Сулайманов кимди сулайтканы жүрөт?
Чоң муштум Алтынбек Сулайманов муштумун көтөрүп алып түштүктө жүрөт дейт. Бу сапар Оштун жарымпаашасы Мелис Мырзакматовду кабинетине камап алып катыгын колуна берем деп шымаланып, ыңгайын келтире албай атыптыр. Бетке коюп, беделин түшүрүп мэрликтен алып салууну көздөптүр. 9-сентябрда шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Ошондо өз адамдарын көбүрөк "пехайтетип" шаарды колуна алып, келээрки шайлоодо кенен шарт түзмөккө эки көзү төрт. Бирок, артында калың колу бар Мырзакматов оңой "олжо" эме-ес…


Акылбек Жапаров ШОК кылабы?
Бу шайлоодо дагы кокту-колот саясаты колдонулуп, эл экиге бөлүнүп кетеби деген коркунуч карапайымдын кабагына кар жаадырып туру. Ал эми экинчи тарабы административдик ресурс колдонулуп шайлоо бурмаланса кезектеги пикеттердин парады башталат деген божомол менен божурашат. Жакында Акылбек Жапаров бул маселе боюнча талапкерлерди биригүүсүнө чакырды. Административдик ресурсту колдонууга каршы коомдук көзөмөл штабын (Штаб общественного контролья-ШОК) түзүү демилгеси, Ө.Текебаев, К.Байболов, К.Ташиев, М.Иманкулов, М.Султанов, Ө.Суваналиев ж.б. дагы бир топ талапкерлер тарабынан колдоого алынды. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеште маалымат жыйыны болоорун, ал жерде М.Иманкуловдун билдирүүсү боюнча парламенттик угуу өткөрүү сунушу да айтылаары маалымдалган. Эгерде, талапкерлер бирдиктүү аракетке өтсө административдик ресурска ишенип тургандарга кыйын болоору, А.Жапаровдун демилгеси бийликтегилерди чындап эле шок кылаары айдан ачык. Демек, азыртадан аламан ат салышта аралары бөлүнүп, эки жээкте топ түзүлө баштаптыр. Балким шайлоо жакындаганда биригип кетишеттир.


Парманкулов "пошел" деди
Талапкерлердин арасында Атамбаев, Ташиев, Мадумаров, Султанов, Түлеевдин ортосунда катуу таймаш болот дешип, калгандарын чабактар деп маани беришпей атат. Антсе да ошол чабактардын арасында тыңдары бар. Арстанбек Абдылдаев кол топтоодо алдыга кетип, 50 миң колду БШКга тапшырып салды. Ал эми Замир Парманкулов да кыйындардан калышпай чамынып жаткан кербези. Бу Замикең далайлар менен тартышып-тебишип өз чындыгына жеткен, айтканын аткарган өжөрлүгү бар эмеспи, учурда 100 миңди төлөп, бүгүн-эртең 50 миң ашык колду өткөрүп берем деп туру. Ал ортодо бизге кошул деп чабарман чаптырган бараандуу эки талапкерге тең "пошел" дептир деп эшиттик.


Айдар Акаев актанды
Күздөгү парламенттик шайлоо алдында "Ата-Журт Нариман Түлеевди алып келет!" деген шаңдуу чакырык менен "атажуртчулар" түзүк эле жар салышкан. Арадан ай өтүп, ынтымактуу көрүнүп аткан Түлеев менен Келдибековдун ортосунда келишпестик чыгып, басма беттеринен "поктошо" башташкан. Нариман Түлеев "Келдибеков менен Ташиев Айдар Акаевден акча сураган. Айдар 500 миң доллар берген" деп айткан. Андан көп өтпөй эле, Айдар Акаев орус тилдүү сайттардын биринде "шайлоо алдында кыргыз саясатчыларынын бирине да акча берген эмесмин. Зарылчылыгы да жок" дептир. Аны уккандан кийин бу саясатчыларың эртең угуп калбайбы дебей эле калп-чынды "балп" дедиреби деп аң-таң болдук. Нариман Түлеевге телефон каксак Москвада дешти, Ташиевден тактайлы десек телефонун албайт. Эмкиде Айдардын айтканы чынбы-төгүнбү бу экөөнөн эшитип көрөбүз.


Ташиевди эш туткан Текебаев
"Принцип" деген принциби бар Текебаев бу сапар бир аз кайратын жоготкон окшойт. "Бөлтүрүк" деп бөлүп жүргөн Камчы Ташиевдин "торпедасына" айланган имиш. "Түбөлүктүү талапкердин" бул жолку шайлоодо ишеними аз, таянары жоктой. Себеби түндүктү Атамбаев, таянып жүргөн Таласты Суваналиев бөктөрүп кетип, түштүктөн түңүлгөн Текебаев амалы жок айласыздан Ташиевдин көлөкөсүнө калкалап жүргөн тура. "Келме кезек" деп Ташиев ичинен жымыңдап, табалап атыптыр.


Тилиңе тибиртке дешеби?
Шайлоо таймаштын алгачкы туру эмитен баштала турган болуп калды көрүнөт. Тил комиссиясындагылар акырын шыбырап атышпайбы, Түлеев, Султанов, Суваналиев, Ташиевге окшогон лөктөрдү тил сынактан эле "сындыргыла" депатышат деп. Койчу кокуй, азыркы демократиялык заманда кантип эле ошентип калсын деп ишенбей атпайлыбы, анан аргасыздан эскини эстеп кетет экен киши. Акаев заманында да Масалиев, Суваналиев, Тойчубековдорду дал тил сынактан эле сындырышкан эле. Накта кыргыздын баласы болсоң да буларың чындап катасын тийгизсе, кыргыздын эски сөздөрүн убай-чубай узатып атып эсиңди эки кылып, тилиңе тибиртке түшүрүп анан 2 койуп чыгарып ийишет эмеспи. Мындай кылык-жорукту кыйладан бери көрүп келе жатабыз го. Жылаандын башын кылтыйткан бу тил комиссиясы жат жазуудан 5 ката кетирсеңер эле 2-3-сынака кирбейсиңер деп атышат дейт. Буларың мындай жобону кайдан калпып чыкты десең. Орой 12 ката кетирсең да 3 коюп өткөрүп жиберчү эмес беле. Эгерде Отунбаеванын бийлиги ушинтип ооз ачырса, чоң чатак чыгып кетиши ыктымал.


Түлеев түшө качпайт
Чөнтөгү калың Түлеевдин рейтинги көтөрүлүп бараандуулардын алдыңкысы болуп баратканда артынан ар түркүн сөз ээрчий баштады. Мадумаров, Султанов болуп биригишет экен дешти. Атамбаев менен сүйлөшүп Бишкек мэрлигине макулдугун берди кыязында да кеп кеткен. Түлеев мындайларга түк ишенбегиле, түшө качпайм, шайлоого барам деп атыр дейт. Муну мындан билиңиз, 100 миң сом күрөөсүн төлөп, 135 781 кол топтоп БШКга тапшырып эми экзаменди күтүп туру. Учурда Москвада жүрү. Москвага чоңдор эмнеге барарын эл айттырбай билет эмеспи. Биз айтпай эле коелу.


"Асман пресс"