Өз кабарчы билдирет

Балдарды зордоп иштетишти

Заман бузулган жок, заман жакшы эле турат адамдардын пейли бузулду- деген сөздөр көп айтылчу болду кийинки убакта. Ооба, арабызда мерездик, өзүмчүлдүк, жеңил оокатка умтулуу күч алууда. Коомубузда орун алган ушул сыяктуу терс көрүнүштөр жаш муундардын кан-жанына сиңип баратканы түйшөлтөт. Жакында эле, тактап айтканда 27- сентябрда Каракол шаарынын прокуратурасы тарабынан Каракол шаарынын №2 кесиптик лицейинин директорунун милдетин аткаруучусу Т. Иманкановдун Р.М. жана И.Н.(тергөө ишинин кызыкчылыгы үчүн аты-жөнү жарыяланбайт) деген жарандарга карата тийешелүү чара көрүүнү суранган кайрылуусу каралган. Анда жогоруда сөз болуп жаткан жарандар 2011-жылдын 5- сентябрында күндүзгү саат 11.30 чамасында Каракол шаарынын кесиптик лицейинин 9-3 СДВ тайпасынын студенттери Б. уулу Д. жана Д.А. аттуу өспүрүмдөрдү коркутуу, мажбурлоо аркылуу АУДИ үлгүсүндөгү жеңил автоунаасына салып кетишип, шаарга жакын жайгашкан Жолголот айылынын талаасына алып барышып саман жүктөтүшкөн. Натыйжада, аталган студенттер сабакка катышкан эмес, алардын эркине каршы зордоп иштетүүгө кабылган. Бул окуяны жабыр тарткан тараптар ырасташты. Ошентип Ак-Cуу районунун Жолголот айылынын тургундары Р.М. жана И.Н. деген жарандардын аракетинде КР кылмыш кодексинин 124- беренесинин 2- бөлүгүнүн 1,2,4 пунктунда каралган адам сатуу, башкача айтканда, адамды анын макулдугусуз жумушка салуу максатында жашы жете элек өспүрүмдөргө карата мажбурлоо жасоо аркылуу уюшкан топтор алдын ала атайын сүйлөшүп алып аракеттенүү кылмыш иши айгинеленип турат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Каракол шаарынын прокуратурасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн берене боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иши жүрүүдө. Мындагы белгилей кетчү жагдай, аталган кылмыш ишин жасаган үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн берене боюнча 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу өкүмү каралган.
Бул окуянын күбөсү болгон №2 кесиптик лицейинин окуу тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Турдубекова Айгүл Сыртбаевнага кайрылдык.
- Окуучуларыбыз лицейдеги эреже боюнча 11.15тен -12.15ке чейин түшкү тамакты ичишет, эс алышат. 5-сентябрь күнү балдар түштөнүү маалында окуу жайдын аймагында эс алып жүрүшкөндө АУДИ жеңил автоунаасынан эки адам түшүп келип, балдарды жумушка жүргүлө деп мажбурлай башташкан. Ошо жерде турган 9 баланын жетөө качып кетишип, экөө кармалып калган. Баспасаң өлөсүң деп коркутуп, автоунаага салып кеткенин окуучулар көрүшкөн. Ошол эки адам аларды кечке чейин иштетип, тамак да, иштеген акысын да беришкен эмес. Биз бул ишти жөн коё албадык. Анткени ата-энелер бизге ишенип балдарын биздин окуу жайга жиберип жатышат. Мугалимдер жамааты, дирекция ата-энелердин алдында милдеттүүбүз. Бир жагынан мугалимдерибиз бизди коргойт экен, мындай көрүнүштөргө мындан ары жол берилбейт экен деп окуучуларыбызда ишеним пайда болсун дедик. Экинчиден, бул окуя боюнча чара көрүү менен биз жалпы коомчулукту, окуу жайларды, укук коргоо органдарын, тийешелүү бийлик түзүмдөрүнүн көңүлүн буруу аракетин жасадык, баарысына маалымат бердик. Мындай көрүнүштөргө кайдыгерлик кылбоого чакырып жаттык. Албетте ушундай маселе боюнча башынан эле иш жүргүзүп келебиз. Биздин окуу жайдын дирекциясы шаардын ички иштер бөлүмү менен мектеп рекетине каршы күрөшүү боюнча келишим түзүп иштеп жатышат. Челпек, Маман, айылдарынын жергиликтүү бийлик өкөлдөрү менен, алардын тургундары, жаштары менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындай көрүнүштөрдү токтотконбуз. Эми минтип Жолголот айылынын жаштары кылган күнөөлөрү үчүн жоопко тартылып отурганы өкүнүчтүү. Биз тартипти сакташыбыз керек.
Жүйөлүү маселе козголуп жатат. Биз сөз кылган кылмыштуу жосун, жүрөгүндө сезими бар ар бир жарандын атуулдук сезимин ойгото турган окуя. Бул коомубуздагы терс көрүнүшкө эч бир жаран көңүл кош мамиле кылбайт болушу керек. Анткени, коомубузда орношуп калган жат күрүнүштөр, түзүлгөн жагымсыз кырдаал коомчулуктун кыжырын кайнатып, наразычылыгын күчөтүп жатат.




  Тыйынбы же кыйынбы?

Эми 10 тыйындыктар кор болбойт...

Эгерде эгемендикке келгенден кийинки рублден сомго өткөн алгачкы мезгилдерде 50 тыйындык акча бирдиктери эле эмес, 10 тыйындыктар да сатуучулар, сатып алуучулар тарабынан колдонулса, азыр баалардын өсүүсүнөн улам 50 тыйындык баадагы эч нерсе жок болуп, ага суроо-талаптын жоктугунан 10 тыйындыктар тургай 50 тыйындыктар да колдонулбай калган. Эң төмөнкү акча бирдиги катары 1 сом жүгүртүлөт. Башкача айтканда, тыйын акча бирдиги колдонуудан чыгып калды. Мындай учурда 50 тыйындык бааларга 1 сом төлөнүп эле эсеп кысап иштери жүргүзүлүп келет. Атүгүл 50 тыйындыктар акча катары эсептелбей калды десек болот. 1 сом катары эки 50 тыйындык номинал берсең эч жерде албайт. Ошол эле айрым дүкөн, соода борборлорунда 50 тыйындыкты кайтарым акча катары беришкени менен алармандар беришсе, алышпайт. Калыстык үчүн айтсак, 50 тыйындык номиналдар коммуналдык кызмат акыларды төлөгөндө, почта кызматтарында кайтарым акча катары беришсе, Бишкектеги "Народный" соода борборлорунда да 50 тыйындык номиналдар берилип, эсеп кысап тыйынына чейин так жүргүзүлүп келет. Башка жерлерде 50 тыйындык номиналдардын күчү жок. Базарларда айрым товарлардын баалары 1,50 сом же 2,50 сом болсо, аны алуу үчүн 2 сом анан 50 тыйындык номиналды берсең албайт. Сөзсүз 3 сом беришиң керек же 5 сом берип, экөөнү алышың керек болот. 50 тыйын кайтарым акча да бербейт. Бул албетте, Кыргызстанда баалардын кымбаттыгынан гана кабар берет. Кымбаттоо тенденциясы мындай темпте жүрүп олтурса, жүрө-жүрө 1 сомдук номиналдардын колдонулбай калуусун да жокко чыгарууга болбойт го. Эмитен эле 1 сомдук номиналдар маршруттук таксилерге түшкөндө гана колдонбосоң, көп жерлерде колдонулбай баратат. 1 сомдон 10 сомго чейин номиналдардын тыйындарын чыгарып, Улуттук Банк туура кылган. Болбосо, 1, 5, 10 сомдуктар акча кейпинен кетип бараткан болчу. Тыйындарын чыгаруу менен майда акча бирдиктерин узакка колдонууга мүмкүнчүлүк берип койду.
Акча айлантуу, жүгүртүү маселесиндеги мына ушул жагдайды оң жагына чечүү максатында Убактылуу Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Улуттук Банктын төрагасы Зина Асанкожоева менен бирдикте накталай эсеп-кысап иштеринде тыйындык калдыктарды эсептөө тартибин караган токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, эми финансы-банктык системадагы реформаларды жүзөгө ашыруу жана 10 тыйындык номиналдарды чыгаруу токтогондугуна байланыштуу аны мындан ары колдонууну токтотууга багытталат. Токтомдо айтылгандай, акыркы убактарда дүкөн, соода борборлорунда бааларды 50 тыйынга ортолотуу жүрсө, базарларда 1 сомго ортолотуу жүрөт.
Ушул жагдайга байланыштуу Кыргыз өкмөтү жана Улуттук банк токтом кылат:
2011-жылдын 1-сентябрынан тартып, накталай эсеп кысап иштеринде 50 тыйынга чейинки номиналдарды ортолотуу тартибин бекитип, ал ишке киргизилүүсү керек. Бардык чарбалык жана бюджеттик мекемелерге, банктарга 10 тыйындыктан тартып бардык тыйын номиналдарын чексиз көлөмдө, баш тартуусуз алып, коммерциялык банктарга өткөрүү милдеттендирилди. Бул токтомдун күчүнө кирүүсү менен Өкмөт жана Улуттук Банктын 2008-жылдын 18-февралындагы № 54\50\1 номериндеги токтому күчүн жоготту. Жаңы токтом расмий түрдө жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет.

1. Сумманы ортолотуу тартиби бардык чарбалык жана бюджеттик уюмдар тарабынан колдонулат.

2. Сумманы ортолотуу менен накталай эсеп-кысап иштери төмөнкү тартипте жүргүзүлүүсү керек:
- Эгерде тыйындык калдыктын суммасы 1 тыйындан 24 тыйынга чейин болсо, анда тыйындын суммасы нөлгө барабар болот;
- Эгерде тыйындык калдыктын суммасы 25 тыйындан 49 тыйынга чейин болсо, анда тыйындын суммасы 50 тыйынга чейин болот;
- Эгерде тыйындык калдыктын суммасы 50 тыйындан 74 тыйынга чейин болсо, анда тыйындын суммасы 50 тыйынга чейин болот;
- Эгерде тыйындык калдыктын суммасы 75 тыйындан 99 тыйынга чейин болсо, анда тыйындын суммасы 1 сомго чейин болот;

3. Накталай эмес эсеп кысап иштери тыйындарды ортолотуусуз эле жүрөт.
Акылбек Курманалиев