Гүлсайра Момунова
Бул кай заман?
Байланган рухуңдун сунган колу.
Буулган акыйкаттын басаар жолу,
Байыган алдым жуттум бузукулар,
Баарынан баё элдин каткан шору
Бул кай заман?

Кыргыздын ырыскылуу журтун саткан,
Каркырадай уюткулуу кутун саткан,
Соодалап Ала-Тоонун мөңгүсүн да
Карайлатып элинин суусун саткан.
Бул кай заман?
Берсе деп адамдардан ынсап качкан
Бербесең ишиң такыр жылбай калган.
Паракордук жакабызга чап жармашып
Бетбактар бекер жумуш кылбай калган.
Бул кай заман?
Бир тууган эли элди жайгаштырган
Эзелки душмандарын кайраштырган
Бей күнөө адамдардын убалы ургур
Какшайтып кара жандан кан агызган
Бул кай заман?
Эң назик аялды да бузган заман,
Асылдык ,намыс арың жуткан заман.
Ажылдак,ажаандарын обондотуп,
Колуна курал кылып туткан заман
Бул кай заман?
Адептен, ыйман ардан жайдакталган,
Абийрин ичип алып жалактаган.
Беришти курал болуп жугунду үчүн.
Кабанаак иттерге окшоп айдакталган.
Бул кай заман?
Талеке аялдарды тарткан заман,
Баткакка белчесинен баткан заман
Кайра эле ошолорду кокуйлатып
Балдарын чекесинен аткан заман.
Бул кай заман?
Эң ыйык ишеничти айрандаган,
Элинин ырыскысын майкандаган.
Кылыгы төрөлөрдүн жиркендирип
Элинин эсебинен тайраңдаган.
Бул кай заман?
Өчүрүп жарыгыңда түндү сунган,
Өстүрбөй өнөрлүүнүн жолун бууган,
Аябай мөлтүр кырчын жигиттерди,
Калкынын кара көзүн жашка жууган.
Бул кай заман?
Өнөрлүү кантээр айла таппай калган
Акындар китеп чыкпай карайлаган
Түркөйлүк баалай албай жан байлыгын
Таланттын шам чырагы жанбай калган.
Бул кай заман?
Умтулуп улутка кам көрбөй калган,
Казына жарым тыйын бөлбөй калган
А көрсө керек окшойт ошолорго
Элимдин таланттар өнбөй калган.
Бул кай заман?
Өздөрүн асмандатып зор кармаган,
Өнөрлүү адамдарды кор кармаган
Оңдурбай ошолордун касиети
Өздөрүн чыга алгыс ор камдаган.
Бул кай заман?
Кармашкан жалган, чындык чапчаң заман
Кандары калкын таштап качкан заман.
Качарда каарданып мээлеп атып,
Калкынын канын суудай чачкан заман
Бул кай заман?
Кайрылба бетиң курсун мындай заман
Элинин касиети урган заман.
Келсе экен жергебизге адилеттүү
Кең пейил, берекелүү кутман заман

Кет заман, Мекен чегин саткан заман,
Байлыгын менчикке алып каткан заман
Кел заман бүт болгонун элге арнап,
Кор кылбай калың журтун бакан заман,

Мыйзамын жаңы комдун жазган заман
Үмүттүн шам чырагын жакан заман,
Жан үрөп көйгөйлөргө сүңгүп кирип,
Көңүлүн көпчүлүктүн тапкан заман.

Кет заман,элимди эзип кыйнап турган,
Кел заман асылдыкты кыйбай турган.
Адептүү салтың менен наркың менен,
Адамды адам аяп сыйлай турган.

Кет заман элин калчап ойлой турган,
Бүлүнтбөй эл турмушун оңдой турган.
Оо элим, бийлик келди убакыт бер,
Ак ниет элиң гана колдой турган
Бүт бардык азабыңды мойнуңа алып,
Жалпыңды жакырдыктан коргой турган
Алалы колдоп буттап оо калайык
Бийликке аял келди мээрман эне
Теңирим бизге берди бир периште
Кыргызым жакшылыкка жолдой турган
Кел-кел заман эненин билегиндей
Элимди эч бир жаңжал болбой турган
Бейпилдик түбөлүккө орной турган!




Жедигер
СААЛАЕВ
  Заман

Чөгүп жатсаң табалаган,
Өлүп жатсаң карабаган,
Таз жорудай тарп аңдыган
Корообузда - бөрү заман.
* * *
Айланамды карасам - бүт шайтандар,
Аларды кой, жүрөгүмдө шайтан бар.
Азгырылып, алар менен бир жүрүп,
Өзүмдү да көрүп кетем шайтандай.

Гениалдуу канча жакшы ой болду,
Жеткирбестен төшөп жумшак жолдорду,
Шайтан бизди азгырылтып, шапар тээп,
Куруп турду бекер майрам, тойлорду.

Азыр деле жалкоолукка берилсем,
Андале чын шайтан менен келишкем.
Көзүмдү ач, дилим тазарт, оо кудай,
Колдо теңир, сакта мени периштем!





Алтынбек Исмаилов

Кантип айтам?

Эх кыргызым, ойлончу эсти жебе,
Эне-атаңдын айтканын эски дебе.
Тарыхты сен тарс атып салган менен,
Таңдайыңа сайылат эски жебе !

Какшап келем: доо кетип балдарыңа,
Каргыш сөзгө кабылып калбагыла.
Бурмаладык тилди деп кантип айтам,
Бабалардын байыркы арбагына?!

Уу чалканды мойнума артам дагы,
Улутумдун азабын тартам дагы.
Унуттук деп тилимди кантип айтам,
Урпактарга уялбай аркамдагы?!

Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон!

Ташты сыгып, тарыхты төккүм келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет!!!





Төңкөрүш

Байка кыргыз, бир нерсе башталууда:
"Баткак" кечкен кадамдар ташталууда.
Кара курсак кампайып тойгон менен,
Корком, корком, жандүйнөң ач калууда!

Өйкөп күндө өмүрдү сүргөн жаман,
Өз жаныңды камаган түрмөң жаман.
Суу кашектей быкшыган сезим менен,
Сулуулукка сук артып жүргөн жаман!

Быкшып күйбөй, жалындап жанган жакшы,
Бардык жерде таза күл калган жакшы.
Жалган сөздү жамынып жашаганча,
Жаратканга жылаңач барган жакшы.

Айып эмес кемдигиң, уяңдыгың,
Ар нерсенин асылын туялгының.
Ач-жылаңач өткөндөн уялбастан,
Адам болбой калгандан уялгының!

Ала кушту атынан аташ керек,
Адамсыңбы, адамча жашаш керек.
Жакшы турмуш өзү эле келбейт тура,
Жандүйнөгө төңкөрүш жасаш керек!

Байка кыргыз: бир нерсе башталууда,
"Баткак" кечкен кадамдар ташталууда.
Кара курсак кампайып тойгон менен,
Корком, корком, жандүйнөң ач калууда!

www.altynbek.ucor.com