Тагдыр

Жашоо
айлампасы

Күн жаңы гана уясынан көтөрүлүп, жер жүзүн өзүнүн алтын нуру менен боеп, адамдарга тирүүлүктүн ырахатын сунуп жатты. Канышай күндүн чыгып келе жатканына суктануу менен терезени бир топко чейин тиктеп турду. Жаздын сыдырым жели ачык турган терезеден үйдү көздөй кирүүгө ашыгат. Бир убак артынан бирөө келип ийне менен сайып жибергендей селт этип артын көздөй бурулду. Кызынын бөлмөсүнө жакын келип эшигин аярлай ачты. Баардык нерсени унутуп уйкунун кучагында термелип жаткан кызынын маңдайына келип ийилген кашына, төгүлгөн кундуздай чачынан сылап көпкө турду. Мына эми убакыт да келип калды, кызынын бирөөнүн колун кармап турмуш жолуна аттанып кетсе бир үйдө жалгыз калаарын эстеп ичинен сыздап алды. Маңдайынан сылап эркелете:
- Адинай, тур кызым жумуштан кечигесиң... Бүгүн ишемби, жумушуңдан эрте кайтсаң базарга чыгып келели.
- Мам, бир аз уктай турайынчы...
- Кой, кызым убакыт болоюн деп калды. Мен чай коюп турайын.
Канышай кызынын маңдайынан өөп, ашкана тарапка чыгып кетти.
Адинай бир саамга ойлуу шыпты тиктеп жатты. Кече күнкү Жапаркуловичтин башкача тиктегени эсине түштү. Компанияга ишке кирген күндөн баштап жанынан айланчыктап кетпей, жардамын аябай келет. Кырктын кырына келип калса да сынынан жазбаган, сулуу чумак, адамкерчиликтүү, бир көргөн адамды өзүнө тартып алчу кандайдыр бир касиети бар.
Кабылдамага кирээри менен Жапаркулович Адинайдын алдынан чыкты. Бүгүн өзгөчө ажарлуу болуп кетиптир, күлүмсүрөй келип;
- Кандайсың Адинайка, жакшы жатып жай турдуңбу. Сени акмалап карап турдум эле, бүгүн экөөбүз бирге түштөнүп келели, макулсуңбу?
- Рахмат агай , мен өзүм эле...
- Жо-ок, рахматты кийин айтасың, мен сени маңдайыбыздагы кафеден күтөм.
Адинайдын жообун күтпөстөн жогорку кабатка көтөрүлүп кетти.
Ошентип күндөр бирин-бири кубалап өтүп жатты. Берекесин төгүп күз дагы кирип келди.
- Карасаңыз тээтигил бактагы кыпкызыл болуп бышкан алманы.
Адинай эркелей Ариеттин көкүрөгүнө башын жөлөдү.
- Алып берейинби сага...
- Алып бере алсаңыз эле.
- Кантип алып бере албай калам, мына минтип эле алып коебуз.
Астындагы орундукка жөлөнө, алманы бактан үздү да Адинайга кош колдоп сунду
- Менин айдай болгон периштем бул сиздин кулуңуз болгон Жапаркуловичтен.
Көп убакка чейин паркты аралай экөө тең үнсүз басышты. Ар кимиси өз ойлору менен алек. Аңгыча тынчтыкты Ариет бузду;
- Билесиңби Адинай эмнегедир сен менин оюмдан такыр кетпейсиң, сен тарапка кандайдыр бир күч тарта берет. Эгер балким он беш жыл эрте жолуксаң мен сени биринчи ирээт көргөндө эле алып кетмекмин. Азыр минтип кечиккен махабаттын туткуну болуп жүрөм. Сен балким жаш солкулдаган жигиттин колун кармап кетишиң ыктымал. Анда эле менин күнүм кандай болот. Бир убакта жоготкон бактымды экинчи ирээт жоготууга жол бербейм.
Оор үшкүрө Адинайдын көздөрүнө тигилди. Бул көздөрдү бир убакта жолуктургандай боло берет. Ооба бул махабаттын күчү. Бул көздөр үчүн баарынан кечип кетүүгө даяр эле.
- Агай, мен өзүмдөн 23 жаш улуу адамды сүйүп калам деп үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Мен баардыгын апама түшүндүрүп айтам. Апам баардык нерсени түшүнөт.
- Ооба, периштем баардыгы экөөбүз ойлогондой болсо экен.
Жапаркулович кыздын көздөрүнөн алмак-салмак өпкүлөдү.
- Адинайка бүгүн сен менин коногум болосуң, каршымын деп айтпайсың, мейлиби? Үйгө барганда апаң жок болсо жалгыз эмне кыласың?
- Жо-ок, агай мамам балким түнкү рейс менен учуп келиши мүмкүн. Мен үйгө барышым керек.
- Мейлиң анда, үйүңө жеткирип коеюн сулуу.
- Агай рахмат, кыргызда сөз бар эмеспи босогодон киши узатпа деген. Жүрүңүз үйгө кирип чай ичип кетиңиз.
Бирге чай ичишип, өткөн-кеткенди кеп кылып көңүлдүү отурушту. Бир убакта Жапаркулович туруп музыканы койду да, Адинайды бийге чакырды. Жай музыканын ыргагында термеле бийлеп жатышты. Жапаркулович кыздын бир укмуштай жытына мас боло алкымынан аймалап кирди. Адинай да ага каршылык көрсөткөн жок. Экөө тең эч нерсеге туруштук бере албай, махабаттын көлүнө чөмүштү.
Кызуу уйкуда жатканда эшиктин жабылып үйгө бирөө келгенин сезген Жапаркулович өйдө турду. Адинайдын апасы экенин сезди. Кыз эч нерседен капарсыз мемиреп уктап жатты. Кийинип болгон соң, бөлмөдөн чыкты. Аңгычакты конок бөлмөдөн чыккан дабыштан артын карай бурулду. Маңдайында турган аялдын өңү кумсарып, көздөрү чанагынан чыга калчудай Жапаркуловичти тиктеп турду да көздөрү аңтарыла бир жак капталына ооп бара жатты. Бул көрүнүшкө түшүнө бербеген Ариет чуркап келип кармап калды. Диванга алып келип жаткызып, кетейин деп турганда
- Токто...токтой тур- деген Канышайдын сөзүнөн маңдайына келип отурду.
- Өзүңүздү жакшы сезип калдыңызбы, суу алып келип берейинби?
- Сен мени тааныбай турасыңбы?
- Жок мен сизди тааныйм. Сиз Адинайканын апасы болот эмессизби. Кечээ Адинай жалгыз калганынан конок болуп келип... Мен сизге баарын түшүндүрүп берем... Мен Адинайды сүйөм, үйлөнөбүз жакында. Сизге Адинай айта албай жүрөт эле. Жашың улуу экен дээрсиз, бирок сүйүүгө айла жок экен. Мен бактылуу кылам...Биз...
- Токтот, сөзүңдү акмак...!
Канышай ордунан тура калып, башын мыкчый кармап отуруп калды. Бул көрүнүшкө түшүнө бербеген Ариет аң-таң болуп туруп калды.
- Оо, Кудай менин кайсы күнөөм үчүн мынча жазаладың, буга чейинки көрсөткөндөрүң жетет эле го. Сен эмне кылып жатканыңды билип жатасыңбы?
- Кечиресиз, мен эч нерсеге түшүнө алган жокмун. Ооба мен күнөөлүмүн үйгө келбешим керек эле, бирок баардыгы кеч болуп калды, мен Адинайды алам, ансыз жашай албайм.
- Сен 23 жыл мурдагы күндү эстечи. Айылга командировкага келип биздин үйгө жашаганыңды унутуп калдыңбы. Ошол үйдө жүргөн чачы өрүлгөн 18 жаштагы кызды унуттуңбу! Ошол күндөрү сүйөм деген сөздөрүң кана. Кетээр күнүңдөгү кереметтүү түндөн калган кызың Адинай, акмак!
Ариет уккан кулагына ишенбей, дендароо болуп, бүткөн бою дирилдеп кетти.
- Каныш, сенсиңби... Мен акмак эмне кылдым...Адинай менин кызымбы...оо жараткан...Сен эмнеге мага айтпадың..? Эмнеге мени издебедиң... Каныш?!
- Дипломумду алсам, сени өзүм келип алып кетем деп кетпедиң беле. Боюмда болгонун кеч билдим. Шаарга келип издештирдим. Ошол кезде менин колумдан эмне келет эле, айтсаң?
Экөө тең эмне кылаарын билбей отуруп калышты. Аркы бөлмөдө Адинай тизесин кучактап ыйлап жатты. Ал менин атам беле... Мен өз атам менен бир төшөктө ... Кечиргиле мени баарыңыр, мама кечир мени, мындан аркыга чыдай албайм... Кыз ордунан термелип туруп, ачык турган терезеден боюн таштады.
- Кечир мени Каныш, мен эч нерсени билбедим, күнөөмдү оо дүйнөдөн тартайын.
Жапаркулович ордунан туруп, Канышайды бир карап алды да, артынан бирөө кармап алчудай болуп эшикке атып чыкты.
Бир саамга эсине келе албай Канышай үнсүз жатты. Бул шумдукка кимди күнөөлөөрүн билбеди. Тагдырдын эмне деген тамашасы. Жашоонун айлампасы ушул беле. Аңгычакты сыртта тез жардамдын сигналынан чочуп кетип, ордунан турду да кызынын , бөлмөсүнүн жанына туруп ойлоно кетти. Сөздү эмнеден баштайм, эмне деп түшүндүрөм, түшүнөөр бекен. Чечкиндүү кадам таштап бөлмөгө кирди. Бөлмөдө эч ким жок. Жүрөгү бир нерсени сезгендей "зырп"деп алды. Ачык турган терезеге кандай жеткенин билбей калды. Ылдый жакта адамдар чогулуп, ортодо Адинай көмкөрөсүнөн жаткан эле. Канышай жүрөк тушун кармаган бойдон дубалга сүйөнүп келип жерге олтуруп бир онтоп алды да башы оң жагына "шылк" дей түштү.
Эртең менентен бери күтүп отурган Адил ары-бери басып жатты. Анын ар бир басыгын жаман көзү менен карап олтурган секретарша кыз;
- Агай кабинетке эч кимди кийирбе деген дедим го. Балким бүгүн жолуга албайсыз. Кете берсеңиз болот.
Айласы кеткен Адил Иманкулович шефтин кабинетинен чыкпасына көзү жетип, секретаршанын каршы болгонуна карабастан өзү баш бакты. Көз алдында оң колуна тапанчаны мыкчый кармаган, денеси эчак муздаган Жапаркулович жерде жаткан эле...

Гүлзат САДЫРБЕК кызы