"Жарым финалда жесткий облом болгонбуз"
- Команданын күчтүү жана алсыз жактары?
- Биз татынакайбыз (тамаша). Команданын күчтүү жагы деп орусча, кыргызча бирдей ойной бергендигибизди айтсак болот. Алсыз жагыбыз кыргыз тилин жетишээрлик деңгээлде билбегендигибизде.
- Командаңарга бирөө келип мен силердин командаңарда ойногум келет десе, силердин реакцияңар?
- Эгерде адамдын каалоосу бар болсо анда ишке ашырганга мүмкүнчүлүк түзөбүз. Таланты бар болсо ойноп кетет.
- Кыз болсочу?
- Жибекти көргөндөн кийин эч ким келем деп суранбайт.
- Досторуңар, атаандаштарыңар ыйгарган кандай аттарыңар бар?
- Андай деле кличкалар жок.
- Сценада жакшы актер экениңер көрүнүп турат. А жакшы авторлор ким болду экен?
- Авторлору авторлор
Жибек: - Биздин командада эки автор бар. Нургазы анан Узун Куба. Капитан Нургазы болгон менен командада эки лидер бар.
- КВН командаларынын ортосунда достук барбы? Ал достук жөнөкөй адамдардын ортосундагы достуктан эмнеси менен айырмаланат?
- Албетте бар. Жөнөкөй жарандардан айырмасы көз карашыбыз, кызыкчылыгыбыз, ой-пикирибиз бир чыгат. Бир үй -бүлөдөйбүз, бат тил табышабыз.
- Командаңарда оюн алдында пайдаланган салт же талисман барбы?
- Шамандардай от жагып айланабыз (тамаша). Оюн алдында чогулуп каалоо тилек айтабыз. Духубузду көтөрөбүз.
Жибек : - Нургазыдан жакшы спорт капитаны чыкмак. Ар бир оюндун алдында бизге дем күч берчү сөздөрдү сүйлөйт. Сахнага эле чыккың келет.
- КВНщик түгөйүн кантип табуусу керек?
- Издеп тапса болот. Тагдыр, бир жерден жолугуп калам деп ойлойм. Бардыгы буйруктан.
Жибек: - Албетте КВНден. Анткени жөнөкөй адамдар бизди жакшы түшүнө албай калышы мүмкүн.
Бакай: - Жигити КВНщик ошон үчүн айтып атат да.
Жибек: - Ооба, жигитим КВНщик. Тамашалашып көп жактарыбыз окшош.
Нургазы: - Мурда менин сүйлөшкөн кызым КВН тууралуу түшүнүгү да жок болчу. Ошон үчүн КВНде жок кыздарды көп тартып турам, КВНге кызыктырып. Негизи КВН көп адамдарды табыштырат. Мурда командада ойногон бир кыз менен бир бала үйлөнүшкөн.
- Жибек жигитиң ким экенин билсек болобу?
- Аны айтпай эле коеюн. Ал да белгилүү адам болгон соң өзү айтсын. Мен айтканым туура болбой калат го.
- Командаңарда ким чечет тамашаңар күлкүлүү же күлкүлүү эместигин?
- Командабыз менен чогуу эле кыйшык отуруп, түз кеңешебиз.
- Атактуу адамдардан КВН командага бирөөнү ал десе кимди алат элеңер?
- Бакиевди алмакпыз (тамаша). Мерген Турган байкени алмакпыз. Анткени, Мерген байкенин импровизациясы күчтүү, юморду жакшы түшүнөт.
- КВНдеги негизги атаандашыңар ким?
- Жогорку лигада ойногондун баары мыкты атаандаштар. Ар бир команданын өзгөчөлүгү бар. Бул жеңет, тигил жеңилет деп айтууга болбойт. Мисалы, былтыр, жеңет деген командалар финалга өтпөй калышты. Конкреттүү түрдө бул команда атаандаш деп айта албайбыз.
- Жибек, жалаң жигиттердин арасында жалгыз кыз болуп ойноо кыйын эмеспи?
- Жок, тескерисинче жигиттер мени баардык жактан колдоп, сыйлап турушат. Баардык каприздеримди көтөрүшөт.
- Сахнага чыгып элди күлдүрө албай калган учуруңар болду беле?
- Болгон. Былтыр жарым финалда "жесткий облом", "порожняк" болгонбуз. Музыкалык конкурста бир жигитибиз сөзүн унутуп башканы айтып кетип, сюжеттин баары өлгөн. Сюжетибиздин жарымы кесилип, бүт ызы-чуу болуп калган. Залдагылар булар эмнеге чыгып, эмне болуп атышат дегендей карап калышкан.
- Тамашоуга келгени эмне таптыңар?
- Тамашоуга келгени өсүп-өндүк. Юмор деле сулуулуктун 7 элементинин бири. Юмор менен адамдын руханий дүйнөсү өнүгөт.
Жибек: - Бакыт таптым.
Бакай: - Жигит тапты
Жибек: - Жигит деле таптым. Көп нерсени көрдүм. Мага "Тамашоу" берген нерсени бир да лига берген эмес. Тамашоунун арты менен таанылып, атыбыз чыкты. Жакында эле Америкага барып келдим. Ал жактагы биздин мекендештерибиз Тамашоуну үзбөй көрүшөт экен.
- Турсаң эле кыз болуп калсаң?
- Шок болмокмун. Ишенбейт болчумун. Магазинге барып өзүмө жаккан кийимди издеп, подруга таап, балдарга чалмакмын (тамаша).
Бакай: - Нургазы байкеге чалмакмын таанышпайлыбы деп.
- Кандай кыздар жагат?
- Эркектей болгон кыздар жакпайт. Кыз деген назик болсо, акылдуу болсо. Акылдуу аял үй-бүлөнү сактап калат. Ар дайым күлүп позитив менен жүргөндөр жагат.
Бакай: - Ыймандуу назик кыздар жагат. Өзүңдү ал кыздын жанында коргоочу сезгендей кыз болсо.
- Элге каалооңор?
- Жакында шайлоо болгон жатат. Шайлоодо Борончуга добуш бергиле! (тамаша). Кандай гана оор кырдаал болбосун өзүбүздүн адамдык сапатыбызды жоготпойлу. Биздин мамлекет ар бирибизден көз каранды. Баарыбыздын ишибиз жакшы болсун. Жүрөктөн эч убакта үмүт кетпесин.

Барчын Аскарова