Ден соолук

"Эркектерге жардам бере турган убакыт келди"
"Наристенин дени соо төрөлүшү үчүн эненин ден соолугу чың болушу керек" деген ураан менен жашап келебиз. Убакыттын өтүшү менен атанын да дени-карды таза болушу да мааниге ээ болуп калды. Эмнеге дегенде акыркы жылдары мырзалардын жыныстык жактан чалдыккан оорулары тууралуу көп маалыматтар айтылганы менен алгылыктуу колго алынбай келет. Андыктан 2011-жылдын 19-сентябрынан 23-сентябрына чейин "Эркектердин саламаттыгы" жумалыгы өткөрүлдү. Бул тууралуу кененирээк билүү максатында медицина илиминин доктору, профессор, урология борборунун директору Акылбек Усупбаевди кепке тарттык.


- "Эркектердин саламаттыгы" жумалыгы кандай өттү?
- Бул жумалыкты быйыл алтынчы жолу өткөрүп жатабыз. Өткөргөн себебибизди жыл сайын айтып келе жатам, биринчиден Орто Азиялык эркектердин менталитетин, өзүнүн ден соолугуна кылган мамилесин өзгөртөлү деп жатабыз. Экинчиден коомдун, мамлекеттин, парламенттин болобу көңүлүн буралы деп жатабыз. Буралы деген себибибиздин бирден-бири эркектердин көйгөйлөрү жылдан жылга оорлоп бара жатат. Ошондуктан биздин чакырык ушундай болчу. Кыргыздын генофонду катастрофага кабылып жатат. Былтыркы жылдан быйылкы жылга салыштырмалуу 9% тен 13%ке көтөрүлүп кетти оорулардын саны. Эркектердин өмүрү да кыскарып жатат, ошондой эле оорулардын көбөйүшүнөн алардын өлүмүнүн саны да жогорулап жатат Кыргызстанда. Аялдарга караганда эркектер 10-13 жашка чейин кем жашайт. Өзүңөр билесиңер алар аракка да, наркотикке да тез берилет. Организми илдетке тез чалдыгат. Анткени, көчөдө жумуш издеп темселеп жүргөн эркектер көп. Же болбосо үй-бүлөсүнөн ажырап, туугандарынан чыгып калгандар көп. Мындайча айтканда эркектердин абалы оор, ошондуктан эркектерге жардам бере турган убакыт келди.
- Мырзалардын денсоолугунун төмөндөп кетишине конкреттүү эмне себеп болуп жатат?
- Азыркы убакта эркектердин денсоолугуна, жашоо-шартына байланыштуу мамлекеттин деңээлинде эч кандай программалар жок, болгон да эмес буга чейин. Аялдарга, балдарга арналган иш-чаралар болуп келген. Ошондуктан мырзалардын денсоолугун чыңдоо боюнча программаны көтөрүп жатабыз.
- Башка өлкөлөрдө кароодон өткөрүү 40-50%да жеңилдик болот экен. Ал эми бизде кандай?
- Жок, бизде дайыма бекер өткөрүлөт. Биздин дарыгерлер беш күн бою эртең мененки 8ден кечки 5ке чейин отуруп кароодон өткөрүштү. Буларга эч кандай акча төлөнбөйт. Саламаттыкты Сактоо министрлигинин буйругу, жардамы менен болуп өттү. Бир гана биз эмес, башка баардык ооруканалар, үйбүлөлүк пункттар да өткөрүштү. Биздин эле борбордо 1200дөн ашык кишини кабыл алдык. Бизге бирден- бир жардам көрсөткөн бул Саламаттыкты Сактоо министрлиги жана министр Сабырбек Жумабеков болду. Андан кийин шаардык башкармалык, директору Амангелди Мурзалиев, вице мэрлер, Улуттук госпиталдын башкармалыгы колдошту. Анализ алганга жардамдашып, апарат беришип жардам көрсөтүштү. 18-сентябрда тынчтык аянтында эркектер атайын чакырык кылып чуркашты, эркектердин денсоолугу чың болсун, эркектердин генофонду таза болсун деп. Мырзалар өзүлөрүнүн денсоолугуна кам көрсүн деп аракет кылдык. Алар тиякта жок же биякта жок борбордук аянтта пикет, митинг десе эле акчага сатылып ошого иштеп калышпадыбы. Бул ашыкча стресс. Абдан зыяндуу нерсе.
- Болуп өткөн иш -чара өз максатына жетти деп айта аласызбы?
- Ооба, өз макатына жетти деп атабыз. Анткени, 4-5 жыл мурда акция өткөргөндө элдердин катышуусу кандай эле, азыркы катышуучулардан саны кандай болду айырмасы бар. Эгер билсеңер 4-5 жыл мурда эркектерди аялдары колунан жетелеп алып келишчү. Өздөрү келбейт эч качан, ооруларын жашырышат, уялышат. "Ооруну жашырса өлүм ашкере кылат" дегендей, өзүнүн орусун жашырган эркектер толтура да. Мына жыл сайын сайрап атып, түшүндүрмө иштерин жүргүзүп жатып менин оюмча кичине болсо да эркектердин көңүлүн бурдук. Эркектердин денсоолугунун чың болушу өзүнчө эле мода болушу керек го деп ойлоп атам. Жаштардын, мырзалардын арасында денсоолугу чың адам жогору деңгээлдеги жаран болуп тургандай болсо. Мен ойлойм кыргыздын генофондун сактап калууга болот.
- Канча жашка чейинкилер көп кайрылышты?
- Статистика боюнча 17 жаштан 70-80 жашка чейинкилер баардыгы эле кайрылышты. Бирок, 20-40 жаштагыларда жыныстык алсыздык боюнча ооруулар болууда. Азыркы кезде исламга берилип кеткен молдокелер көп түшүп жатат ооруканага. Эмнеге дегенде даарат алганда урук бездери сезгенип калат.
- Көбүнчө кайсы оорулар боюнча кайрылышты?
- Күндөн-күнгө табарсык, бөйрөк оорулары күчөп жатат. Андан сырткары жыныс бездин сезгениши, алсыздык, тукумсуздук. Ошондой эле простатит оорусунун түрүнүн көбөйүшү көйгөй болуп атат.
- Аталган ооруларды азайтуунун жолу барбы, дагы кандай чараларды көрсөк болот?
- Биринчи кезекте ар бир мырза өзүнүн денсоолугун карашы керек. Ал эми биздин тапшырма ал ооруларды алдын алуу. Күчөп кеткенден кийин дарылаган кыйыныраак да. Алдын алып, жаштарга эскертип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Азайтуунун эң башкы жолу ушул деп ойлойм. Азыр көп эркектер дарыгерге келип кайрылышпайт. Акча керек, каражат керке дешет. Ооруса эле дарыканага жүгүрүшөт, ал эми дарыкана бир гана дарысынын сатылышын көздөйт да, туурабы. Жардам береби, сыяны барбы ага карабайт, жоопкерчилик албайт. Ошондуктан эң башкы көрүлүүчү чара бул-ар бир адам өзүн кылдыт караса дээр элем.
- Аталган иш -чарада сиздерде буга чейин кезиктирбеген, күтүүсүз фактылар катталдыбы?
- Андай деле фактылар катталган жок. Келген кишилердин баардыгы ыраазы болуп жатышты. Биз сыналгыдан, массалык-маалымат каражаттарына чыгып эркектердин денсоолугу начарлап бара жатат десек куру намыска алдырып тескери ойлогондор болуп атты. Бирок биздин өткөргөн акцияны туура кабыл алып, ыраазы болуп жатышат.
- Мырзаларга кайрылууңуз?
- Айтарым, эркектердин денсоолугу бул Кыргызстандын келечеги, Кыргызстандын генофонду. Жүрүп олтуруп оорукчан балдар төрөлсө, ишке жарактуу адамдарыбыздын баардыгы оорукчан болуп турса кандай жакшылык болсун, экономикабыз да өспөйт. Биринчи байлык-денсоолук дегендей, денсоолуктун байлыгы бул мамлекеттин байлыгы деп эсептейм. Мисалы, ар кандай шайлоолордо канча акчалар чачылып жатат. Андан көрө ошол каражаттын баарын денсоолук тармагына бурса, ооруканаларга жардам берсе, ушундай иш-чаралар дайыма болуп турса жакшы болот эле. Ар бир эркек төрөлгөндөн баштап өлгөнгө чейин дайыма денсоолугуна кам көрө билсе. Эч качан куру намыска алдырбай кароодон өтүңүздөр. Ар бир эркекке эркектик денсоолук каалайм.

Гүлзат САДЫРБЕК кызы