Кинобаян

Мурат Мамбетов, кинону койгон режиссеру жана сценаристи:
Тасманын алгачкы идеасы жана продюсери
Көптөгөн элдин үрөйүн учуруп, дене бойду дүркүрөткөн маняк жөнүндө тасма көрсөң, сөзсүз кыргыз киносундагы "Кара жолтой" аталыштагы тасма эсибизге келет. Көптөрдүн үрөйүн учурган бул кино тасманын артында кандай эмгек жатканын кино жаратуучулардын маегинен билсек:

- Мен таенемди "апа" деп койчумун. Себеби ошол кишинин колунда чоңойгон элем. Эс тартып калган убагымда апам мага көп нерселерди айтып берээр эле. Анда мен он жашта болчумун. Айылдан бир киши үйлөнсө аялы каза болуп калыптыр. Жыл өтпөй баягы адам кайта үйлөнүптүр. Экинчи аялы да көпкө узабай кайтыш болуптур. Кийин үчүнчү аялын алса анысы да каза болот, айланасындагы коңшу элдин баары таң кала өлгөн келиндин сөөгүн караса таптаза болуп, эч бир күч колдонгон белгини табышпайт. Мындай табышмактуу өлүмгө элдин баары таң калып кийинки алган аялын тымызын аңдып башташат экен. Акыры табышмактын түйүнү чечилип, баягы маняктын бети ачылат. Көрсө, баягы адам психалогиялык жактан жабыркаганбы, айтор аялдарын кытыгылап өлтүргөн экен. Ушунчалык мыкаачы киши өлтүргүч бардык адамдар менен аралашып жүрүп акыры кылмышы ачыкка чыгыптыр. Кийин эс тартканы ушул окуяны камтыган кино тарткым келип жүрдү. Келип "Кара жолтой" аталыштагы киносценарий жазып чыктым. Ал эми каражат жагынан Урмат Барктабасов көмөк көрсөтсө, техника жагын УТРК колдоду. Ал эми артистер өз эмгегин бекер берди десем болот. Себеби, кыйраткан деле гонорар төлөгөн жокбуз. Чыгармачылыкты жогору коюп иштеп беришкенине дайыма ыраазы болом.

Жалпы сюжети жана алгачкы ийгилик
- Бул сценарийде апам айтып берген окуя камтылган жок. Бирок адам өлтүрүү фактысы ошого окшош. Маняк өзү төрөлгөндө эле киши өлтүрөйүн деп төрөлбөйт. Ага жашоосунда бир чоң себеп болот деген ойду элге жеткиргим келди. Бир келин жашы өтүп калган учурда, бир адамды катуу сүйүп калат, кийин экөөнүн сүйүсүнөн наристе пайда болуп, ошол ымыркайы төрөлгөндө, сүйгөн адамы кырсыктап каза болот. Ызадан жабыркаган келин төрөлгөн баланы жек көрө баштайт. Ушунун айынан каза болду деген ой менен ага Каражолтой деп ат коюп, ал баланы өлтүрүүнүн амалын издейт. Канчалык бала энесинен мээрим издеген сайын аны жек көрүп, далай азап-тозокторду көргөзөт. Кийин мектепти окуп жүргөндө алгачкы сезимге туш болот. Сүйгөн кызы көп элдин астында шылдыңдап шагын сындырып таштап кетет. Ошондон тарта аял затына өчөгүшү пайда болуп, акыры барып өлтүрө баштайт.
Тасма тартылып бүтүп жарыка чыккандан кийин, Москвада Эл Аралык "Детектив фес" атту чоң фестивальдан эң мыктысы аталып, атайын сыйлыка ээ болду. Негизинен бул ийгиликти алууда бардык кино жамааттын эмгеги зор. Себеби, ар бир актер мен ойлогондой аткарып берди. өзгөчө суйлөбөй, келбети менен элдин жүрөгүнө өз образын жеткире алган Назым Мендебаиров болду. Ошол эле учурда Ш. Касымалиева, А. Сулайманов, А. Акылбекова, Т. Алыбаевдин да чоң салымы бар, өзүлөрүнүн актердук чеберчилигин көргөзүштү.

Кемчилиги
- Өзүм сыртынан карап көрөрман катары көргөнүмдө көп кемчиликтерди байкайм да "кап бул жерин башкача кылсам болмок экен" деп ойлонуп калам. Азыр эгер мүмкүнчүлүк болгондо сериал кылбай толук метражду бир жарым сааттык кино кылмакмын. Мага режиссер катары көп эле кемчиликтери байкалып турат.


Назым Мендебаиров, актер:
Эсте калган эпизоддор
- Бул киного мен кастинг менен келген эмесмин. Анын үстүнө мурда М. Мамбетов менен эки тасмада чогу иштеген элем. Ошол себептен режиссердун мага болгон чоң ишеними болсо керек. Ар бир иштин кыйынчылыгы болот дегендей, кыйналган жокбуз деп айтуудан алысмын. Сөз информатциялык толуктоого кирет дагы, ошого карап аткарган образың жеңил болот. Бул кинодо сүйлөбөй, образды келбетим менен, маняк жөн жерден киши өлтүрбөгөнүн, анын кичинесинен бери тагдырынын оордугунан жүрөгүндө тагы бар экенин элге жеткиришим керек болду. Ушул мага эң оорчулукту туудурду. Бирок, режиссердун жардамы менен, мени менен иштеген кесиптештеримдин жардамы менен образым элге жетти десем болот.
Кинонун эң акыркы эпизоду моргдогу окуя эле. Ошол учурда катуу ооруп температурам түшбөй, үйдө төшөктө жаткам. Ал күнү сьёмка болот деп калышты. Тартылбайм деп айтайын десем аппаратуралардын баарын дайындап коюшкан, эгер мен барбасам ал күндүк камеранын акчасы күйүп кетмек. Акыры тартылууга туура келди да түн бир оокумга чейин тартылдык. Болгон денем ооруп, ысып күйүп, чыйрыгып жаман болуп турсам, анысы аз келгенсип морктогу темир кроваттын үстүнө жылаңач жатууга туура келди. Анын ичинин баары муздак таш менен курчалган экен. Муздак темирдин үстүнө бир нерсе коюп жатууга да болбойт. Температура болгон адамдын бети, көзүнүн ичи кызара берет эмеспи, ошол кызылдарды кетириш үчүн дары ичтим, таптакыр тушпөй койгондо айла жок арак ичүүгө туура келди. Ошонун деми менен тартылдым. өзгөчө мен үчүн кооптуу жери, мен моргдон колум кыймылдап тирилип, анан эшикти ачып чыгып Айжанды көрүп өлтүрмөкчү болуп, колума бычак алып кармашып жыгылмакчы болгон жерибиз бар. Бычак да бир башкача чоң эле. Айжан беш айлык кош бойлу болгондуктан, бир жерин бир нерсе кылып аламбы деп кооптонгом. Жерде сойлоп баратканда бетке тепкен жерди дублер бала ойногон болчу, ал баланы катуураак тээп алып мурду сынып, жердин бары кан. Ошол күн башкача көз ирмем менен аяктаган. Көрсө көп артистер ысык-муздакта жүрүп көбүнчө ден-соолугубуздан ажырайт экенбиз.

Кызыктуу көз ирмем
- Бир кызыгы мени жылаңач ойнойсуң дешти. Мен "болбойт" десем, режиссер келип "моргго эч качан кийимчен киши жаткырбайт, жылаңач ойнойсуң" деп туруп алды. Ары тартышып, бери тартышып акыры макул болдум. Бирок, бул үчүн чоң аталарымдан тил уктум. "Сен ошентпесең кыргыздын киносу өспөй калчудай болуп" деп тилдеп алышты. Көпкө чейин качып жүрүп анан туугандар менен кезигиштим. Кийин биз Турцияга барып келсек, кино элге көргөзүлүп калыптыр. Мен аэропорттон түшкөндөн баштап элдин башкача көз карашын байкадым. Үйгө келсем кошуналарым менин үйүмдүн жанынан балдарын мектепке узатып өткөрүшөт да, келе жатканда тосуп алышат. Менин көчөмдөн киши өтпөй калган, өзгөчө мектеп жашындагы балдар. Бир жолу автобусда кетип бара жатсам жанымдагы кыз "Байке сизден бир нерсе сурайынбы" дейт. Сура -десем "Ошол кинодон кийин психикаңыз өзгөрүлгөн жокбу" деди. Көрсө менин образым көрөрмандарга таасир калтырыптыр.


Венера Сатылганова, актриса: Жакпаган эпизод
- Менин ал кинодо жараткан образым башкы болбосо дагы эң чоң эпизод болду. Башында Мурат сценарийди оку деп алып келип берген эле. Бирок, ошол учурда убактым болбой, айылда апам ооруп анын жанында жүрдүм. Кийин тартыла баштаганда эч нерсе билбегенимди уккан Мурат мага аябай жини келген. Тартылуу учурунда жанталашып бир сыйра окуп анан кадрга түшкөм. Кийин көрүп алып жактырган эмесмин. Мен үчүн чоң даярдык болуп тартылбагандыктанбы айтор, азыр көрсөм уялам.
Бул тасмадан мен үчүн оор болгон кадр, мен дачада жашаган эне-атасы каза болуп калган кыз Салтанаттын образында элем. Ал дос кыздарын коноктоп, үйдөн узатып чыгат. Ошол учурда Каражолтой аялдамада турган болот. Кыздар эч нерседен оюу жок ага тийишип коюшат. Аларды узатып үйгө кайтаар маалда өлтүрүү үчүн Каражолтой кубалап барып, чөптүн арасынан уйпалап басып жыгылат. Улам дубль болгон сайын жулмалашып чөпкө, тикенектердин арасына жыгыла берип денебиз көгөрүп, тикенек кирип жаман болгонбуз. Назым мени басып жыгылган жеринде, мага билгизбей режиссер "юбкасын айрып, чын эле зордуктап жаткандай кыл, " деген тапшырма бериптир. Мен аны менен урушуп жатып "юбкамды айрыбай эле койчу" деп суранып жатпаймынбы. Кийин тартылып бүткөндөн кийин Мураттын тапшырмасы экенин айтып жатпайбы.

Бетти даярдаган Жаз Айым Айдекова