Кыргызстандын Азирети Муфтийи,Чубак ажы Жалилов:
"Коррупциянын 99 %ын жокко чыгарабыз"
Өткөн аптада басылмалардын биринде Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалиловдун дарегине бир топ сындар айтылган макала жарык көрдү эле. Ар кимдин өзүнүн чындыгы бар дегенибиз менен муфтийдин өз оозунан угууну туура көрдүк.


- Чубак ажы, сизге аксакалдар кеңешинен 6 ай мурун кат келген экен. Эмнеге ал катка жооп бербей жүрөсүз?
- Аксакалдар кеңешинин атынан мага кат келген, ага жооп берген жокпуз. Анын себебин аксакалдар кеңешине түшүндүрүп айткам. Биринчиден ошол аксакалдар кеңешине келип арыз жазган адамдардын даректери жок болгон. Андан он күн мурда ушундай тариздеги Кара-Балта шаарынан 160 адамдын колу коюлган арыз түшкөн. Ал арызда белгиленген даректер боюнча изилдөө жүргүзгөнүбүздө ал жерде жашаган жарандар арыз тууралуу билишкен эмес! Анан аксакалдар кеңешине айттык катка кол койгондордун даректери паспортунан бери такталып берилген болсун, мындай куру сөздөргө жооп бере албайбыз деп. Ошондой эле кат юридикалык жактан туура эмес болгон. Кат бир бетте болсо кол койгондор өзүнчө, эски саргайган баракта жүрөт. Ошол себептен бул катка жооп кылган жокпуз. Экинчи маселе аксакалдар кеңеши милдеттүү түрдө бизден жооп ала турган уюм эмес.
- Руслан Жумагуловду казылык кызматтан эмнеге бошотконсуз?
- Руслан Жумагуловду жеке мен казылык кызматтан алып салды деген туура эмес. Себеби, Чүй облусунун дээрлик бардык баш имам хатибдери кагаз жүзүндө бул киши казылык орунга татыксыз, биз иштеше албайбыз деп суранып келишкен. Биз ошолордун өтүнүчү менен кызматтан алганбыз.
- Ош областынын казысы Сүйүн Калыковду буйрук менен иштен алып 1 сааттан кийин кайра ишке коюп, айтор бир кызматка үч жолу коюп, алыпсыз. Мындай чечимге барышыңызга эмне түрткү болду?
- Чындыгында Сүйүн ажы боюнча арыздар көп түшкөн. Мечиттен акча жеп койду жана башка деп, кийин финполицияга текшерип бергиле деп арыз жазганбыз. Алар текшерип чыгып эч кандай финансылык бузуу болгон эмес деп айткан. Сүйүн ажы азыркы учурда казы болуп иштебейт, аны биз Ош окуясынын алдында жумуштан атайын буйрук менен алдык. Белгилүү себептерден улам кайра жумушунда калсын деп буйрук чыгардык. Эч убакта чыккан буйрук артка кайтпасын деген сөз жок. Буйрук чыккан учурда Ошто абал оор болуп, казыны алмаштырбай турсаңар деген сунуш болгон. Ошентип кайра кызматында калган. Бул эки буйрук тең бизде тиркелүү. Оштогу окуялардын бир жылдыгынын алдында Сүйүн ажыны жумуштан алып, ордуна илимдин доктору Ниязаалы Ариповду алпарганбыз. Муну менен Сүйүн ажыны өтө жаман деп айткым келбейт, ал киши 5-6 жыл казылык кызмат кылып иштеп берген, азыркы учурда Кыргызстандагы куран окуган эң жакшы карыларыбыздын бири, болгону түштүктөгү окуяга көбүрөөк илимдүү адам керек болгондугу үчүн илимдин докторун алып барып, ошол жердеги диний абалды жөнгө салуу максатында алмаштырганбыз. Сүйүн ажы болсо азирети муфтийдин түштүк аймак боюнча кеңешчиси болду.
- Былтыркы чуулгандуу ажылык сапарына Отунбаеваны күнөөлүү дегениңиз чынбы?
- Ал кезде төрт муфтий алмашып, ажылыкка көңүл бурулбай калган. Ошол убакта ажылык биздин муфтияттын колуна келген болсо, анда биз уят болмокпуз. Президенттин колу коюлган жарлык чыккан. Ал жарлыкка мен эч кандай каршылык көрсөткөн жокмун себеби, ошол убакта муфтияттын абалы өтө оор кризистик абалда болуп, ажылыкты өткөрүүгө толук түрдө кудурети жок болчу. Муфтий алмашты, бир муфтий өлүп, бири таяк жеп, дагы бирөөнө коркутуу болуп айтор, ушундай болуп аткан. Анан мага келип, эмне үчүн сен ажылык мусулмандардыкы болгондон кийин тартышкан жоксуң, деп чыгышкан. Мен азыр дагы айтам, ошол убактагы президенттин жарлыгы эң туура болгон. Андай болбогондо азыркы чатактардын, жалаалардын баары биздин мойнубузда болмок. Анан жогорудагы "Отунбаева Эмилбек Каптагаев менен баласына алып берип койду деп айтты" деген сөздөр доомат кептер.
- Быйылкы ажылык сапар кандай болот?
- Биз мындай каталыктын алдын алууга атайын "Ажылык-Умра борборун" түздүк. Ал муфтияттын астында атайын юридикалык тарап болуп катталган. Өзүнчө уюм катары жыл бою иштейт. Ажылык -Умра борборунун уюштуруу комитети он беш адамдан турат, бешөө беш фракциядан бирден депутаттар. Уюумдун директорлугун мага тапшырышты. Депутаттар биз ишенип бергенден кийин өзүңүз карап берүүнү суранабыз деп айтышкан. Азыр ажы башчыларды тандоону бүтүрдүк. Тандоону тест аркылуу жүргүздүк, тесте 40 суроо болуп, арыз таштаган 189 адамдын 154ү гана катышты. Сынак талкуудан 51 адам гана өтүп калды. Негизги критерийлер кыргыз, арап тилдерин билүүсү, дин маданиятынан кабар болуусу жана мурда ажылык сапар менен болгон арыздашууларда, проблемаларда аралашпоосу керек деген маселе камтылган. Биздин сынак баардыгы камерага тартылып атайын текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Андан сырткары Орто Азия мусулмандарынын конгрессинин директору Бакыт Нурдиновду кыргызчылык болуп, кол ийрисине тартат болуп кетпесин, бизге көзөмөл жүргүзүп бериңиз деп өзүбүзгө алып келип коштук. Андан сырткары Акаевдин биринчи адвокаты Акин Токталиевди коштук.
- Ажылыкка баруучулар акчаларын, паспортторун кимге беришет? Ушу маселе да далай чыр болду эле.
- Мурун акчаны ажылардан алып чөнтөгүнө салышса азыр бардыгы банк аркылуу болот. Мисалы, 2,5 миң доллар десек, ошонун бир центин да калтырбай банкка төлөп чек, квитанция менен паспортун гана тапшырат, ал эми акча банкта болот, мына ушул маселе көп адамдардын башын оорутуп жатат. Экинчи бир маселе виза. Мурун визаны паспортуна чаптатып алып кайра сыйрып, жасатып туруп чет элдиктерге канча миң долларга сатып жиберишкен. Эми виза чапталган паспорт ажылардын колуна тийбейт, визасынын көчүрмөсүн гана колуна беребиз, оригиналы бизде болот, качан самолетко чыгып жатканда гана колуна беребиз. Ошондо эч ким сыйрып сата албайт. Качанкыга чейин биз кыргыздар уят болуп жүрө беребиз, мына ушул эки нерсе менен коррупциянын 99 %ын жокко чыгарабыз, виза сатылбайт. Ошондуктан мени жанагы адамдар акчаны банкка салбай, паспортту, визаны колубузга бериш керектигин айткысы келип, мына ушул иштерди жасап жатышат. Бул биринчиси эмес, мындан башка көптөгөн нерселерди даярдап жатат, ошондуктан ага териккеним жок, себеп дегенде мен акыйкатмын, акмын эч кимден уялбайм. Булар менин күлкүмдү гана келтирди, ошон үчүн арызданган жокмун.
- Сурановдун маалыматына ишене турган болсок, анда сиз адал менен арамды ажырата албайт экенсиз. Дегеним, эшекти адал кылып, никесиз жашоону уланта бер деген экенсиз?
- Бул мындай. Щелоч деген түшүнүк бар, кайсы бир нерсе тузга түшүп калган болсо туз аны жеп коет. Эгерде кайсы бир жаныбар туз бар жерге барып өлүп калган болсо, канча бир жылдардан кийин ал өлүктү жыдытып отуруп жок кылат. Ал өлүк эмес башка бир затка айланып калат. Шариатта эшек арам делген, ал эми химиялык жол менен алынган анын экинчи заты арам делген эмес. Дагы мисал - уксус, ал канча бир убактан кийин арака айланып кетет, уксуз кезинде адал болсо аракка айлангандан кийин арам болуп калат. Өзүбүз күндө колдонуп жуунуп жүрүүчү самынга иттин майы кошулат, эгер иттин майы кошулбаса самын көбүрбөйт, муну баары билет, алар иттин майын түздөн-түз кошкон болсо бул самындарды колдонуу бизге арам болуп эсептелет шарият боюнча. Бирок, алар иттин майын түздөн-түз кошпойт, ага башка химиялык элементтерди кошуп андан башка заттарды чыгарып анан самынды жасашат, демек ошондо гана колдоно алабыз. Мен айткан сөздөрүмө жооп бере алам, берки гезитке бурмалап жазылыптыр. Күйөөсү-аялы боюнча, ал мындай болгон. Эгерде бир киши аялы менен жашап жүргөн болсо, ортолорунда балдары бар, бизге келип нике кыйдырган эмес элек дешсе, мен айтам дароо никеңерди кыйдыргыла анан жашооңорду уланта бергиле деп. Анан никеңерди кыйдыргыла деген сөздү кошпой туруп, барып жашай бергиле деп айтыптыр дешти, муну уккан кишинин күлкүсү келет. Анан мага келгенден кийин башка бирөөгө барышса, алар, "силер зина менен жашап ойноштук кылып жүрүптүрсүңөр, никеңер жок, жашооңор арам, экөөңөр эки жакка бөлүнүп жашагыла" деп түшүндүрмө бериптир. Мен айттым алардын сөзүн укпагыла расмий түрдө муфтиятка келип, муфтийдин оозунан угуп атасыңар, эгер никеңер жок болсо анда дароо никеңерди кыйдыргыла, жашооңорду улантып баштагыла, өз кылган күнөөңөр үчүн кудайдан кечирим сурап жашай бергиле дегем. Талак боюнча мен эч убакта оозеки жооп бербейм, себеби талак жалпы маселе деп эсептелинбейт, ар бир адамдын жашоосу өзүнчө, бири - бириникине окшобойт. Сөзсүз түрдө берилген жоопторду номери бар папканын ичине топтойбуз, ошол номери бизде дагы сакталат.
Мээрим Айталиева