Жөнөкөй маек

Камила Талиева, ЖКнын депутаты:
"Артыман жигит ээрчиген деле эмес"
Рубрикабыздын бүгүнкү коногу ЖКнын сакадай бою сары алтын депутаты Камила Талиева болмокчу.

- Камила Абдыразаковна, кандай эс алып келдиңиз?
- Бир айдан ашуун каникулда жөн эле жүрбөстөн эл менен жолугушууда болуп, ЖКке толгон-токой маселелер менен келдим. Бул жагы Көл, Нарын ары жагы түштүктү бүт кыдырдым. Лейлек районуна гана жете элекмин. Кадамжайда жер титирөө болгон күнү эле жетип эл менен жолуктум. Бизде жыгачтан курулган үйлөрдү сынчы үй деп коет. Баткенде үйлөрдүн басымдуу бөлүгү сынчы үйлөр болгондуктан элди сактап калды. Бирок, бир топ обүектилер кыйроого учурады. Турак жайлар жарактан чыкты. Кадамжайда маселе абдан көп. 3 мектеп жарактан чыккан, балдар палаткаларда билим алып атышат. Эртең суук түшсө кантет. Бул маселенин бары өкмөткө айтылды, Алмаз Шаршенович 10 млн. Кумтөрдөн алып ошол жакка жардам берем деп жатат. Айтор, көйгөйлөр абдан көп. Болгону Ысык-Көлдө 5 күн эс алдым. Калган күндөрү эл менен жолугушууда болдум. Элдин чочулаганы эле шайлоо тынч өтсө экен дегени. Кудай буюрса иштейм деген толук энергия менен келдим.
- Сизди ушул даражага жеткизген ата-энеңиз тууралуу билсек?
- Туура, асмандан түшө калып эле чоң даражага жетишип калбайт. Мен Лейлектин Маргун деген айылынын кызымын. Ал жерде тайене, таята, чоң эне, чоң апамын колунда өскөм. Аккан арыктан суу агат дейт. Мына шайлоодо барганда эл ушуну айтты. Анткени, чоң энем Касиет Жапарова учурунда эл башкарып, депутат болуп жүргөн. Бир канча жыл сельсовет болуп жүрдү. Аял кишиге аксакал деген титул беришип, өмүрү өткүчө "Касиет аксакал" деген наам менен эл арасында кадыр барктуу болду. Мына ушул кишинин да тарбиясы болду. Баланын тарбиясына чоң энелердин тарбиясы зор экенине ынандым. Азыр да чоң энемди билген улуу муундагылар Касиет аксакалды тартыптыр дешип, ошондой болсо жаман болбойт дешет. Бүгүнкү күндө небере менен улуу муундун ортосунда ажырым болуп калды. Илгери чоң энелерибиз жомок, башынан өткөндөрүн айтып отуруп тарбиялап коюшкан. Бала кезде эле кенже эпосторду чоң энелеримден уккам. Ата-энем эң алыскы айылдан келип жогорку билим алышыма түрткү болушту. Жалал-Абад облусунун келини болом. Келини элем, кызы болдум. Мамлекеттик кызматтарда иштедим.
- Бала кезиңизге бир кылчайып карасаңыз, кандай кыялдарыңыз бар эле?
- Бала кезде тентек элем. Тентектигимен тоого чыкканда гүлдөрдү аралап чуркайм деп бети-башым сыйрылып, таенемен уруш жечүмүн. Көзүң агып калат десе болбой бекинип алып китеп окучумун. Лейлекте килем токуйт да билесиң. Килемден килемге тынымсыз отуруп токучумун. Килем токуп жүрө берип, боюм да ошондон өспөй калган болуш керек. Болбосо үйдөгүлөрдүн баарынын бойлору узун. Бала чагымда сот болом дечүмүн. Жаштын тилегин берет деген чын окшойт. Мен бала кездеги кыялыма жеттим. Себеби, депутат деген мыйзам чыгарат. Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин юрфакка тапшыруу үчүн эки жылдык тажрыйба керек эле. Менде тажрыйба жок тапшыра албай калгам. Экинчи жагынан адабиятты да сүйчүмүн.
- ЖКнын чырайлуу айымдарынын бирисиз, жаш кезиңизде далай жигиттер чуркаса керек.
- Кыздарга караганда балдар менен бат тил табышчумун, тарса-турса бетке айтып, мүнөзүм эркекче болчу. Эркек балдарга назиктик көрсөтүп кылыктанган деген жок болчу. Жигит деле күтпөдүм. Мыкты окуган кыздар планканы жогору коюп алышат эмеспи, мен да идеалдуу жигит издечүмүн. Ал мезгилде жакшы окуган кыздарга жигиттер жолой алышчу эмес. Артыман жигит ээрчиген деле эмес. ЖОЖдо деле окуу менен алек элем. Турмушка деле сүйлөшпөй эле чыккам. Бүгүн көрсө эртеси ала качып кеткен. Кайненем аябай жакшы аял эле ыраматылык. Ошол кайненем үчүн эле жашап калдым окшойт. Өтө деле романтикалуу сүйүү көргөн эмесмин.
- Уулуңуз кайда окуйт?
- Жалгыз уулум болгону менен өзгөчөлөнткөнүм жок. Кичине кезинде тайене- тайатасынын колунда болду. Чоңойгондо өзүмө алдым. Бүгүнкү күндө депутаттын баласымын деген да түшүнүгү жок. Эл катары Славян Университетинде окуйт, курсташтары да билбейт депутаттын баласы экенин.
- Өүңүз жалгыздыкты сезбейсизби?
- Кээде жалгыздыкты сезесиң. Биз мамлекеттик кызматкер болгон соң бүт убактыңды кызматка арнайсың. Бош учурумда чыгармачылыгым менен алектенем. Жалгызмын деп деле айта албайм. Ата-энем, бир туугандарым, балам, кайын журтум бар.
- Депутат болгонуңуздан кийин кандай өзгөрүү болду?
- Чоң кызматтарда да жүрдүм. Миллиондон ашык эли бар Жалал-Абад облусун башкарып турдум. Ошондо деле жөнөкөй бойдон калгам. Мугалим киши жөнөкөй эле болот да. Досторуман, жакындарыман деле сен өзгөрдүң дегенди уга элекмин. Телефонум деле мурунку, эч өзгөрбөйт. Түнүбү-күнүбү кимиси чалса да жооп берем. Эски досторум менен ошондой эле катташам. Жок болсо өзүм издейм. Бирок, убактым тар болуп калат экен. Көп учурда туугандар менен катташа албай калат экенсиң. Элдин жүгүн алган соң өзгөрүү болот экен. Жөнөкөй мугалим болгондо чыгып сүйлөгөндү депутат болуп сүйлөгөнгө статусуң жол бербей калат экен. Кээ жерде ачуу чындыкты айткың келет, статус жол бербейт. Кээде катардагы жаран болсоң орой мамиле кылып чечип кое турган жерде да статус жол бербей сыпайы, этият мамиле жасай турган учур келет. өзүм орой болгонум менен ак көңүлмүн, 5 мүнөттө эле жазылам. Бетке айтканым табиятыман эле бар. Жаман көрүп калат деген жок менде.
- Аялдар ызакор келебиз, оор учурда көз жаш менен достошосузбу?
- Жок, көз жашты колдоно албайм. Көз жаш чыгарып алган жакшы болот. Ызаланганда чарт-чурт бетке айтып алам да унутуп калам. Майда-чүйдө маселелерди ойлонуп кыжалат болгондон алысмын. Болду, болгон жокпу барына каниет кылыш керек дейм. Ызаланбайм.
- Дайым жакшы формада жүрөсүз, сулуулук салондоруна көп барасыз го?
- Сөзсүз түрдө аял киши өзүн караш керек. Бул куранда да жазылган. Ыраматылык кайненем айтып калчу үйүң аптекадай деп. Тазалыкты тайенемден алдым. Аты Каламкаш эле. Үйдөгү устундарды да кырып жуучу экен. Ошондон улам "Каламкаш устун жубар" деген лакапка калган. Албетте, салонго барам. Бардык процедураны депутат болгонго чейин эле алчумун. 40 жаштан өткөн соң форманы кармаш керек. Эртең менен гимнастика жасайм, тамакты ылгап жейм. Күчтүү тамакты жебейм, витаминдүү жашылча жемишти көп колдоном.
- Ким менен сырдашасыз?
- Көп эле сырымды айта бербейм. Менин досторум деле саналуу гана. Жеке сырымды айтып ачыла бербейм. Себеби, сенин сырыңды жакын досуң билет, душман болгон учурда ошол душман болот деген жакшы сөз бар го. Ачык жүргөн кишиде сыр деле жок.
- Ийгиликке жетүү үчүн эмне керек?
- Ийгиликке жетүү үчүн эмгек гана керек. Кудайдын берген сыноолорунан өтүп, кумурскадай эмгектенсең эле жаман болбойсуң.
- Аял башкаруучу менен эркек башкаруучудан эмне айырма көрө аласыз?
- Айырма сөзсүз болот. Мамлекеттик кызматка аялдар көбүрөөк келсе. Аял киши эне болот, ар бир нерсеге өзгөчө олутту көңүл буруп жасайт. Алдыга коюлган маселени аткарганга умтулат. Эркектерге салыштырмалуу аялдардын эрки күчтүү, көздөгөн максатка көктүгүбүз менен жетебиз.
- Турдубаеванын торуна сиз да илинип акчаңызды алдаттыңыз эле. Депутат болгону ошол акчаңызды өндүрө алдыңызбы?
- Ак көңүлдүгүмдүн азабын көп тартам. Турдубаева татынакай аял, жакшы сүйлөйт, мүмкүн ошол мезгилдин саясий курмандыгы болуп калгандыр, азыркыга чейин ал кишини толук күнөөлөй албайм. Мүмкүн ошол мезгилдеги бийлик бир бурчка алып барып койгондур. Анын элди алдайын деген деле ою болбогондур деген сезимдер бар. Эл чоң суммадагы акчаларын беришкен. Мен дагы деле күтүп отурам. Бир ирет СИЗОго барсак ошол киши ал жерде экен. Ден соолугу начар болуп ооруп жатыптыр. Ошол жерде мен ага оорубаңыз деген гана сөздү айттым. Кызмат абалдан пайдаланып өндүрөйүн деген деле оюм жок. Орустардын жакшы сөзү бар го "лежачего не бьют" деген.
- Кабинетиңизден президенттин сүрөтүн көрө алган жокмун?
- Бизде мыйзамдуу президент болгон эмес, азыркы президентти да мыйзамдуу президент деп эсептебейм. Себеби, былтыркы референдумда президенттин аты көрсөтүлгөн эмес. Отунбаеванын президенттигин колдойсуңбу деген критерий керек болчу. Андай критерий жок болчу. Андыктан мен аны эл шайлаган президент деп эсептебейм. Чыныгы мыйзамдуу президент эми келет. Эгерде эл менен иштеше албаса аны культ кылып, кумир тутуп портретин илбейм. Президенттердин сүрөтүн илген да эмесмин илбейм дагы. Кабинетимде И.Раззаковдун портрети турат, бул кишини идеал, кумир тутам. Раззаковдун портретин ЖКке сунуштап, бүт депутаттардын кабинетине илдирип берүүнү уюштурдум. И.Раззаков чыныгы Кыргызстандын түптөлүшүнө салымы бар.

Мээрим Айталиева