Артист болууну самаган,
китеп жазгысы келген, Эшимкановго жиндене албаган
Байболов
Аралашкан сезим, чаң көчө, түйшүк…
- Балалыгыма кылчайып карасам, бир аралашкан сезим келет. Апам оорукчал, атам кечке жумушта. Түйшүк, жоопкерчилик, чаң көчөлөр, суу жок. Сууну арыктан алып ишчүбүз. Азыр ойлоп көрсөм, эптеген эле бир жашоо экен. Балдарым сурап калат "Бала кезиңе кайра кайткың келеби?" дешип. Мен кайткым келбегенин айтсам, "Эмне себептен?" дешип, абдан таң калышат. Канткен менен бала кезим оор жылдарда өттү. Биз Чоң-Арык айылында жоон-орто болуп жашаган менен баары бир кыйын эле. Же мен үй- бүлөдө жалгыз болгонум үчүнбү айтор, бала кезимден эсте калган нерсе бул - эмгек. Апамдын оорулуу болгонуна байланыштуу, камыр жууруп, тамак жасагандан баштап, кир жууганга чейин билчүмүн. Анча деле каруум жок, кичинекей болгондуктан, кир жууганда тебелеп жууп, камыр жайганда үстөлдү тегеренип жүрүп жайчумун. Азыркы Арча-Бешик, Ак-Өргө, Ынтымак айылдары жайгашкан жердин баары биздин колхоздун талаасы болоор эле. Ар бир үй бүлөөгө бөлүнүп, эл талаада отоп,сугарып иштечү. Апам жалгыз болгондуктан, артта калып калат. Мен айрым учурларда сабактан калып, же дем алыш күндөрү жардам берип, бир топ ишти жылдырып коюп кетээр элем. Күн тим эле куйкалап жатса дагы, терин шорголотуп иштеген апамдын кыпкызыл элеси калды. Анан мени өзгөчө жакшы көрөөр эле. Жалгыз баласы болгондуктанбы, калган баардык дүйнөдөн кызганып отуруп эле өзүн-өзү кыйнап салды. Ал түгүл кийин мен ишкер болуп калганда деле, барып чоң-чоң лампочкаларды коюп кетсем, жарыкты үнөмдөп, кичинекей лампочкаларды тагып алчу. Апамдын көзү өткөнүнө 7-8 жыл болуп кетти. Атам болсо мен аскерде жүргөндө эле жаш кеткен.
Достор
- Теңтуш балдарымдын көбү орус балдар эле, азыркыдай бутубузда ботас жок, батиңке кийип алып кээде 7-8 саат тынбай футбол ойнойбуз. Тобубуз да эптеген эле эски булгаары. Кийин атайын спорт мектебинде футболист Алмаз Чокморов менен бир группада беш жыл ойноп жүрдүм. Анан жашым биртике өйдөрөөк болгону үчүн группадан чыгып калгам. Андан кийин 5 жыл музыкалык мектепте окудум, ал убакта комузда ойногондор сейрек чыкчу эле. Комузумду көтөрүп мектепке жөнөсөм, орус балдар "одна палка, три струна" деп куйрукка тээп, "дай поиграть" деп мазактачу. Орус балдар гитарада ойномуш болушса, балдардын баары кечинде ошол жерде. Анан "силерди карап тургала" деп гитараны үйрөндүм.
Мектеп
- Чоң-Арыктагы азыркы №58 мектепте окудум. Чылгый орус класстан турган биздин үйдүн маңдайында эски мектеп болгон, бирден гана класс кыргызча. Мен ошол 1-ден 10-класска чейин кыргыз классын отличник болуп бүтүрдүм. Мектептин азыр деле сүлдөрү турат. Кийин филология факультетине тапшырып өтпөй калдым. Аскерге барып, алган билимим жетишсиз экендигине көз жетип калгандыктан, ошол жерден окууга катуу даярдандым. Келип тарых факультетине тапшырдым.
Чабандын үйүндө жашаган Салымбеков, Бешимов, Садыркулов
- Студент кезде эки жыл Көлгө, бир жыл Жумгалга барып иштеп, үч жыл катары менен студенттик отряддарга жетекчи болдум. Биз салган кашарлар али деле турат. Бир жыл комсомол комитетинде курулуш отряддар боюнча жетекчи болуп иштедим. Мени менен Садыркулов, Салымбеков, Курманов, Жакыпова, Асанканов, Бешимов деген бүгүнкү күндөгү көрүнүктүү илимпоздор, жетекчилер, ишкерлер иштеген. Ошондой күндөрдүн биринде чабандын үйүндө жашап жүрөбүз. Бир күнү балдардын ичи өтүп, дааратканадан чыкпай байкуштар кыжаалат болушкан. Себеби, шаардын тамагына көнүп калышкан да. Мен барып дары алып келип, баарын дарылап, ушундай кызыктуу күндөр өткөн.
Нуржамалды сындан өткөрүп алгам
- Студент кезде үйлөндүм, бирок, турмуш болбоду, бул кайгылуу окуя... Кийин Нуржамал менен Мамлекеттик коопсуздук кызматында бирге иштеп жүрүп таанышып, үйлөндүм. Мен Афганистандан келсем, Нуржамал дагы жаңы эле ишке орношуп жаткан экен. Биринчи үй -бүлөө болбой калгандан кийин, турмуштан тажрыйба алып каласың дегендей, чарбаны кантип жүргүзөт, билими кандай, мамилеси кандай, баарын тегеретип карап анан үйлөндүм. Чогуу жашаганыбызга 20 жылдын жүзү болду. Нуржамалдын баардык сапаттары жакшы. Азыр алты балабыз бар. Алды өз алдынча турмуш куруп, кичүү уулум 5-класста окуйт. Колдон келсе калган убактымдын баарын балдарыма жумшасамбы дегем. Бирок, ойдогудай болбой чоң жарышка илээшип алып, балдарга убакыт бөлө албай жатам.
Балдарым американец болуп кала жаздашты
- Бакиевдер менен катуу согушуп, үй бүлөөмө коркунуч туула баштаганда Алма-Атага балдарды дагы алып кеткенбиз, ал жерде 4 жыл окушту. Анан ал жерден дагы коркунуч туула баштаганда, Америкага кеттик. Азыр кыргыз тилин үйрөнсүн, эл-жеринин жашоо шартынан алыс болбосун деп кайра алып келдим. Бул жакка көнбөй чүчкүрүп-бышкырып ооруп, ал турсун кичинекей балам, күнүгө "кетем, бул жагыңар жаман экен" деп таарынычын айтат. Ага болбой, күнүгө беш мертебе "Сен кыргызсың, кыргыз тилин билишиң керек, үйрөнүшүң керек" деп мугалим жалдап кыргыз тилин үйрөтүп, кыргызча кинолорду көргөзүп жатам. Сыртта жүрө беришсе таза американец болуп калчудай. Кыргыз болгондон кийин каада-салт, үрп-адатын үйрөнүүлөрү зарыл. Эки кызым, улуу балам кыргызча жакшы билишет. Кыргызча билбеген шаардык балдарга абдан сын такчу элем, эми минтип өзүмдүн кичинекей балдарым кыргызча билбей калышты. Азыр экинчи кызым АУЦАда окуп жатат, кийинки үчөө америкалык бир мектеп бар экен, ошол жакта окуп жатышат. Дароо эле жалпы мектепке салсам, балдарым шок болуп калчудай.
Апамдын кесмесин сагынам
- Илгери бирөө аял алат. Бирок, ал кир, тамакты жаман жасаган аял го сыягы. Кайненеси чыдабай кетирип жиберип, баласына башка аял алып берет. Тим эле тамактын түрүн жасаган, үйдү зымылдатып тазалаган аял болот. Бирок, күйөөсү ооруй эле берет, ооруй эле берет, абдан чөгүп кетет. Анан айласы кеткен энеси, "Ай, баягы аялынын боткосун жасап берчи" дейт. Күйөөсү жасалган боткону аябай тердегенче ичип, "Ай кайранымдын боткосу" дейт экен. Келинчегим саясатка аралашкандан бери тамак жасабай калган. Бирок, тамакты абдан жакшы жасайт. Айрым учурда "Апамдын кесмесин жасагыла" деп айтып калам. Илгери апам кесме жасачу, эртеси күнкүгө кала турган болсо, анын үстүнө кашык тура тургандай болуп калчу (күлүп). Бирок, абдан даамдуу болот эле. Анан көчмөндөрдүн чайын жакшы көрөм. Чайды чайнекке салып, кайнатып, үстүнө сүт куюп, аны да кайнатып, анан туз салып жасалат. Мында дасторкондун бетинен май, коньфет баарын алып салып жапкан нан менен ичкенди жакшы көрөм. Бул бала кездеги каныбызга сиңип калган даамдар.
Карьера
- Мектепте иштеп жүргөндө Мамлекеттик коопсуздук комитетине чакыртып алышты. КГБнын Белорусиядагы атайын мектебин бүтүрүп келдим. Андан кийин чалгындоо институтунда окуп жүрүп, фарс тилин үйрөндүм. Афганистанга барып эки жыл согушка катышып келдим. Фрунзеге келип, бир жылдай иштеп, анан Москвага Советтер Союзунун чалгындоо борборунда эки жылдай иштедим, ошол эле учурда Кытайга дагы бардым. Бул убакыт ичи өзүнчө чоң окуя. Ошол учурда СССРдин чалгындоо кызматы, дүйнөдөгү эң чоң чалгындоо кызматы эле. Биз иштеген жер өзүнчө эле Бишкектей болгон бир шаар. Кинодо айтылып жүргөндөй, алды төрттөн тил билген, өтө жогорку билимдүү адамдардын арасында кошулуп иштөө алгач чочуркоо жараткан. Кийин көнүшүп кеттим. Союз урагандан кийин баары бырын-чырын болуп, кыйроо заманы башталды. Мурда болуп көрбөгөндөй нерселер КГБда да пайда болуп, "өзүбүздүкү, өзүбүздүкү эмес", "тууган, тууган эмес", "жердеш, жердеш эмес" дегендей бөлүнүү болуп, өгөйлөнтүп, түрткүнчүк кыла баштаганда чыгып калдык. Ошентип, менин тагдырымда өтө чоң бурулуш болгон, себеби, андан башка эч нерсени билбей калганмын да. Көрсө биз иш менен жүрө берип, бул дүйнөдөн оолактап кетиптирбиз. Себеби, биз өтө элитардык, баардык жактан камсыз болгон дүйнөдө жашаптырбыз. А көрсө эл ошол учурда башкача жашап жаткан экен. Кызматты жоготкондо абдан чоң трагедия болуп, жан дүйнөм кыйналган. "Турмуш кандай болот, балдарды кантип багабыз?" деген суроолор туулган. Мен ошондо 37 жашта элем, пенсияга дагы чыгып калдым.
Мээнеттен жаралган байлык
- Ошентип, Аскар Салымбеков досум экөөбүз бирин-экин иш кылып, аракет кыла баштадык. Ишибиз оңунан чыкпай, карызга дагы батып калган учурубуз болду. КГБда алган билим-тажрыйбамды пайдаланып жатып, эптеп-септеп кризистен чыгып, ишкерлик үзүрүн бере баштады. Бир сомун өзүбүзгө сарптабай, бирди эки кыла баштадык. Эч нерсе менчиктештирбей, же бир тыйын кредит албай иш баштаганбыз, кийим-кече алып сатып, жылыткычтарды жасатып, айтор ишкерлердин биринчи мууну алып-сатмай эле. Акыры жүрүп, өз жолубузду таптык. Ошентип, "Дордой" деген империянын башын Салымбеков экөөбүз баштаганбыз, азыр ал жерде менин дагы үлүшүм бар, ошол менен оокат кылып жатабыз. Көбү мамлекеттин менчигиндеги чоң-чоң завод-фабрикаларды алышса, биздин байлык толугу менен ак эмгектен, маңдай терден жаралган. Мен бир дагы тоок кепе менчиктештирген жокмун. Ал турсун эски аэропорт жактан депутаттар алып жаткан жер үлүшүнөн дагы "Кой, уят, эми Байболовго эмне жетпейт" деп айтышпасын деп алганым жок. Мен эч убакта элдин, мамлекеттин үлүшүшө зыян келтирбедим, ал турсун машинемдин майын үнөмдөп, тээп жүрдүм. Тилекке каршы, азыр бир дагы үйүм жок, ижара алып жашап жатабыз. Өткөндө бир гезитке жазышыптыр "Америкага баарын соодалап кеткен" деп, эч кандай эч нерсемди соодалабай эле кеткем. "Кайра эми качан кайтабыз" деген ой менен үйүмдү бажама берип кеткем, ордуна үй салып бере тургандай сүйлөшкөнбүз. Учурда атамдын жеринде үй салынып жатат.
Кыргызстандагы бизнеске тоюп кеттим
- Баардык мүлкүмдү сатышка аракет кылып жатканым чын. Себеби, Кыргызстандагы бизнес мен үчүн кайгы менен муңдун, тынчсыздоонун булагына айланды. Кайсыл келген бийлик болсо эле каршылашып, элди ойлобой эле, өз жемин алып жатышпайбы. Ошону "туура эмес кылып жатасыңар" деп айтам деп, балээге калып жатпайымбы. Бийликке кошомат кылып, айтканынан чыкпай, аласа-бересесин тактап жүрсөң, ишкерлик Кыргызстанда жакшы эле кетет. Анан мага окшоп бура сүйлөгөндөргө бул жакта ишкерлик жасоо жөн гана кыйноонун түрүнө айланып, жүрөгүмө чий болуп бүттү. Ошондуктан, бул жактагы бизнеске жөн эле тоюп кеттим. Бир баштан баасы чыкса сатып туруп, башка мамлекеттен бизнес ачсакпы деген ой бар болчу, тилекке каршы эч нерсе өтпөй эле. Мындай олку-солку кырдаалда азыр Кыргызстанда эч ким эч нерсе албайт.
Саясат мен үчүн күрөш
- Маселен саясаттан көпчүлүгү киреше табат. Мага бул саясат чыгашадан башка эч нерсе алып келген жок. Эгерде мен 90-жылдардын башында Кыргызстандын эң бай адамдарынын катарында болсом, бүгүнкү күнү андай эмес. Себеби, мен күрөшкө өтө көп каражат жумшадым. Бир үй бүлөөдөн туура эмес саясий режимге каршы эки киши күрөштү. Мен акыркы убакка чейин кечке салгылашып барып, эртең мененкиге чейин тырп этпей уктасам, аялым тынчсызданып уктабай калган күндөрү көп болду. Күн батканда саясий күрөштү күн бүткөндөй унутам да, уктайм. Ден соолук Кудайга шүгүр.
Менден жакшы артист чыкмак
- Бала кезде кыргыз адабиятын абдан көп окудум, себеби атам кыргыз чыгармаларын жатка билген адам болгон, маселен "Каныбекти", "Жолборс терисин жамынган баатырды" тим эле ар бир эпизодун чооң чыгарма кылып айтып берээр эле. Ошол кишиден мага өткөн, мен дагы К.Баялиновдун, М.Элебаевдин, К.Жантөшовдун чыгармаларын толугу менен окуп чыккам. Кийинчерээк орус адабиятына жакын болдум, Лермантов, Некрасов, Пушкиндин ырларын жатка билчүмүн. Өз учурунда Кыргыз драма театрынын артисти болом дегем, бирок, каражаттын айынан окубай калгам, болбосо менден жакшы артист чыкмак. Кээде ырдайм, мурда комуз менен ырдачумун, азыр унутуп калдым. Гитараны дагы акыркы эки жылда колума кармай элекмин, себеби, музыка менен саясат абдан карама-каршы экен. Студент кезде ыр дагы жазып жүрдүм, бирок, улантканым жок. Бала кезде көздөгөн максатым бар эле, бир чет тилин үйрөнсөм, чет мамлекетте аз да болсо жашасам, бир музыкалык аспапта ойносом, бир драма жазсам деген. Баары аткарылып, бир гана драма жазуу калды. Бир китепти көптөн бери көздөп жүрөм, мүмкүн жаза алат болушум керек. Бир жазуучу айткандай, бир эмгек китепчесиндей китеп жазууга дараметим жетет, бирок жазгым келбейт, бир чоң чыгарма жазууга далалат кылам бирок, жазалбайм, экөөнүн ортосунда келатам. Менин өмүрүмө байланышкан китеп болот, эгер жакшылап сүрөттөп жазса, М.Элебаевдин "Узак жолундай" болбосо дагы ошого тете өмүр.
Көз жаш
- Мен ыйлабайм. Бирок, сезимим абдан эле курч. Бала кезде чоң атам 82 жашында тамдын үстүнөн кулап кетип көз жумду. Чоң атам Төөбаков Байбол ушул өрөөндө совет бийлигин орноткон, кедейлердин КомБед деген комитеттин башчысы болгон адам. Ташкентке чейин барып сьезддерге делегат болуп жүргөн адам болгон. Ошол окуяда чоң атам акыркы сөзүн айтканда, атам байкуш ыйлап жатса, мен чоң атама анчейин көңүл бурбай, атасынын үстүнөн үйрүлүп ыйлап жаткан атамды көрүп ыйлагам. Кечээ Мелисти жерге узатканда ыйладым. Акыркы жарым жылда күнүгө сүйлөшүп тураар элек. Мелис мээр чөбү бар адам эле. Мелиске таптакыр жиним келе алчу эмес, өзүнө да айтчумун, "Ай жубарымбек, ушу сага жиним келбейт" деп. Ал өзүнөн улуубу, же кичүүбү, касыбы, же досубу баардыгы менен бирдей мамиледе эле. Биз саясатчылар көбүнесе саясий сүйлөшүүлөрдү Мелис аркылуу жүргүзчүбүз. Илгери Бакиевдерден качып, Алма-Атада бир табактан чогуу аш ичип, бир туугандай болуп калган элек. Мен корголоп жүрсөм, менин үстүмө ал келип, корголоп жүрдүк да.
Утулуу
- 1995-жылы депутат болгондо, "бул саясий чөйрөнү мен дагы өзгөртүүгө салым кошом" деген оптимисттик ой болгон. 15 жылдын ары-бери жагында саясатта алпурушуп келатам, бирок, саясатта тескери динамика жүрүп жатат. Билимдүү калктын деңгээлинен билимсиз калктын деңгээлине түшүп баратабыз. Миңдеген балдар мектепке барбай, кат тааныбаган муун өсүп келатат. Турмуш деңгээлибиз төмөндөп кетти. Канчалык алпурушуп, согушуп келатсак дагы эң чоң өкүнүч, заманды өзгөртө алган жокпуз, система өзгөрүүсүз калды. Азыр "сот-мотуңа бар, билгениңди кылып ал" деген кылмышкерлердин өкүмзарлык заманына келип такалдык. Эмне кылаарыбызды билбей буйдалып турган кезибиз.
Өкүнүү
- Кайра бир жашоого келүүгө мүмкүнчүлүк болсо, саясатка эч убакта барбай, адамдардын кастыгын, чабалдыгын, кошоматчылыгын билбей, саясатчылар тууралуу жакшы пикирде жашап өтүп кетээр элем. Студент кезде галстукчан саясатчыларды көрүп, абдан билимдүү адамдар болсо керек деп ойлочумун, көрсө, өтө ыплас, пас касиеттердин баардыгы дал ошол жакта болот экен. Ушундан абдан ирээнжип, балдарымды эч убакта саясатка катышпайсыңар деген талапты коюп келатам. Мен саясатка аралашканыма абдан өкүнөм.
Маектешкен Азима АКУНОВА