Нургүл БЕЙШЕН
(Бу чыгарма
"Жанызак@басманын" менчиги)
Орошон кумар ошол түн
(Башы өткөн санда)
БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
- Билбейм. Эгер бардыгы башынан башкача болгондо…
- Ачык эле айтсаң?
- Өзүңдүн айткандарыңды өзүң угуп жатасыңбы, Нурлан? Ачык айт! Сен мага буйрук берсең эле аткара берчү компьютер деп ойлойсуңбу мени? Мен машина эмесмин, аялмын. Гемма эмесмин. Сен кнопкаларды басып, программалап койсоң эле, ойдогудай аял болуп кала албайм. Мага чо-оң… абдан чоң нерсе керек, Нурлан.
- Бир ооз эле сөзүң! Каалаганыңды айт, дароо аласың!
- Мен… - Баян көздөрүн жумду. - Нурлан, мен сезимтал адаммын. Сен Геммага буйрук бериптирсиң, эгер кичине эле өзүнөн тайыса, кабарла деп. Бирок, сен түшүнбөгөн бир нерсе бар, мен дайыма өзүмдөн тайып басып жүрөм.
- А менчи, мени тайыбайт дейсиңби?
- Менин билишимче, сен бир жолу ошол түнү гана тайыдың.
Нурландын өңү бузулуп кетти. Көздөрү күйгөн чоктой, көз карашы октой тийди Баянга. Кудай сакта! Баян демин алалбай калды. Нурланда ушундай толкундануу болот деп ким ойлоптур. Оттой жанган көз карашка туруштук бере албай кыйпычыктап калды. Өзүн беттеп келаткан Нурландын оюн көзүнөн көрүп:
- Кереги жок! - деп кыйкырып жиберди.
- Бир эле жолубу? Сен бир эле жолу деп ойлойсуңбу? Анда азыр эмне болорун карап тур, - деп Нурлан аялын куурчактай кучагына бекем кысты. - Эгер буга чейин түшүнбөсөң, алтыным, азыр менин тайып турган кезим экенин түшүндүрөм. Канчалык тайып турганым сенин түшүңө да кирген эмес!
- Токтот дейм! - Баян чекчейип кетти. - Жинди болбочу!
- Жүрү төшөккө? Эми чыдай албайм. - Нурлан Баяндын эринине жабышты. - Жок дебе мага азыр…
Нурлан болгон кумарын ушул өбүшүү менен билдиргиси келди окшойт. Тимеле тилин сууруп алчудай соруп киргенде Баяндын туруп бергенден башка чарасы калбады.
- Сен меникисиң, башка эч кимдики боло албайсың… - Нурлан Баяндын сырт кийимдерин чече баштады. - Сен мындай сексти, жаным, али көрө электигиңе кепилдик берем...
Баян анын кыймыл аракетине кандай жооп берээрин билбей эркине койду. "Жок!" дейин десе, эми кеч. Нурлан аны креслого жарым жылаңачтап басып алганга үлгүрдү.
- Сага эмне керек? - Баян угулаар-угулбас кыңкыстай шыбырап, Нурландын "тайып бараткан ташагына" чап жабышып, жанталаша өзүнүкүн тосо берди…
Нурлан Баянды кийинтип жатты. Ургаачынын табигый жыпары менен ууз сүтүнүн жыты кошулуп, каңылжаарын кытыгылайт. Бала жыттуу, кулун сындуу колукту… "Жытташып турушат" деген сөз бекеринен келип чыкпаса керек, Баянды канча жыттаса да моокуму канаар эмес. Кыязы экөөнүн жыты келишип калган өңдөнөт. Баян дагы аны мойнунан, көкүрөгүнөн шоркуратып жыттаганын байкаганы бар. Кызык айбанаттар ушун үчүн жытташып көрүп, анан түгөйлөшөт окшобойбу…
Тор эмчек кабын шашпа-ай кармалап, улам жыттап коюп отура берди. Белсуусу агып, кертмеги талыганы менен мына бул келбээрсиген келиндин жыпар жытынан ажырагысы келбейт. Нурлан жипкирчээк эркек. Минтип катындардын ич кийимин кармаламак турсун, бирөөнүн идишинен суу иччү эмес. Азыркы отурушун өзү сырттан көрсө, эмне дээр эле?..
Баянды карама-каршы сезимдер кыйноодо. Эркек издесе Нурландан ашыгын таппасы анык. Бирок жалаң төшөк менен жашоо өтпөйт да. Так кесер кол үзүп кеткенге да мүмкүн эмес. Кагаздагы нике тууралуу ата-энеси билсе эмне дешет? Нурлан деле кандай ойдо? Чогуу жашаганга көнбөйт да, күсөгөн күнү жетип келет деп жаткан жокпу, кудай уруп?.. Нурланды кирпик арасынан караса, астейдил анын байпагын кийгизип отурат. Уят ай! Баян өйдө болду. Нурлан аны бир башкача күлүмсүрөп карап койду. Нурлан чыныгы эркек, Мирбек буга салыштырмалуу бала эле болчу. Байпагын кийгизмек турсун башынан сылап койчу эмес. Энесине эркелегенсип дайыма андан сүйүү талап кылып, чыр чыгара берчү.
- Суусадыңбы? - Нурлан шире сунду.
- Ырахмат.
Нурлан саксайып кеткен чачтарын салаалап тарай оңдогон болду. Анын колдору тийген сайын ток ургансып Баяндын денеси дүркүрөп жатты.
- Нурлан, сен менден эмнени каалайсың, эмнени күтөсүң?
Жигит анын жүзүн эки колдоп көтөрүп, көздөрүнөн алмак-салмак өөп:
- Сен мага эмне берсең, эмнеңи ыраа көрсөң, ошонун баарын кабыл алам, - деди күлүмсүрөп.
Сезими жок деген Нурландын азыркы күлүмсүрөшү келиндин жүрөгүн эзип-эзип жиберди.
- Кантип эле түшүнбөйсүң? Менин эч нерсем жок. Сага татырлык эчтемем калган жок, - үнү буулуп көздөрү жашылданды.
- Андай дебе. Мага өзүң керексиң. Ушу турган турпатың менен керексиң. Сенде мен эңсеген, мен самаган көп нерсе бар, - көкүрөк топчусун топчулап жатып, эки эмчектин үрпүнөн өөп койду. - Эми муну кызымдан талашканым уят го, ыя, кандай дейсиң?
- Ооба да. Кокус сүт чыгып кетсе, эмчектеш болуп каласыңар, - Баян Нурландын колун түртүп, калган топчусун өзү бүчүлөдү.
- Кызым эмчектен чыкканча чыдоого туура келет. Мени азырынча башкасы деле тойгузат, - Нурлан келинди жамбашынан чеңгелдей өзүнө тартып, жанжерине такады.

(Уландысы кийинки санда)