Сандан-санга

Өзүмдү тапкан жол
Академик, парапсихолог
Лариса Асанбекова

Ысытма

Бүгүн 8-март. Таң атпай куттуктоолор башталды. Окуучуларым, пациенттерим телефон чалып да, үйгө келип да куттуктап жатышты. Сыртта 39 градус суук экенине карабай гүлдөрүн, белектерин көтөрүп келгендерге ыраазычылык билдирсем алар: "Сизге рахмат бизди "ремонттоп" жол көрсөтүп, адам кылган-дешип чын дилдеринен ыраазычылыктарын билдирип жатышты. Бир убакта эшик шыңгыраганынан ачсам калың сары кагазга оролгон нерсе эшик менен бир болуп кирип, артынан узун бойлуу Александр өңдүү-түстүү өзүнөн жаш аял менен кирип келип майрам менен куттуктап жанындагы аял менен тааныштырды. "Лариса, мен сага кандай ыраазы экенимди сөз менен жеткире албайм. Сен менин жашоого болгон көзүмдү ачып, экинчи өмүр бердиң. Мен үй-бүлөлүк бакытка эми чындап жеттим. Буга чейин тумандын арасында жүргөндөй жашоомдон арылтып, тозоктон чыгарганың үчүн кандай белек берсем да аздык кылаар. Бул менин чын дилимден чыккан белегимди кабыл алып, жубайым менен таанышып кой" деп бактысы койнуна батпай бапыраңдады. Келбетине кийген кийимдери куп жарашкан татынакай аял, Надежда деп жылмая колун сунду. Калың сары кагазды сыйрып, чоң букет кымбат гүлдү жана дагы бир ороону ачып кооз хрусталь вазаны карматты. Уренгойдо тогуз ай кыш болгондуктан бул жерде гүлдөр аябай кымбат болот. Александр кайра-кайра ырахматын айтып, сүйлөшүп олтуруп кетти. Аларды узатып жатып, мындан үч жыл мурунку Александрды эстедим.

Менин сеансымдан кийин жансыз кыймылдабай калган колу калыбына келип, ичкиликти таптакыр таштап, кудай жолуна түшкөн Фидан аттуу пациентим өзү жакшы болгондон кийин Александрды мага алып келиптир. Колдору калтырап, көздөрү шишиген Александр жаны кыйналганынан бир орунга туралбай, "Лариса, жардам берчи мага, жүрөгүм ысып, жаным кыйналганынан эмне кылаарды билбей жатам. Врачтарга барсам жүрөгүң сопсоо эле дейт" деди Александр. Энергоденесин текшерип көрүп, жүрөгүнүн чакрасы тешилип калганын жана жүрөккө ысытма программасы койулганын көрдүм. Мен Александрга бул туралуу айтаарым менен бул чындык экенин, былтыр өзү туулган шаарга барып ооруп калганын, врачтар эч жардам бере албай койгонун, апасы элдик дарыгерге көрсөтсө ысытма бар деп айтканын, бирок ал толук айыктырганга менин күчүм келбейт деп айтып, убактылуу жардам бергенин айтты. Сеансты ошол эле күнү баштадык. Ар бир сеанска 15 ке жакын адам катышчу. Сеанс башталаары менен Александр муунуп жаткандай үн чыгарып, денеси катуу чайпала баштады. Сеанс башталаарда барына эч ким эч кимге көңүл бурбай, кандай үн чыкса да эч нерседен коркпой, көзүңөрдү ачпай эркин тургула деп түшүндүрөм. Ошондуктан Александрдын бир башкача онтогонуна эч ким деле көңүл бурушкан жок. Мен Александрга каналдарды коюп жанынан алыстаарым менен кандайдыр бир күч аны таптак өйдө көтөрүп туруп жерге ыргыткандай талп этип кулап түштү. Жерге узунунан жатып калган Александрды кара күчтөр сеанс бүткүчө 45 минут топ сыяктуу 10-15 сантиметр өйдө ыргытып турушту. Сеанс жок мындайды кандай күчтүү, атайлап машыккан адам болсо да жасай алмак эмес. Мисалы, узунунан бир калыпта бүткүл денеси менен топ ыргыгандай көтөрүлүп, кайра ошол калыпта жерге түшүү эч бир машыгуу менен да болбосо керек. Бул көзгө көрүнбөгөн күчтөрдүн гана жардамы менен болот. Бардык терс программа терс энергиянын жана кара күчтөрдүн жардамы менен болот. Мисалы, Александр 22 жашында армиядан келип, Новый Уренгой шаарында акчасы көп вахтага ишке орношуп калат. Бир күнү ал 3 баласы бар, өзүнөн 13 жаш улуу бойдок аял менен таанышып, экөө тез эле жакын болуп кетишет. Александрдын иши вахта методу болгондуктан ал эки ай башка жакта иштеп, бир ай тигил аялга келип жүрүп, 25-жыл өмүрү кандай өткөнүн өзү жакшы да элестете албайт. Вахтадан келгенде эле тиги аял арак даярдап турчу экен. Бир ай көзү ачылбай арак ичип, бир аз ичсе эле тез уйкуга кетип, бош күнү бүтөөрү менен кайра жумушка кетчү. Алган айлыктарынын барын тиги аял алып коет. Жашоолору уруш -талаш, масчылык менен өтүп жатса да аялдан кете албайт. Үч бөлмө квартираны да Александр вахтада оор жумушта иштеген үчүн берилген экен. Аялдын улуу баласы үйлөнүп, балалуу болуп ал дагы чогуу бир квартирада жашап жүрүшөт. Бир жылдан бери Александрды аялы, чоңойгон балдары ичесиң деп үйдөн кууп чыкмак болушканда, сот аркылуу ажырашып, бир бөлмөсүн бөлдүрүп алган экен. Бирок, айлык алганда арак беришип алдап-салдап алып коюшат экен. Сеанстан кийин Александрды кандайдыр бир колдор муунтуп, анан көтөрүп жерге ыргытканын, коркунучтуу бир жандыктар жанына туруп алып топ кылып ойноп, ар кандай кылып коркутканын, бирок күмүш кийимчен мен жанына туруп алып, коркунучтуу жандыктарды от менен кууп жатканымды дагы көп ак кийимчен жана канатчан периштелер аларды канаты менен кууп жатканын айтып сеанска келгендерди таң калтырды. Мен болуп көрүнгөн Жогорку күчтөр экенин аларга түшүндүрдүм. Жогорку күчтөр тааныбаган жандыктан коркпош үчүн тааныган адам болуп көрүнүшөт. Менин пациенттеримен бул тууралуу көп уккам, аларга сеанста же түшүндө мен болуп көрүнүп эм салганым тууралуу көп айтышат.

Александр экинчи күнкү сеанста баягыдай катуу чайпалып, бирок жыгылган жок. Үчүнчү күнү чок басып тургандай утур буттарын алмаштырып, денесинен тер кетип, көйнөктөрүнө чейин суу болуп, дагы муунуп жаткандай үн чыгарып жатты. Сеанс бүткөндө, мени скавародкага салып куурушту деп элдерге айтып, тозоктун четин көрүп келдим окшойт, арак ичсең ушинтип куйкалайбыз дешти деп күлдүрдү. Күндөн күнгө сеанс жеңил өтүп, 21 күндө Александр таанылгыстай өзгөрдү. Узун бойлуу, өңдүү- түстүү болуп чыга келди. Арак эмес тамекини да таштап, чиркөөгө барып жүрдү. Мага ыраазычылык билдирип кетип жатканда, "Саша сен башка квартира таап чыгып кетпесең кайра дубаланасың, абайла" деп айтып узаттым. Ошондон 5-6 ай өтпөй Александр кайра телефон чалып, сеанска келсем болобу деп сураганынан карасам кайрадан терс программа коюлуп калыптыр.

"Мен аялым менен сүйлөшпөй, тамакты да бөлөк ичип жүргөм. Бир күнү аялымдын туулган күнү болуп, балдары, чогуу иштегендери болуп олтурушуптур. Элдин көзүнчө сен арак ичпей калганыңды билебиз, жок дегенде торттон ооз тийип кой дегенинен элден уялып торттон бир аз жегем. Ошол күндөн баштап, ал мага байкуш көрүнүп, аны аяп, айткандарын жасап калганымды сезе баштадым. Чогултуп жүргөн акчаларымды ооруп жатам деп ыйлап-сыктаса берип койдум. Эртеден кечке аны ойлоп, үйгө жеткиче шашчу болдум. Акылым менен түшүнүп турсам деле эрким жетпей бир күч ага жетелеп келчү болгонун, мурункудай кара тумандын арасына кирип баратканымды сезип калдым. Бүгүн чиркөөгө барып, Ларисага жеткенге жол бер деп сурандым" дейт Александр.

Жети күн сеанстан өткөн Саша кайрадан калыбына келди, кийин ал башка квартирага чыгып кеткенин айтып, үйдүн энергетикасын тазалатканга мени чакырып, жашоону эми сезип жатам, буга чейин мен робот болуп жүрүптүрмүн деди. Ал майрам сайын куттуктап келип турчу. Жакындан бери жакшы аялга үйлөнгөнүн, азыр абдан бактылуу экенин, убакыт таап аялы менен тааныштырып кетээрин айтып телефон чалган. Мына бүгүн анын чындап бактылуу экенин көрүп, бир адамдын бактылуу болушуна жардам бергенимди ойлоп мен да бакытка батып, элге жардам бергидей күч, касиет берген Кудайга ыраазы болдум. Ал эми Александрдын мурунку аялы жатындан рак болуп ооруп, абалы начар экенин, дарыларга деп акчаны Саша аялдын балдарынан берип жатканын угуп, бирөөгө ор казса, өзү бары бир түшөөрүн, ошондуктан адамды эркинен ажыратып, дуба менен баш айландырып маңкурт кылбаш керек экенин, бул энергиянын мыйзамы кайдан келсе ошол жака кетээрин, ким кылса ошол адамга кайра бараарын түшүндүрдүм. Ошондуктан кара иш жасаарда терең ойлонгула, кайра өзүңө кайрылып келээрин эч качан унутпагыла. Космостун мыйзамын эч ким бузалбайт. Сүйүүгө жакшы сапаттарыңар менен гана жетишкиле деп бардык элге айтып келатам.
(Уландысы кийинки санда)
Лариса Асанбекова