Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Эге-мен-дүүлүк

Көз ирмемге айланган 20 жыл
1991-жылы 31-августта Жогорку Кеңеш тарабынан "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө" декларация кабыл алынып, Кыргызстан өз алдынча эгемен мамлекет деп таанылган.
1992-жылы 10-майда КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп акча бирдигин киргизген.
1992-жылы Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна мүчөлүккө өткөн.
1993-жылы 5-майда КР Конституциясы кабыл алынат. 1994, 1996, 1998, 2003-жылы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизген. Анда президенттин позициясы жогорулаган. Учурда Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунан башка Дүйнөлүк Соода Уюму, Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюму, Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу кадыр-барктуу уюмдарга мүчө.
1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларынан кийин Кыргызстан өз коопсуздугуна өзгөчө көңүл бура баштаган. Учурда Кыргызстандын аймагында Кошмо Штаттар баштаган антитеррордук коалициянын аскерлери жайгашкан. Орусия баштаган Коллективдүү Коопсуздук Келишими Уюмунун аскерлери Кант аба майданына отурукташкан.
2002-2003-жылдар аралыгында жумушсуздуктан улам 500 миң кыргыз чет жакка чыгып кеткен.
2002-жылы Аксы окуясы болуп, бийлик элди аттыргандан кийин өлкөдө саясий стабилдүүлүк начарлаган.
2005-2010-жылдары сырттан караган адамга стабилдүү өлкөдөй көрүнгөн. Бул аралыкта да Конституция бийлик пайдасына өзгөргөн. 2005-жылы 24-марттагы революциядан кийин бийликке келген элита элдин үмүтүн, ишеничин актаган жок.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2005-2009-жылдар аралыгында ММК кызматкерлерине каршы 28 кылмыш жана укук бузуулар катталган, анын 23ү боюнча кылмыш иши козголгон. Бир нече кылмыштар ачылган. Бакиев учурунда кылмыштуулук күч алган. Анын ичинде буйрутма өлүм көп болгон. Ал учурдун курмандыктары төмөнкүлөр:
Жогорку Кеңештин депутат Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев Тынычбек Акматбаев, Руслан Шаботоев, Санжарбек Кадыралиев, президенттин администрациясынын экс-башчысы Медет Садыркулов.
Журналисттер: Геннадий Павлюк, Юрий Александров, Алмаз Ташиев, Алишер Саипов.
Каскадер Усен Кудайбергенов, бизнесмен Абдалим Жунусов, Азия оюндарыны чемпиону, спорттун чебери Раатбек Санатбаев, "крим авторитет" Рыспек Акматбаев.

Мына минтип өлкөбүз эгемендүүлүктүн 20 жылдыгын белгилеп жаткан учурубуз. Жылдар өткөн соң чейрек кылым тарыхка айланып, бир караганга көз ирмем болуп калат тура. Кыргызстан бул жылдар аралыгында бир топ бийиктиктерди багындырып, нечен кыйын күндөрдү, оор жоготууларды башынан кечирди. Cоветтер Союзунун мезгилинде Кыргызстанда 11 миллион мал болсо, СССР урагандан кийин малдын саны 3 миллионго түшкөн. Экономика кыйла оор шартка келген, заводордун 70% иштебей калган. Врачтардын орточо айлыгы 450 сом болсо, пенсия 400 сом болгон. Кыргызстандын ички карызы 1 млрд. 600 млн. доллар дан ашса, бир айлык инфляция 12% болгон. Кыргызстандын эгемендик жылдарында айрым орчундуу даталарга токтолдук.


- Эгемендүүлүгүбүзгө 20 жыл толду. Ушул жылдары сиз кайда элеңиз, кайсы бийликке, кандай кызматта кызмат кылдыңыз эле?


Курманбек Осмонов:
- Эгемендүүлүктүн биринчи күндөрүндө партиялык кызматта болчумун. Борбордук компартияда бөлүм башчы болчумун. Кийин партия тараганда, Акаев бийликке келгенде адилет министрлигинде сот органдар башкармалыгында башчы болуп иштедим. Адилет министринин орун басары, кийинчерээк биринчи орун басары болдум. 1994-жылдын башында Конституциялык сотко шайланып кеттим. Ал жерде 8 жыл иштедим. 2000-жылы парламенттин мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болуп шайландым. 2002-жылы өкмөттө биринчи вице-премьер -министр болдум. 2003-жылы адилет министрлигин да кызмат менен айкалыштырып жүрдүм. 2004-жылы Жогорку соттун төрагалык кызматына шайланганмын. 2008-жылы январга чейин иштедим. Бакиевдер кызматтан алып таштаган. Анан бош жүрдүм 1, 5 жылдан ашык. Былтыр революция алдында тышкы иштер министрлигинде министрдин кеңешчиси болуп иштеп турдум. Мурдагы министр кызматка алган. Былтыр ЖКга депутат болуп шайландым.


Султан Раев:
- 2002-жылы КР Билим, илим жана маданият министринин орун басары болуп иштегем. Кийин "Азаттык" үналгысында иштедим. 2005-жылы КР Маданият өркүндөтүү мамлекеттик коммисиясынын төрагасы болдум. Андан кийин Маданият министри болдум. 2007-жылы КР маданият жана маалымат министри болуп 2010-жылга чейин иштедим. Министрдин орун басары болуп 7 жыл эмгектендим. Учурда КР президентинин кеңешчисимин.


Өмүрбек Текебаев:
- Масалиев, Акаев, Бакиев алмашып жатканда, мына азыр Отунбаева алмашкан жатат мен ар дайым оппозицияда болуп келгем. Депутат болгом, оппозиция да болгом. Убактылуу Өкмөт 3 гана ай болду, анда мүчө болуп иштедим. Кыргызстандын коомдук саясий түзүлүшүн өзгөрткөнгө өз салымымды коштум.


Болот Жанузаков:
- Акаевдин учурунда Ички иштер органдарында кызматта болдум. Кийин өкмөттүн аппаратында, президенттин администрациясынын аппаратында иштедим. КР коопсуздук кеңешинин катчысы болдум. Улуттук Коопсуздук кызматынын төрагасы болдум. КР президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басар болдум. Бакиев менен Отунбаеванын учурунда эч бир кызматка келген жокмун, пенсиядамын.


Абдыганы Эркебаев:
- Акаевдин учурунда депутаттан тартып ЖК төрагалыгына чейинки кызматта турдум. Бакиев учурунда эч кандай саясий, мамлекеттик кызматта болгон жокмун. Шайлоодон жеңгеним менен мандатымды күч менен тартып алышты. Отунбаева учурунда Убактылуу өкмөткө мүчө болдум, бирок кызмат алып, айлык алып иштеген жокмун. Элдик комиссиянын ишин аткардым, бекер элге болгон жардамым болсун деп. 2006-жылдан бери Кыргыз-Орус Славян Университетинде профессор-консультант болуп иштейм. Ошол жактан айлык алам.


Топчубек Тургуналиев:
- Акаевде да, Бакиевде да мамлекеттик кызматта болгон жокмун. 1995-жылы 5 ай БГУнун ректору болдум. Ушул беш ай ичинде жаңы алты факультет ачып, нечен адистиктерди киргизип иштеп аткан учурда Осмонакун Ибраимов чакырып "Акаев тарапка өтүңүз" дегенде, өтпөйм деп кетип калгам. Ал эми Бакиевдин учурунда да кызматка келген жокмун. Азыр "Манас киноэпопея" эл аралык фонд түзүп анан "Эркиндик" партиясында башчымын. Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болдум, токой чарбасында 3 ай иштедим. 5 ай президенттин кеңешчиси болуп эмгектендим.


Турсунбек Акун:
- Бардыганан чоң кызматта Акаев учурунда болдум. Ала Тоо аянты, ЖК аянты, Жеңиш аянтында "король барикад" деген кызматта митингчилердин башчысы болчумун. Мага Замира Сыдыкованын сиңдиси Бермет Букашева деген "король барикад" деген ат койгон. Ал эми Бакиевдин учурунда Ак үйгө биринчи барып айлык алып, машине минип президенттин алдындагы адам укугун коргоо коммиссиясынын жетекчиси болдум. Бакиевдин учурунда эле Омбудсмен болдум. Азыр Отунбаеванын тушунда деле Бакиев учурунда ээлеген кызматымда жүрөм. Бирок, эки кызмат тең көңүлүмө толбой кетет, баарынан "король барикад" кызматым жагат. Кайра ошол кызматыма барып алсамбы деп кетем. Ала -Тоо аянты мен жок ээндеп калып жатпайбы. Мени кетирем деп жүргөндөргө айттым, мен кызматы жок калбайм. Аянтта элдер күтүп атат, дайыма кызмат даяр.



Барчын Аскарова








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??