиби, эми аягына чейин турушу керек.


Ныхмат Ошуров, пенсионер:
- Эми ыймандуу президент болсо экен. Биринчиден жакшы команда чогултуп алса, жанындагы жан-жөкөрлөрү таза болсо. Акыркы 4-5 жылдын ичинде өнүгөбүз кудайым буюрса. Ал үчүн темирдей тартип жана тактык керек. Калыстык деген нерсе 70% болсо оңолобуз балам. Мен ишенем Кыргызстан мындан ары жаркын келечекте, бейпил турмушта жашайт.


Кубат Иманалиев, кароолчу:
- Шайлоо өттү. "Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат" дегендей. Талапкерди да тандап алдык. Эң башкысы таза иштеш керек. Коррупция, трайбализм деген болбоосу кажет. Ошону менен катар Акаевдин, Бакиевдин тушундагылардын бардыгын алмаштырыш керек, жаңы муун, жаңы адамдар келиши абзел. Албетте тез убакытын ичинде эмес, акырындык менен болуусу шарт. Мына ушуларды аткарса гана мамлекетибиз өнүгүп, өсөт. Биздин жаркын келечек алдыда.


Собол салган Гүлзат САДЫРБЕК кызы