Нургүл БЕЙШЕН
(Бу чыгарма
"Жанызак@басманын" менчиги)
Орошон кумар ошол түн
(Башы өткөн санда)
БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
- Биздин никебиз болбогон нерсе эмес. Мен үчүн олуттуу нерсе. Сен экөөбүз өзүбүздөн мурун Акбермет жөнүндө ойлошубуз керек.
- Кантип түшүнбөйсүң? Сен деле Мирбек сыяктуусуң, өзүңдүн сезимдериңди тышка чыгарбайсың!.. Муздаксың!.. Сүйө албайсың!..
Нурлан экрандан Баяндын түйшүк тартып, кыйналган жүзүн көрүп жатты. Ар бир сөзүн азап менен ичинен миң толгонуп айтып атканы көрүнүп турду.
- Эмне токтоп калдың? Сүйлө?.. - Нурлан аяса да, аягына чейин уккусу келди.
- Ал өмүр бою деңиз деп чалчыкка оонап жүрүп өттү. Чыныгы тереңдик эмне экенин сезген да жок. Сен болсо бүт сезимиңди деңиздин түбүнө чөгөрүп жиберип, жээкте отурасың. Кокусунан сезимдериң калкып чыкса, артыңды карабай качаарың бышык. Анткени сен аны тааныбайсың, өзүңдү-өзүң тааныбайсың!..
Нурлан таштай түйүлдү. Бүткүл эркин колуна мыкчып, каргылдана минтти:
- Баян, айта бер, эмнени айткың келсе, бардыгын айт?
- Акберметтин да ошондой жагымсыз, салкын, күүгүм чөйрөдө чоңоюшун каалабайм. Менин балалыгым шатыра-шатман, күлкү менен кубанычтын курчоосунда өткөн. Ошондуктан… - Баяндын андан ары керектүү сөз таппай жатканы экрандан эрине даана байкалды, - мен… мен көпкө чейин муздак өрөөндө жашагандыктан… эми андайга чыдай албайм…
Баян кызын көкүрөгүнө бекем кысып, үнсүз көз жашын төгүп жатты. Балким эчкирип жаткандыр, бирок Гемманын айынан ал азыр сөзсүз сүрөттү карап отурат. Нурлан айласыз баш чайкады. Тиштенди. Эриндери титиреди. Өзүн кайрадан колго алды:
- Мен сени түшүндүм, - Токтоо сүйлөгөнгө аракет кылды. - Эч качан Акбермет экөөңдүн жүрөгүңөрдү ооруткум келбейт.
- Нурлан…
- Баян, менден кам санаба, алтыным. Баары жайында. Эртең сүйлөшөбүз.
Акырын телефонду коюп койду да, экранды өчүр деди. Экран дароо жалп өчтү.
АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ
Баян Нурландын иш бөлмөсүндө отуруп алып, ойлонуп жатты: "Келген себебимди кантип түшүндүрсөм? Чындыкты айтканга эрки жетпейт".
- Баян, сен мени угуп жатасыңбы? Бул оюнчук нерсе эмес.
- Угуп жатам. Бирок түшүнгөн жокмун, - деп келин кабагын чытыды. "Азырынча кечээги кепти унута туруш керек окшойт. Ананыраак деле сүйлөшүп алаарбыз". Нурландын кебинин учугун улаган болду, - кандайча акча тартыш болот? Сен мага көрсөткөн кагаздар боюнча сонун эле го?
Нурлан кагаздан баш көтөрдү. Негедир ал Баянды түз карабай көзүн ала качты.
- Азыр атаандаштар көбөйбөдүбү. Мирбектен кийин ички сооданы көзөмөлдөгөн киши жок, мен Америкадан келгенче иш бир топ солгундап кетти. Ошондуктан тез арада ишти жолго коюшубуз керек, - Нурландын ойлору ордунда эместигин байкаган Баян ого бетер капаланды:
- Сага жалгыз оор болуп жатабы?
Чынында Мирбектин компанияга пайдасынан зыяны көп болчу. Сатып өткөрүү жагын тейлегени менен иш ордуна отурчу да эмес. Анан андан кутулганына сүйүнгөндүн ордуна Нурландын кейип жатканына бир чети таң калды. Компанияда Мирбектен беш эсе мыкты иштей турган кызматкерлер турбайбы? Бул жерде бир нерсе…
- Мен дале түшүнбөдүм?
- Анда беш манжамды санап түшүндүрөйүн. Өткөн жылы биз эч нерсе саткан жокпуз, бул бир. Мына жыл жаңырганы турат, а биздин бир дагы ишенимдүү кардарыбыз жок, эки. Мурункулардын да кээ бири баш тартышууда, үч. Ошондуктан жаңы кардарларды таап, төрт, эскилерди кетирбей кармап калышыбыз керек, беш. Эми түшүндүңбү?
- Мен эмне кылышым керек?
- Мен бир адамды байкап жүрөм. Мурунку депутаттардан. Байжигитов Канат деген неме, билесиңби? Байтикте чоң фермердик чарбасы бар экен. Гемма жөнүндө айтсам кызыгып калды. Эгер аны тартсак жаңы соода тармагын ачабыз.
- Менин ага кандай пайдам тиет?
- Сен ага Гемманын иштөө принциптеринин эң эле жөнөкөй экенин түшүндүрсөң болгону.
- Сен мени шылдыңдап жатасыңбы?
- Ал кызынан коркуп жатат. Ошон үчүн аны эч кандай татаал эместигине, кызы кыйналбай турганына ишендириш керек.
- Компьютерди сенден кыйын ким түшүндүрө алмак эле, өзүң үйрөтпөйсүңбү?
- Мен сага канча жолу түшүндүрөм…
- Билем, билем. Гемма машина. Ал ойлонбойт. Сезбейт. Болгону түрмөк провод менен кнопка. Туурабы?
- Анан да жасаган конструкторунун эле өзү! - Нурлан тиштене кошумчалады.
- Тултуйбай эле кой. Мен баш тарткан жокмун го?
- Чын элеби? - Нурлан үстөлдөн шарт турду. - Ооба, бул өзүң ойлоп тургандын дал өзү. Чынбы?
- Болуптур, көрөбүз. Андан көрө айтчы, сен эмне эле экөөбүздүн никебизди жайына койгуң келбейт? Чынында экөөбүздүн ортобузда ошол бир түндөн башка эч нерсе жок да.
- Жөнөкөй эмес сыйкырдуу түн, - Нурлан терезени көздөй басты.
- Макул дейли. Бирок бирге жашоо үчүн бул жетишсиз.
- А Акберметчи? Ал да негиз боло албайбы?

(Уландысы кийинки санда)




  Күркүрөгөн күз келди

Той өткөрөсүңөрбү эй, топук кыргыз!
12 айдын берекелүүсү күз айы да кирип келди. Кыргызда эмне көп, той көп дегендей, тойлор башталат. Мурун жеңелер чара-чара боорсок жасашып, казан-казан эт асылса, учурда той-аштын баарын кафе-ресторандарда өткөрүү салтка айланды. Кыргызстан кедей, жашоо оор дегенибиз менен той берүү жактан алдыбызга киши салбайт экенбиз. Борбор калаабыздагы эң кымбат делген эки ресторанда, ал тургай кафелерде сентябрь эмес октябрь айына орун жок экен. Той берем дем чамынгандарга маалымат


Дастаркон
Союш
o Жылкы 60миңден жогору.
o Тай 35-40 миңдин тегереги.
o Уй 45 миңден өйдө.
o Кой 7-8миң.
o Боорсок килограммы 70сом.
o Нан 10 сомдон жогору.
o Момпосуй килограммы 100 сомдон өйдө.
o Печенье 100 сомдон жогору
o Торт килограммы 300 сом (100 кишиге 10кг).


Мөмө жемиш (1 кг)
o Алма 35-50сом.
o Алмурут 35-50сом.
o Дарбыз 6 сом.
o Коон 25 сом.
o Жүзүм 80-90сом.
o Банан 90 сом.
o Шабдаалы 65сом.


Суусундуктар
o Минералдык суу 20 сом.
o Шире 3литр 120сом.
o Таттуу суусундук 35 сом.
o Арак 75сомдон өйдө.
o Коньяк 120сомдон жогору.
o Вино 70 сомдон өйдө.
o Шампан 130 сомдон өйдө.

Кафе-ресторан
Төмөндөгү каралган баага үч же төрт түр салат, 2 түр тамак, бир суусундук кирет
o Эң кымбат ресторандар киши башына 1600 сомдон.
o Бул ресторандарга той бере тургандардын саны 200 адамдан жогору болушу кажет.
o Орточо кафелердин баасы киши башына 600 сомдон.
o Спирт ичимдиктерисиз халал той берем дегендерге да шарттар түзүлгөн. Киши башына 500 сомдон айланат
Тамада-ырчылар
o Тамадалар 200 доллардан жогору алат.
o Музыкант, бир ырчысы кошулса 300 доллардан ашат.
o 200 адамдан жогору болсо 400-500 долларга барат.
o Белгилүү тамадалар 500доллар сурашат.
o Башка областтарга чакыра турган болсоңор 600 доллар коротосуз.
o Ырчылар 2-3-ырга 200 доллардан жогору алышат.
o Бийчилер 150 доллардан өйдө бийлешет.