Турсунбек Акун, акыйкатчы:
"Сулаймановдун өлүмү боюнча баардык фактылар бар экен"
Үстүбүздөгү жылдын 20-май күнү Бишкектин четиндеги Ново-Покровка айылында Е 9437 D номерлүү автоунаа 28 жаштагы Бактыбек Сулаймановду коюп кеткен. Расмий маалымат боюнча, унааны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин айдоочусу айдап бараткан. Кечээ журналисттер акыйкатчы Турсунбек Акунга бул боюнча кайрылышыптыр. Журналисттин колунда баардык фактылардын бар экендиги тууралуу акыйкатчы коомчулукка маалымат таратты. Биз кайсыл журналисттин кайрылганы боюнча өз оозунан угалы деп акыйкатчыга кайрылган элек.
- "Кеңешбек Дүйшөбаев Бактыбек Сулайманов деген жигитти кызматтык унаасы менен коюп кетип өлтүргөнү боюнча журналисттерде далил маалымат бар экен" деп "Азаттыкка" билдириптирсиз, кайсыл журналисттер кайрылышты?
- Бул боюнча журналист Кирилл Степанёк арыз менен кайрылды. Анын айтымында, президентке, сотко кайрылып эч майнап болбой жатыптыр. Журналистте баардык аргумент-фактылар, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар экен.
- Сиз эми мындан ары кандай кадамдарды жасаганы жатасыз?
- Азырынча ишти иликтеген органдардын пикирин уга элекмин. Мен Кеңешбек Дүйшөбаевге, ИИМге, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кайрылганы жатам.
- Жыйынтык чыгышы мүмкүнбү?
- Эми коомдук деңгээлде көтөрүп чыксак, жыйынтык чыгышы мүмкүн.




Эмилбек Каптагаев, Президенттин аппарат жетекчиси:
"Садыр Жапаров мага актыкты айтууга акысы жок"
- Эмил мырза, Витязь пансионатынын (улутташтырылган) жетекчилигине аталаш тууганыңыз Руслан Усенбаевди, бир тууганыңыз Таалай Каптагаевди алып келгениңиз чынбы?
- Котедждерден күнүнө 850 доллардан түшөт экен, бирок аны сиз сол чөнтөгүңүзгө солоп атыпсыз. Туурабы?
- Бул суроолордо айтылып жаткандардын бири да чындыкка жакындабайт, карандай калп, ушак. Анын чыгыш себеби бир эле, жанагы Садыр Жапаров деген неме жарым жыл алакетке түшүп жатып сотторду тандоо Кеңешин түзүүдө, андан ары судьяларды тандап, дайындоодо кадимки эле "бригадный подряд" түзүп акча жасоо механизмдерин жасаган экен. Анысынын бети ачылып, абийири айрандай төгүлгөндө бет тырмаарлык кылып, ошол схемасынын талкаланышын менден көрүп, мага карата карандай жалаа жапканга өттү. Ишенбесеңер барып ар бир обьектини текшергиле, сураштыргыла, тактагыла, журналисттик иликтөө жүргүзсө болот да. Жакында ЭлТР телеканалында Мыктыбекке интервью берип жатып ушул эле ойду айттым, журналисттер иликтеп мен басып алган, тартып алган же уурдап алган мүлк болсо толугу менен берем, мени уруксат берди деп эле өзүңөр алып алгыла дедим. Силерге деле ошону айтам, мен актана тургандай бир да кыңыр ишим жок. Кудай алдында дагы, эл алдында дагы, өзүмдүн Ыйманым алдында дагы жүзүм жарык. Өңгө-өңгө болсо дагы, кулагынын учуна чейин таза жери жок, алдым жуттумдук менен шугулданып келе жаткан Садыр Жапаров мага актыкты, тазалыкты айтууга акысы жок деп айтам. Ал Кудай урган мурдагы заман өтүп кеткенин, ал убакыттагыдай улуп-жулуп элдин ырыскысына кыянаттык кылып жашай албастыгын дагы эле сезе элек экен. Бирок, бул заман нугун алар эми кайра артка бура албайт, азыр заман өзгөрдү, коом өзгөрдү, элибиз өзгөрдү. Эми бир убакыттан кийин баардыгы мурдагы кыңыр иштери үчүн жооп беришет. Мына Жаныш Бакиев баш болгон канкорлор кантип Медет Садыркуловду мыкаачылык менен өлтүргөнү ачыкка чыкты го. Эмки кезек Жапаров сыяктуу ошол Бакиевдердин куйруктарында, алардан да тазаланабыз жакынкы мезгилде.




Камила Талиева, ЖКнын депутаты:
Сөз жок
- "Ар Намыс" фракциясы бөлүнүп-жарылып, теңи сизди башчы койду, жетектеп кете алаарыңызга көзүңүз жетеби?
- Азырынча эч кандай комментарий бере албайм.
P.S. Талиеванын жообу качан даяр болот деп күтө берели эми. Мүмкүн эл арасында айтылган "Талиева эмне деп жооп кылаарын билбейт. Кулов болбосо кайдан депутат болмок эле. Ичкен кудука түкүрүп атат" деген сөздүн чындыгы бардыр. А балким…

Азима Акунова, Мээрим АЙТАЛИЕВА




  Жунгли рыногунда

Контрабанданы токтотууга болот!

Кыргызда "сүтко оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет" деген акылдуу сөз бар. Аз күн мурда кыргыз өкмөтү ушундай эле болгону калды. Тагыраагы, күйүүчү майдын контрабандасын айтып жатабыз. Өзүбүз ат тезегин кургатпай Кремлге каттап, сурап алып келаткан күйүүчү майды литрлеп да эмес, тонналап Тажикстанга жашыруун өкөрүп, миллиондогон акчаларга туйтунуп жүрүшкөн экен, кыргыздын азырынча белгисиз эргулдары. Күйүүчү майды мыйзамсыз пулдоо бизнеси менен жайдан бери эле шугулданып жүрүшүптүр. Мунун артында катардагы жарандар турат дегенге дегеле ооз барбайт. Анткени, жүздөгөн тонна майды ишенимдүү үлкөн "крышасы", чек ара постунда өз адамы болмоюн чек арадан 10 литр күйүүчү майды да алып өтүүгө мүмкүн эмес. Күйүүчү май тоо-таштар аркылуу, жөө жаландап алып өтүп кетүүчү наркозат болсо да бир жөн. Ошентип алып өтүп жатышкан экен деп ойломокпуз. Бирок, күндүн чак түшүндө эле ондогон автоунаалар менен ташылып жатпайбы. Демек, алардын артында жогору жакта кимдир бирөөлөр турат да. Алар кимдер болушу мүмкүн?

Арам акча жасоого каныккандардын артында кимдер турганы белгилүү болсо, анда күйүүчү май контрабандасы токтомок. Тилекке каршы, андай болбой жатпайбы. Өкмөт башчы Алмаз Атамбаев да буга жооп издеди. "Контрабанданын артында ким турганын аныктагыла, чекараны өтө начар кайтарып жатасыңар. Болбосо, кызмат ордуңарды иштей алчуларга бошотуп бергиле" деп агынан жарылды. Чек араны мындай кайтаруунун кереги жоктугун безилдеп, какшап эле айтып жатат.

Бул боюнча маалымат берген ИИМ башчысы З. Рысалиев ушул жылдын башынан бери 461 тонна бензин кармалгандыгын айтты. МУКК тарабынан 5 кылмыш иши козголсо, каржы полициясы тарабынан 2 иш козголуптур. Бирок, бул жетиштүүбү? Киттери калып, чабактары колго түшкөндөй элес калтырат. Анткени, анык контрабандисттер кармалган жок. Жогоруда айтып өткөндөй, ири көлөмдөгү күйүүчү майларды алып өтүү үчүн бийликтик таасири күчтүү бир аткаминердин катыштыгы бардыгынан шек санабасак болот. Мында бир топ органдардын катышуусу жок деп айтуу кыйын. Чиеленишкен чынжырдай болуп, күйүүчү май контрабандасынын схемасы бар экендиги байкалат. Тигил же бул министрликтен, бажы, каржы, чек ара, салык кызматтары биргеликте ишке ашырып келген болуулары толук мүмкүн. Ар биринин өзүнүн үлүштөрү бар. Мени "крышовать" этип жатат деп ойлоп жатышат" деп өкмөт башчы Атамбаевдин агынан жарылганындай эле бар. "Кылгылыкты кылып, кыл жип менен буугандардын" кылдары кыйшайбай жүрүшсө, бардык сөз, айыптоолор өкмөт башындагыларга тийип жатпайбы. Атамбаев менен Бабанов бир команда экенин эске алсак, алардын контрабандага катышы бардыгы мүмкүн эмес. Атамбаев өзү жалдырап өндүрүп жаткан күйүүчү майды минтип мыйзамсыз пулдоого барышы дегеле кыйын. Шайлоонун алдында мындай тобокелчиликке эч качан барбайт. Анан да Орусия тарап сөөмөй кезеп, контрабанда токтобосо, май берүүнү токтотуп коюуну эскерткени бар. Мында бир катар кызматтардын жетекчилери биргеликте, уюшкандыкта ишке ашырып жаткандыктан да контрабанданын бетин ачуу кыйынга туруп жаткандай. Анткени, алар бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн тикеден тик туруп жатышат да. Алардын бетин ачып, тиешелүү жоопкерчиликтерге тартпаса, элде, коомчулукта өкмөт башындагыларга болгон айыптоо улана берери бышык.

МУККнын, ИИМдин бир катар аракеттеринин натыйжасында контрабанда ашкереленип, күйүүчү майды ташуу токтогондой болду окшойт. МУКК жетекчиси ушундай мазмунда билдирүү жасады. Ал жакында тиешелүү кызматтар менен бирге чекарага жакын жайгашкан май куюучу станцияларда текшерүүлөр жүрөрүн маалымдады. Ошондой эле мыйзамсыз түрдө күйүүчү майларды ташып өтүүсү жогору болгон жерлерде МУККнын атайын аскерлери күчөтүлгөн режимде кайтаруу иштерин жүргүзүп жатканын айтты.

Күйүүчү майдын контрабандасы бул кесип балта чабууга мүмкүн болбогон коррупция эмес. Күйүүчү майды ташыгандар саналуу чек ара постторунан өтүшөт. Аларды көзөмөлдү күчөтүп, текшерүү иштерин дыкат жүргүзүү менен токтотуп, колго түшүрүүгө толук мүмкүн. Ага тиешелү адамдардын эрктери, каалоолору гана жетиштүү.
Айдар Мамбеталиев