Россияда Кыргызстандын жараны соттолду. Бул тууралуу орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди. Иликтөөнүн версисы боюнча 2011-жылдын март айында кыргызстандын жараны аялдамадан бир кызды зордуктап салган. Андан соң зордукталган кыздын акчасын, уюлдук телефонун алып качып кеткен. Кылмыш болгондон бир жарым ай өтпөй жапа чеккен кыз баягы аялдамадан кылмышкерди көрүп калган. Кыз дароо тергөөчүгө байланышып, кыргыз жаранын ошол күнү эле кармап кетишкен. Башта кармалган жаран күнөөнү мойнуна албай жаткан кийин ДНКсы чыккан соң мойнуна алган. Соттун чечими менен кылмышкер 3 жылга эркинен ажыратылды.


Аламүдүн райондук РИИБ тарабынан таксистти өлтүргөн кылмышкерлердин бети ачылды. 2011-жылы 4-октярбрь күнү түнкү саат 2лер чамасында ДПСтин инспекторлору Лебединовка айылында БЧК тарапта "БМВ" үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Текшерүү учурунда айдоочунун күбөлүгү жок болуп чыккан. Ошондой эле жанында отурган эки жүргүнчүнүн жарандыгын тастыктай турган күбөлүктөрү болбогондуктан Аламүдүн райондук РИИБнин административдик имаратына жеткирилген. Бул топтун машинесин тинтүүгө алганда унаанын багажынан азиат улутундагы жашы 35-40 таяп калган эркек кишинин сөөгү табылган. Кылмышка шектүү делгендер кармалып, өздүгү аныкталды. Алар 20-21 жаштагы Аламүдүн районунун тургундары болуп чыкты. Божомолдорго караганда кылмышкерлер "Народный" таксисин токтотуп Аламүдүндүн бир айылына жеткирүүнү өтүнүшөт. Машинеге отурган соң Восток айылынан айдоочунун моюнуна жип салып таш менен башка чаап өлтүрүшкөн. Эргулдар таксисттин машинесин айдап жанындагы 400 сомун, уюлдук телефонун алып алышкан. Андан соң өлүктү жашыруу үчүн багажка салып, БЧКга ыргытып жиберүү максатында бара жатып кармалып отурушат. Иликтөө учурунда өлтүрүлгөн жарандын өздүгү аныкталды. Ал Бишкек шаарынын тургуну 38 жаштагы Дмитрий Пак, "Народный" такси кызматынын таксисти болуп чыкты. Адам өмүрүнө кол салган айбандарга 97 статьянын 2- бөлүгүнүн 6,8,10,13,15 пунктту боюнча кылмыш иши козголду.


Экс-президенттин пенсиясы
Кыргызстанда экс-президенттерге өмүр бою айлык акчалай төлөмдү берүү сунушталууда. Бул төлөм Президенттин эмгек акысынын 75 пайыз өлчөмүндө болуп, экс-президент пенсия курагына чыкканга чейин берилет. Ал эми пенсияга чыккандан кийин экс-президент Президенттин эмгек акысынын 75 пайыз өлчөмүндө пенсия алууга укуктуу болот. Мындай сунуш "КР Президенти жөнүндө" мыйзам долбоорунда каралган. Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин 5 фракциясынын лидерлери - Камчыбек Ташиев, Чыныбай Турсунбеков, Феликс Кулов, Канатбек Исаев жана Өмүрбек Текебаев даярдашкан. Мында пенсияга чыга эле экс-президент башка мамлекеттик кызматка дайындалып, алган эмгек акысы Президенттин айлыгынын 75 пайызынан көп болсо, акчалай төлөмдү берүү токтотула тураары каралган. Сунушталып жаткан "КР Президенти жөнүндө" мыйзамда бир бөлүм толук бойдон экс-президенттердин макамы, укуктарына арналган. Анда Кыргызстандын экс-президенти наамы өмүр бою бериле турган наам катары белгиленген.


Кызматка келбей маяна алган сержант
КР Башкы прокуратурасынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортунда милициянын ага сержанты Ж.К. бир жыл боюу жумуш ордунда жок болгондугуна карабастан, айлык акысын алып келген. Ага 107 миң 969 сом маяна, мындан тышкары 3 миң 470 сом сыйлык 2010-жылдын августунан 2011-жылдын августуна чейин төлөнүп келген. Натыйжада мамлекетке 111 миң 439 сом материалдык чыгым келтирилген. Аталган жагдай боюнча учурда КР ИИМ транспорт прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, тийиштүү жетекчилер жоопко тартылууда


№38-мектепте кол салуу болду
Бишкек шаарындагы Аламүдүн-1 кичи районундагы №38-мектептин администрациясынын маалыматына караганда, аталган мектепке сырттан кол салуу болгон. 1-октябрь күнү саат 12лер чамасында аталган мектептин окуучулары айлана-чөйрөнү тазалап жатышкан учурда 50гө жакын бала окуучуларды уруп, мектептин имаратына таш ыргытышкан. Кол салгандар К. Көлбаев (мурдагы Н. Крупская) атындагы республикалык олимпиадалык мектеп-интернатынын тарбиялануучулары экен.
Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иш жүргүзүүдө. Азырынча жабыркагандар жана материалдык чыгымдар тууралуу маалымат жок. ээнбаштарды качан тартипке чакырып, ийге келтирер экенбиз.


Карабуура районунда адамдын сөөгү табылды
Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Абдысейитовдин билдиргенине караганда, Карабуура районунун Үч-Булак айылынын Мектеп көчөсүнөн 45-50 курактагы эркек адамдын сөөгү табылган.
"Нелегал" рейдинин жүрүшүндө облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш алып барууларынын негизинде каза болгон адам Кызыл-Адыр айлынын тургуну 1952-жылы туулган Эскендер Таджиев экенидиги такталган. Аталган кылмышка шектүү Үч-Булак айлынын тургуну, мурда соттолгон 1986-жылы туулган Иманбек Жоломанов кармалды. Учурда кылмышка шектүү адам сурак берүүдө.




2012-2014-жылдарга өнүктүрүүнүн стратегиялык программасы
Кыргыз Республикасынын 2012-2014-жылдарга өнүктүрүүнүн стратегиялык программасында бекитилген иш-чараларды даярдоо жана кезектеги милдеттерди жүзөгө ашыруу жакынкы мезгилдеги стратегиялык маанилүү милдеттердин бири болуп эсептелет,- деп айтты Ө. Бабанов журналистерге.
Бул Программанын алкагында Өкмөт Экономикалык жөнгө салуу министрлигине жеке менчик жеңил авто-унаалардан техникалык кароону алып салуу боюнча; Калкынын кирешеси 10 миң АКШ долларынан ашкан өлкөлөр менен визалык режимди алып салуу боюнча нормативдик актылардын долбоорлорун 2 жумалык мөөнөттө киргизүү тууралуу тапшырма берилген.
Ө.Бабанов белгилегендей, мындан тышкары Өкмөт өнүктүрүүнүн стратегиялык программасында белгиленген улуттук долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык ресурстарды издөөгө көңүл бурат.
Ошол эле учурда белгилей кетүүчү нерсе, биздин стратегиялык өнөктөштөр же чет элдик инвесторлор менен дээрлик бардык долбоорлорго катышууга даяр.
"Ошондой эле лицензияларды жана уруксаттарды талдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул ишти 2011-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда. Демек, мамлекеттик органдар берүүчү уруксат кагаздардын саны 50 пайызга (500дөн 222ге чейин) кыскарат" - деди Ө. Бабанов. Себеби ишкерлерден мурда текшерүүчүлөр көп болуп лицензия берүү тармактары коррупцияланып кеткен.
Ал мамлекеттин кадрдык саясаты да олуттуу өзгөрөрүн, мамлекеттик кызматчыларды тандоонун жана кызматтан кызматка дайындоонун принциптери кайра каралып чыгарын да айтты. Мында Кыргыз, орус жана англис тилдерин билүү талабы белгиленет. Ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын ишин баалоонун сапаттуу системасы сунуш кылынат. Коррупцияга каршы күрөшүүгө жана коррупциялык схемаларды жоюуга өзгөчө көңүл бурулат.
- Жалпы алганда, бул программаны ишке ашыруу мамлекетибиздин көйгөйлөрүн чечет. Экономикалык өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрүлүүгө мүмкүндүк берет. - деди Ө. Бабанов ишенимдүү.




Чаткалда көйгөй көп
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов Жалал-Абад областындагы Чаткал районуна болгон иш сапарынын алкагында андагы райондук оорукана менен К.Акназаров атындагы мектепте болду.
Райондук оорукананын абалы менен таанышканы барган Өкмөт жетекчилигине, оорукана жетекчилиги көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйлүү маселелерин айтышты. Оорукананын чатыры эскирип суу кире баштаган. Төрөт үйүндөгү керебеттердин эскилиги жетип "эне-бала" жатууга мүмкүн эмес болуп калган.
Мындай акыбалды өз көзү менен көргөн Өкмөт жетекчиси кар түшкөнгө чейин оорукана чатыры жабылып, эне-бала жата турган 16 жаңы керебет жөнөтөрүн айтты.
Кийинки сапарында К.Акназаров атындагы орто мектептин педагогикалык эмгек жамаат менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угууга да, кубанычтарын тең бөлүшүүгө да убакыт тапты.
1974-жылы курулган бул мектептин имаратынын азыркы авариялык абалы анда иштегендерди да, окуучуларды да бир топ мезгилден бери кооптондуруп келет. Андан сырткары алыскы бул аймакка компьютер деген али жетпептир, компьютерди мындай кой, окуучуларга сапаттуу билим берүүгө кадимки эле методикалык пособиелердин да жок экендиги Ө.Бабановду таң калтырды. Окуу китептери да дээрлик жетишсиз. Муну уккан Министрлер кабинетинин башчысы Ө.Бабанов аталган мектепке тез аранын ичинде окуу китептер жана компьютерлер жакынкы мезгилдери сатылып берилерин убада кылып, ал эми мектептин жаңы имаратынын курулушу келе жаткан кийинки жылдан башталышы мүмкүн экендигине токтолду. Чогулган элдин айтуусу боюнча бийлик өкүлдөрү алыскы Чаткал районун эстеринен чыгарып коюшкан экен.
Мугалимдердин бир жылда бир келчү майрамына туш келген бул жолугушууда Ө.Бабанов мектептин мугалимдерин кесиптик майрамы менен чын дилинен куттуктап өттү. Ал эми кезегинде сөз алып сүйлөшкөн мугалимдер. Биз мурда 3-4 миң сомдон айлык акы алсак, азыр 10 000 сомдон алып жатабыз. Бул бизге чоң стимул болот дешип, айлык акыны көтөрүп бергендиги үчүн Кыргыз Өкмөтүнө ыраазычылыктарын билдиришти.
Ө.Бабанов Чаткалдан кайтып келе жатып, оор акыбалда жаткан Токтосунова Айша апаны тик учагы менен Бишкеке ала кетти. Бейтап сакайып чыкканча өз көзөмөлүндө болорун айтты.

Азиз Турсункулов