Үмүт акталды

Раззаковдой чынчыл, Жусуптай мекенчил, Баялыдай иштерман Адахан Мадумаров
2011-жылдын 25-сентябрында касиеттүү Көл кылаасынын жээгиндеги Рух Ордо маданий борборунда жакшы жышаан жүзөгө ашты. Маданий борбор кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон дагы бир тарыхый инсан - Баялы Исакеевдин эстелиги менен толукталды. Эстелик Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгынын, Баялы Исакеевдин 115 жылдыгынын урматына коюлду. Ачыгын айтканда мамлекетибиз ушунча жылдан бери Баялы Исакеевдин эмгегин эскермек турсун, айкелин орнотууга көңүл бурбай келген. Бирок муну кыргыздын чыныгы мекенчил уулу, жүрөгү элим, журтум деп соккон "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров ишке ашырды.


Б уга чейин аталган партия кыргыздын тагдыры үчүн жанын казык кылып, бейкүнөө атылып кеткен уулдары - Исхак Раззаков менен Жусуп Абдрахмановго да эстелик тургузушкан.
Ар бир нерсе пейилге жараша болот дегендей, Адахан мырзанын баштаган ишине пейили, ниети түз экен, күн жаркырап тийип турду. Эстеликти ачуу салтанаты болжогон убакта башталды. Эстеликтин ачылышына Баялы Исакеевдин жердештери, Кочкор районунун Исакеев айылынын тургундары, ага-тууганы жана жергиликтүү калк катышты. Эстелик заңкайып кудум Баялы Исакеевдин өң-келбетин таасын чагылдырып, келген элдин купулуна толуп турду.

Мадумаров өз сөзүндө:
- Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө эбегейсиз зор салым кошуп, өз өмүрүн арнаган Баялы Исакеевдин эстелигин ачуу аземи бүгүнкү күнгө туш болуп отурганын жакшылыктын белгиси десек болот. Рух Ордо деген ат чыныгы Рух Ордо деген атына татыктуу болуп тургандай сезилет. Биздин тарыхыбызды кылчайып карап, мамлекеттин пайдубалдарын биринчи кураган азаматтарыбызга таазим этмейин биз эч качан мамлекеттин кечээгиси, бүгүнкүсү, эртеңкиси кандай болооруна жооп таба албайбыз. Биздин аталарыбыздын алдыга койгон максаттары, аруу тилектери ушундай болсо керек. Заман өтө оомал-төкмөлүү болуп, пейилибиз абдан бузулуп турат. Адамгерчиликти эмес байлыкты, бийликти туу тутуп калдык. Күмүш сакал аксакалдардын акыл наасаты кулагыбызга кирбей калды- деген Адахан Мадумаровдун таамай айткан сөздөрү келген элди ойго салды.
Көпчүлүк эстеликтин тургузулуп жатканын шайлоого байланыштырып, элди тартуунун бир аракети катары ойлошсо керек. Көрсө жакшылык иштин башаты башкада жаткан экен. Себеби, Адахан Мадумаров Россияда жогорку окуу жайында окуп жүргөндө "Кыргыз мамлекетинин түптөлүшү жана анын саясий жетекчилеринин тагдыры" деген темада дипломдук иш жазган. 23 жаштагы Адахан Мадумаровдун асыл максаттары көптөгөн жылдардан кийин аткарылып, өзү эңсеген, ыйык туткан инсандардын ысымын түбөлүк калтырууга кол урду.

Иш-чаранын соңунда Адахан Мадумаров журналисттердин суроолоруна жооп берди.
"Биз бийликтин тең салмактуулугун жаратабыз"
- Адахан мырза, бул жолку президенттик шайлоо мурунку шайлоолордон эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
- Биринчиден, калктын саясий-маданий деңгээли жогорулады. Чоң өзгөчөлүктөр болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу кийинчерээк айтканга мүмкүнчүлүк болот деп ойлойм.
- Сиз башынан эле парламенттик системаны жактырбайсыз. Президент болуп калсаңыз президенттик башкарууну алып келесизби?
- Биз бийликтин тең салмактуулугун жаратабыз. Күчтүү президенттик бийлик орноп, структураларды көзөмөлгө алган күчтүү парламент түзүлөт. Эл курултайы деген Конституциялык курултай уюштурулуп, ар бир айыл өкмөтүндө бирдиктүү курултай болот. Чоң мамлекеттик маселелерди Элдик курултай менен чечебиз. Кыргызстанда элдин каалоосу, диктатурасы орнойт. Элдик курултайдын астында президент баш болгон бийлик өкүлдөрү отчет берип турат.
- Платформаңызга токтоло кетсеңиз?
- Биздин платформа бирөө гана. Биздин ураан:
"Биз бүтүнбүз, бөлүнбөйбүз!"
"Уурулар жазаланат, бийлик тазаланат!".
Бийликтин булагы тазаланса булактан чыккан суу акыркы айылга чейин таза агып барат. Биздин максат ушул.
- Президенттикке талапкер катары айтсаңыз, сиздин оюңузча талапкерлердин бардыгына бирдей шарт түзүлүп жатабы?
- Бул баягы эле 1995-жылдан бери кандай болсо, ошол эле көрүнүш менен келатат. Таза шайлоого жол ачтык, баарына бирдей шарт түздүк деп какшабасын баягы эле система. Маселен, биз бүгүнкү эл менен боло турган жолугушууну ат майданда өткөрөлү дедик эле, ат майдан берилген жок. Стадион берилген жок. Пендеден жашырсаң жашырасың, бирок, Кудай көрүп турат. Бул нерсе жакшылыкка алып келбейт. Мен алардын эс-акылына келишин каалайт элем. Жер-жерлерде мындай карама-каршылыктар күчөтүлө берсе, анда биз башкача кайрылуу жасайбыз.
- Шайлоодо административдик ресурстар пайдаланылары бештен белгилүү. Сиздин партия элдин добушун сактап кала алабы?
- "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы Кыргызстандагы эң чоң партия. Дээрлик бардык айылдарда партиянын өкүлчүлүктөрү бар. Шайлоо участкаларынын басымдуу бөлүгүнө биздин өкүлдөр кирген. Буюрса, эл добушун сактап калганга биздин күчүбүз жумшалат.
- Бийлик башындагылар сизди М. Садыркуловдун өлүмүнө тийешеси бар дегендей сөздөрдү кыйытты. Шайлоодо сиздин жолуңузга бөгөт коюлуп калбайбы?
- "Казанда болсо кашыкка чыгат" дейт. Алар канчалык иликтебесин, ийнеге илип алаарлык эч нерсе жок. Аракет кылбай эле коюшсун. Андан көрө убактыларын башка жакка жумшашса.
"Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт" дегендей Адахан мырзанын бул нар көтөргүс жүгү, өз атасына гана эстелик тургузуп, пара берип көчө, клубдарга ысымын койдуруп жүргөн айрым саясатчыларыбызга үлгү болсо деген ой кетти. Тарыхый иштин баштоочусу "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын арымы кеңейе берсин демекчибиз.

Жакшылыков Ысманаалы,
Исакеев айылынын тургуну:
- Баялы Исакеев биздин айылда туулуп өскөн. Бул кишинин эстелиги коюлду дегенди угуп, кубанып, куран окуп катышалы деп келдик. Эстелик купулубузга толду. Адахан Мадумаровго абдан ыраазымын. Өмүрлүү болсун, кайсы жерде болбосун, аман -эсен болуп Баялынын арбагы колдосун ылайым.
Чокчоев Акин, Исакеевдин тууганы:
- Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеевдей аталарын баалап, эстеликтерин ачып демилгечи болгон Адахан Мадумаровго ыраазылык билдирип, алкыш айткым келет. Келечеги кең болсун. Жакшылык үстүндө жүрсүн.
Асанов Жаныбек, Жумгал районунун тургуну:
- Тагдырдын оор соккусуна кабылган атабыздын арбагына сыйынып, арбактарды тирилткен "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан мырзага Жумгал элинин атынан бакыт, ден соолук каалап кетем. Кыргыз мамлекетин түптөгөн инсандардын арбагы колдосун, баскан жолу байсалдуу болсун. Маарага ат чабышкан тулпарлардын арасында узак жолго кетип бараткан Адахан мырзага ак жол каалайлы, шайлоодо Адахан Мадумаровго добуш берели, өмүрлүү болсун!
Дүйшөбаев Сагын, Ысык- Көл облусунун тургуну:
- Бүгүнкү жолугушуубузга Баялы Исакеевдин эстелиги себепкер болсо, анын уюштуруучулары, куруучуларына терең ыраазычылык билдирем. Мен Адаханды кичине чагынан билем. Бул киши кыргыз элине бир топ иш жасады. "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясына терең ыраазычылык билдирем. Чоң жарышта жолуңар шыдыр, жолдошуңар кыдыр болсун!
Лариса Исакеева, Баялы Исакеевдин кызы:
- Көл жээгине Адахан мырза үч атабыздын эстелигин куруп койду. Бул адамдар кандай гана күндү көрбөдү, кыргыздарды илим-билимдүү кылып, кыргызды кыргыз кылып кеткен. Адаханга миң мертебе ыраазы болом, анын жасап жаткан иши биздин аталардын ишин аяктап бүтүрүп берет деп ойлойм. Партиясы алга барсын! Адаханды үч атанын арбагы колдосун.
Мамбеталиев, Исакеевдин тууганы:
- Эгерде кыргыздын Баялыдай уулдары болбогондо мамлекет болбой калмакпыз. Исакеев кезинде боз үйдө көчүп-конуп жүргөн кыргыздарга үйлөрдү курдуруп, кыргыздарды отурукташтырган. Булардын учурунда азыркыдай жаатчылык, жердешчилик да болгон эмес. Өмүрү өткөн аталарыбыздан үлгү алышыбыз керек. Бүгүнкү күнү ким эл үчүн, жер үчүн күйүп атканы көрүнүп эле атат. Элим деген азамат, арбагын сыйлап эстелик тургузган Адахан Мадумаровго туугандардын атынан ыраазычылык билдирем. Атына заты жарашып турган "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясын ийгилик коштосун! Элибиз бүтүн болсун!
Эстеликтин ачылышы күнү "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн дил баян конкурсунун жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшырды. Баялы Исакеевдин өмүр жолуна арналган "Баялы Исакеев жана биз" атуу дил баян жазууда Кочкор районунун мектеп окуучулары өз активдүүлүгүн көрсөтүшкөн. Аталган сынакка катышкан окуучулардын арасынан 12 мыкты окуучуга Адахан Мадумаров өзү колу менен сыйлуу белегин ыйгарып, келечекте Баялы Исакеевдей көрүнүктүү уулдардан болушуна тилектештигин билдирди.

Мээрим Айталиева
Бишкек-Чолпон-Ата-Бишкек