Сахнатөр

Анжелика, ырчы;
Шоу-бизнестеги ажарлуу айымдарыбыздын бири Анжелика сахнадан алыстап кеткен эле. Көрсө жаны тынбаган Анжелика жеке иштер менен алектенип, бизнес жаатына кетүүгө бел байлап жүргөн экен. Эми минтип кыргыз калоритиндеги үлпөт салонун ачып чуркап жүргөн чагы. Баштаган ишиң жемиштүү болсун деген тилек менен Анжеликаны кепке тарттык.

"Улуу адам менен жашоомду элестетчүмүн"
- Шоу бизнестен алыстадың, эми сени бизнес-леди десек болобу?
- (Күлүп) билбейм, аны эл өзү айтат да. Бирок, биринчи сулуулук салонун ачканда жыйырма жашта элем. Ошондо Кыргызстандагы "эң жаш бизнес-леди" деген наам беришкен. Ушул жашта бизнестин бардыгын колго алып иштеткен жаштардын эң биринчиси болгом. Бизнес деген жумуш. Биз иштеш үчүн жашап, жашаш үчүн иштейбиз. Жумушсуз жашоо кызыксыз болсо керек. Кыргызстанда туруп эмнеге кыргызча үйлөнүү үлпөт салону жок, кыргыз үйлөнсө калпак шөкүлө менен тойканага кирсин деген идеялар менен жүрчүмүн. Азыр биздин салон Кыргызстандагы биринчи кыргыз калоритиндеги салон. Мен азыр илгерки чыптама шөкүлөнү таңуулаган жерим жок. Заманбап көнгөн көйнөккө ою түшүрүп, шөкүлөнү кааласаң кий деп сунуштап жатабыз. Фатанын четинин баары кыргызча оймо болот деп акырындан киргизип атабыз. Ошон үчүн коллекциябыз "ханыша" деп аталат.
- Коллекцияны коомчулук кандай кабыл алып жатат?
- . Азыр элибиз патриот болуп калышканбы айтор, аябай жакшы кабыл алып жатышат.
- Бардыгына кантип үлгүрүп жатасың?
- Билбейм. Бирок, аял заты күчтүү экенбиз. Жетишем десең баарына жетишесиң. Азыр бутум-бутума тийбей жүргөн чагым. Заказдар көп, баш тарта да албайт экенбиз.
- Кыздарыңа убактың болуп атабы?
- Албетте кыздарыма убакыт бөлүп атам. Улуу кызым бала бакчага барат, кичүүсү үйдө. Дем алыш күндөрү үйдө болгондо кыздарым эркелеп тамак жебей башташат. Андан көрө мен жумушта болгонум жакшы.
- Бизнес ачып иштетүү үчүн жаш кыздарга эмне керек?
- Эң негизгиси билим керек. Теория деп тура бербестен практика жүзүнө ашыра билүү кажет. Азыр менде канча кыз иштесе, бирөө бош отуруп калса эмнеге бош отурасың дейм. Мага адамдар дайым иштеп тынбай туруш керек. Өзүм ар дайым изденүүнүн үстүндөмүн. Бир нерсеге жеттим деп чектелип отуруп калганда деле болбойт, бара-бара ал нерсенин да кызыгы тарайт.
- Мындай мүнөзүңдүн калыптанышына ким себепкер болгон?
- Албетте апам. Өзү аскер адамы болгондуктан талапты катуу коет. "Энесин көрүп кызын ал" деп бекер айтпайт экен да.
- Бир убакта гезит беттерине интервью берүүдөн баш тартып калдың эле. Себебин билсек болобу?
- 6 жашыман баштап эл арасында жүрөм. Чарчайт экенсиң. Чет жакка чыгып же башка нерсе кылсаң эл үчүн жасап аткандай. Анын үстүнө үй бүлөмдүн ичиндеги жаңылыкты элге жар салып, элдин кыжырына тийгенди каалабайм. Эл да менден эс алышсын дедим. Өзүм да кадимки жарандардай эс алгым келди. Үй бүлөм менен паркка чыгып дегендей.
- Беш жыл мурунку Анжелика менен азыркы Анжеликанын айырмасы барбы?
- Беш жыл мурун Анжелика ырдайм деп жүргөн секелек кыз болчу. Мен сахнаны багындырышым керек деп, жолдошумдун айткандарын укпай өжөрлөнүп ырдайм дечүмүн. А азыр тескерисинче жолдошум Анжела хиттерди жазчы десе, жок мен тынч отуруп иштегим келет дейм. Балким дөңгөлөктүн үстүндө каникул эмне экенин билбей чоңойгонгобу азыркы жасап жаткан иш мага жаңылык. Азыркы Анжелика эки кыздын энеси болуп, жашоого максат коюп, токтолуп калган.
- Кайын журтуң сенин кылып жаткан иштериңе кандай көз карашта?
- Өзгөчө кайненем кубанычы койнуна батпай турган учуру. Мына менин кичүү келиним кайнененин камырынан деп, өзүмдү тартып атат деп. Апам өзү уз киши. Боз үйдүн ички жасалгасын бардыгын өз колу менен жасаган экен. Апам 78 жашка чыкты, болгон акыл насаатын айтып жатат.
- Жолдошуңду эмнегедир көп айтпайсың?
- Ой жолдошум, "Анжела сен мени атактуу кылдың" деп күлүп калат. Киного барып калсак, баары аны карашат. Анткени, баары мени тааныйт билет, а ал аларга кызык. Жолдошум мени түшүнгөн жөлөк таягым. Экөөбүз бир адамдайбыз. Кыздарды уктатып коюп киного барабыз, жаштардай эле кафелерге барабыз. Кандай темалар болбосун сүйлөшө беребиз.
- Кыз кезде болочок жолдошум мындай болсо деп идеал кылып алат эмеспи. Сенин жолдошуң кыялыңдагы идеалга төп келдиби?
- Мен дайым апама, мен спортсменге турмушка чыгам дечүмүн. Менин күйөөм спортсмен болот дебатып айтканымдай эле спортсмен, акылдуу, бизнесменге чыктым. Эмнегедир улуу адам менен жашоомду элестетчүмүн. Кичинемден эле өзүм менен теңдер менен тил табыша алчу эмесмин. Ошон үчүн да жолдоштука улуу адамды тандадым.
- Теле алып баруучулук менен да шугулданган жатыпсың?
- Ооба, эми ал жакка да жетишем. Буюрса УТРКда "Ак чөлмөк" деген берүү ачылган жатат. Ал жакка да сунуш түштү. Мага сунуш жакты, түз эфирде болот экен. Мындан 3 жыл мурун өзүмдү алып баруучулук жаатта сынап көргөм. "Айым" салонунун бир жылдык тоюнда Бакыт Байсариев менен алып баруучу болуп, менден алып баруучу чыгат экен деп койгом. Буюрса дагы бир кесиптин ээси болгон турам.
- Сулуулуктун эталону катары кайсы жүздү айта аласың?
- Бирөөнү белгилеп айта албайм. Ар бири өзүнчө сулуу. Ар бир аял өзүнө көңүл буруп каранса сулуу да. Буга чейин деле, азыр деле сулуулуктун эталону катары Таттыбүбү Турсунбаеваны алып келебиз. Азыр деле сулуу айымдар толтура. Дегеле кыргыздын кыздарындай сулуу кыздар жок.
- Курбуларың барбы? Бул суроону узатканымдын себеби кыздардын арасында достук болбойт дешет?
- Достук бар, эгерде досту туура тандасаң. Менин жаманымда, жакшымда да колдогон Сүйкүм, Мира деген курбуларым бар. Алар үчүн мен мектепте кандай болсом ошондой элемин. Салондун ачылышында менин кубанычымды тең бөлүшүп жардам кылып туруп беришти.
- Жашооңдогу эң туура берилген кеңеш?
- Кичинемде таланттуу болгом. Ошондуктан апам Таласта жакшы үй бүлө болуп турганыбызга карабай мен деп шаарга келип, батирден батирге көчүп, менин келечегимди ойлоп музыкалык билим берген. Баарын жашоосунан чийип туруп, мен үчүн баарын нөлдөн баштап курган. Дагы бир кеңеши, кыздын барар жери күйөө, жакшылап ойлон деген. Адам бир күндө бактысын колдон учуруп жибериши мүмкүн. Мисалы, мен азыр турмуш курууга даяр эмесмин деп койсоң эле кийин сага андай мүмкүнчүлүк келбейт. Анткени, ал адамдын жолу башка нук менен кетет. Ошол учурда апамдын кеңешин укканым үчүн азыр бактылуу үй бүлөлөрдүн катарындамын.
- Күйөрмандарың дагы деле барбы?
- Ооба, дале бар. Жакында эле бир ата келди. Сенин кичине чагыңдан берки видеолор бар, сен биздин кумирибизсиң деп кызына үлпөт көйнөгүн алып кетти. Тойлорго барып калган учурда биринчи жолдошума барып учурашып, биз Анжелика менен сыймыктанабыз деп калышат.
- Сүйүү менен турмуш куру керекпи же эсеп чот мененби? Кыздарга кандай кеңеш бересиң?
- Үй бүлө сый урмат, сүйүүдөн куралат. Кээ бир учурда ушундай ысык сүйүүлөр өчүп калганын көрөбүз. Бири-бирисиз жашай албагандар көргүсү келбей калат. Сүйүү экен дей бербей акыл калчап ал адам менен турмуш куруп кете аласыңбы деп ойлонуп көрүңш керек. Ошондо эсеп чот менен да, сүйүү менен да болуп калат. Эсеп чот десе акча эмес. Ал адамдын билимине, деңгээлине, тарбиясына караш керек.
- Эл көзүндөгү адам болгон соң ушак ээрчибей койбойт. Сени капаланткан ушактар болдубу?
- Ушактарга көнүп бүткөм, туура көз караштамын. Ал ушактардын артында мага жамандык каалаган адам турат. Бирок, мен ал адамга жеңилбейм дейм, өзүмдүн кылган жумушум менен көрсөтөм. Ушактарга көп маани бербегенге аракет кылам. Жолдошум менен жашап атканыма беш жыл болуп атат, демек ушактардын баары кызыл чийин менен сызылат. Эки кыздын энесимин.
- Үйдө кандай жар, кандай энесиң?
- Чыгармачыл адам болгон соң үйдө деле бардык нерсени чыгармачылык менен жасайм. Ар бир нерсени фантазияң менен оригиналдуу кылсаң болот. Үйдө кыздарыма, жолдошума жасаган тамактарым жагат. Конок тосконду аябай жактырам.
- Кыздарыңды инилүңү кылуу ойдо жокпу?
- Оюм бар. Уулду болгум келет. Бирок, жолдошум азырынча кое тур, эки кызды берген Алла Таалага ыраазымын. Азырынча кыздарыбыз чоңойсун, бири мектепке, экинчиси бала бакчага барып калса анан уулду пландайбыз деп атат.
- Жаш эне болдуң, кандай сезимде болосуң?
- Азыр улуу кызымды карап туруп, чын эле менин кызымбы деп ойлоп кетем. Азыр мага акыл насат үйрөтүп калды. Балам балалуу болгондо билесиң деген чын экен. Апамды түшүнүп атам. Тамак жебей койгон учурумда эмнеге маанайы жок болчу экенин.
- Кыздарыңдын атын ким койгон?
- Улуу кызымды кайненем койгон Айым деп. Экинчисин өзүмдүн апам койду
Элима деп. Былтыр ызы-чуу болгондон кийин төрөлдү. Элибизде тынччылык-токчулук болсун деп Элима койгон.
Мээрим Айталиева