Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Айыл турмуш

Убагында Москва менен түз байланышып, аксакалдар Брежневге телефон каккан Алайкуу өрөөнү учурда абалы анча эмес. "Алайкуу болк этсе, Москва солк этет" деген лакап кеп калган. Тоолу элден кабар алган бийлик, кат жазган төбөл жок. Ыраматылык союздун сөөгү сөпөт болгондон кийинки 20 жыл ичинде көп деле көңүл бураарлык иш чара болгон эмес.

"Кыргызстанды эмес, кыргыздарды оңдош керек!"

Алайкуу өрөөнү 4 айыл округ, 11 айылдын башын бириктирет. Оштун Кара-Кулжа районунундагы шарты оор, жолу татаал бөлүгү. 18 600 калкы бар. Тоолуу элдин тагдырына 6 ай кыш болуп, кыш оор түшкөн учурларда 3 айлап жолсуз калып, райборборго эл жөө каттайт. Ошол себептен тоолуктар кеч күздө малын сатып керектүү азык-түлүгүн кышка жеткидей камдап алышат. Эт, сүт, курут майын өздөрү даярдашат. Ошол улуу тоону жердеген улуу элге барып келдим. Мурда көчө таптаган кайраттуу жигиттер, өтүктөрүн "тарк-турк" эттирип чаң чыгара басып жүрчү. Көчө каткырык-күлкү. Азыр үргөн иттин гана үнү болбосо, жаштар аз. Айылда "чыр дөбө" деп аталган күнөстүү жерлер болот. Ошол жерде колу бошогондору келип маек куруп, талкуу жүргүзүшөт. Саясат айтып, айрымдары кеп талашып урушуп, биринин мурдун бири канжалата коет. Кайра жарашып, эртеси элдешип калмайы бар. Ошондуктан Чыр-Дөбө.
Чыр-Дөбөгө келип мурдагыдай чыр чыгарган чоң муштум жаштар суюлуп кеткенин байкадым. Таягына сүйөнүп аксакалдар отурат. "Орозодо оозум кургап кетти, көлөкөгө жүрү балам" деп бактын түбүндөгү жашыл чөпкө жамбаштап отурдук. Ооз ачкандан эле саясаттан кеп салышты. "Бу, балам борбордо эмне эле болуп атасыңар. Ары жоктор арбып, эл башкарам деп эрдемсип кеткендердин саны мынча көп ия? Уят да, уят… Жанагы Адахан Мадумаров деген эме тили сайраган менен, дээринде эч нерсе жок. Деңгээли тайыз. Атамбаев да ат салышып атыптыр. Жакшы иштеп атты эле, бирок ач көз экен. Министрлерди башкарып атып ошого да алымсынбай ажо болом дейт. Баланча акчам бар дептир, аны кайдан чогултту. Бул киши бийликке келсе ач көз тура, оңдурбайт. Бу биздин төбөлдөрдүн көзү качан тоет экен, ай ай…" деп кейип алды.
Ары жактан эки айылдык агалар келип калышты. Кымызга кырк тоюп, жүздөрү тамылжып чала мас. "Ии-и братишка, Кыргызстанды кантип оңдойбуз билсең айтчы?" деп сөзгө аралаша кетишти. Менин жообумду күтпөй эле "Кыргызстанды оңдоп кереги жок, оң эле турат. Суу агып атат, чөп чыкты, кен-байлыктар бар, жерибиз керемет. Кыргызстанды эмес, кыргыздарды оңдош керек!" деп тамекисин түтөтүп, колундагы чалгысын көтөрүп үйүнө кетти. Мен да "чын эле кыргыздарды, элибиздин пейилин оңдош керек" деп ойлонуп калдым. Оюмдун түбүнө жетпей көпкө отурдум… Ооба, пейлибиз бузулуп, улуудан келген улуу жолубузду таппай турабуз.
"Алайкууда жашаган азаптуу сыймык"
Алайкуулуктар жарым көчмөн, нукура кыргыздын, эски көчмөнчүлүктүн элесин сактап калган. Жазында жайлоого ат менен көчүп автоунаа колдонулбайт. Бийик тоолуу, алыстыгы 6-7 сааттык жайлоолорду жайлашат. Кара-Кулжадан 120 чакырым алыстыкта туруп, унаа менен Алайкуунун төрү Көк-Арт айылына жай айында 5-6 саатта жетесиң. Ал эми кышында күндөп-түндөп жүргөн учурлар болот. Алайкуулуктардын "кандай келип алдың райборбордон, жол жакшы бекен?" деген сөзүнө: "келдик, аман-эсен, 3-4 жерге кар көчкү түшүп калыптыр, түртүп, күрөп өтүп кеттик. Кечээ чыктык эле бүгүн келдик. Жакшы жетип алдык" деп камырабай берген жообу бу элдин азапка моюн сунбай, кыйноо-азаптуу түйшүктү көнүмүш адаттай көрүп калганынан кабар берет. Көк-Арт айылында Эшек-Арт чегарасы жайгашып, кытай менен коңшулаш турат. Өлкөдөгү көйгөйдүн бири болгон ички-тышкы миграциядан шаарга, чет-өлкөгө агылган көпчүлүктөн айылда чал-кемпир калган. Кол караган балдар айласыздан ата-энесин таштай албай кармалып турушканын, эгерде шарт болсо айылга турбайт элек деген ойлорун билдиришти.
Күн турмуш мал чарбасы менен өтөт. Эгин эккен жерлерге суу чыкпай кагырап тикенек аралаган талаага айланган. Терек айылындагы мурда эгинин оро албай, жерге бурала чыккан арпа-буудай талаасы азыр сары чөп басып жатат. Учурунда дагыле биз суусаган союздун күчү менен насос коюлуп күркүрөп суу чыгып турган. Ар бир өлкө өз арабасын тартып, колхоз, совхоз дегендер жоюла баштаганда курулуштар урап, орток мүлктөр таланып кеткен. Ошол убакта бул суу насосунун түтүктөрү ошол кездеги "актүптардын" алкымына кетип, 500 гектардан ашык гүлдөгөн талаа суусуз калган. Кийин элдик демилге менен суу чыгарылмай болуп, арык казуу иши башталган. Жыйынтыгында таштуу жерге кептелген арык казуу иши ордунан чыккан эмес. Учурда эгин талаасы чабынды чөпкө айланып, кургакчыл жылдары сары тикенектен башка чөп чыкпайт.
Алайкуу элинин азабына бүткөн унаа жолунун каралбай келиши негизги көйгөй. Кара-Кулжа-Алайкуу жолу кыялап жүрүп, асты аркырап аккан тар дарыясы, үстү үйдөй таштар кулаган тоо. Кудайлап, жакасын кармап тоолуктар ушул жол менен катташат. Бийлик төбөлдөрүнө "жолубузду оңдоп бергиле деп кайрылабыз эч кимиси укпайт. Кабар да алышпайт. Чоңдор келет дагы айыл өкмөттөрүнүүн союшун жеп, кымызга тоюп алып кете беришет. Ал эми депутаттар шайлоо алдында гана көрүнө калган көрүмчүлөр" дешти. Жакында ЖК депутаты Урмат Аманбаева унутта калган алайкуулуктарга барып келди. Кырдаалдын кандай экенин, элдин жашоосу менен таанышты. Депутаттын келгенине таң калган тургундар алгач агитация кылып жүргөн окшойт деп аксакалдар, "кызым кимди шайлайлы ыя?" деп шакаба менен кайрылып атышты. Жол маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, Алайкуу жолундагы баланска кирбей калган 35 чакырымын баланска коштуруу боюнча "Ош-Бишкек" авто жолунун дирекциясына тапшырма берилгенин айтты. Андан тышкары 2010-жылы оор кардын кесепетинен жаз айында жер көчкү көп жүрүп, Ой-Тал айылында 300 үйдү башка аймакка көчүрүү зарылчылыгы чыккан. Андан бери тийиштүү бийликтерге кайрылган тоолуктардын сөзү суу кечпей келген. Эми Жогорку Кеңеште "Коргоо жана коопсуздук" комитетинин төрагасы Исмаил Исаков көзөмөлгө алаарын билдирген.
Чек араны карап, чектешкен жерди мекендеген эл акырындап суюлуп кетип баратканы байкалды. Ары жакта кырылган кытай, жерибиз бош калса кудай деп кирип келээри бышык. 2005-жылы Акаевди тактан кулатканга алгач атчан аттанып айгай алган алайкуулуктар эле. Москваны солкулдатып, Акаевдин жүрөгүн болкулдаткан эл азырынча учур күтүп жатабыз дейт. Көңүл сыртында калганына кейип, өзүбүзчө район болобуз деп демилге көтөргөндөрдүн саны күн санап өсүп баратыптыр. Эгерде бул демилге ишке ашса Алайкуу деген район пайда болушу ыктымал.




  Өз кабарчы билдирет

Көлдөгү көкөй кести
Элди ойлогон өкмөт жок

Азыркы өкмөткө, жүргүзгөн саясатына ыраазы болгон, ушулар менен келечектеги жаркын жашоосун байланыштырып үмүт кылгандар арбын эле. Бирок, эл ишенген бийлик революциядан кийинки убадаларын аткарбай, элге чындап жүзүн бурбай келет. Кара жанын карч уруп жумуштун эң оорун аткарып, дан өстүрүп, мал багып, элди тамак -аш менен камсыз кылып жаткан айыл эли жетиштүү жардам алалбай, жеңилдиктерден толук пайдаланууга мүмкүнчүлүгү чамалуу болуп, ал жардам чыныгы муктаж болгондорго жетпей, ортодон пайдалангандардын киреше булагына айланып жатканы өкүндүрөт. Өкмөттүн жаздагы 7 % менен берген кредитин баарысы текши алып, анын пайдасын көрүштү десек жаңылган болобуз. Кээ бир айылдарда кредитке көңүлдөнүп тургандарды айнытып, "Силер төлөй албайсыңар. Колунда барларга беребиз" деп ачык эле коркуткандар да болду. Документтерди даярдоодо да бюрократиялык тоскоолдор болуп, дыйкандар ал жагынан да жабыр тартышты. Көпчүлүгү күйүүчү майды базар баасында сатып алууга аргасыз болушту. Ошонун кесепетинен айрымдар жерлерин айдай албай, айдоо жерлер бош калды. Сөзүбүз кургак болбос үчүн бир аз фактыга токтоло кетелик. Түп районунун Тогуз- Булак айыл округунда күйүүчү майдын азабынан чарбадагы 500 гектар айдоого жарактуу жер айдалбай калган. Бул эмнени көрсөтүп жатат? Ушул чарбанын, айыл калкынын экономикалык начар абалын көрсөтүп турбайбы.Так ушундай себептерден улам айыл эли жакырланып, салыктарын төлөй албай калышкан. Натыйжада, Тогуз-Булак айыл округунун салык боюнча өкмөткө болгон карызы 1 миллион сомдон ашып кеткен.Учурда оруп- жыйуу күч алып, дыйкандар жай бою кылган мээнетин актап алайын, түшүмдү коромжуга учуратпай жыйып алайын деп аракетин кылып жатат. Бирок, күйүүчү май кымбат болуп, литрин 39-40 сомдон сатып алышууда. Анысы ал деңизчи, өкмөт дале эскиче иштеп, үстүртөн көрсөтмө берүүнү адатка айлантып алды. Жогоруда сөз болгон чарбага миң гектарга күздүк айдайсыңар деп милдеттендиришкен. Оруп- жыйууга күйүүчү майга каражат таппай каржалып турган дыйкандар күздүктү эмнеси менен айдайт. Ушул эле бир чарбанын мисалынан Көл өрөөнүнүн бир топ чарбаларында дыйкандардын абалы ушундай эле оор деп айтууга негиз бар. Бир сөз менен айтканда, элди караган өкмөт жок. Каратамандар өздөрү менен өзү болуп, көр оокатын жүргүзүп келет.
З.Асаналиев, атайын кабарчы, Каракол шаары.








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??