Жексур

Кадыржан Батыров аброюн 50 млн. сомго баалады

Ошту канга чылап, Убактылуу Өкмөттүн мезгилинде кан менен келген бийлик өкүлдөрүнүн колтугуна жашынып каргаша уюштурган Кадыржан Батыров бүгүн бет тырмалык кылып туру. Кыргыз парламентине күнөө тагып, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өзүнө келтирилген моралдык зыян үчүн мамлекеттик казынадан 50 миллион сом өндүрүп берүүнү сураган. Окуя болгон маалда өлкөдөн өз жанын ала качкан Батыров интернет-сайттардан кайрылуусун байма-бай жарыялап, өзүнүн сүттөй ак экенин далилдегенге далбас урду. Учурунда УӨнүн тийиштүү кызматы бул бузукуларды кармаганга аракет кылган жок. Айрым маалыматтарда УӨ мүчөлөрүнүн жардамы менен жол ачылып, сыртка чыгарылганы айтылган. Ош окуясына чейин Батыров бир тууган Текебаевдер менен санаалаш болуп, Асылбек Текебаевдин ынак досу болчу. Бир катар акцияларды бирге уюштуруп, Бакиевдин үйүн өрттөп, желекти күйгүзгөн дагы дал ушулар. Айрым билермандардын баамында УӨ апрелден кийин түштүктө кадыры сиңбей, элди башкарып алуунун максатында өзбек-кыргыз чыры ойлонуп чыгарылган дешет. Кээ бирөөлөр мурдатан Батыровго окшогон бузукулардын кутуму менен даярдалганын баяндашкан. Ошол маалда өзбек талпалары жер-жерлерде чакырык менен курал көтөрүп жүрүшкөн. Ага "кой" деген кожо болгон эмес. Батыровго бийик сүйлөгөндөргө "мен Текебаевдин тапшырмасы менен жүрөм" деген жоопторду узаткандыгы депутаттык комиссиянын жыйынтыгында белгиленген. Кийин кармап келүүгө мажбур болгон бийлик Батыровдун изине түшкөндө "эгерде мени кармоого аракет кылсаңар бар чындыкты айтам. Анда бир тобуңдун абийириңер ачылат" деп коркуткан дейт. Демек, бул окуянын жүйөөсүнө таянсак УӨбашчыларынын бир тобу өз элине кыямат тартуулаганга жол ачкан.
Ошту бир тобу изилдеп, ким күнөөлү экенин айтышты. Алгач парламенттик шайлоо алдында "Ата-Журттан" айгай салган Камчыбек Ташиев "бийликке келсем Ош окуясынын пардасын ачып, кылмышкер УӨ мүчөлөрүнүн маскасын сыйрыйм" деп жер сабап атып элдин добушун алган. Текебаев менен тепкилешип, "сен бөрү", "сен бөлтүрүк!" деп кол кезешкен. Айтор, айкырып аткан Ташиев жылуу креслого жеткени "жым" эле болуп калды. Көрүнгөндөн муш жеп, мурду канады. Баркы кетип, сөзүнүн өтөөсүнө чыга албай калды. Жалгыз гана Жылдызкан Жолдошева Оштун ийне-жибине чейин изилдеп, ЖоКе залында күнөөлүүлөрдүн бетине айтты. Текебевдин терс иштерин ачык жарыялады. Текебаев теригип да койгон жок, кайра "ал убакта мен Башмыйзам жазып аткан болчумун" деп тим болду. Айтор, алабарман саясатчылар ар нерсени айтып оозун жыйып бүткүчө Батыров баш көтөрүп, кыргыз бийлигин доого жыкмай болду. Моралдык жактан бузулган "моралын" коргоп 50 миллион сом талап кылыптыр.
Батыровдун айтымында парламент соттордун чечими жок эле, күнөөлү деп айыптап чыкканына күйбөгөн жери күл болгонун айтат. Ал эми ЖК депутаты Токон Мамытов "Каза болгон кыргыздар менен өзбектер өзүнөн өзү кагышып кыргын түштү беле. Кадыржан Батыров менен Инамжан Абдрасуловдор сепаратисттик картаны ойноп, элдин бүйүрүн кызыткандан улам келип чыкпадыбы?Мурдатан эле элдин канын кызытып, улутчулдукту көтөрүп жатышкандыгы боюнча фактыларды кайда жашырабыз" деген оюн айткан.
Эмне себептен ошол сеператистер карта "ойноп" атканда кыргыз бийлиги ооз ачкан эмес. Мандемдин баары ушунда. Ал эми саясат талдоочу Абдымомун Мамараимов жогорудагыдай мазмундагы түздөн-түз айыптоону соттор гана чыгарууга укуктуу экендигин парламент эстен чыгарып койгонун белгилеп кеткен. Анда мыйзамдын күнгөй-тескейин билбеген парламент оозун ачып кайсы жакты карап атат болду экен? Билерман бийлигиң болбосо, ишенген Отунбаева башкаларга жан тартса анан минтип Батыровдор баш көтөрөт да. Кызыгың түшкүр, сепаратистерди калкалап, жолун тазалап качырып жиберип, анан калп эле ар шылтоону айткан УӨнүн кылыгына жан кашаят. Болбосо айай көрүнгөн күч органдардын башчылары Дүйшебаев менен Бекназаров кайда жүрүштү десең. Чагымчыларды кармай албаганына күйөсүң да. Кап...




  Быкшыма

Мирослав Ниязов, экс-коопсуздук кызматынын катчысы:
"Кадыржан Батыровдун айтканында чындык бар"
- Кадыржан Батыров "күнөөсүз жерден абийириме шек келтирип, соттун чечими жок айып таккан парламенттен 50 млн. сом доо өндүрүп бер" деп кайрылыптыр.
- Сот өтүп атканда Кадыржан Батыров ж.б. күнөөлү делинип аткандар жок болгондуктан муну бир жактуу жооп бергенге кыйын. Батыров аркылуу убактылуу бийлик көп максатын ишке ашырган. Эртели кеч бул иш аягына чыгып такталат. Жогорку Кеңештин Ош окуясын изилдеп чыкканы эң жеңил ойлулук менен изилденген чечим. Анткени, окуянын негизги себептерин айткан жок. Негизги аракеттер Фергана өрөөнүн толугу менен көтөрүп, дестабилизация кылабыз, согуш чыгарабыз деген аракеттер болгон. Булар кайсы бир факторго көз салып, жалпы көйгөйдү көрбөй, жыйынтыгында эч ким жоопко тартылган жок. Ош окуясына чейин 100 баланын көкүрөгүн Бакиевдерге тостуруп берди, түштүктө кандын убалын ким алат баары билинет.
- Кадыржан Батыров күнөөлү эмесмин деп атат, туурабы?
- Анысы туура. Ал сыртта жүрсө булар билгенин жасап атышат. Негизги күнөөкөр деп аткандар сотко келген жок, ошондуктан үстүртөн карап, тезирээк бүтүрөбүз деген аракет менен жүрүшөт.
- Кылмышкер аталгандарды кармап келгенге дараметибиз жетпейби?
- Ага аракет кылып, керек болсо сүйлөшүп иликтеш керек.
- Иликтеген бирөө барбы?
- Буларга абдан ыңгайлуу болуп "Кадыржан келбесе экен" деп сүйүнүп атышат. Эгер ал келсе көп нерсени айтып, беттерин ачат. Алар "Убактылуу Өкмөткө оюнчук болуп, курал болуп калдык. Жаманаттысы бизге калды" дешүүдө. Кадыржан Батыровдун айтканында чындык бар...





  Биле жүр

Кыргыз Республикасы жөнүндө
1991-жылдын 31-августунда Кыргызстан эркин мамлекет деп жарыяланган. 1993-жылдын 5-майында Республиканын Конституциясы кабыл алынган. Борбордук Азиянын орто бөлүгү, Теңир-Тоо аймагында жайгашкан. Республика түндүк жана түндүк-чыгышында Казакстан, чыгыш жана түштүк-чыгышында Кытай менен, түштүк жана түштүк-батышында Тажикстан, батышында Өзбекстан менен чектеш. Батыштан чыгышка карай 925 чакырымга, түндүктөн түштүккө карай 415 чакырымга созулат; чек аранын жалпы узундугу 4508 чакырым, болжол менен түндүк кеңдигинин 39 жана 43 градусунун ортосунда турат.
Республиканын аймагынын 90%га жакыны деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктикте турат. Орточо бийиктиги 2750 метр, эң чоң бийиктиги 7439 метр (Жеңиш чокусу), эң төмөнкү жери 401 метр (Лейлек району), климаты континенталдык. Дайралардын көпчүлүгү Сыр дарыяга куят. Көлдөрү көп, алардын ичинен эң чоңу Ысык-Көл (аянты 6236 чарчы чаккырым). Кыргызстандын аянты 198,5 миң чарчы чакырым. Кыргызстанда калктын 35%ы шаардыктар, ал эми 65%ын айыл калкы түзөт. (1999-ж.) Административдик жагынан Кыргызстандын аймагы жети облуска бөлүнөт. Республикада административдик 40 район, 22 шаар бар. Райондор 429 айыл округдарынан бөлүнгөн.

Дайырбек Орунбеков