Билимин, эмгегин элге арнаган адам
Кыргызстандагы алгачкы окумуштуу физик-математик Абдикаим Шалпыков экени баарыбызга маалым. Абдикаим агай бул дүйнө менен эрте кош айтышып кетти. Адамдын көзү өткөн соң экинчи өмүрү уланат дешет. Ал өмүрүн артында калган туяктары улаары талашсыз. Шалпыковдордун үй бүлөсү да атасынын жасаган ишин улап, атасынын атынан кайрымдуулук фонд түзүшүп, кайрымдуулук иштерин жасап келишкен. Убакыт зымырык куштай учуп билинбей эле фонддун түзүлгөнүнө он жылдын жүзү болуптур. Абдикаим Шалпыковдун кичи мекени болгон Чоң -Таш айылында фонддун он жылдыгы белгиленди. Кече фонд жардам берген мектептердин таланттуу окуучуларынын майрамдык концерти менен коштолду.

Шаткүл Кудабаева, жубайы:
- Агайыңар жөнөкөй жолдош эмес болчу. Балдарын гана эмес, мени кошо тарбиялады. Мен өзү кыргыз кыздарынан биринчилерден болуп Ленинграддагы финансы-экономика институтун бүтүрүп келгем. Өзүм окуу, интеллект боюнча деңгээлим болгону менен башка нерседен эч нерсе билчү эмесмин. Өзү физик-математик болгону менен кыргыз тил адабиятын мага үйрөтүп, тарбиялады. Абдикаимдин арты менен кыргызча жазганды, сүйлөгөндү үйрөндүм. Чоң-чоң кызматтарда иштедим. ЦК компартияда жетекчи болдум, депутат болдум, бир да жолу ишиме тоскоолдук кылган жок. 26 жыл бирге өмүр сүрүп, бир да жолу урушкан жокпуз. Жолдошум башынан оор турмушту өткөргөн, эли-жерин сүйгөн нак кыргыз эле. Эрте кетип калды, балдардын жакшылыгын көрсө болмок. Арбагына таазим кылам, ыраазымын.
Канатбек Шалпыков, уулу, "Абдикаим Шалпыков" атындагы коомдук фонддун директору:
- Фонд начар үй бүлөдө төрөлгөн же жетим жакшы окуган балдарга жардам берүү максатында түзүлгөн. Көк -Жар, Таш -Мойнок, Чоң- Таш, Таш -Дөбө, Бербулак айылдарындагы мектептер менен иштешип келе жатабыз. Мыкты окуган окуучуга жылына 600 сом каралган. Мындан тышкары физика-математика сабагынан берген мугалимдерге кез-кезде 500 сомдон беребиз. Жалпысынан алганда фонд жылына 100 миңге жакын каражат чыгымдайт.
Бүгүнкү күн биздин үй бүлө үчүн сыймыктуу күн десек да болот. Раматылык атам айтып калаар эле, балдарым билим деген өзүңөрдүкү деп. Огороддо иштеп аткан болдарды чакырып алып математика-физиканын формулаларын сурап, жооп бере турган болсо ташта күрөктү, жүрү үйүңө деп үйүнө кирип, балаңдын башы иштейт экен, эмне жер каздырасың деп атасы менен урушчу. Айыл ичинде далай балдарды ушинтип чыгарган. Бүт эмгегин эл үчүн арнаган. Бүгүнкү күндө атамдын жолун жолдоп физик болбосок да,атам окуган мектептерин колубуздан келишинче колдоого алабыз.
Аскат Абдылдаев, эмгек ардагери:
- Абдикаим Шалпыковду мектепте окуп жүргөн күндөн бери билчү элем. №5 мектепте менден бир класс жогору окучу. Окуу боюнча да, жүрүш-турушу боюнча да үлгүлүү адамдардан десем жаңылбайм. Ошол учурда Рудаков деген завуч бар эле, баарыбызды чогултуп туруп "Шалпыковдой окубайсыңарбы" деп Абыкемди үлгү катары көрсөтчү. Бу кишинин адамдык сапаты, балдарга кылган мамилеси өзүнчө бир чоң тарбия берди. Балдарынын баары көрүнүктүү кызматта иштешет. Кандидат, докторлугун жактагандары бар. Бул да болсо Абыкемдин берген тарбиясынын натыйжасы. Абыкем жайдары, тамашаны сүйгөн, окуу десе окуунун, иш десе иштин майын чыгарган залкар адам эле. Эрте кетип алды. Ошентсе да балдары атасын эскерип бүгүнкү күндө кайрымдуулук фонд менен элдин көйгөйүн чечип атканына ыраазычылык айтабыз. Уядан эмнени көрсө учканда ошону алат деген сөз бар эмеспи, бул балдары ата-энесинин жакшы адамдык сапатын көрүштү. Бул нерсе жашоонун уландысы, жашоодо из калтыр деп коет го мына жашоого из калтыруунун эң чоң даражасы, балдарды тарбиялап, балдары атасын тартса ошол чоң из, өмүрдүн уландысы болот экен. Абдикаим Шалпыковдун экинчи өмүрүн балдары улантып атат. Бул киши биздин жүрөгүбүздө дайым сакталат.
Владимир Макаров, КРСУнун профессору, окуучусу:
- Мугалимдин милдетин так, абийирдүү аткарган мугалим эле. Ар дайым окууга далалаттангандардан жардамын аячу эмес. Мени окуучусу катары мыкты эксперементалдык базаны алыш үчүн жылына Москвага 5-6 ирет жөнөтөөр эле. Эмгекчил адам эле. Анын эмгекчилдигин студент кездеги мугалимдери Шалпыков пахтаны башкалардан үч эсе көп чогултчу дешчү. Бул киши бардык жактан эмгекчил эле. Ар бир ишинен мыкты натыйжа чыгарган. Элдер менен бат тил табышчу, душман, көрө албаган адамдары жок болчу. Баарлашуудан эле өзүнүн көздөгөн максатына жетчү. Ар бир ишке кылдаттык менен мамиле кылчу. Абдикаим Шалпыковдун арты менен бүгүнкү күнү кандидаттыгымды жактап, докторлукка жетип отурам. Ийгиликтин туу чокусун Абдикаим Шалпыковдун жардамы, колдоосу менен багындырдым.

Барчын Аскарова