Ме сага Мегаком

Коңулдагы "коррупционер"
"Жөжөнү күздө санайт" дегендей, күркүрөгөн күз - бул кылган ишиңе жооп берүүчү мезгил. Ойлонуп көрсөк, коомубузду артка тарткан күч - бул коррупциянын ичибизге мите курттай кирип алып соруп, алдыга койгон аракетиңе бут тоскону. Жыйырма жылдан бери оңоло албай жатканыбыздын бир себеби - коррупциянын сормо сазына кирип алып, андан чыга албай жатканыбызда. Ал эми К.Бакиевдин башкарган жылдарында коррупция гүлдөп өсүп, жетээр жерине жеткен. Анын өнүгүшүнө салымын кошкон азаматтарыбыз азыр деле арабызда жашап, дагы алсам, дагы жутсам деп көздөрү кызарып келет. Алыс барбай эле Бакиев заманында Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин комиссары Садыр Жапаровдун ишине азыноолак токтолуп өтөлү.


Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-чакырылышынын депутаты болгон. Садыр мырзанын тили буудай кууруп, бетке чапма чечендик жагы да бар эле. Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутатынын сүйлөгөн сөзүн телевизордон көрүп, тамшанып калаар элек. Бирок, пенде болгондон кийин адам баласы арам акча бар жерге кантип аралашып кеткенин билбей калат тура. Ушунчалык таланттуу экен, Бакиевдердин үй-бүлөсүнө эмгек сиңирип, кезегинде Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин комиссары да болду. Кыйын комиссар экенин далилдеп, убагында "былык" иштерге үн катып койсо болмок. Тескерисинче, Максим Бакиевдин камчысын кошо чабышып, оңой акча табуунун жолуна түшкөнү эми ачыкка чыга баштады. Буга "Мегакомго" байланышкан маселе ачык далил болуп турат. Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдагы парламенттин биринчи жыйынында "Мегаком" маселесин алып чыкканы эл өкүлдөрүн эле эмес, жамы журтту таң калтырды. Жыйынында чыгып сүйлөгөн сөзүндө "Мегаком" компаниясына тийешелүү 51 пайыз акция мурда Айдар Акаевге тийешелүү болчу, кийин Акаевдер кеткенде, Айдардын үлүшүн Максим өзүнө алып алган деп балп эткизип айтып салды. Садыр Жапаровдун сөзү боюнча дал ушунун өзү эле "Мегаком" компаниясын толук конфискациялоого факт болуп саналат. Мейли дейли, "Мегаком" компаниясы Максим менен Айдарга кызмат кылсын, эмне үчүн элге кызмат кылбашы керек? Эл депутатынын колтугуна каткан котур ташы көрүнүп жаткан жокпу? Акчанын аңкыган жыты мурунду өрдөсө, депутатка элдин кереги жок болуп калат экен да. Баарынан да С. Жапаров "Евентик Телеком" холдинги 2005-жылы Айдар Акаевден "БиМоКом" компаниясын сатып алганын унутуп калганына жол болсун. Ошол учурда россиялык инвестор ал компанияга өз каражатын жумшай баштаган. 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин компанияга Айдардын эч кандай тиешеси болбой калган. Максим Бакиев "Мегаком" компаниясына бир тыйын төлөбөй россиялык инвестордун 49 пайыз акциясын тартып алганы эч кимге жашыруун эмес. "Мегакомду" Максимдин жан-жөкөрлөрү рейдерлик жол менен басып алганы аз келгенсип, "сотка" менен сүйлөшүүлөрдүн баасын көтөрүп, эл арасына чуру-чуу түшүргөнү эч кимдин эсинен кете элек.

Чын-чынына келгенде, электр энергиясынын баасынын көтөрүлүшү, уюлдук телефон менен сүйлөшүүнүн наркынын өсүп кетиши Бакиевдердин үй-бүлөлүк режиминин кулашына алып келген. Ал эми С.Жапаровдун жаңы гана айыгып келаткан жаратты "Мегаком" аркылуу ырбатып жатканы көп нерсени каңкуулайт. Жергиликтүү басма сөз каражаттарынын бирине берген интервьюсунда журналисттин "Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин комиссары болуп турган кезиңде "Мегаком" маселесинде улуттук кызыкчылыкты коргоо боюнча өз позицияңды эмне үчүн билдирген эмессиң?" деген суроосуна мындайча жооп кайтарган: "Укпаган, билбеген нерсең менен күрөшүү кыйынга тураарын жакшы билесиң. Эми, журналист катары айтып кетсең, 7-апрелге чейин "Мегакомдун" чатак ишин уктуң беле?.." Садыр мырзанын минтип кууланганы суу кечпейт. 2008-жылдан тартып россиялык инвестор Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамынын чегинде Максим Бакиевдин жан-жөкөрлөрү менен өз үлүшү үчүн күрөшүп келгени коомчулукка белгилүү. "Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" дегендей, Садыр Жапаровдун комиссар кезинде топтогон тажрыйбасы Бакиевдердин арам ойлорун ишке ашырууга жакшы эле кызмат кылды. С.Жапаровдун "Мегакомго" болгон кызыкчылыгы чоң экенин түшүнүү татаал деле эмес. Садыр мырзанын эжеси башкарган "Ысык-Көл" инвест банкынын "Мегакомду" рейдерлик жол менен басып алуусунда түздөн-түз катышы бар. Башкы "ата журтчу" баскан-турган жеринде "Мегакомду" конфискациялаш керек деп кыйкырып жүрүп, тамагы деле бүткөндөй болду окшойт. Ойлогон ой-максаты ишке ашпай калып, "кыз боозуп алып, энесин коркутат" сыңары эми бул ишке эч кандай тийешеси жок Президенттик аппараттын жетекчиси Э.Каптагаевди күнөөлөгөнгө өттү. Өзүнүн башындагы "төөнү көрбөй" башкаларды ак жерден күнөөлөй берүү бул кудайга жакпаган иш экенин Садыр мырза билип турса да, бет тырмаарлыкка салууда. Парламентарийдин мындай кадамын кадик саясатчылар, коомдук ишмерлер эң сонун түшүнүшөт. Чындыкты бетке айтып көнгөн бул чийеленген маселе боюнча өз пикирин билдирди: "Кандай адамдар жогорку инстанциядагы сотко бараарын эл көрүп-билип таң калды. Бул Садыр Жапаровдун колу менен жасалды. Ошондуктан парламент Жапаровго ишеним көрсөтпөдү. Ал даярданып алып бул маселени саясатка оодарууну көксөдү. Кандайдыр бир деңгээлде мени да айыптоого жетишти". Э.Каптагаев айткандай, С.Жапаровдун мамлекеттин кызыкчылыгы деп сүйлөгөн бийик пафостогу сөздөрү кылмыш иши Биринчи Май райондук сотунда каралып жаткан эжесин актоого жасаган эле далалат. Анан да айтып койчу нерсе: жеке кызыкчылыгыңды мамлекеттин кызыкчылыгы менен алмаштырбашың керек да.

Садыр Жапаровдун кызыкчылыгы чындап эле өтө чоң болгон. Коррупцияга каршы иштеп турган чагында Макска жардам берип, өзү да пайдага туйтунуп турган. Ошон үчүн коррупция гүлдөп өнүккөн. Макс шефи жок кантип кайра коррупцияны жандатсам деп өгүнү Сотторду тандоо кеңешинин төрагалыгына досу Замирбек Базарбековду апкелип алып, элге "мыш" болбодубу. Садыр Жапаровдун эжесинин "Ысык-Көл" инвестбанкын рейдерлик жол менен тартып алганга жардамдашканы эч кимге деле жашыруун болбой калды. Ушул кыңыр иштердин бардыгы сот болуп иштеген Замирбек Базарбековдун колу менен жасалган. Укук коргоочу Азиза Абдрасулова айткандай, бул адам Ак-Суу районунда сот болуп иштеп турган чагында далай ишти чаңыткан. "Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн" бул эргул далай жазыксыз адамдардын убалына калды. Бир гана мисал. "Ысык-Көл инвестициялык банкы" ачык акционердик коомун мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Б.Байкожоевден Максим Бакиевге таянып көз көрүнө эле тартып алышкан. Мында да ал өз салымын кошкон. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" дегендей, эми Б.Байкожоев өзүнө тийешелүү мүлктү кайтарып алуу максатында Жапаровдор менен соттошууда.

7- апрелдеги революциядан бир жыл өтсө да, Садыр Жапаров өңдүү бийлик бутагындагы адамдардын көмөгү менен коррупциянын кайрадан баш көтөрө баштаганы - бул жаман жышаан. Адилет, адам укугун сактаган, мыйзамды сыйлаган, чыныгы демократиялуу өлкө бололу деген ниет менен канчалаган аймончоктой уулдарыбыз шейит кетти. Шейит кеткендердин арбагын сыйлайлы десек, коррупцияга жалпы бөгөт коелу.
Алмазбек Токтогул уулу