Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Эх, эгемендүүлүк!

Аскар Акаев:
"Мен бийликке келгенде өлкөдө нандын үч гана күнгө жетээрлик запасы турган"
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына карата тунгуч Президент Аскар Акаев менен маек

- Аскар Акаевич, мамлекетибиз эгемендүүлүккө ээ болгонуна 20 жыл болду. Ошол кезде эгемендиктин башында сиз турдуңуз. Эгемендиктин алгачкы күндөрүндө өлкө алдында кандай милдеттер турду эле? Мамлекет жетекчилигинин алгачкы кадамдары кандай болду эле ?
- 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасында тарыхый окуя болуп, Мамлекет көз карандысыздыкка ээ болгону тууралуу Декларация кабыл алынган. Анткен менен Советтер Союзу дагы эле сакталып турган болчу. Ойлонуп, толгонуп олтурууга убакыт жок болчу. Ошондуктан көз карандысыз эгемен мамлекет болуу чечимин тез кабыл алышыбыз керек эле. Ал эми ошол учурдагы жалпы СССРдин жана союздук республикалардын социалдык-экономикалык абалы абдан кооптуу болуп, улуу держава күндөн-күнгө кыйрай баштаган. Мамлекеттин жана элдин башына түшкөн ар кандай көйгөйлөр биринен экинчиси оор боло баштаган. Өнөр жай ишканалары токтоп, айыл чарбасы кургуйга кулады. Элди эң зарыл тамак-аш, азык-түлүгү нан, кант, сүт менен камсыздоо үзгүлтүккө учурап, айлык акыны, пенсия менен пособиелерди төлөгөнгө акча калбай баратты. Советтик коомдун руханий маанайы чөгө баштады.
Ал эми Кыргызстандагы кырдаалдын ого бетер оор болушуна, 1990-жылдагы республика түштүгүндө болгон улуттар аралык кандуу каргашанын жарасы бүтө электиги болду. Ошол эле мезгилде орус тилдүү калктын башаламан көчүп кетиши буга кошул-ташыл болду. Натыйжада экономика менен каржы тармагы мышык ыйлаарлык абалга келип, Москвадагы борбордон республикалык бюджеттин чейрегин берип турган дотация токтоду. Ага табигый кырсыктар - сел, кыян, жер көчкү аралашып, айтор, айланкөчөк абалга келип калганбыз. Мындай кырдаалда баарынан мурда жалпы калктын ынтымагын ыдыратпай, улуттар аралык биримдикти сактап калуу милдети турду. Дал ошол максатта мезгил таңуулаган "Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз" деген убактылуу ураанды алып чыгып, жашоонун бардык тармактарын демократиялаштырууну баштадык. Ушундай учурда мени менен кошо бийликке советтик авторитардык эскичиликтен арылган демократиялык көз караштагы адамдар келгенин баса белгилемекчимин. Эски советтик-авторитардык бийликтин кысымы бизге жете элек болгондуктан, тезинен Демократия тарапка өтүп, реформа жасоого жакшы жагдай түзүлдү. Кыргызстан бул жагынан советтик башка республикаларга караганда бардыгынан алдыда болгонун тартынбай айта аламын. Ушунун натыйжасында алгачкы учурларда биз салыштырмалуу саясий туруктуулукка жетиштик.
Мен улуттар аралык ынтымакты ар дайым чечүүчү маселе катары карап, аны чечкенге күчүмдү да, убактымды да аяган эмесмин. Акырында "Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз" деген доктринасына ылайык бул программанын иш жүзүндө аткарылышы оң жылыштарга алып келип, улуттар аралык мамилелер жөнгө салынып калган. ОБСЕнин аз улуттардын иши боюнча жогорку комиссары Ван дер Стуул Кыргызстанга он жылдын ичинде 13 ирээт келип, биздин өлкөдө улуттар аралык мамилелер туура жолго койулганын байкап, "Кыргызстан улуттардын ынтымагын сактоодо жана улуттук саясатты жүргүзүүдө үлгү боло алат" деп бир нече ирээт баса белгилеген эле. Ошол мезгилде "Кыргызстан Элинин Ассамблеясы" оң жактуу ролдо болуп, зор үлүш кошконун баса белгилемекчимин.
Ал эми К. Бакиев бийликке келгенде бул жаратман доктринанын жаназасы окулуп, Р.Отунбаева баштаган өкмөт да улуттар аралык мамилени өтө солгундатып жибергенин айтпай коюуга болбойт. Мунун кесепетинен былтыр түштүктө улуттар аралык жаңжал кайра күчөп, көптөгөн жарандарыбыздын өмүрү бөөдө кыйылды. Анткени, саясий элита бийлик үчүн күрөшүүдөн башканы ойлобой, так жана даана иштен алыстап, элдин көйгөйүн көз жаздымда калтырып койду.
- Көз карандысыздык бизге эч кандай күрөшсүз, кан төгүлбөй келди, мунун сыры эмнеде деп ойлойсуз?
- Чындыгында эле Кыргызстанга мамлекеттик көз карандысыздык башка союздук республикалар сыяктуу эле СССРдин ыдырашынан улам оңой келди. Ошентсе да, ал күндүн келишин баарыбыз колдон келишинче жакындаттык. 1991-жылдын 19-августунда ГКЧП СССРди унитардык авторитардык мамлекет катары сактап калыш үчүн Конституцияга каршы келген төңкөрүштү баштады. Ошондо мен союздук республикалардын жетекчилеринин чакан тобунун катарында Россия Федерациясынын президенти Борис Ельцин менен бирге ГКЧПнын мамлекеттик төңкөрүшүнө чечкиндүү каршы турдум. Төңкөрүш ойрондолгондон кийин мурдагы советтик республикалардын биринчилеринен болуп, Кыргызстан "мамлекеттик көз карандысыздык жөнүндө" Декларация кабыл алды.
Ушул жерден демократ-президент Б. Ельцин баштаган Россиянын өзгөчө ролун баса белгилөөгө тийишпиз. Анткени, дал ошол жаңы демократиялык Россия эч кимди күч менен кармап калууну көздөбөгөндүктөн союздук республикаларга мамлекеттик көз карандысыздык кан төгүүсүз келди. Ошондуктан орус элинин мындай кадамына биз ыраазы болуп, унутпашыбыз керек. Болбосо тагдырыбыз башкача чечилип калышы мүмкүн эле да. Ал эми эгемендиктин алгачкы күндөрүндө баарынан мурда элди азык-түлүк менен камсыз кылуу милдети турду. Дүкөндөрдүн текчелери аңгырап бош калган. Импорт болсо токтогон. Ошондуктан, жалаң өз күчүбүзгө таянып, тобокелге салуу менен өзүбүздө бар нерсени колдонушубуз керек болду. Ошондуктан, жер реформасына катуу киришип, айылдыктарга мурдагы колхоз-совхоздордогу жерди, малды, техниканы таратып бердик. Анткени, калкты ачкачылыктан сактоо керек эле. Өлкөдө жеке менчик чарбалар, фермердик, дыйкан чарбалары пайда болду. Ошентип, 1992-жылда башталган реформа жемишин берип, өлкөдө азык-түлүк маселеси аздап болсо да чечилип, кырдаал оңоло баштаган. Бирок, жер реформасынын биротоло ийгиликке жетиши бир топ жылдан кийин болгон. Баса, Кыргызстандагы жер реформасы мурдагы советтик республикалардын арасынан эң ийгиликтүү чечилип, Армения менен катарлаш турган. Жер реформасы дыйкандарды жана айылдыктарды рынок экономикасына үйрөтүп, алардын жашоосун түп тамырынан бери өзгөрткөн. Коңшу республикалардын калкы бизге келип, кыргызстандык фермерлерге так белгиленген акыга иштеп бериш үчүн кезекке турушаар эле. Ошентип, кыргыз эли өз жеринин накта ээси болуп калган. Кийинки жылдары мамлекет айылды тагдырдын жазмышына таштап салганда, эл жалаң жеке менчик жеринин жана менчик чарбасынын күчү менен жан бакканы эч кимге деле жашыруун эмес. Эгемендиктин алгачкы жылдарында эле биз, Кыргыз айыл чарба каржылык корпорациясын түзүп, ал кийин Айыл банкына, дагы лизинг менен иштеген каржылоочу уюмдарга айланган. Айыл чарбасы кыргыз экономикасынын пайдубалын түзгөн негизги тармак болгондуктан, айыл тургундарына мындан ары да кеңири жардам берүүнү улантыш керек.
- Советтик авторитаризмдин 70 жылдан ашык көзөмөлүндө болгон кыргыз элине өзүнүн тарыхый тамырларын табыш кыйынга тургандыр? Анткени, биздин тарых ушуга чейин советтик доор менен гана чектелип, ал эми көөнө улуттук байыркы тарыхыбыз көмүскөдө калбады беле?
- Ошентсе да, советтик мезгилге чейинки орустун көрүнүктүү чыгыш таануучу илимпоздору кыргыз мамлекеттигинин байыркылыгын аныктап коюшканын калыстык үчүн белгилей кетүү керек. Алсак, советтик мезгилде академик В.Бартольд, "кыргыз улуу держава экенин" айтып, кыргыздардын Памирден Байкалга чейинки эбегейсиз аймакты ээлеп жатканын белгилеген. Тан династиясындагы кытай императорлору түндүк кошунасы болгон кыргыздарга ар кандай урмат-сый көрсөтүп турушкан. Бул боюнча байыркы кытай архивдериндеги баа жеткис материалдарды убагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Цзянь-Цземинь айкөлдүк менен Кыргызстага өткөрүп берген. Ошол эле мезгилдер туралуу профессор А.Бернштам, кыргыздардын жана кыргыз мамлекеттигинин эң учкул кыялдагыдай тарыхын жазып калтырган. Ошону менен бирге Кыргыз тарыхын изилдеген дагы көптөгөн советтик тарыхчылардын ысымдарын эскерүүгө болот. Ал тууралуу менин "Кыргыз малекеттиги жана "Манас" эпосу" атуу китебимден (2002-ж.) окуганга болот. Айтмакчы, "Манас" эпосу Семен Липкин баштаган бир топ көрүнүктүү советтик акындардын котормосунда Москвада орус тилинде 1946-жылы которулуп кооз китеп болуп чыккан. Ошондо эле "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө даярдалыптыр. Бирок, советтик доордо бул кыял ишке ашпай калган экен. Дүйнөлүк тарыхтарда белгилүү болгондой аз улут өзүнүн түпкү тамырына кайрылып, андан эбегейсиз күч алып келечекке болгон ишеничи артып, үмүтү жанат. Биз дагы элибиз 90-жылдары депрессиядан чыгалбай турган мезгилде, карт тарыхыбызга кайрылып, 1995-жылы "Манас 1000" жана 2003-жылы Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгын эл аралык деңгээлде белгилеп, кыргыз эли байыркы улут экенин далилдегенбиз. Бул окуялар дүйнө коомчулугунун Кыргызстанга зор кызыгуусун жаратып, элибиздин жана мамлекетибиздин көңүлүн көтөрүп, кыргыз элинин мамлекетти активдүү курууга шарт түздү. Ал эми бүгүн Кыргызстандын эли Бакиев менен Отунбаеванын революциячыл башкаруусунун терс кесепеттерине тушугуп, учурда калайык-калк жаңы улуттук идеяга муктаж. Элибизге жалпы улутту ынтымакка келтирчү жана шыктандыруучу жаңы программа керек болуп турат. Өлкөнүн азыркы жаңы лидерлеринин алдында койгон эң негизги милдети ушул болуш керек.
- Эгемен мамлекетти өз алдынча түптөө, өлкөнү администрациялык аймактарынын чегин тактоо, жана дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен мамиле түзүү Сиз үчүн оңойго турбагандыр?
- Бул жагынан совет доорунда эле союздук республикаларда мамлекеттик курулуштун катаал мектеби болгонун жана ошол кезде эле ылайыктуу администрациялык-аймактык бөлүнүп калганын, андыктан ички чектерди кайра бөлүштүрүүнүн зарылдыгы жок болгонун белгилөө зарыл. Бул болсо, биздин ишти абдан жеңилдетип койду. Мындагы башкы нерсе - кыргыздардын байыркы 2200 жылдык карт тарыхы болгондуктан, ХХ кылымдын аягында кайрадан мамлекеттик көз карандысыздыкка ээ болуп отурганы. Мамлекеттик көз карандысыздык деген эмне? Бул-өзүн улут катары сактап калуу, элдеги эң мыкты жана нукура сапаттарды, нарктуу салт-кааданы аман алып калууну, демек, булар аркылуу жалпы дүйнө маданиятына баа жеткис өз салымын кошуу. Ал эми Кыргызстандын саясий элитасынын алдында азыр булардын баарын көздүн карегиндей сактоонун ыйык милдети турат. Анткени, 2010-жылдын апрелиндеги жана июнундагы кан төгүүлөрдөн кийин өлкө кургуйга кулаганы калбадыбы! Эми болсо, Ала-Тоо жергесине мамлекеттик көз карандысыздык түбөлүккө орноду деп ишенгибиз келет! Албетте, башка мамлекеттер менен өз алдыбызча мамиле түзүүгө бир нече кылымдардан кийин, эгемендикке ээ болгондо гана жетиштик. Ошондуктан, учур талаптарына толук жооп бере алган заманбап тышкы саясий доктрина иштеп чыгуу талап кылынган. Убагында тышкы саясий ишмердиктин Кыргызстанга эбегейсиз эл аралык аброй алып келген так системасы иштелип чыккан эле. Тилекке каршы, Бакиев аны "оомо" демократияга алмаштырып салып, кыргыз дипломатиясынын, дегеле Кыргызстандын кадырын таптакыр кетирип салбадыбы.
- Аскар Акаевич, Улуттук акчабыз сом жана мамлекеттиктин башка шарт белгилери кандайча киргизилгенин, андагы кыйынчылыктардан кеп салсаңыз...
- Ушул жерден алгачкы мезгилде "легендарлуу парламенттин" оң ролун белгилегим келет. Ал чынында эле күчтүү парламент болгон. Анын катарында консервативдик мүнөздөгү депутаттар да, демократиялык маанайдагы жаш депуттар да бар эле. Мени өлкөгө президент кылып шайлаган ошол парламентке милдеттүүмүн. Компартиянын акыркы биринчи секратары Абсамат Масалиев консервативдик маанайда болсо, парламенттин ардактуу аксакалы өлкөбүздү чейрек кылым башкарган Турдакун Усубалиев болчу. "Легендарлуу парламентке"тийиштүү болгон негизги мүнөз, аткаруучу бийликти эч аябастан катуу сынга алуу эле. Ошентсе да, эгемен өлкөнүн президенти катары жалпысынан бул парламент менен жакшы иштеше алганыма ыраазымын. Андагы депутаттар менен мамлекеттик түзүлүштүн жана экономикалык реформалардын чечүүчү маселелеринде биргелешкен чечимдерге жетишүү үчүн чындыгында жумуш күнүмдүн жарымын ошол "легендарлуу парламентте" өткөрөөр элем. Дал ушундай курч талаш-тартыштарда жана жемиштүү кызматташуудан улам эгемен Кыргызстандын алгачкы Конституциясы (1993-жылдагы), мамлекеттин гимни, герби, туусу сыяктуу тарыхый документтер кабыл алынды. Айтмакчы, биздин ошол алгачкы Конституция советтерден кийинки мейкиндиктеги абдан өрүштүүлөрдөн болуп калган.
Россияда 1992-жылдын 1-январында Егор Гайдардын "селт эттирген терапиясынын" кесепети катары текирең-таскактаган инфляцияны ооздуктоо катары акча реформасы сөзсүз башталаарын жакшы түшүнгөнбүз. Ошондуктан, алардан озунуп, улуттук акчаны киргизбесек, биздин чакан жана алсырап бараткан экономикабыз рубльдун тепсендисинде калмак. Ошентип, 1993-жылдын 10-майында, башкача айтканда, рубль аймагындагы акча реформасынан эки ай мурда сомду киргизип алдык. Кыргызстанда улуттук акчаны киргизүү долбоору баарынан ийгиликтүү жана ар тараптан даярдалган болуп чыкты деп эсептеймин. Ошон үчүн биздин сом 10 жыл бою, 1993-2004 жылдарда чөлкөмдөгү баарынан ишеничтүү акча болуп калган. Ал кезде биздеги инфляция Европадагы өнүккөн өлкөлөр сыяктуу эле болгону 3-4% түзгөн. Тилекке каршы, соңку жылдарда Кыргызстандагы инфляция жыл сайын 20-30 пайызга жетип жатканы тирукмуштай жорук болууда. Ага жараша сомдун наркы да таптакыр түшүп калды. Демек, бул биринчи кезекте экономиканын солгундашына алпарат.
- Жаш өлкөбүздөгү саясий жана экономикалык абал ошол кезде кандай эле? Жаңы өнүгүү жолуна түшүү абдан эле кыйын болгондур?
- Саясий кырдаал абдан татаал эле. Демократиялык маанайдагы кадрлар менен консервативдик турумдагы мурдагы компартиялык жана чарбалык кызматкерлердин ортосунда айыгышкан каршылашуу жүрдү. Соңкуларды "кызыл директорлор" жана "кызыл помещиктер" деп коюшаар эле. Алар экономикалык реформаларга ар кандай тоскоолдук кылып, аларды ойрондотууга тырышып, жериндеги кырдаалды чайпалтып жатышты. Жумушсуз калган мурдагы партократтар кандай болсо да, өч алууну гана ойлоп калышкан. Эл болсо, беймаза абалда, эң зарыл тамак-аш азыктары жетишпей жаткан. Ушундай кырдаалдан бизге тыштан келген жардам чыгарды. Сырткы жардамсыз жашап кете алаарыбыз, улуттук мамлекетти түзөөрүбүз арсар болчу. Ошондо, Кыргызстандагы демократиялык жылыштар эл аралык коомчулук тарабынан татыктуу бааланып, бизге суу менен абадай зарыл жардам келе баштаган. Алсак, 1992-1994-жылдарда эле Кыргызстан ЭВФтан, ДБдан, АБРден жана Япониянын өкмөтүнөн 240 миллион долларга каржылык жардам алды. Бул акча негизинен бюджетти кармоого, эмгек акыга, пенсия менен пособиеге жумшалды. Ресурстардын бир бөлүгү энергетика, транспорт, айыл чарбасы сыяктуу жашоону аныктап турган тармактар үчүн сатып алууларга керектелип, кыйроонун алдын алууга жана кризистен чыгууга мүмкүн болду.
Андан ары да аталган эл аралык уюмдар жана донор өлкөлөр жаңы инфратүзүмдү жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө багытталган биздин долбоорлорду жактыруу менен колдоп турушту. Ошондогу тышкы жардамды майнаптуу пайдалануунун айкын далили бүгүн өлкөнүн бүткүл аймагында дапдаана көрүнүп турат. Бул, атап айтканда ошол жылдары жаңыртылып кеңейтилип салынган Бишкек-Ош жолу аркылуу Кытайга түз чыгууга мүмкүн болуп, миңдеген жарандарыбыз жумуш менен камсыздалган. "Манас" жана "Ош" аэропорттору эл аралык деңгээлге алынып чыгып, кайра курулду. "А" стандартындагы заманбап эл аралык санариптик спутник телекоммуникация байланышы бүткүл дүйнө менен тике байланышууга жол ачып, интернетке ыкчам кирүүгө шарт түздү. Ысык-Көлдө, Нарында жана Баткенде тургузулган жогорку чыңалуудагы электр өткөргүчтөрү жалпы өлкөнү электр кубаты менен үзгүлтүксүз жабдууга мүмкүндүк берди. Ал эми Бишкек ТЭЦинде №11 абдан кубаттуу турбогенератордун биздин учурда орнотулуп ишке берилишинин баа жеткис маанисин, бакиевдик өкмөттүн иш билбеген аракеттеринин жана уурулугунун айынан Токтогул ГЭСинде суу калбай калганда эл бир сезди го! Дал ошол биз орнотуп койгон турбогенератордун аркасы менен өлкө калкы кыштан аман чыгып, үшүп-тоңбой калбадыбы. Дагы сугат тармактарынын жана дарыя-өзөндөрдүн жээктерин чыңдоо иштерин, жүздөгөн жаңы мектептердин салынышын, саламаттыкты сактоо мекемелеринин эң жаңыча жабдылганын айтсак болот. Ушул долбоорлордун баарын ишке ашырууга 1,2 миллиарддан ашык доллар насыя ресурстарын жумшоо талап кылынган. Бирок, ошол акчага жасалып, түзүлүп жана жаңыртылган нерселер бүгүнкүгө дейре Кыргызстандын жыргалчылыгына иштеп жатпайбы.
- Ошентсе да, ал кездеги каржы каражаттары жана тыштан келген насыялардын пайдаланылышы тууралуу кайчы пикирлер бүгүн да айтылып жүрөт го?
- Албетте, каржылык жардамды жана насыяларды сарамжал пайдаланууга болгон аракетти кылдык. Ал эми үнөмдөлүп калган каражаттар алтын коруна валюта түрүндө АКШнын Вашингтондогу Резервдик банкына топтолуп сакталган. 2005-жылдын башында Кыргызстандын алтын жана валюта кору 500 миллион АКШ долларына жеткен. Андан тышкары, Кумтөрдөн алтын казуудан түшкөн кирешенин эсебинен Улуттук банктын алдында курч социалдык көйгөйлөр үчүн деп, атайын 125 миллион долларлык резервдик кор түзүлгөн. Ошонун эсебин бүгүн эл өкмөттөн талап кылууга акылуу. Убагында дал ошол резервдик кор Бакиевдердин үй-бүлөсү тарабынан уурдалып жок кылынган деп жүрүшкөн. Кыргызстандын эгемендигинин алгачкы 14 жылында тышкы жардам жана насыялар кандайча пайдаланылганын айтып өттүм. Кыргызстандын тышкы карызы 2005-жылдын башында 1,8 миллард долларды түзгөн. Ошол кезде биз насыя берүүчүлөрдүн Париж клубунун чечими менен тышкы карыздын олуттуу бөлүгүн эсептен чыгарып салышына жетишкенбиз. Кыргызстан КМШ боюнча карыздары кечирилген жападан-жалгыз өлкө болгон. Бирок, Бакиевдин бийлиги, андан кийин Отунбаева да Париж клубунун ушундай өзгөчө марттыгынан толук пайдалана албай, Кыргызстанды мамлекеттин тышкы карызынан биротоло кутулуу мүмкүндүгүнөн ажыратып салышты. Соңку алты жылда Бакиев бийлиги ар кандай алдамчылык менен 1 миллиард доллардан ашык насыяны өлкө үчүн деп алышкан. Ошол революциячыл бийликтин лидерлери, алган насыясын өлкө үчүн же эл үчүн көзгө көрүнөөрлүк же из калтырган кандайдыр бир проектиге жумшагандыгы тууралуу айтып берише алабы? Иш жүзүндө жогорудагы алынган насыялар дайыны жок жоголуп, натыйжада экономика эңшерилип, Бакиев менен Отунбаева өзүлөрүнүн каталарын, кемчиликтеринин, иш билбестигинин, жоопкерсиздиктеринин баарын мага үйүп салгылары бар. Эми алардын мындан башка айтаарлык эч нерсеси болбосо, башка эмне дешмек эле?
- Бирок, сиз, Аскар Акаевич, бийликте 14 жыл, ал эми революциялык бийлик болгону 6 гана жыл турбадыбы?
- Жакшы суроо экен! Анда, салыштырып көрөлү. Акаев башкарган 6 жылда эмнелер бүткөрүлдү жана Бакиев менен Отунбаева бийликте турган 6 жылда эмнелер жасалды? Мен бийликке келгенде өлкөдө нандын үч гана күнгө жетээрлик запасы турган. Ал эми 2005-жылы мен өнүгүү жолуна түшкөн бакубат, тынч өлкөнү калтырып кеттим, туурабы? Аргасыздан айтууга туура келген Бакиев менен Отунбаева бийликте тургандагы ишмердүүлүктөрүнүн бир гана анык натыйжасы - апрелде атылып өлтүрүлгөн бейкүнөө 89 жаран жана өлкө түштүгүндө тынч жашап жаткан 2 миңден ашык жарандын (Отунбаева бул маалыматты россиялык телекөрсөтүүдө атаган) курман болгону. Алардын акылга сыйбас "ишмердүүлүгүнөн" элибиз моралдык, нравалык сокку алышты. Кыргызстанды жаманатты кылып, абройун түшүрүштү. Мунун баары акыры келип, Кыргызстандын элине жана мамлекетке орду толгус зыян келтирип, элдин жүрөгүн айыккыс жаралантып салды.
(Уландысы эмки санда)
Маектешкен Лариса Асанбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??