Аруузат

Жыпар Исабаева, акын, журналист:
"Жолдошума өзүмдү карыздар сезем"
Жыпар Исабаева адам жүрөгүнө жеткен ырлары аркылуу элге таанымал. Жазган ырларынан назиктиктин, аруулуктун, жароокерликтин учкуну сезилип турат. Анан да эжени качан көрбөйлү жайнаган сулуу көздөрүнөн бир башкача мээрим төгүлүп, күндүн жылуулугундай мамилеси адамды ийилтип турат. Бир калыптан жазбаган эженин өзү баамдап-билген кандай кемчиликтери болду экен деп, кайрылып калдык.

- Жыпар эжеке, сизди көргөнүмдө дайыма токтоо жана мээримдүү мүнөзүңүзгө күбө болом. Бирок, идеалдуу адам болбойт да, кемчилигиңиз бар деп ойлойсузбу?
- Албетте, ойлойм. Ойломок турсун кээде алар үчүн өзүмдөн-өзүм уялып, же өзүмдү жаман көрүп да кетем. Кээ бирлерин айтсам, аябай шашмамын. Бир ишти баштасам, аягына чыкканга чейин чый-пыйым чыгып кетет. Ошонун айынан кээде бир баскан жеримди эки жолу басууга, сын угууга туура келип калат.
- Сиздин шашма экениңизди көбүнчө ким баса белгилейт?
- Гезиттин ("Кыргыз Туусунун") башкы редакторунун орун басары Догдурбек Юсупов деген агайыбыз бар, "Сен уш-шундай бир шашмасың!.." - деп калат...
- Иште ар кандай кырдаалдар болот эмеспи, дагы кандай кемчилигиңиз бар?
- Мм... ишенчээктигим, боорукерлигим, ак көңүлдүгүм, анан... тартынчаактыгым, кечиримдүүлүгүм. Булардын артынан кайра өзүмдүн жүрөгүм ооруп калган учурлар өтө көп болот. Бир жакшы жери, бат эле кайра баарын унутуп салам.
- Кантип?
- "Балким туура эмес түшүнүп калгандыр, балким билбей ошентип алгандыр, балким кийин түшүнөөр..." деген сыяктуу ишенимдер көкүрөк-көңүлүмдөгү таарынычты тазалап таштайт. Анан да чыгармачылыктын бир керемет касиети болот, жүрөгүң ооруп турганда жандүйнөңө тегеренип ыр саптары келе калат да, кудум жароокер балаңа окшоп сени айланып-тегеренип, жапакечтенип алышат. Аларды ичиңден бир-эки жолу кайрып, кайталап айткандан кийин, болду, "алданып" каласың... Жашоо керемет сезилип, эми эле бүркөлүп турган күнүң жарк этип ачылып, сергий түшөсүң... Баарына кол шилтеп, жүзүңдө жылмаюу, жүрөгүңдө кубаныч пайда болот.
- Сиздин чыгармачылыкты түшүнгөн жолдошуңуз жакшы адам болуш керек?
- Ооба, кээде өзүмдү ага карыздар да сезип кетем.
- Неге?
- Жакшы аял болгон өмүрүн, сүйүүсүн, мээримин күйөөсүнө, балдарына, үй-бүлөсүнө гана арнашы керек деп ойлойм. Ал эми чыгармачыл аял болуш өтө кыйын. Анткени, анын жандүйнөсүнүн, жүрөгүнүн, сүйүүсүнүн, убактысынын, ой-кыялынын тең жарымы, балким көбүрөөк бөлүгү чыгармачылыкка бөлүндү болуп кетет. Ансыз Кудай берген чыгармачылык миссияңды аткара албай каласың. Ага баш отуң менен берилип кетсең, калгандары калып калат... Айрыкча кыргыз аялдарына кыйын.
- Кыргыз аялдары демекчи, коомубуздагы "жүк көтөрүп жүрөбүз" дегендей айымдар абалкыдай аруу, назик, сулуу болбой, ажаан болуп баратканы айтылып калып жүрөт, эмнеликтен?
- "Алган эри жарашса, кара келин ак болот" деген кеп бар. Анан да мен акын эжебиз Майрамкан Абылкасымованын бир куплетин аябай жакшы көрүп, көп учурда эстеп калам:
"Кайсыл элде жүдөө күтсө зайыпты,
Аялдары жоолуктарын тарта албай,
Ошол элдин уулуна кой айыпты,
Бул да кырсык - бирге жүргөн байкалбай..." - деген. Анын сыңарындай, байкуш аялдардын көбүнүн мойнуна турмуштун түйшүгү, азабы очоюп минип алып, көк желкесинен басып алса, сыртка чыгып эркек болуп, үйгө кирип казан кармап, бала төрөп аял болуп атса кантип анан назданат? Стресс болуп, оорукчан болгондору канча? Жүрөк оорута турган көрүнүш, трагедия бу. Болбосо, шарыятта деле айтылат экен, эгерде келечегибиз жакшы болсун десек, балдарыбыздын дени сак, акыл-сезими толук, тарбиясы жакшы болуш керек, ал үчүн эненин дени сак, көңүлү ордунда болушу керек да. Ошондо ал баланы курсактагы кезинен баштап, таптап өстүрүп, татыктуу тарбия бере алат.
- Сиз чыныгы аял болуу бактысына ээ болгон айымсыз, айтсаңыз, алгач эне болгондо кандай сезимдерге бөлөндүңүз эле?
- Биринчи жолу эне болгондо... чынымды айтсам, ал кезде өзүм деле бала экемин. Жыйырма жашымда тун кызым төрөлгөн. Биринчи жолу эненин кадырын билесиң анда. Сени апаңдын кантип толготуп, кантип төрөгөнүн, кантип бакыттан денеси балкып, мээримин төккөнүн деги эле аялзатынын бактысы эне болууда экенин сезесиң. Башка эч бакыттын кереги жоктой. Сенин бар байлыгың, сүйүүң, жыргалың, кубанычың - ушул наристең экенин сезесиң. Анан да бу жарык дүйнөгө адам баласын алып келген Энелик кудуретиңди сезесиң. Чындыгында ал сезимди сөз менен оңой-олтоң эле жеткире салууга мүмкүн эмес, аны сезиш керек.
- Экинчи бала төрөлгөндө да ушундай болобу?
- Ананчы, "атадан алтоо болсо да, ар жалгыздык башта бар" дегендей. Он балаң болсо да, ар бир өзүнчө жалгыз.
- Сиз үйдө кандай аялсыз? Кээ бирлери ойлошу мүмкүн, чыгарма жазып эле үлпүлдөп отура берсе керек деп?
- Жок, үйдө башка аялдар эмне иш кылса, мен деле ошондой иш кылам.
- Балдарыңыз мактап жеген тамак эмне?
- Оромо, айрыкча чоң уулум "Апа оромо жасап бериңизчи" деп турат.
- Биз телефондон сүйлөшкөндө "Үй куруп жатабыз" дедиңиз эле, мында деле карап отура албасаңыз керек эже?
- Жолдошум мени "прораб", "Чабалекей" деп коет кээде. Анткени, атам куруучу-инженер эле да, биздин айылдагы көп кишинин үйүн салып, чоң-чоң имараттардын долбоорун чийип, бүт өмүрүн ушул ишке арнаган. Иним да колунан көөрү төгүлгөн уста. Ошондуктан го, куруу иштерине кызыгуу менде да бар. Кээде жолдошума, уулума "үйрөтүп" калам. Деги эле куруучулардын ишин абдан баалайм, бул кесиптин ээлерин аябай сыйлайм.
- Жер үйдө жашасаңыздар, үй жаныбарлары болсо керек?
- Кичинекей уулум экөөбүз айбанаттарды аябай жакшы көрөбүз. Экөөбүз көптөн бери атабыздан мышык бакканга макулдук ала албай жүргөнбүз. Ошол күндөрү гезитке практикага келген Токтобек Үсөнов деген студент бала комнатасында мышык багарын айтып калды. Сүрөтүн көрүп эле жакшы көрүп калдым, көздөрү тим эле жайнаган, сулуу мышык экен. Каникулга кетип баратып, "Эже, мышыгымды сизге таштап кетейинби?" - дейт. Дароо макул болдум. Үйгө алып барсам, жолдошум ачууланды: "Кереги жок, жогот!" - деп. Бирок, мышык ушундай жоош, сулуу мышык болгону үчүн, бара-бара унчукпай калды. Анын жооштугун ушундан бил, бир күнү ашканага кирсек, бир чычкан экөө маңдай-тескей гана "сүйлөшүп", жайма-жай тиктешип отурушат... Анан жолдошумду көндүрүп, дагы бир бала мышык алып келдик. Анын тентектигин сураба, бир карасаң - жерде, бир карасаң - шыпта жүрөт. Бирок, ушундай жароокер ал дагы. Баарынан жакшысы, баягы чычканды чыйылдатып кармап алганын көрүп, атабыз эми такыр унчукпай калды.

Маектешкен Азима АКУНОВА