Бабановго баа

Эч ким тана алгыс фактылар
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев башкарган Өкмөт үйүндө "Өлкөнүн Орточо аралыктагы Өнүгүү Программасынын" долбоору каралды. Жыйын соңунда КР биринчи вице-премьер-министри Ө. Бабанов 3 жыл аралыгында Кыргызстанга инвестиция түрүндө 9 млрд. доллар өлчөмүндөгү каражат кирери тууралуу айтып өттү. Бул өтө кубанарлык иш. Бирок, Бабановго атайын уюштурулган кара-пиарчылардын куйругу кимдер экени элге маалым боло баштады. Ошондуктан эл алдына өз оюмду айтып өтүүнү туура көрдүм.
Айрым ММКлар үчүн Ө. Бабанов менен М. Бакиевдин бизнеси бир болгон, ошол үчүн ал Жогорку Кеңештин "Альфа Телеком" ЖАКсынын активдерин "БиМоКом" ЖЧКсына өткөрүп берүү жөнүндөгү чечимине нааразы деген божомолдор жадатма идеяга айланды. "Альфа Телекомдун" акцияларынын 50 %ы М. Бакиевге тийиштүү адамдарга таандык экендиги ырас, бирок акциялардын 50 %ына ээлик кылган Soutfield Management Inc. менен 1 %ын көзөмөлдөгөн Vesatel United Limited компанияларынын акцияларына арест коюлгандыктан алар азыр жабык акционердик коомду башкаруу иштерине катыша алышпайт. Алардын акциялары мыйзамдуу же мыйзамсыз экендигин сот гана аныктайт. Ал эми биринчи вице-премьер болсо, ЖАКнын жаңжалы башталгандан бери анын акцияларынын бардыгын М. Бакиевдин кызыкчылыгына эмес, мамлекетке өткөрүп берүү талабын коюп келаткандыгын бардыгыбыз билебиз. Муну эң жөнөкөй логика менен түшүнсө болот.
Бабанов өкмөткө аябагандай оор, Кыргызстан бюджеттик жана социалдык милдеттенмелерин аткара алабы же жокпу, же айрымдар "көзү ачыктык" кылышкандай, Кыргызстан эсептелүү айлардын ичинде дефолтко учурайбы деп турган убакта келди. Аны камикадзе деп да аташты. Экономикабызда кескин секирик болбогон менен азыркы өкмөт мүчөлөрү, алардын ичинде экономиканы жетектеген биринчи вице-премьер, абалды турукташтырып, атүгүл өткөн сегиз айды 7% өсүш менен жыйынтыкташты. Бюджеттик таңсыктык дейбиз, бирок өкмөт бюджеттик кызматкерлердин эмгек акыларын эселеп, ал эми пенсияларды, жөлөк пулдарды 30-40 пайыздап көбөйткөнгө ресурстарды таап, аларды аткарууда. Ал эми октябрь айынан тартып пенсиялар дагы көбөйтүлгөнү турат. Булар эч ким тана алгыс факт.
"Мегакомдон" эле биринчи жарым жылдакта мамлекеттик дивиденддер түрүндө 860 млн. сом алынып, салыктык төлөмдөргө, социалдык фондуга чегерүүлөргө 594,3 млн. сом которулду. Анын жетекчиси, азыр издөө салынып, чет өлкөлөрдө жашырынып жүргөн Андрей Силич мурда кирешелердин көбүн жашырып, аларды оффшордук аймактарга жашыруун которуп келген. Ал азыр эң кеминде 100 млн. сомду алып чыгып кеткендиги боюнча күнөө коюлууда. Анан биз коррупция менен жакшы күрөшө албай жатабыз деп койуп, тетирисинче күрөшүп жаткандарга кара пиар технологиясын жүргүзүп келебиз.
Мындай фактылар толтура. Алардын такай көзөмөлдөп, кирешелеринин көлөмдөрүн так аныктап, милдеттүү салыктарын жана социалдык төлөмдөрүн өндүрүүдө өкмөттүн экономикалык-финансылык блогун жетектегендердин ролдору чоң экендиги талашсыз.
Азиз Турсункулов






  Көлдөгү көкөй кести

Чолпон Жакупова, укук коргоочу:
"Бүгүнкү бийликте авторитет дагы, административдик ресурс дагы жок"
- Чолпон айым, эгемендүүлүктун 20 жылдыгы боюнча кандай пикирдесиз? Бүгүн биз майрамдап, шаңдана турган деңгээлдебизби?
- Мен дагы сөздү эгемендүүлүктөн баштайын дедим эле. Менимче мамлекеттеги намыс, чыныгы эгемендик ар бир жаран өзүн-өзү урматтап баштаганда гана түптөлөт. Ошондуктан учурдагы абалыбыз менен суктанууга, шаңданууга, майрамдоого эч кандай негиз жок. Мен майрамдык маанайды деле байкаган жерим жок.
- Алдыдагы шайлоодо кыргыз эли татыктуу президентин шайлап аларына ишенесизби?
- Шайлоо деле ар бир жаран өзүн жана мамлекетти урматтап, сыйлаганда гана ийгиликтүү өтөт. Ошондуктан жарандарыбызда намыс, чыныгы атуулдук позиция канчалык деңгээлде экенин шайлоодон кийин байкайбыз го.
- Бул шайлоодо дагы мурдагыдай административдик ресурс иштейт деген чочулоолорго кандай карайсыз?
- Менимче 2011-жылдагы шайлоонун өзгөчөлүгү, кимдин президент болоору белгисиз болуп жатат. Ал эми 2009-жылдагы жана андан мурдагы шайлоолордо 90 процент Курманбек Бакиев же Аскар Акаев шайланат деген кепилдик бар эле. Бул ирет андай кепилдикти Алмазбек Атамбаевге ыйгарууга мүмкүн эмес. Мындайча айтканда эртең ким президент болуп калаарын айта албайбыз.
Ал эми Сиз айткандай административдик ресурс жакшылап эффективдүү иштеши үчүн күчтүү бийлик болушу керек. Ал эми Кыргызстанда мамлекеттик бийлик жокко эсе. Баарынан дагы шайлоонун алдында шашылыш түрдө шаарлардын мэрлерин кайра шайлоо, сотторду алмаштыруу процесстери жүрүп жатканы дагы кокустук эмес. Мына ошол кызматтан кеткен адамдар дагы Атамбаевге чечкиндүү түрдө каршы иштешээри бышык. Ал эми түштүк эли былтыркы кандуу коогалаңды унута элек. Мына ушундай жагдайда шайлоого бара жаткан премьер-министр утуп чыгат деп айтыш өтө эле кыйын.
- Ошентсе дагы акча менен сатып алышы мүмкүн деген кооптонуулар бар да…
- Тилекке каршы жарандардын көбү бийликте турган кандидатка "Бул баары бир элдин добушун акча менен сатып алат" деген чочулоо менен карашы мүмкүн. Бирок бул ирет андай чочулоолор дагы суу кечпейт. Эгерде ким 500 сомдон таратып элдин добушун сатып алам десе ал албетте жаңылышат. Ооба, биздин эл ак көңүл, айкөл эл. Акча менен, ар кандай убадалар менен алдоого мүмкүнчүлүк болгону менен эл эч качан унутпай турган кандуу окуялардын изи дагы деле өчө элек. Өлкө бийлиги эң башкы милдети болгон мамлекетти тартипке салуу вазийпасын унутуп, курулай популизм менен элди алдап шайлоого баратат. Ал эми шайлоо бул ар бир жарандын абсолюттук тандоо укугу. Ошондуктан элге айтаар кеңешим, ар бир жаран келечегин тандап жатканда намыс тууралуу дагы ойлоно жүрүшү керек. Кыргызстан алакандай мамлекет. Эл ар бир саясатчылардын кылык-жоруктарын абдан жакшы билет. Ким кандай кыймыл жасаганы, ким кимди алдаганы, ким кайсы тарапка өтүп, кайсы тарапка сатылганы, мунун бары айдан ачык нерсе. Ошого карабастан алар элди алдап, өз саясатын жүргүзгөнгө аракет кылышат. Эл дагы жаңылыш кадамдарды жасашы мүмкүн. Бирок, эч качан сатылбаш керек. Эгерде намысыбыз сатылып жатса анда башканы кантип кеп кыла алабыз?
- Бул жолку шайлоодогу талапкерлер купулуңузга толобу?
- Мен талапкерлердин тизмесин карап отуруп баягы эле эскилер экенин байкаган соң кызыктай абалда калгам. Бирок, башты жакшылап иштетип карай турган болсок арасында татыктуу адамдар бар. Менимче аны төмөндөгүдөй критерийлер менен аныктасак болот.
Биринчиден, Убактылуу Өкмөттүн мыйзамсыз декреттер менен мамлекетти хаоско түрткөн адамдарын албетте татыксыз деп баалайм. Экинчиден, мамлекеттик башкарууда таптакыр тажрыйба албаган, куру кыйкырык менен кресло ээлеп отуруп өздөрүн "бывший министр, бывший губернатор ж.б." атка кондуруп алган саясатчы сөрөйлөргө дагы ишенүүгө болбойт. Себеби, мамлекеттик башкаруудагы тажрыйба куру кыйкырыктан пайда болуп, асмандан түшпөйт да. Ал көп жылдык мыкты тарбия менен гана пайда болот. Үчүнчүдөн, белгисиз адамдарга мамлекеттик машинанын рулун ишенип тапшыра албайбыз. Алар канчалык алтын баштуу адамдар болушпасын, биз аларга көнгөн эмеспиз. Этегинде "Буга чейин коррупциялык схемага аралашпаган, мыйзам чегинен чыкпаган, чечкиндүү, дасыккан башкаруучулук тажрыйбага ээ кайсы талапкерлер бар?" деген суроо пайда болот. Ошондуктан алдыдагы 6 жылда Кыргызстандын тагдырын кайсы адамдын колуна тапшырып жатканыбызды билип, сезип, жоопкерчиликтин негизинде гана татыктуу талапкерди тандашыбыз керек. Ал талапкер жогорудагы талаптарга жооп бергенден тышкары чыныгы улуттук лидер, стабилдүүлүктүн гаранты, түндүк-түштүк жараатынын айыктыруучусу болушу керек. Эгерде ар бир жаран өзүн жана мамлекетти урматтай албаса анда саясатчылар эч качан мамлекетти урматтоого өздөрүн мажбурлабайт. Кечээ эки жээкте бирин-бири шыбап, душмандашып жүргөн адамдар бүгүн биригип алып шайлоого бара жатышат. Алар эртең мамлекетти кандай ыкма менен башкарат этеги кандай болот, мына ушуну ойлоно жүрүш керек. Болбосо эртең кеч болот.
Дайырбек Орунбеков