Ушундай байлыкты ээлеп -кедей болгон уят
Биздин өлкө жаратылышка бай. Аска тиреген мөңгүлөр, шар аккан суулар, тунук булактар, тоо койнунда жыш өскөн карагай, кайыңдар, ит мурун, бөрү карагат, чырканак жана түркүн чөптөрдүн түрлөрү арбын. Бул өңдүү табият тартуулаган жаратылыш байлыгы Каракол улуттук жаратылыш паркына тийешелүү Ак- Суу районунун түштүк батыш бөлүгүндөгү Каракол дарыясын жана Кашка- Суу суусун бойлой кеткен кеңири аянтты ээлеп жатат. Парктын жалпы аянты 38095 гектар. Анын 5138,9 гектарын токой ээлейт. Ушундай байлыгы арткан кооз аймакта жашап туруп, кедейчиликте күн көрүү кечиримсиз, уят экенин баарысы эле моюнга алат болуш керек.
- Сиз кандай дейсиз, ушул айтылгандарга кандай карайсыз?- деп Каракол улуттук жаратылыш паркынын башкы токойчусу Алмаз Арыновго кайрылганыбызда ал төмөнкүдөй жообун айтты.
- Туура, бул айткандарынызга кошулам. Айта берсе арман көп дегендей токой чарбасында көйгөй жетишерлик. Биздин парк аткарган функциясы боюнча токойду коргоо, токой өстүрүү, санитардык суюлтуу иштерин аткарат. Жылына 20 сотых жерге питомник өстүрөбүз, 300 миң куб карагай суюлтулат. Токойдогу карагай, кайың бадалдардын, жана башка чөптөрдүн өсүүсүнө байкоо жүргүзөбүз. Жайкы сезон учурунда туристтерди кабыл алабыз. Жогоруда санап өткөн кызмат көрсөтүүлөргө, аткарылган жумуштар үчүн анча- мынча каражат түшөт. Карагайларды суюлтуу учурунда устундарды бөлүп алабыз, анын көбү отунга эле жарайт, андан пайда деле көрбөйбүз. Туристерден 300 миң сом, 1200 гектар жайыт жерлерден 60 миң сом түшөт. 296,4 га ижарага берген жерлер бар. Ижара акысын "Идеал-Тур" лыжа базасы, "Каприз" мейманканасы убагында төлөйт, калган 53 жеке ижарачылар милдеттерин аткарбай убара кылып жатышат. 5 миң, 10 миң сомдон чогулуп отуруп 70 миң сомго чейин карызга батып, төлөбөй качып жүрүшкөнү канча. Соттошуп карыздарды өндүрө албай келебиз бүгүнкү күнгө чейин. Андай жоопкерчиликти сезбеген тараптарга, мисалы, ОсОО "Таш- Нур", ОсОО "Хантеңир сервис" өңдүүлөр кирет. Көпчүлүк ижарачылар башка жерлерде жашагандыктан аларды издөө кыйын болууда. Биздеги абал ушундай. Уюмдун эсебине келип түшкөн акча каражаттан соцфондго, мамкаттоого, жергиликтүү бюджетке салык төлөнөт. Анан эсептей келсек иш жүзүндө өзүбүзгө эчтеме калбай калат. Ошонун себебинен токой суюлтууда, питомникте иштеген жумушчуларга эмгек акысын төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болбой, учурда аларга болгон карызыбыз 400 миң сомго чамалады. Бюджеттен болсо жумушчуларга акча каралган эмес. Өзүбүздүн кызматкерлер бир гана айлыкты карап отурабыз. Техника жана башка жабдуулар боюнча ашып- ташып кеткен жерибиз жок. Чарба боюнча жалгыз бир эски тракторубуз бар. Токойчуларыбыз өздөрүнүн менчик аттары менен жүрүшөт. Алардын жем, чөбүн, така, ат жабдыктарын кадап берип турсак болот эле бирок, эмненин эсебинен,кайдан таап беребиз. Биз деле өнүгүп- өссөк, туризмди өнүктүрсөк, туристтик базаларыбыз, техникаларыбыз болсо, мейманкаларды курсак, жолдорду оңдотсок дейбиз. Жеке ишкерлер сыяктуу өзүбүз да байып, жергиликтүү бюджетке салык түрүндө пайда алып келет элек. Өзүбүздүн туристтик багытыбыз бар. Жети-Өгүздүн Көк- Жайыгынан бери Каракол капчыгайы менен жогору Ала- Көлгө чейин чет элдик туристтер жүрүш кылышат. Түштүк тарап менен кеткен багыт Каракол чокусуна алып барат. Бул багыттагы кооз жайларда эс алууга шарт түзүлгөн. Автоунаа коюучу жай, казан асып, тамак даярдоого очоккана, үстү жабык сөөрүлөр курулган. Албетте булар аздык кылат. Эс алуучуларга көбүрөөк ыңгайлуулуктар түзүлсө жакшы болмок. Улуттук парк болуп уюшулганыбызга 10 жыл болду. Ушул жылдар аралыгында жакшы тажрыйба топтодук,мыкты адистерибиз жетишерлик. Ошол 1997-жылы бөлүнгөндө бизге техника, имарат, техникалык жабдуулар тийбей калган. Биздин кедей чарба болуп калганыбыздын бир себеби ошондо деп эсептейбиз. Жулунгандар алып, талап- тоноп кетишкен экен.