Ар бир суур агрономбу
же көп суур ийин казбайт го?

Кыргызстандагы пикеттер, басып алуулар, митингдер, жол жабуулар тилекке каршы пролетариат жана саясатчылардын, өзгөчө алсыздардын эң башкы куралы болуп калууда. Бирок, акыркы күндөрү жаңжал чыгаруучулардын арсеналы кичинеден жаңылана баштады. Мисалы, пресс-конференция сыяктуу жанр абдан белгилүү боло баштады. Кечки жаңылыктарды көрүп жатып канчалаган адамдар акыйкатты талап кылгандыгын көрөсүң. Жакында эле сайттан жаңылыктарды карап жатып атактуу депутаттар жаңы кесипти өздөштүрүп жаткандыгын окудум. Ал эмне деген кесип дебейсизби? Ал ЖОЖдордо бир нече жыл даярдаган "ЭКОЛОГ". Мына ушул депутаттар шашылуу менен экология тармагында квалификациясын жогорулатып жатышат. Анткени, мурдагы бейөкмөтчү, азыркы учурда КСДПнын депутаты Иманкожоева жетектеген депутаттардын тобу алтын чыгаруучу компаниянын ишине жөндөн-жөн эле кийлигишүүгө аракет кылышкан. "Кумтөр" компаниясынын ишине кийлигишүүдөгү ийгиликсиз натыйжадан соң (чабуулчу депутаттардын көз карашында) бул тоо-кенди изилдеген топ баягы эле экологиялык комиссияны түзүүгө аракет кылып жатышат. Эмне үчүн? Эмне себептен? Себеби, нормалдуу иштеген ишканаларга эч кандай тийише тургандай шылтоолор деле болбойт. Ошондуктан жалпы коомчулуктун кызыгуусун тартуу үчүн экологиялык комиссияны түзүү зарыл. Кайрадан эле, эмне үчүн, эмне себептен? Анткени, Иманкожоеванын жана Каптагаевдин, ошондой эле Малиевдин 2007-жылы алган акчалары түгөндү окшойт. Эсиңиздердеби, Малиев башында турган жана ошол эле Иманкожоева жол тосуп алууларды уюштурган. Ал кезде Эркингүл Иманкожоева өзүнүн айылдаштарын кыдырып, өзүнүн "митингдик" күч-аракеттерине пайыздарды чогултуп, компенсациянын бир топ миллиондогон доллар-сомдорду мамлекеттик эсепке эмес, өзүнүн "Карек" деген экологиялык уюмуна которуусун талап кылганы эске түшөт. Жаңы бышырылган-депутаттар шайлоонун алдында кайрадан акча жасоосу керек, андан тышкары өзүн-өзү жубатып жана мыйзамга баш ийген өндүрүшчүлөрдүн айласын кетирип, өзгөчө өздөрүнүн ишинде тартипти бузууну каалабаган чет өлкөлүк жарандардын кулак-мээсин жегендиги айтпаса да түшүнүктүү. Дал ушул Кумтөрдө бардыгы ойлонуштурулгандыгына ишенем. Мейли, Кумтөрчүлөр үчүн бул биринчи жолу эмес, алар көтөрө алышат. Кеп башкада - качанкыга чейин профонацияны улантабыз? Эмне үчүн биз ошондой эле тоодой болгон акылы кем депутаттарды тандап алабыз? Эмне үчүн биздин мамлекет акылсыздыкта жана эч жөндөмсүздүктө чөгүп баратат? Депутаттарда кайдагы экологиялык тажрыйба, билим жана изилдөөлөр? Же караңгы түндөрү сырдуу жол менен жууркандын астында шам менен энциклопедияларды окушабы? Шүкүровдун профессорлору? Тажатты ушул кесипкөйсүздүк. Эч болбосо экология менен профилдик ведомстволор же ЖКнын профилдик комитети алектенсин. Кыргызстанга ар бир суурдун агроном болуусунун эмне кереги бар, ой, кечиресиздер, депутат-эколог? Эх, калк. Болду мен медициналык комиссияны жана эч нерсе эмести түзүүгө кеттим, менде диплом да, компетенция жана кесипкөйлүктүн бирөөсү да жок. Эмне болмок эле? А бирок, эң сонун жаңжал уюштура алам жана катуу кыйкыра алам. Медкомиссия түзүп туруп "ГазпромНефтьАзиянын" жетекчилигин же болбосо "Мегаком" уюлдук компаниясын текшерем. Эмне үчүн? Алар деген салыкты негедир көп төлөшөт, балким алар оорулубу? Аларды жана суурларды кошуп дарылоо керек.
Асан Кайгы




  Адамзатта аты улук, манастан ураан чакырдык

- Манас Атабыздын үйүн курсак болобу?
Эгемендик алганыбызга 20 жыл өтсө да улутубуздун уңгусу, сыймыгы болгон Манас атабызга алгылыктуу мамиле, сый-урмат кыла албаганыбызга өкүнүп келебиз. Эмгиче борбор калаабызда Манас атабызга арналган үй жок экенине, куралбаганыбызга аттиң дейбиз. Эми да кеч эмес. Андыктан редакторубуз Керим Айдаровдун сунушу менен "Асман пресс" гезити ушул маселени көтөрүүнү чечти. Адегенде коомчулуктун оюн билели дедик. Андан соң максатыбыздын пайдубалын түзүүгө аракет болоор.

Калык Османалиев, инженер-куруучу;
- Биринчиден бул маселени ишке ашыруудан мурда кайсыл жерге кураарыбызды тактап алуубуз керек болот. Эмнеге дегенде ушунча аракет кылып, проектисин чийип, бышыктап алгандан кийин жер табылбай калышы мүмкүн. Жакшылап коомчулук менен кеңешип, бир жактуу кылып алгандан кийин баштаса болот. Азыр куруубуз керек деп эле сөз менен соороно берүүнүн зарылчылыгы жок. Ким эле каршы болсун "Манас үйүн" курабыз дегенге. "Манас үйүн" тургузсак сонун эле болот эле, бирок эмнегедир бийлик башындагылар кайдыгер карап коюшу да мүмкүн. Азыр баардыгы эле бийликти кандай кылып алсам экен, өзүмдүн келечегим үчүн эмнени кыла калсам дегенди ойлошот. Ал эми ушул сыяктуу түбөлүктүү нерселерди ойлогон бир да бийлик төбөлү жок. Жакынкы тургузулган эстелик шайлоонун шарапаты менен, чалакайым колдордун жардамы менен тургузула калды. Эми бул демилге аягына чыгабы, чыкпайбы бир Кудай билчү иш болуп атат.
Кыяс Молдокасымов, тарых илиминин кандидаты:
- "Манастын үйүн", "Манастын эстелигин", "Манастын ордосун" куруу идеасын мен колдойм. Бирок, ошолордун баардыгын эптеп колдон өтөөр эмес, азыркы "Манас ордосундай" ээн мазарга айландырбай, чыныгы элдер бара турган ордого айландырсак. Мына ошону гана мен колдойм. Анан эптеп колдон чыгарып, элдин көзүнө көрүнүш үчүн же отчет берүүнү көздөп же болбосо Манасты жайгарыш үчүн куруп коюнун кереги жок. Андай болсо ал жерге адам басып барбайт. Андайды каалабайт элем. Ал эми "Манастын үйү" ар бир кыргыздын көөдөнүнөн, жүрөгүнөн орун табыш керек. Бул үйдөн дагы ыйык нерсе. Биз азыр сырткы жасалгасына, сырткы көрүнүшүнө көңүл бурабыз. Манас адамдын ички жандүйнөсүнө жандуу киришин ойлобойбуз. Биз биринчи кезекте ушул нерсени эске алышыбыз зарыл. "Манас үйүн" чындап кура турган болсок кош колдоп колдойм. Шаардын чок ортосуна курулабы, четине курулабы ал эч кандай деле мааниге ээ эмес. Эмнеге дегенде борбордун кайсыл бурчуна курулбасын ал жер ыйык эсептелип, элди өзүнө тартып турат. Биз ошол деңгээлге жеткирип коюубуз керек.
Муктаралы Эргешов, оператор:
- Бул эң жакшы идеа экен, эч ким каршы болбойт болушу керек. Кыргызстанды дүйнө коомчулугу "Манас" эпосу аркылуу таанышат эмеспи. Бул үчүн көөп иштерди жасашыбыз керек. Эң негизгиси таза колдор, аруу жүрөктөр жасашы кажет. Эмнеге дегенде бул улуу иш. Алдыдагы коюлган айкелдерди артынан жоо кубалап келе жаткандай тургузуп коюшту. Эми бул деле жоктон көрө жогору болду. Муну айтып жаткандарымдын себеби, сиздер козгоп жаткан бул демилге да ушул жолду кайталабасын дегеним. Биз кыргыз болгондон кийин боз үйдүн тибинде салынса жакшы болот. Евростиль деп чет элди тууроонун кажети жок го. Нукура кыргыздын коларитин чагылдырып туруусу керек. Бул жактагы "Манас айылына" эч ким басып барбай калды, мен да 7-8 жылдан бери көрө элекмин. Убагында ал дагы көрүнүктүү обьектинин катарына кирип, коомчулук туура кабыл алган, эмне себептен азыр каралбай калды билбейм. Ал эми "Манас үйү" борбордун ортосуна курса туура болот. Аны эч убакта сыйынуучу же эс алуучу жай кылбастан ыйык духовный үй катары кылышыбыз керек.
Гүлзат САДЫРБЕК кызы