Аскар Акаев:
"Ыңкылапчыл бийлик өлкөнү
6 жылда артка түрттү"
(Башы өткөн санда)
- Өлкөдөгү кемчиликтерге, азыркы кейиштүү тагдырга президенттер гана күнөөлүү деп ойлойсузбу же буга мам.чиновниктердин, оппозициянын жана коомчулуктун да салымы барбы?
- Албетте, бийликти басып алыш үчүн баарына барган, эч нерседен кайра тартпаган радикал оппозициячылардын күнөөсү зор. Анткени, саясий элитанын башындагылар элдин, өлкөнүн тагдырына жоопкерчиликти таптакыр унутуп салышкан. Кыскасы, кыргыз саясий элитасы демократиялык түрдө жеңип алгандарды сактап жана коргоп калганга жөндөмсүз болуп чыкты. Мамлекет башчысы катары бардык президенттер мамлекеттин ички жана тышкы саясаты үчүн жооптуу. Мен өзүмдүн кетирген катачылыктарымды, өзгөчө кадр тандоодогу жаңылыштыктарымды моюнга алуу менен бирге жоопкерчиликти өзүмдөн алып салгым келбейт. Ошентсе да турмуштун баардык жактарында демократиялык өзөктөрдү бекемдеп орнотууну, демократияны ар тараптан өнүктүрүүнү көздөгөн түз саясатты башынан эле кармангам жана жүргүзүп келдим. Биздин убакта көптөгөн оппозициялык партиялар жана кыймылдар бир катар мурдагы союздук республикалардагыдай эч кандай чектөөдөн, жазалоодон коркпостон калыптанганын ким танат? Кыргызстандагы оппозициячыл жапырт маалымдоо каражаттары КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бийликке карата айрыкча сынга алып ашынгандар болчу. Аларга Борбор Азияда америкалык өкмөт тарабынан каржыланган "Фридом хаус" деп аталган бирден-бир кубаттуу басмаканасы бар "ЖМКларды колдоочу Борбор" тирек болгон. Ал борбор чындыгында оппозициячыл маалымат мейкиндигине кожоюндук кылган. Дал ошол "Фридом хаус" 2005-жылы тынч турган элди "жоогазын ыңкылабына" чакырып, президенттердин алмашуусуна шыкак болду. Дегеле Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр Кыргызстандын ушундай ачуу тажрыйбасынан улам, эч бир тышкы күчтөргө, мейли өкмөттүк болобу же жеке менчикпи, өлкөнүн маалымат айдыңында кожоюндук кылышына жол бербөөгө тийиш деген тыянакка келиши керек деп ойлоймун. Буга кошумча, өлкөдө Улуттук демократия институту (НДИ), "Фридом хаус", Сорос фонду, Улуттук республикалык институт жана башкалар сыяктуу 5 миңден ашык бейөкмөт уюмдун аракеттенишинен улам, 2005-жылга карата Кыргызстан чындыгында Борбор Азиядагы "түстүү ыңкылаптарга" абдан ыңгайлуу жер болуп калган. Анткени, бизде жарандык коом абдан өнүккөн. Ошентсе да, Украинанын жана Грузиянын тажрыйбасы Борбор Азияга, атап айтканда Кыргызстанга туура келбесин көргөн долбоорчулар баңгизат мафиясына жана кылмыштуу чөйрөгө таянууну чечкен.
- Ошентсе да, башкы балээ эмнеде эле?
- Балээнин баары Бакиев менен кошо келген бийликтин зордук-зомбулук, ашынуучулук, саясий жана укуктук караңгылыкка кошул-ташыл болуп кеткенинде. Бекеринен Бакиев бийликке келээри менен саясий жана маалымат айдыңын өзүнө ылайыктап тазалоого, тың жана көз карандысыз журналисттерди, саясий атаандаштардын сөөгүн сөпөт кылып жок кылганга өтпөгөндүр. Ал эми мага жана менин үй-бүлө мүчөлөрүмө карата накта маалымат террорун баштады. Максаттары да ачык-айкын: эгемен тарыхты кайрадан өзүлөрүнө ылайыктап жазып чыгуу, андагы менин ысмымды таптакыр өчүрүү. Баса, мени кандай гана сынга алышпасын, аларга түшүнүү менен карап, критикаларына каршы эч бир жаман сөз айткан эмесмин. Убагында андайларга айкөлдүк кылганым элдин эсинде. Мисалы, 1990-жылы Оштогу кандуу окуялар боюнча мурдагы жетекчилердин бирине кылмыш ишин козгоону кеңеш кылышканда ага жол бербей койгонмун.
- Кыргызстандагы азыркы абалды кандай деп ойлойсуз жана мындан мыкты келечекке кандайча умтулуу керек?
- 2005-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн жана андан кийинки ыңкылапчыл окуялардын натыйжасында Кыргызстанда турмуштун бардык жактарында туруксуздук, ындын өчүү, маанай чөгүү байкалууда. Ошондон улам, өзүм туулуп-өскөн өлкөмдөгү кырдаалдын өөрчүшүн тынчыздануу жана чоң кабатырлануу менен байкап турамын. Жыйынтыгында төмөнкүдөй корутундуга келдим. Бүгүн саясий туруктуулук тууралуу айтууга болбойт. Премьер-министр андай болбойт дегени менен өлкө экономикасы дефолтко карай тездик менен баратат. Атаганат, мындай болбосо кана? Бирок, менин баамымда кандайдыр бир укмуш эле болуп кетпесе, жарым жылдай убакыттан кийин дефолт болоорун айтпай кое албаймын. Алсак, ЭВФтин маалыматына ылайык, бюджеттин таңсыгы дээрлик 580 миллион долларга, башкача айтканда ИДПнын 12%на жакындап калды. Мамлекеттин карызы 3 миллиард долларга келип такалды. Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өнүгүшү үчүн бюджет таңсыгы ИДПнын 3 пайызынан, же болбосо 150 миллион доллардан ашпоого тийиш.
- Сиз бийликте тургандагы абал кандай эле?
- 2000-жылдарда өлкөнүн бюджетинин таңсыгы 1-2 пайыздан ашпай турчу. А бүгүнкү жылдык инфляция 20-30% болууда. Бул КМШдагы эң жогорку инфляция болгондуктан калктын турмуш деңгээли албетте, төмөндөйт. Дагы алсак, бир кезде экономикалык көрсөткүчтөрү бизден алда канча төмөн турган Тажикстандагы жан башына киреше ЭВФтин маалыматына ылайык 1800 долларга жетип, Кыргызстандагы мындай көрсөткүчтөн эки эсе жогору! Ырасы, биздеги турмуш деңгээли 2004-жылы коңшу өлкөлөр менен тең болчу жана Тажикстанга караганда бир кыйла жогору болгон. Ал эми жан башына алынган кирешени жогорулатууга жылына 7% өскөн шартта гана кеминде он жыл керек. Башкача айтканда, Бакиев менен Отунбаеванын ыңкылапчыл бийлиги соңку 6 жылда эле өлкө экономикасын 10-15 жылга артка түртүп салды!
- Кандайча ушундай болуп калды?
- Анын жообу жөнөкөй эле Бакиев-Отунбаева бийлигинин элге курулай шаңдануу менен жыргалчылык убада кылгандан башка кандайдыр бир түшүнүктүү так саясий жана экономикалык программасы жок да. Мындай убадалар экономикадагы анык мүмкүнчүлүктөрдү эске албастан, эмгек акыны, пенсия менен пособиелерди жогорулата салуу аркылуу берилүүдө. Иш жүзүндө ыңкылапчылар экономикада алгылыктуу, сезилээрлик бир нерсени кыйратып жиберишкенин көрбөй турабыз.
- Ката кетирген учурларыңыз болду беле?
- Эми "жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт" дегендей, каталар албетте болду, бирок алар биздин ошол кездеги эбегейсиз жетишкендиктерибиздин түгүнө да турбайт го, чынбы? Балким, менин бир чоң кемчилигим, адамдарга өтө ишенчээктигимдир. Оппозиция биздин убакта гүлдөп өнүктү. Аларды өтө эле эркелетип койдум десем болот. Анан, эркиндикти каалаганча бердик. Мунун майнабы акыры төңкөрүшкө алып келип койбодубу. Ошентсе да, элиме ар дайым ишенип келгем жана ишене бермекчимин. Дал ошол улуу ишенимдин аркасы менен демократиялык мамлекеттин пайбудалын түптөбөдүкпү. Эми артка кылчактамай жок.
- Кыргызстандагы азыркы кырдаалды оң жагына өзгөртүш үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз?
- Ал үчүн болгону үч гана нерсени жасаш керек! Биринчиден, улутту ынтымакташтырган жана шыктандыра алган, элди ынтымак-ырашкердикке үндөй алган жаңы улуттук идея, саясий программа керек. Экинчиден, Кыргызстандын дүйнөдөгү демократиялык кадыр-баркын калыбына келтирүүчү демократиялык долбоор зарыл. Үчүнчүдөн, "2001-20011-жылдарга Кыргыз Республикасын Комплекстүү өнүктүрүү негиздери" сыяктуу узак мөөнөткө эсептелинген комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууга тезинен киришүү керек. Атаганат, биз иштеп чыккан жогорудагы ийгиликтүү программа 2005-жылы токтотулуп салынбаганда, Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абал бүгүн чөлкөмдө алдыңкылардан болуп калат эле.
- Мекендештериңизге кандай ой-тилектериңиз, каалооңуз бар?
- Артка кылчайып, карт тарыхка көз жүгүртсөк, кыргыз эли байыртадан мындан да кыйын кезеңдерди баштап кечиргенине, ага карабастан, улут, мамлекет катары бүгүнкүгө дейре сакталып калганына күбө болобуз. Демек, мунун баары кыргыздардын жан дүйнөсүнүн улуулугунан, эркинин майтарылбастыгынан кабар берет. Кыргызстандын элининин өзүнөн башка бизди эч ким азыркы кыйчалыштан, кризис абалынан алып чыга албайт. Бүгүн элге ыңкылапчылар эмес, жаратмандар, иштээрмандар керек! Элиме бакубат турмуш, бейпилдик, асманы ачык, маанайы жарык болушун тилеймин! Ылайым жаштардын таттуу кыялдары, элдин эңсеген жаркын тилектери орундалсын!
Маектешкен Лариса Асанбекова