Сандан-санга

Өзүмдү тапкан
жол
Академик, парапсихолог
Лариса Асанбекова

Себеби табылмайын оору айыкпайт
Бул тууралуу мен көп эле жолу жазып да, айтып да келатам. Физикалык денедеги ооруунун келип чыккан себеби. Көзгө көрүнбөгөн денелерде болот. Албетте, эгерде адамдын колу, буту сынган болсо бул физикалык дененин ооруусу болуп эсептелет. Дененин бир жери айрылып же үзүлүп кеткен болсо бул дагы физикалык дененин оорусу. Ал эми депрессия, уйкусуздук, жин оорулар жана көптөгөн башка оорулардын себебин тапмайынча ар кандай дарылар, уколдор убактылуу жардам бериши мүмкүн, бирок айыктырбайт. Көп учурда адам өзүн жүрөк оорулуу сезип врачка барат. Врач кардиограмма жасап көрүп эч кандай оорунун жок экенин айтат. Жүрөгү таза, анализи жакшы дегенден адам өзүн жеңил сезип калбайт. Чындап эле адамдын жаны кыйналып ооруп, эч кандай дары жардам бербейт. Себеби, анын оорусу көзгө көрүнбөгөн энергетикалык денеде болот. Мисалы, жүрөк органынын жакшы иштешине жооп берген 4-чакранын туура эмес иштешинен жүрөккө керектүү энергия келбей калат да, жүрөк "мага энергия жетпей жатат" деп адамга сигнал берет. Кандай оору болбосун бул сигнал. Эгерде адам органдар берген сигналды убагында угуп, чакраны туура иштетип, энергиясын калыбына келтирип койсо, тез айыгып кетмек. Адам баласы анткендин оордуна ар кандай дары -дармек менен оорунун "оозун" убактылуу басат. Мен муну жаңы төрөлгөн ымыркай ачка болуп ыйласа, курсагын тойгузуштун оордуна оозун упчу менен жапкандай элестетем. Упчудан сүт чыкпаганын билген ымыркай убактылуу алданганы менен ачка болуп ого бетер ыйлайт. Оору да дарыга убактылуу "алданып", анан мурункудан беш бетер ооруй баштайт. Ал бара-бара физикалык денеге өтүп, энергия жетпегендиктен ошол орган өзгөрүүгө туш болот. Мисалы, сууга жетпей чаңкап турган өсүмдүк деле бара-бара куурап калат да, өсүмдүккө күн, суу кандай керек болсо адамга энергия ошондой керек. Физикалык денеден башка көзгө көрүнбөгөн 6 дене бар экенин көп эле жазып жүрөм. Ошондуктан оору эмне себептен пайда болгон жана кайсы денеде жайгашканын билмейинче жана оорунун себебин жоготмоюнча оору айыкпайт.
Жети күндө айыккан 95 жаштагы абышка
Бир жолу менин кабыл алуума жергиликтүү калктын өкүлү таң атпай келип калды. Новый -Уренгой шаары Ямало-Ненецкий округунда жайгашкандыктан жергиликтүү калк ненецтер эсептелет. Жашы 35-38деги жигит кирип келип, атасы колу буту кыймылдабай. баспай калганын айтып жардам берүүмдү суранып атасынын паспортун берди. Менин таң калып карап калганымды байкаган жигит, "Атамдын сүрөтү да жок экен, ал Тундрада бугу багат. Паспортто сүрөтү бар эмеспи, ошондуктан алып келдим" деди. Паспорттогу кебетеси 60 жаштагыдай көрүнгөн бул адамдын туулган жылы 1911-жыл экенин көрүп аябай таң калдым. "Атам эч качан катуу ооруган эмес. Бир жума мурун бугуларын жайып, үйгө жетээри менен жатып калыптыр. Ошол бойдон денеси парализовать этип калды. Шаарга апкелдик, бирок атам дарыгерге таптакыр барбайм деп жатат. Мени элдик дарыгерге алпаргыла дегенинен сизге келдим, жардам бериңиз" деп жалдырап жиберди. Өзүмдүн ыкмаларымды колдонуп диагноз жүргүзгөндөн кийин эмне себептен ооруганын түшүндүм. Эми ал кишинин өзүнөн сурап такташым керек. Мен адамды сеанска аларда Жогорку күчтөрдөн айыгабы, айыкпайбы деп сурайм. Айыгат десе гана сеанс өткөрөм. Себеби ооруну мен эмес, мен аркылуу Жогорку күчтөр айыктырат. Ошондуктан алардын улуксааты жок сеанс жүргүзө албайм. Жогорку күчтөр айыгат деп макулдугун берээри менен абышкага жардамга жөнөдүм. Сакалы сербейген арык чырай, денеси өтө картаң эмес адам креслодо олтуруптур. Учурашкандан кийин, сиз байкабай турганда бир нерседен катуу корктуңуз беле? Сиздин көзгө көрүнбөгөн денеңизде энерго жандык кирип кетиптир. Ошондуктан кыймылдабай калгансыз десем, менин сөзүмө түшүнө албай, мени алып келген баласынан, жанында олтурган чөбөрөсүнөн алмак-салмак "эмне деп атат?" дегенсип карап калды. Орусча түшүнбөйт экен. Жанындагы чөбөрөсүнө баласы орусча түшүндүрдү, ал чоң атасына өз тилинде которуп берди. Ошол замат абышка башын ийкегилеп бир нерсени айтты. Чөбөрөсү мага орусча которуп берди. Абышканын баласы кичинекейинен интернатта окуп, өз тилин билбейт экен. Ошондуктан 12-13 жашар бала бизге котормочу болду. Абышка бугуларын жайып жүрүп кардын арасынан бир нерсеге чалынып барып өлгөн адамдын сөөгүн басып алган экен. ( Тундра мелтиреген кар, тоң болгондуктан адамды жерди казып көмө албайт. Өрттөгөнгө бак-дарак жок болгондуктан өлүктү жыгач ящике ( гроб эмес) салып атайын өлүк таштай турган жерге коюшат). Адамдын сөөгүн тепсеп алган абышка катуу коркуп аркасын карабай үйүнө жөнөйт. Келип жатып калган бойдон колу-буту кыймылдабай калыптыр. Эски киши эмеспи дарыгерге барбайм, элдик дарыгер тапкыла дегени, өзү да билген окшойт. Ошентип оорунун себебин тапкандан кийин сеанс жасадым. Жогорку күчтөр жети эле сеанс көрсөтсө, бул эмнеси деп таң калып койгом, кантип эле жети күн жетсин деп. Бирок Жогорку күчтөргө ишенгендиктен сеансты баштадык. Эки күндө колдору кыймылга келип, жетинчи күнү үйдүн ичинде таяк менен басып жүргөнүн көрүп аябай сүйүндүм. Балдары, неберелери атасынын басып кеткенине сүйүнүшүп, мага алкыштарын жамгырдай жаадырышты. Абышка колдоруман өөп, рахматын айтып, үйүнө барары менен бугу сойсом болобу деп сурады. Курмандык чалгысы келип жатканын түшүнүп, албетте болот дедим. Көрсө алар деле биз сыяктуу курмандык чалып, бугунун мүйүзүн жана дагы бир чөптөрдү кошуп түтөтүп аластанышат экен. Бизче айтканда кан чыгарып айыккандыгы үчүн кудайга ыраазычылык билдирип түлөө өткөрөт тура. Бул адамдын тез басып кетиши биринчиден, ооруганына убакыт аз болгон. Экинчиден, ал абышка элдик дарыгерден айыгаарына кынтыксыз ишенген. Үчүнчүдөн, ал адамдын айыгууга болгон каалоосу күч болгон. Ошондуктан "айыкпаган оору болбойт, айыкпаган адам болот" деп бекеринен айтылбагандыр. Адамдын ишеничи, каалоосу айыгуунун эң биринчи көмөкчүсү. Иисус пайгамбардын этегине көзүн сүртүп, көзү айыккан адамга, "сенин ишеничиң сени айыктырды" деп айткан экен пайгамбар.