Тагдыр

Күтүүсүз
Кайрылыш

"Жашоо. Адам баласына тынымсыз сыноолорду, ошону менен катар жан жыргатаар көз ирмемдерди тартуулап, бүдөмүк келечекке кадам таштатат эмеспи. Алдыңда эмне күтүп жатканын, эртеңки күнүң кандай болоорун эч билбейсиң. Заматта эч ойлобогон, он уктасаң түшүңө да кирбеген көрүнүштөр, жашоодогу кайрылыштар болуп өтөт экен" - деп сөзүн баштады алдымдагы карапайым кийинген, сулууча келген, жаш болсо да жашоонун ар түрдүү түстөрүн көрүп, түрлүү-түрлүү даамдарын таткан маектешим. Анын айткандарын угуп отуруп, эч кандай көркөмдөөнүн, кошумча-алымчанын кереги жок экенине көзүм жетип, айткандарын айткандай эле жазууга ниеттендим. Анда сөз башынан болсун…

Биз үч бир тууган болчубуз. Атам ал убакта колхоздо иштеп, апам мугалим эле. Казан-казан май болуп, ашып-ташыбасак да, жетиштүү жашоодо жашаар элек. Атам менен апамдын ортолорунда ыйык сезим болгондуктанбы айтор, бала кезибизден эле экөөнүн бирине-бири катуу айтышып, урушуп-талашкандарын эч көрбөдүк. Кандай гана кыйынчылыктар болбосун баарын чогу акылдашып чечишип, эң татыктуу тарбия беришти. Ошентип бара-бара биз да бой жетип, атаэнебиздин тиреги, максаты, үмүтү болдук. Ушундай бактылуу күндөрдө кайдан башталган бороон экенин ким билсин жашообузду карангыга айланткан, каргашаны чакырган окуя болуп өттү. Жогоруда айткандай мен үч бир тууганмын: эжем, байкем анан мен. Ал күнү мен күндөгүдөй эле окуудан кийин үйгө кайтып келе жаткам. Үйдүн ичи кошуна-колоңдорго толуп калыптыр, баары эле мени бир башкача көз караштар менен карап жатышты. Үйгө кирип барсам ата-энемдин маанайлары пас, көздөрү оттой жанып, каректери нымдашып калыптыр. Мени көрөөр замат апам бекем кучактап, "эжекеңден айрылып калдык" -деп боздоп ыйлап калды. Мен эч нерсени түшүнбөй, кулагым укпай, көзүм көрбөй калгандай жөн гана ордумда катып турдум да, дендароо болуп эжем жатчу бөлмөгө кирип, бекинип алып отура бердим. Эшикти каккылап жатышып, акыры жулуп кирип, бетиме суу чачышып эсиме келтиришти. Мага ал убакта эч нерсенин кызыгы жок эле. Эмне ойлоорду билбей, үнүмдүн болушунча ыйлап да, кыйкырып да аттым. "Кантип эле эжемен айрылам? Ал жакында Азирет байкеге турмушка чыгат эмес беле, бул кандай шумдук?" -кыйкырып жатып өзүмдү жоготуп коюптурмун, эсиме келсем, апам бир жагымда жер тытып ыйлап отурса, атамдын улам-улам жүрөгү кармап тез жардам чакырышып араң эс алдырып атышыптыр. Байкемдин өкүрүгү, ыйы азыркы күндө да кулагыма жаңырып, жан дүйнөмдү жанчып өтөт. Ошентип, ыйлай-сыктай эжемди "ээсине" берип, бир канатынан ажыраган жаралуу куштай болуп калдык. Ошол күндөн тарта баягы жыргал, бактылуу күндөр эжекем менен кошо кеткендей эле болду. Үйдө кайгынын үстүнө кайгы, көз жаш, ый канатын жайып, өз бийлигин жүргүзө баштады. Бири-бирибиз менен ишибиз да жок болгонсуп, кайдыгер мамиледе күн өткөрө баштадык. Бассак, турсак да эжемдин мээримдүү көздөрү, нур төгүлгөн жүзү көз алдыбыздан кетпей, өзгөчө анын акыркы күндөрдөгү кылык-жоруктары улам эске түшөт. Жакшы адамды жаратканым өзүнө эрте алып кетет деген ушул беле, же өмүрүнүн кыскалыгын сездиби айтор, бир жандын да көңүлүн оорутпаган, ак көңүл, ак жүрөк, жанда жок зээндүү, акылдуу жан эле. Кандай гана тилектери, үмүттөрү, максаттары бар эле. Арман дүйнө… өлгөндүн артынан өлмөк жок дегендей, убакыттын өтүшү менен өзүбүзгө кайрат айтып, жашоону андан ары уланта баштадык. Ошол каргашалуу күнү эмне болгонун мурда эч кимден толук укпаган байкем экөөбүз атам менен апаман сурашка даай албай, кошуна эжеден сурадык. Ал: "Салтанат окуудан кийин жолдон өтүп бара жатса, катуу келе жаткан машина коюп кетип, жардам көрсөтүүнүн ордуна изин суутуп, качып кетет. Салтанатка убагында жардам көрсөтүлбөй, кийин ооруканага алып барса: "көп канын жоготуптур, бир аз эртерээк келгенде аман алып калмакпыз" дешиптир дарыгерлер. Ошентип, эжеңер бөөдө жерден каза тапты. Өткөндө ал баланын ата-энеси ортого киши салып атып арыз жаздырбай, "Кыз өзү күнөлүү" деген токтом чыгарып алыптыр. Азыр "пулуң болсо кулуңмун" деген жашоо болуп атпайбы" - деди. Аны уккан кулагыбызга ишенбей, экөөбүз көпкө ыйлап отура бердик. Бир топ убакыттан кийин байкем кызарган көзүнүн жашын сүртүп, муштумун катуу түйгөн боюнча, жерди муштап-муштап алып, ый аралаш каргылданган үнү менен: "Мен бары бир ал жексурду өлтүрөм, угуп жатасыңбы, мен андан эжемдин өчүн алам! Атам менен апамды боздотуп, эжекемди… эжекемди жер алдына берип коюп, жыргап жүрсө керек. Мен аны акыры өлтүрүп жаным тынат. Ал эмнеге качат, адам болгондон кийин жардам бербейт беле, байлыгына чиренген айбан десе…" - деген өңдүү сөздөрдү айтып отуруп, көпкө ыйлады. Мен эч нерсени ойлонбой угуп отуруп бир топтон кийин гана эсиме келгенсип: " Байке, ал оюңдан кайт. Сиз эми атам менен апамды, мени ойлоңуз. Ал жексурду өлтүргөнүңөр менен эжемди кайра кайрып келе албайсыңар, андан көрө ал ишти мыйзам жолуна берели. Эртең арыз жазып, милицияга баралы, мен да муну жөн койбойм...!" деп айтып аттым. Бирок, байкем эч нерсе укпагандай жерди тиктеп отуруп, "Мен азыр келем, апам менен атама тамак бер, эч нерсе айтпа!" - деди да шашкан бойдон чоң жолго кетип бара жатты. Үйгө кирип ата-энемдин көңүлүн кантип ачышты билбей, тамак даярдап, дасторкон үстүндө: " Апакебай, атаке мынча санаага батпагылачы, ый, көз жаш менен кайра адамды тирилтип ала турган болсок кана. Кымбаттарым, уксаңар мындан ары силер өзүңөрдү, байкем экөөбүздү ойлогулачы, кайраттуу болгулачы…" - деп ыйлап ийдим. Мени угуп отурган атам менен апам ошондо мени кучактап алып, катуу ыйлашты. Ошентип, эртеси атам жумушуна чыкты. Апам күндө келген кишилерди узатып, эч өзүнө келе албай жүрдү. Мен ал күнү сабакка барам деп коюп, түз эле милиция бөлүмүнө барып, арызымды жазып, ал жердегилер менен катуу урушуп кеттим. Себеби, акчадан кенен алганбы айтор, мени адамча да көрбөй, "билгениңди кылып ал, бул жерде сен эмес сенин атаң да эч нерсе чече албайт. Үйгө барып, калгандарыңардын амандыгына сүйүнүп, унчукпай жашай бер!" - деп жолго салышты. Эмне кылаарды билбей, үйгө барууга дитим барбай бак аралай ойго батып келе жатып, Салтанат эжемдин жигити Азирет байкени көрүп калып өпкөм-өпкөмө батпай ыйладым. Ал да мен тарапка басып келип, бекем кучактап үн - сөзсүз ыйлап эжемди эскерип, акыркы жаңылыктарды жезде-балдыздай болуп сүйлөшүп көпкө отурдук. Кечинде атам үйгө келип жумушунан бошотуп ийгенин айтты. Көрсө менин милицияга барып чуу салып жатканымды угушуп, "Балдарыңды тыйып кой, болбосо ишиңден айрыласың!" - деген өңдүү сөздөрдү айтып, күнөөсүн мойнуна алгандын ордуна, атам өзүнүн кызынын өлүмүнө күнөлүү болгонсуп, бир катар жаралуу жүрөгүнө уудай болгон сөздөрдү мөндүрдөй жаадырып кетет. Намысына, күйүтүнө чыдабаган атам, өмүр бою иштеп келе жаткан кызматынан баш тартат. Мына ошол күндөн тарта, мурда жашообузду тунарган кара булут басса, эми бороон улуп, көзгө сайса көрүнгүс туман каптап, жашообуз ууга айланды. Эң сүйүктүү кызынан, жан дили менен сүйүп иштеген ишинен айрылган атамдын ичи жалын, сырты чок болуп жүрүп, акыркы күндөрү көзү ачылбай күйүтүнөн ичип кетти.Үйгө кечинде мас келип ансыз деле сай сөөгү сайышып турган апамдын жүрөгүн эзип, жүлүнүн сыздата ыйлап баарыбызды азапка салып жүрдү. Көп өтпөй атамдын жүрөгү оорулу болуп, "оо дүйнөгө" сапар алды. "Тогуз толго бир келет" деген ушул беле… Эми ал учурдагы биздин абалыбызды сүрөттөбөй эле койсок да белгилүү болот го… Жакында эле кызынан көз жашы кургай элек апам, өзүнүн бул жашоодогу тиреги, таянаар тоосу, үмүтү болгон сүйгөн жарынан ажырап, бул жашоого эч үмүтсүз мамиле жасай баштады. Арадан көп өтпөй эле апамдын кан басымы көтөрүлүп кетип, ооруканага оор абалында түштү. Үнүбүз кудайга жеттиби айтор, апам эки жума өткөндөн кийин сакайып үйгө алып келдик. Көп өтпөй борбор шаарыбызга келип, байкем достору менен Россияга иш издеп жөнөдү. Ошентип бара-бара жашообуз бир нукка түшүп, эл катары күн көрүп келебиз.

Мунун баарын силерге айтып жаткан себебим да бар. Ооба замандаш "Жеймин дейсиң куйрукту, Алла билет буйрукту" дегендей эле бул жашоо бирде уусун, бирде балын төгүп турат. Баардык эле ойлогон оюң каалагандай боло бербейт эмеспи. Мына жогорудан бери силер байкагандай он уктасам түшүмө да киргис тоскоолдуктар, оор сыноолор башыман өттү. Жашоо - бул бир гана жолу берилүүчү белек. Аны татыктуу жашайбызбы же эптеп жүрүп күн өткөрөбүзбү аны биз гана чечебиз. Акырында айтаарым эң негизгиси алдыңарда кандай сыноо болбосун ошонун баарын көтөрө билгиле. "Жаманды көрбөй жакшынын баркын ким билет" дегендей эле ар нерсеге сабырдуулук, чыдамдуулук керек. Жашоону сүйгүлө. Эң негизгиси эркиңер күчтүү болсо, бул жашоодо баарына жетүүгө болот" - деп көзүнүн жашын сүртө, үмүттүү жылмайды маектешим Зарина.
Жазып алган
Гүлзат Садырбек кызы