Айбек Дайырбеков, сценарист, кинорежиссер:
"Жанымдын" 55 сериясын тартып келдик"
Борборубуздун Совет жана Ахунбаев көчөсүндөгү "Кыргыз киносу" аталыштагы кинотеатрдын, заманбап жасалганын көрүп, "бул кимге тиешелүү болду экен?" деген суроо туулбай койгон жок. Көрсө, буга чейин хитке айланган ырчылардын клибине жан киргизген, өз ишинин ийне жибине чейин жакшы билген, жумурай журтка өзүнүн келбети эмес, кылган эмгеги менен таанымал болуп келген, таланттуу сценарист, кино режиссер Айбек Дайырбековдун ысымына тиешелүү экен.
Айбек Дайырбековдун эмгегине таандык, 2008-жылдын "Супер клибине" ээ болгон "Даткайым" клиби ошондой эле, Г. Сатылганованын "Келем дедиң" Азат Болотбектин "Мир любви", З. Арыкбаевдин "Апакем", Анжеликанын "Өмүр багы", Айя Садырованын "Кара каш" атту клиптерин көрсөң, анын сапаттуулугуна ичиңден ыраазы болосуң. Себеби, көп ырчыларыбыздын сапатсыз тартылган клиптеринен эл тажап калганын айтпасак да белгилүү эмеспи.
Камера артындагы инсандын жеке жашоосунда жана чыгармачылыгында кандай жаңылыктар бар экенин маегинен билели:

- Учурда эмне менен алек болуп жатасыз?
- Коңшу Казак республикасынан келгениме аз убакыт болду. Азыр эки сценарийдин үстүндө иштеп жатам. Биринчиси: толук метраждуу музыкалык тасма. Ал эми экинчиси: кино камедия. Кудай буйруса жакында кино тартууга киришебиз деп турабыз.
- Казак элинде эмне менен алек болдуңуз?
- "Хабар" телеканалынын буйрутмасы менен 55 сериалдуу "Жаным" кино тасмасынын экинчи сезонун тартып келдик. Былтыр 78 сериясын тарткан элек.
Негизгисинен акыркы эки жылдагы убактымдын көп бөлүгү ошол сериалга жумшалды.
- Ошончо убакытта үй-бүлөңүздү сагындыңызбы? Сиз келгенде кандай тосуп алышты?
- Албетте сагындым. Келинчегим жумуштан эс алуу алганда баламды көтөрүп алып Алматыга барат, мен жумуштан бир аз убакытка бош болуп калсам, аларды сагынып бул жака келем. Кыскасы эки жыл ошентип жашадык. Былтыр сериалдын биринчи сезонунун акыркы кадрын тартып бүткөндө продюсерлер коштошуу кечесин уюштурган эле. Мени менен бирге иштеген оператор Талант Акынбеков экөөбүз үй-бүлөбүздү сагынгандыктан ал жакта бир күн да кала албай, кино бүтөрү менен түнкү саат экиде кыргызстанга келе берген элек.
- Келинчегиңизди аябай жакшы көрөт экенсиз, ушундай сүйүүгө арзыган кайсы жердин кызы болду экен? Кантип таанышып калдыныздар эле?
- Аты Толкун. Нарындын кызы болот. Азыркы тапта "Нур телекомдо" башкы адис болуп эмгектенет. Ортодо бир уулубуз бар жана экинчисин күтүп жатабыз. Толкун экөөбүз кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинен 2004-жылы таанышканбыз. "Жаш лидерлердин" лагеринде мен уюштуручулардын катарында барган элем, Толкун ошол жердеги барган студенттердин арасында эң жашы эле. Нике буйрук экен баш кошконубузга 5-ноябрда беш жылдын жүзү болот.
- Казан аяк кагышпай койбойт эмеспи. Андай учурда кимдин биринчи таарынычы жазылат?
- Негизи жаш өзгөчөлүктүн таасири бар окшойт. Толкун менден тогуз жашка кичүү болгондуктанбы айтор, ортобуз аябай сый. Биз урушпайбыз, бирок кичине таарынышып калганда мен биринчи жазылам. Ал эми Толкундун бир аз көк беттик жайы бар. Таарынганда тултуюп сүйлөбөй коёт.
- Улууңуздун атын ким?
- Уулумдун аты Дастан. Чоң апасы койгон. Азыркы күтүп жаткан наристебиздин ысымын да ата-энем коёт. Менимче үч төрт атты даярдып коюшкан окшойт, азырынча айтпай жатышат. Менин интерьвюм силердин гезитке жарык көргүчө, менин наристем жарык дүйнөгө келип калат деген аруу ниеттемин.
- Чыгармачылыгыңызды үй-бүлөңүз түшүнүү менен карайт экен. Бул тармакта иштегениңизге канча жыл болду?
- Менин чыгармачылыгым студент кезден башталган. Алгач Улуттук университетте билим алып жүрдүм. 2001-жылдан баштап клип тарта баштадым. Эң алгач "Тандем" тобунун "Ойлойсунбу" аттуу ырына клип тарткам. Манас университети менен Кинематографты "Өнүктүрүү" фонду биргеликте уюштурган эки жылдык режиссердук курсун бүтүргөм. Кийин Москва шаарынан сценаристтердин курсун окуп билим алып келгем.
- Жакында продюсерлердин Гилдиясы түзүлдү, ага кандай карайсыз?
- Акыркы учурларда кыргыз киносунда, элдик кино күч алды. Кыргызстанда быйылкы жылы 48 кино тартылып, жарыкка чыкты. Бул тармакта өзүнчө бир "бизнес" бар деп айтса болот. Ар бир кинонун артында кеминде бирден продюсер турат. Бул да болсо биздин экономикабызга күч берип жатат. Гилдия- кино бизнести жөнгө салып, сан жагынан эле эмес, сапаты жагынан көтөрүп, жеке режиссерлордун башын бириктирип тура турган күч керек болду. Гилдияны колдойм, баштаган ишти таштабай эми алдыга чыгышына тилектешмин.
- Кыргызстанда "Кыргыз киносу" кино театрлар түрмөгү ачылып жатат. Ошол туурасында кеп кыла кетсеңиз.
- Азыркы тапта көптөгөн кино тасмалар тартылып жатпайбы. Ар бир тартылган кинону элге көрсөтүш үчүн кинотеатр жетишбейт. Менин бирден бир максатым, кино залдарды жайылтуу. Себеби менин да башымдан өткөн. Бир кезде, азыркы "Манас" кинотеатрына кино көрсөтсөк, үстүнөн тамчылап аккан сууга карабай барган эл кино көрүшкөн. Анда азыркыдай ремонт жүрө элек эле. Ушул күндөн тарта кыргыз элим замандын талабына жооп бере турган кино театрдан, кыргыз элинин эски жана жаңы тасмаларын көрө баштайт.
- Тасма артындагы эсте калган көз ирмемден айта кетпейсизби?
- Э. Абдыжапаров менен "Уурунун махабаты" филиминде чогу иштеп калдым. Бул айта турган окуя тартылып жаткан учурда эмес, камеранын артындагы иш учурундагы окуя. Асема Токторбаева менин аяшым болот. Анын тартылуу учуру келгенде, нике шакегин чечиш керек болуп, ал шакекти мага "жоготпо!" деп катуу тапшырган эле. Болгондо дагы, гримдеген, кастюмдарды карагандардын бирине да ишенбей мага берген. Аны чыпалагыма салынып алып, колумду бекем ууштап жоготпоюн деп жүргөм. Бир учурда эмне болгонун билбейм, айтор колумду карасам, баягы нике шакек жок. Асема тартылып бүткүчө табыш керек болуп,ошол жердегилердин баары жерди тытмалап издеп жүрүп таптакыр таппай койдук. "Эмне кылам? эмне деп айтам, ишенген кожосу мен болсом, аны минтип жоготуп жиберсем, уят эле болдум" -деп шалпайып чарчап отуруп калдым. Жерди тиктеп ойлонуп отурсам баягы шакек маңдайымда турат. Көрсө ошол жерде түшүп калыптыр. Башка жактан түшкөн экен деп жердин барын кыдырып издеп жүрө бериптирбиз. Шакек табылары менен Асема да тартылып бүткөн эле. Жоготпогон кишидей болуп берип койгом. Бул туурасында Асеманын кабары жок болчу, силердин газита аркылуу окуса таарынат болуш керек.

Жаз-Айым Айдекова