Сандан-санга

Өзүмдү тапкан жол
Академик, парапсихолог
Лариса Асанбекова

Айыкпаган оору жок, айыкпаган адам бар
Менин практикамда ар кандай оорулар, ар кандай оорулуу адамдар жолукту. "Айыкпаган оору жок, айыкпаган адам бар" деп, астралдык устатым да бул өмүрдөгү устаттарым да үйрөтүшкөн. Мен буга көп ирээт күбө болдум. Бир жолу бир аял телефон чалып, "Сиз рожа деген ооруну айыктыра аласызбы?" деп сурады (бул оору кыргызча кандай аталат билбейм). Жогорку күчтөрдөн "болот" деген жоопту алгандан кийин ооба деп жооп бердим. Бирок рожа деген оору кандай болооруна түшүнүгүм да жок болчу. Адамды айыктырууда мен энергетикалык каналды гана түзөөрүмө, ооруну Жогорку күчтөр айыктыраарына ишенгендиктен көп учурда оорулардын аттарын да билбейм.
Бир убакта кабыл алууга эки медсестра эки жагынан жөлөп таяп абалы оор аялды алып келишти. Ал аялдын бетинин үчтөн бири оттой кыпкызыл экен. Температурасы 40ка жетип кыйналганынан араң эле басып кирди. Биринчи абалын көрүп ичимден коркуп кеттим. Кайра мен аркылуу Жогорку күчтөр айыктыраарын эстеп кайратыма келип сеансты баштадым. Сеанстан кийин аял өзүн мурдагыдан жакшы сезип калды. Бул аял оору жаңы башталганда бетинде кичинекей кызыл так пайда болуп, эти ысып кыйнала баштаганда врачтарга кайрылып, ооруканада жатыптыр. Бирок, ооруу күндөн -күнгө өөрчүп, кызыл так бетине жайылып, абалы начарлай баштаганда оорукананын башкы врачы мага жиберген экен. Абалы оор болгондуктан медсестралар тез жардам машинасы менен алып келишиптир. Эртеси ал аял келгенде кечээги абалын көргөн башка адамдар эмес мен да таң калдым. Бетиндеги кызылдын өңү өчүп, ал тургай теңи кайда кеткени белгисиз, баштапкы өзүнүн бети калыбына келип калыптыр. Үчүнчү күнү келгенде кызыл тактын изи да калган жок. Ошондой болсо да ал аял, канча сеанс белгиленсе ошончо күн сеанс алды. Себеби кызыл так ал ички органдардын сыртка чыгарган белгиси. Оорунун себептери алынмайынча оору таза айыкпайт. Ал аялдын таза айыкканын көргөн врачтар рожа менен ооругандарды дароо эле мага жиберишчү болду. Бир күнү газпромдун бир чоң фирмасынын начальниги бутунан рожа болуп келди. Бир буту көнөктөй шишип, кара көк тартып тулуп болуп калыптыр. Ал адам айыккандан кийин өзү эле жарым жылда бир мага профилактикага келип турду. Ал эми кээ бир адамдар ооруп жаны кыйналганда баарына макул болуп келишет да "малым калды, жайым калды, балам калды, акчасы баланча экен" дешип сеанстын аягына чейин чыкпайт. Андай адамдар албетте айыкпайт.

Энергожандык кирип эсин жоготкон кыз
Новый Уренгой шаарынын калкын көбүнчө келгиндер түзөт. Эң көп калктын санын орус, украин, башкыр, татар анан эле кавказдыктар түзөт. Бир күнү орусчаны акцент менен сүйлөгөн бир адам чалып, кызы ооруп калганын, ооруканада жатканына үч күн болгонун, бүт анализдери, кардиограмма жана башкалары таза чыкканын, бирок кыздын абалы күндөн-күнгө начарлап жатканын, так диагноз кое албай врачтар мага жиберип жатканын айтты. Ал адам мага түшүндүргөнчө эле Жогорку күчтөр айыктырууга болоорун билдирээри менен апкеле бергиле дедим. Оорукана мен иштеген жерден алыс эмес болгондуктан тез эле келип калышты. Сегиз адам өлүк көтөргөнсүп сулкуйган кыймылсыз 16-17 жашар кызды көтөрүп киргенде өзүм да коркуп кеттим. Бирок, ишенээрим Жогорку күчтөр, астралдык устатым турганда өзүмдү токтотуп сеансты баштадым. Коридордо толтура турган адамдар да эмне болоор экен деп күтүп турушту. Кыз сеанс башталаары менен көзүн ачып мени тиктеп калды. Бирок, кыздын көздөрү тунарып али эсине келе элек экенин байкадым. Арадан он мүнөт өтпөй көзүн ачып, эми кайда келип калдым дегенсип мени таң кала тиктеп калганынан сеанс жүрүп жатканын түшүндүрдүм. Ал түшүнүп башын ийкеп туруп турсам болобу деп сураганынан мейлиң деп жыгылса жумшак жыгылсын деп диванга жакын тургуздум. Бир аз тургандан кийин жакын турган дивандын үстүнө бүт салмагы менен кулап түштү. Кулап түшкөн үндү уккан кыздын энеси жүгүрүп кирип катуу ыйлай баштады. Бул ишке ого бетер терс таасирин тийгизээрин ойлоп туугандарынын барын сыртка чыгардым. Бары өз тилдеринче сүйлөп (азербайжандар экен), кажылдашып башка адамдарга да тоскоол болгондуктан ошентүүгө туура келди. Мен аларды сыртка чыгарып келгиче кыз ошол калыбында эссиз жатыптыр. Жада калса ачылган көздөрү да жумулбаптыр. Кирпиктери, төгүлгөн көздөрү капкара бажырайган сулуу кыз экен. Бир аздан кийин кайра эсине келип, сеанс бүткөнчө эсин жоготкону кайталанган жок. Сеанс бүтүп, экөөбүз таанышып, оору биринчи кандай убакта кармаганын сурадым. Аты Патимат экен. Жарым ай мурун бир тууган таякесин атып кетишиптир. Аны өз жерине алпарып, кыздын ата-энеси жерге берип келишкен экен. Ошол жерге берүү процесстердин баарын видеого тартып келишиптир. Ал видеону Уренгойго апкелип туугандары балдары менен чогуу ыйлап сыктап көрүп олтурганда Патимат эс учун таппай отурган жерде кулап калат. Тез жардам чакырып ооруканага апкелсе эмне үчүн талып жыгылган себебин үч күн изилдеп таппай анан мага жиберишкен экен. Врачтар өздөрү айыкпайт деп эсептеген оорулуу адамдарды дайым мага жиберишчү. Патиматтын денесине энергожандык кирип кеткен, ал физикалык денеде болбогондуктан диагноз кое алышпай койгон. Патимат күлүп жайнап кабинеттен чыкканда коридордо тургандар, кыздын туугандары кол чаап чурулдап жиберишти. Патиматтын энеси бутумду кучактап таазим кылганда, мага эмес кудайга ыраазычылык билдиргиле деп айттым. Кызыгы мен күткөндөй оору кечки саат 8де кайталанып, түн ортосуна чейин көп жолу кайталаныптыр. Мен муну билип суу заряддап, туугандарына эмне кылышты түшүндүрүп бергем. Приступ кармаганда сууну бетине чачаары менен тез эле эсине келип жатты дейт эртесинде Патимат менен келген апасы. Жети күнгө чейин бир күндө бир-эки кармап, андан кийин таптакыр кармабай калды. Патимат айыккандан кийин алардын тааныштары атайын Азербайжандан келишип сеанс алышты. Ал турмушка чыгаардын алдында апасы белектерин көтөрүнүп, "Патиматтын экинчи энеси болуп калдыңыз, батаңызды бериңиз" деп келиптир. Кийин тааныштардан сурамжылап жүрдүм, кудайга шүгүр оорусу кайталанган жок. Оо, жараткан, мага жардам берген астралдык устаттарым, Жогорку күчтөр мен силерге чексиз ыраазымын. Силердин колдоо, силердин жардамыңар менен гана элге жардам берип келатам. Бардык мактоолор силерге гана таандык. Мен силерге чексиз ыраазымын.

(Уландысы бар)