Тараза

Таза кандуу талапкер издейбиз!

Уруу сүрүштүрүп, тегин ылгаган элбиз. Азыр ажо шайлоо алдында турабыз. Мурда "Акаев калмак, Бакиев дунган экен, таза кандуу кыргыз келмейин өлкөбүз өнүгүп, элибиз жарыбайт" деп кейичү элек. Таза кандуу кыргыз эл башчы болмоюн өлкө өнүкпөсүн, улутка күйбөсүн түшүндүк окшойт. Барыбир кан тартат эмеспи. Демек, эл ээрип, башчы боло турган эрендердин ким экенин эмитен тактап добуш берсеңиздер, кийин мынтип кейибейт элеңиздер. Эл башчы болом дегендерди эл ичинде ар кандай кеп ээрчип, бири кыргыз десе, "жо-ок ал калмак", экинчиси "ту-уй ата сен билбейт турбайсыңбы, анын баланчанчы атасы дунган болуптур" деген сөздөр көп жүргөн. Төмөндөгү талапкерлердин тизмесин сунуштайбыз, эл арасынан президент болчулардын чоо-жайын билип, урусун, тегин, жети атасын жобурап берчүлөр болсо, анан ким президенттикке ылайыктуу десеңиздер кат жолдоңуздар. Ал үчүн чөнтөк телефонду колго алып 0777 84 01 52 телефонуна СМС кат жибериңиздер. Же редакцияга кайрылыңыздар. Өзүңүздүн аты-жөнүңүздү, жердигиңизди жазууну унутпаңыз. Келгиле өлкөнү талатып, тоното бербей таза кандуу ажону тандап алалы.

sms эс эмес
Түлеевдин кандидатурасын жөнү жок алып ташташты. Коркушту окшойт алдыга чыгып кетет деп. Кабатыр болбоңуз, ал сынактан өтпөсөңүз да элдин сынагынан эчак өткөнсүз. Кыргыз эли сиз менен! Канат
Атамбаевди эле колдойлу. Пенсиябызды, айлыгыбызды көтөрдү. Эми президент болсо дагы башка жактарды өнүктүрөт, өлкөдө туруктуулук да болот. 0554086ХХХ
Байболов азамат! Азыркы бийлик өкүлдөрүнүн былыгын чукуп баарынын жүрөгүнүн үшүн алды эле. Президент болсо тайманбаган мыкты президент болот. Айбек. Бишкек шаары
Турсунбай Бакир уулу Кудай деген адам, ажо болсо ажеп болбос эле. Көрө албагандар алып таштады, эми депутат болуп деле элге кызмат кылсаңыз болот. Муктар.
Мадумаров чыныгы кыргыздын патриот уулу. Мирлан.
Бакир уулун ырас эле алып салышты, болбосо кыздарыбыз паранжа кийип, балдарыбыз малакай кийип салтыбызды унутуп калмакпыз. Нурлан.
Кыргызстанда тартип, мыйзам орносун десек Суваналиевди колдойлу. 0777120ХХХ
25-сентябрды эле күтүп турушкан окшойт. Жердин бары кандидаттардын рекламасы болду го чиркин. Булардын өңдөрүн, жүздөрүн канча жылдан бери жаттап деле бүттүк. Качан бир жаңы жүз көрөбүз. Жаштар чыгабы, дүжүр чалдар кетеби деги. Мирзамат. Токмок шаары
Текебаев шайлоодо жеңилээрин билип, сезип калганына сүйүнүп атам. Эми шайлоодо Кубат Байболовду колдойт деп уктум. Эгерде өзү барбаса Равшанга жолду эчак эле бербейт беле. Калп эле өзүн рекламалабай. Аны эл уктаса түшүнөн деле көрө турган болуп калды го. 0558687ХХХ
Өмүрбек Чиркешович кандидаттыгыңызды эмнеге алып таштадыңыз. Таянар тообуз, сел каптаса кулайт белең дегендей эле болдуңуз го. Астра.
Жапаровду эч ким колдобойт, бекер кыйналбасынчы. А бирок, элден ичип-жеген акчаңды жок дегенде элге чачып бер. Токтобек.
Мага ким келсе да бары бир. Алар келип менин жеримди сугарып, нанымды таап бербейт. Шайлоосу жок деле күн кечирип келгенбиз. Болбой деле койсо болмок ушу шайлоосу. Айбек, Жети Өгүз.
Акылбек Жапаров Кочкорго эмне кылып койдуң! Элге окшоп жол салдыңбы, бак тиктиңби? Кенедей айылыңа эмне кылдым деп сыймыктана аласың? Шайлоонун астында жердештерим деп боорсунуп келип каласың, байкуштун кейпин кийип. Мына өткөн шайлоодо жаш балдардын шагын сындырып кеттиң. Окууга өткөзөм деп бекер балдарды алдадың, сенин калпыңды көргөн кийинки муундан эмне чыгат? Жердешиң.
Темирбек Асанбеков деген сөзгө турбаган, калпты чындай айткан талапкер бар экен. Шайтандай азгыра сүйлөйт дешсе ишенбей койдум эле. Чын экен. Баягы машинелерди качан бересиң. Алдап ажо болом дейт окшойсуң ээ. Дамира.