ЖУМАКЕ
(эскерүү)
Кара-Кулжа районунун сыймыктуу уулдарынын бири, республикабыздын укук коргоо тармагынын белдүү кызматкери, өмүрүнүн соңунда (1991) Аксы районунун прокурору болуп туруп дүйнө салган Жумабек Баатыровдун ысмын түбөлүккө калтырып, жердештери Сай айылынын борбордук көчөсүнө атын ыйгаруу ниетинде. Ушуга байланыштуу, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чыгармачылыкта жетишкен ийгиликтери үчүн", Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыктарынын лауреаты, Россия Федерациясынын коопсуздук, коргонуу, укук коргоо Академиясынын анык мүчөсү - академиги Маркабай Ааматовдун Жумабек Баатыров жөнүндөгү эскерүүсүн окурман назарына сунуш этебиз…


Биз ушинтип койчубуз. Тээ бала чактан эле Жумабек акебизди ушинтип атап калдык. Кызыл-Жол (азыркы Мариш Баатыров атындагы) орто мектебинин алдыңкы окуучуларынан эле. Бизден жогорку класстарда окуган Кадырбек Эргешов ( азыр Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери), Маматазим Асанов (азыр ОшТУнун профессору, илимдин кандидаты), кадырлуу агаларыбыз Бекмамат Дөкбаев, Эрмекбай Баданов, мына бүгүнкү эскерүүбүздүн каарманы биз сыймыктанган агаларыбыздан боло турган. Ошолордой чоңойгубуз, ошолордой эр жеткибиз келчү. Мектептин дубал гезитине жазган ырларына, тарткан сүрөттөрүнө шыктанчубуз. Чынында эле ошол учурда Кызыл-Жол мектебине республиканын ар тарабынан мыкты мугалимдер жиберилгендиктен, тиягы Ой-Тал, Көңдүк, бер жагы Терек-Суу, Буйга, Чалмадан бери окуучулар келип, тууган-туушкандарынын үйлөрүндө жашап, окуша турган. Илим-билимге суусап, умтулуп турган ошондогу азаматтардын бири - учурда филология илимдеринин доктору болгон агабыз Капар Зулпукаров да биздин мектептен билим алган. Кийин республикабыздын кыйрына башы көрүнгөн Жумакем дал мына ушундай чөйрөдөн чыккан…

Заман талабына ылайык ал кездеги окуучулар айыл чарба жумуштарына тартылып, коомдук малга тоют даярдоодо, коңшу райондордун тамеки, пахта теримдерине да кеңири тартыла турган. Андай учурларда дал ушул агаларыбыз бизге баш-көз болуп, башка мектептердин, жергиликтүү элдин тентек балдарынан коргоп, "канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокуттурбай", жаман жосун-жоруктарыбызды тыйып, айлыбызга аман-эсен алып келише турган… Кийин-кийин алар мектепти бүтүрүп, турмуш айдыңына чыгып, жогорку окуу жайларына кирип окуп кетишкенден кийин, алардын ордун биз басып, бөбөктөрүбүздүн, кичүүлөрүбүздүн камылгасын көрүп калганыбыз эсимде.

Жумакем окууну жакшы бүттү. Мектепте окуп жүргөндө алдыңкы окуучулардын катарында Союзга атагы чыккан "Артек" лагерине барып, кийинчерээк комсомолдун катарында үлгүлүү окуучу катары көзгө көрүнгөн. "Агасы башкарма да, оокаттуу үй-бүлөдөн эмеспи…" дедиртпеди. Аты жакшы аганы, атаны кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылган жок. Мектептен кийин дароо эле ага-буга урунбай, жетпегенге талпынбай сабыр тутуп, эки жыл айыл чарбасында көптүн катарында, элдин арасында эмгек этти. Бул анын турмуш таануу мектебинен алган таалими эле.

Болочок жубайын да( көздөрү ботонукундай жайнап, ышкындай буралып жетилип чыга келген айылдын сулуусу Максат жеңебизди) жөнөкөй чөйрөдөн, катардагы эле малчынын үй-бүлөсүнөн тапты. "Мен Баатыр миңбашынын небересимин, ак сөөк тукумунунанмын…" деп келберсип менменсинбеди. Ата байлыгына, ага бийлигине чиренген жок. Ошого жараша өмүрү өткөнчө жөнөкөй, ак пейил, колу ачык, адамгерчиликтүү болду…

Жумакем өндүрүштөн кийин, 1969-жылы Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине тапшырды. Студенттик доору башталганда ал сүйгөн жары менен баш кошуп үй-бүлөөлүү болуп калган эле. Максат жеңебиз В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунда окуп, дал эле университеттин жанынан сатып алган тамда турушчу. Жумакем окуп жүргөн учурунда эле университеттеги студенттердин, агай-эжейлердин арасында кадыр-барктуу, алымдуу болуп, туулган жердин туусун көтөрүп, эл-жердин намысы деп күйүп, жердештеринин бар-жогуна аралашып, жеңилин жерден, оорун жондон алганга көмөктөш болду. Жакшылык-жамандыкта ата наркын, баба салтын билгилик кылып, топ ичинде башы бийик көрүнүп турган. Студенттик көйгөйлөрдү, кимдир бирөөлөрдүн маселелерин чечкенге көмөктөш болду. Аяш агасы, белгилүү журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, ошол кездеги "Советтик Кыргызстан" гезитинин жооптуу катчысы Бектурсун Карабаевдин көмөгү менен көптөгөн изги иштерди жасап, Ата-Журттун уул-кыздарынын далай ирээт ажатын ачты.

Мезгил жетип, окууну ийгиликтүү аяктап, эмгек жолун Ош шаардык прокуратурасында тергөөчү болуп иштөөдөн баштаган. Иш башында эле Жумакем атак-даңкы таш жарган, ошо кездеги эл башчылары менен тең ата баарлашкан агасы Мариш Баатыровдун нуска кептерин, акыл-насааттарын, жеке үлгүсүн туу туткан. "Кара кылды как жарган калыс бол, жамандыктан алыс бол, эл журтуңа намыс бол, жакшылыкка жар бол, жамандыкка тар бол, дарыядай шар бол, мөл булактай таза бол, кара ниетке жаза бол!.." деген ага нускасы жашоо принцибине айланган. Бир кезде дал ушу агасы да ушул принцибинде болуп, Фрунзедеги юридикалык окуу жайын бүтүрүп келип, Төлөйкөн районунун прокуратурасында тергөөчү болуп иштеп баштаганда көрө албас, кыйды, жалаакор, чагымчыл күчтөрдүн тоголок арыздарынын жабырын тартып, иштен кетүүгө аргасыз болгонун эсине тутту. "Ак ийилип сынбасын" далилдеген агасы кийин кыргыздын кыйры тургай, союзду таңдандырган "отуз миңинчилердин" ичинен суурулуп чыккан башкарма болуп, тоо койнундагы( ал кездеги Совет району) Карл Маркс атындагы колхозду Союзга таанымал чарбалардын катарына кошкон…

Кийин Жумаке (1975-87) жылдары Ноокат районунда тергөөчү, прокурордун орун басары 1987-жылдан өмүрүнүн аягына дейре (1991) Жаңы-Жол районунун прокурору болуп үзүрлүү эмгектенген. Прокуратура тармагында кадыр-барк тапкан, партиялык-советтик жетекчилердин назарына илинип, кызмат тепкичинде көтөрүлүп бараткан кези эле…

Мамлекеттик кызматкердин бир тиреги үй-бүлө эмеспи. Жубайы Максат Асанова өмүрлүк жарына өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, ай десе айдай үч кызды, балканактай эки уулду катар-катары менен төрөп берип, бакыт кесесин мелт-калт толтуруп берген эле, бирок…

Аттиң, армандуу дүйнө десе!.. Иш десе ишке тойбой турган чагында Жумакемдин жүрөгүнө оор тийген сокку - 59 жаш курагында Кыргызстандын бир бучкагын кармап тургансыган, эли-журтунун тиреги, тилеги, таянаары, журт атасы болуп калган агасы Мариш Баатыров жүрөк оорудан капилет дүйнө салып, бу Жалган дүйнөнү бир аңтар-теңтер кылса, тун уулу Кылычбек ата кадырын, тууган жердин туусун көтөрөм деп тал чыбыктай жетилип келатканда күтүүсүз каза таап, андан соң жакшы үмүт, жаркын тилек менен Курманжан деп ат койгон кут нурундай жаркыраган кызы төрөттөн көз жумуп, адам жүрөгү көтөрө алгыс кайгыга салды. Жумакеме бу Жалгандын ырахатын татыбай, жакындардын артынан өзү да аттанып кете берди…

Бирок, жашоо дегениң андан кемибейт экен... Үзүлгөн уланып, чачылган куралып турмуш шаңы кайра башталмак табийгат мыйзамы тура!.. Учурда улуу кызы Нурайым Кыргыз медициналык академиясында окутуучу, уулу Урматбек КУУнун экономикалык факультетин бүтүрүп, жеке бизнес менен шугулданып, Москвада жүрсө, кичүү кызы Таттыгүл айыл чарба институтун артыкчылык диплому менен аяктап, сүйүктүү кесибин аркалап келет. Бир гана Жумакем жок… Анын руху тээ Токбай-Ата, Чакан-Таш тоолорунун бийигинен, туулуп, киндик каны тамган ата конушу Бөксөдөн артында калгандарга көз салып, кыйын кезеңдерде коргоп, жол көргөзүп жүргөндөй туюлат мага. Бир чети мистика туюлганы менен, дал ошондой сезилет мага!..

Жакшы адамдын аты өчпөйт. Эч калетсиз сөз. Андай адамдын артынан жакшы сөз, өчпөс из калат тура. Азыр да Ноокатка, Аксыга, Ала-Букага, Чаткалга, же Сузак, Жалал-Абадга барып калсаң, Жумакем жөнүндө кеп келебин чубашып, узун сабак кеп кылышат. Анын кадыр-баркы, эл ичиндеги изги иштери көзү өткөндөн бери жыйырма жылдан ашып калса да дале айтылып келатат… Демек, Жумакем бу Жалгандагы өмүрүн татыктуу өтөп кеткен… Эмне дейбиз, ошого да каниет этели.

Жумакем агасы Мариш Баатыров сыяктуу эле ой багып, жан сырын эч кимге чыгарбаган, аруу-аруу поэтикалык саптарын жазып, бирок мезгилдүү басма сөз беттерине жарыялоодон тартынып, өмүрүн арнаган кесибине гана баш койгон инсан экен. Ырларындагы сырлары мага, урук-туугандарына эми гана белгилүү болуп, ачылып, кол жазмалары жаңы гана колго тийип олтурат. Буюрса бул багытта да кеп козгоп, ой айтуу мезгил иши деп сезем…

Жумакем ар кандай облустук, райондук деңгээлдеги өкмөттүк, маданий иш-чараларды уюштуруп өткөрүүдөгү жөндөмү, жигери да баамга урунуп, эл назарына түшүп калган эле. Өзгөчө анын "Айтышаарга теңи жок, атактуу акын Жеңижоктун" 100 жылдык мааракесин өткөрүүдөгү (мааракелик комиссияны жетектеген), Аксыдан чыккан таланттарды (акын-жазуучуларды, төкмөлөрдү, ырчы-обончуларды, илим адамдарын) колдоодогу ат көтөргүс эмгегин эч кимдин унутууга акысы жоктур…

Жумакемдин мамлекет ишинен башка да хоббиси, көңүл кушу түшүп турган кызыкчылыктары да боло турган. Кай жерде иштебесин, атканасында багуусу келишкен аргымак, улакка чабыла турган күлүк аттары боло турган. Ышкысы артып, көңүлү эргигенде өзү да топ жара атка камчы басып, күрү-гүү калаага кире турган. Ал эми ата кесиби мүнүшкөрдүккө (атасы Кайым абабыз дайым туйгун, куш, ителги салган киши эле) кызмат абалы, убакыт, партиялык буйрукчул мезгил жол бербеди өңдөнөт. Балким, алтымыш ашып ардактуу эс алууга чыкканда аргымак атын алкынтып жорго жүрүш менен, колуна шумкар куш кондуруп, суусар тебетейин сеңселте көчөдөн шаңдуу өткөн карыя болот беле десең!..

Жалган дүйнө менен Чын дүйнөнүн аралыгы бир аттам өңдөнөт. Канчалаган жакшылар, мыктылар дүйнө салды. Кечээги көргөнүң бүгүн жок. Бир гана тууган жер, тоолор, бала кезибизден шиберине изибиз түшкөн Ажике, Ничке-Суу, Ийри-Суу, Беш-Тал, Үч-Көл, Кум-Бел жайлоолору табийгат менен мезгил алмаштырып алиге түбөлүктүү...

Муундар алмашып, улам жаңысы келет экен. Бул эми табийгаттын мыйзамы, моюн сунбаска арга жок. Кийинки муун гана жакшыны жакшы деп, өткөндү эскерип турса болгону…
Кут-Айларга куттай берген Бир Эгем,
Мариш деген тообуз эле тиреген,
Эр болчу ал эл-жерим деп жашаган
Урпактарды өссө экен деп тилеген!..

Өсөөр ошо урпактардын бири элең,
Улуулардын бизге жеткен нуру элең,
Шыктандырып келечекке Жумакем
Далайлардын ар-намысын бүлөгөн!..

Дүйнө салып биздин Мариш абабыз,
Кыйрагандай болгон анда калаабыз,
Кылыч өтүп, Курманжандай кыз өтүп
Өзүң өттүң калган сыңар чалабыз…

Атыңды алса айлыбызда көчөбүз,
Ал көчөдөн биз тирүүлөр өтөбүз.
Жакшыларды жакшы десин замана -
Бу Жалгандан биз да акыры көчөбүз!..

Рухуң бийик, аман болсун ыйманың,
Дилиндесиң сен Жумаке кыйланын,
Жараткан Зат орун берсин Бейиштен -
Эмне дейбиз бу Жалганга сыйбадың!..

Рухуң бийик, топурагың торко болсун, Жумаке!.. Биз барда, сен барсың! Эч кимибиз унутууга акыбыз жок!..