Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Эй, эстеликти элестетип көргүлөчү?

Айтматовду карап, Пушкинди көргөнсүдүм

Буга чейин борбордогу "Эркиндик" эстелиги көпчүлүктүн кыжырын кайнатып, анын ордун Манас бабабыздын айкели менен алмаштыруу маселеси көтөрүлүп келген. Ошентип, Манас атабыздын жана Ч.Айтматовдун эстелигин орнотууга 6 млн. сомдон ашык акча каражаты чогулган эле. Манас менен Чыңгыз Айтматовдун эстелигин борбордук "Ала-Тоо" аянтына коюу идеясынын демилгечиси болгон Өкмөт бул ишти өтө эле шашылыш жасап коюшкандай. Буга чейин "Парламенттик делегациянын үч күндүк иш сапарына деле 10 млн. сом кетип жатпайбы, ага караганда, Манас менен Чынгыз Айтматовдун айкелдерин борбордук аянтка орнотуу алда канча олуттуу жана маанилүү" дегендей сындар коомчулук тараптан дагы, айрым басылмалар тараптан дагы жетиштүү айтылып келди.
Белгилей кетүүчү нерсе, жогоруда аталган эки эстелик үчүн "Кыргызтелеком" - 100 миң сом, "Saima-Telecom" ААК - 10 миң сом, "Шоро" - 500 миң сом, "Айыл-Банк" - 20 миң сом, "Халык Банк Кыргызстан" - 50 миң сом, "Кумтөр Оперейтинг Компани" - 4 млн. 459 миң сом которуп, өз эсебинен премьер-министр Алмазбек Атамбаев - 1 млн. сом, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев - 30 миң сом, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Сабиров - 25 миң сом, ошондой эле, кичи манасчылар, ОшМУнун окутуучусу А.Акаев жана жазуучу Бексултан Жакиев 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин кошумчаларын кошушкан. А бирок, ушунча каражаттын чындап эле ушул эки эстеликке жумшалганы күмөн туудурууда. Себеби, борборубуздун чок ортосуна орнотулган Манастын жана Ч. Айтматовдун эстеликтери негедир көпчүлүктүн купулуна толйбой калгансыйт.
Ааламдашуу проблемаларын көтөрүү менен кыргыздын атын дүйнөгө тааныткан, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эстегенимде албетте, аны жакындан көрүп калган окурман катары акыркы элестери көз алдыма тартылат. Салабаттуу, салмактуу жазуучунун кең далылуу, олбурлуу элесин аны акыркы жолу көрүп калуу бактысына ээ болгондор тана албастыр. Анткени, Ч.Айтматовдун орнотулган эстелиги өтө жаш, анан дагы далысы кичинекей, арык болуп калган. Ч.Айтматовдун тээ жаш курагындагы түшкөн сүрөттөрүн деле карап көрсөк, ал ар убак кең далылуу, олбурлуу калыбынан жазган эмес. Дагы бир айта турган нерсе, мен негедир эстеликти капталынан карап туруп, орустун улуу жазуучусу А.С.Пушкиндин элесин көргөнсүдүм. Эми даяр нерсеге сын көп кылбайлы, ошентсе да ушунча каражат жумшап жасалган эки эстеликти эми канча жыл кармап тураар экенбиз?
Азима АКУНОВА




Аянттагы айкел Атамбаевге окшошконбу?
Ала-Тоо аянтындагы эркиндиктин символу деп тургузулган канаты бар аялды алып ыргыттык. Көп жыл элдин сынында калып "Майрам Акаеванын буйругу менен өзүнө окшоштурулуп жасалган" деген сын тактык. Айтор алып тындык. Ордуна Манас атабыздын айкелин тургузабыз деп уран чакырып жер чапчыгандар пайда болду. ЖК депутаты Карганбек Самаков өз чөнтөгүнөн Манас атанын айкелин тургузам деп опурулуп бел байласа, шайлоого жакындаганда Атамбаев ал демилгени колго алган. Шашылыш башталды. Алдын ала сынак, долбоорлор даярдалган жок. Ким жасап, кантип жасалып атканы кабарланган жок. Жакшы үмүт менен күтүп аянтта Манас атабыздын айкели турат, канатчан аялдан кутулуп кол чаап, жетине албай сүйүндүк.
Эстелик бүтүп, эгемендик күнүндө коюлду. Көргөндөр "ту-уй ата, мунуңар Манас эмей эле орус" десе бириси "баатыр деген олбурлуу балбан болот, бул арык, чап жаак Атамбаевдин эле өзү. Акаевдай болуп бул дагы өзүнө окшоштуртуп жасаткан тура" деп ийинин куушуруп нааразы болушууда. Мурдагы канатчан аялды Майрам Акаевага окшош деп жер сабап жүрчү эмес белек.
Эл дагы нааразы. Чынында айкел кыргызга дем бере турган баатырга түспөлдөш эмес. Эстеликте бир топ кемчиликтер кеткен. Үзөңгүсү бар, ээри жок. Үзөңгү тепкени менен жайдак атта баратканы так эле биздин деңгээли тайыз, көкүрөгү боштор бийлик талашып опурулган сыяктуу. Баатырдын келбетинде кыргызга таандык сапат камтылган эмес. Муруту кадимки эле орус көпөстөрүндөй, орус кейпин кийген. Арык, бели ичке, кылычы узун…
Көпчүлүк баамдагандай шайлоо астында шашылыш аброй топтоо жана адаттан алыстабай ким демилге көтөрсө өзүнө ыктаткан өнөкөт менен Атамбаев Манастын айкелин өзүнө окшоштуруп алгансыйт. Бирок анысы ажо болушка жол ачабы же элдин наалатын айттырабы учуру келгенде кеп кылабыз.




Айбек Бузурманкулов, "Ак ШУмкар КУТ" ЖКБ мүчөсү.

"Эстеликке нааразымын"
- Бул эстеликке аябай эле нааразымын. Тургузулган Манас атанын эстелигинде дух жок, көңүлү сууз, арык, мурутун карагыла орустардын мурутундай. Айкөлдүн элеси жок. Муну шашпай эле сынак жарыялап, көпчүлүктүн сунушу менен изилдеп жасашса болмок. Мындай эстеликти койбой эле койсо болмок. Мунун артында кандайдыр көрсөтмө берип, кыргыздын дүйнө таанымын ,кыргыздын намысын тепсеген күчтөр жатабы дейсиң. Балким кимдир бирөөлөр шылдың кылып аткандыр. Болбосо кыргыздын жан дүйнөсүн түшүнгөн адам мындай маскаралоо айкелди түшүнсө болмок.

Асылбек Маратов, окуучу:
"Оруска окшош экен"
- Манастын сүрөтү эч кимге тааныш эмес, андыктан Айкөлдүн элесин сыр кылып катып тургузса болмок. Бул жасалган эстеликке караганда орус сүрөтчүсү Герцендин тарткан варианттары миң эсе артык. Орус сүрөтчүсү болсо дагы кыргыздын жан дүйнөсүн, кыргыздын жүзүн ачып берген. Айкел көргөн адамга анча таасир калтырбайт, Манас баатырдын элеси билинбейт. Жакшылап карасаңар орустун баатырларына түспөлдөшүп кетет экен. Жанатан бери жанымда тургандар "Атамбаевге окшош экен" деп күлүп атышат. Ким билсин, балким окшош…
Дайыр Орунбеков




Элдик бийлик эл арасында...
Эл көйгөйүн чечүүдө кыргыз бийлиги бир топ мезгилден бери реалдуу кадамдарды жасап келишүүдө. Өлкөбүздүн аймактарындагы чечилбей келе жаткан маселелер боюнча биринчи вице-премьер министр элдин жашоо-турмуштары менен жакындан аралашып, таанышып жүрөт. Түштүк жергебиздин тургундары аткаруу бийлигинин биринчи орун басарынын жасап жаткан бул алгылыктуу иштери туурасында пикирлери жакшы.


Айгүл Карымшакова, Ош шаарынын тургуну:
"Ырас жолубуз оңдолуп калды"
- Биз жолдошум экөөбүз Катта-Сай жаңы конушунан жер тилкесин алып, быйыл убактылуу отура турган үч бөлмөлүү үйдүн курулушун баштаганбыз. Азыр акчаң эле болсо баары табылат эмеспи. Курулуш материалдарынан тартыштык жок. Ишти жаңы баштаганыбызда электр жарыгы качан тартылат, сууну алыстан ташып ичебизби, жолубуз шагылданбаса жаан-чачында кантип каттайбыз деп сарсанаа болдук эле. Кудайга шүгүр насостук станция иштей баштады, электр линиясын тартышууда. Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов келердин алдында жолдорубузду бир сыйра тегиздеп, айрым жерлерине шагыл төшөп чыгышты. Анын биринчи кезекте жаңы конуштагы инфраструктураны түзөбүз дегени бизди аябай сүйүндүрдү.

Махмуд Каримов, Араван районундагы "Махмуд" дыйкан чарбасынын жетекчиси:
"Жакшы сөз ичти жылытат"
- Мага үлүшкө 80 сотых сугат жер тийген. Анын негизинде үй-бүлө мүчөлөрүбүз менен дыйкан чарба түзгөнбүз. Менин кичинекей чарбама Өкмөт башчысынын орун басары өзү кызыгып, атайын келип көрүп, жакшы сөздөрүн айтат деп ойлогон эмесмин. Өмүрбек Бабанов иниме ырахмат, ал менин ыкмама кызыгып, жакшы сөздөрүн айтып, мындан ары өкмөт дыйкандарды колдоо боюнча кандай иштерди жүргүзө тургандыктарын айтты.

Ашыр Тургунов, Сузак районунун тургуну:
"Райборборго кыйналбай каттап калабыз"
- Биз, райондун жогору зонасында жайгашкан 6 айыл округунун тургундары көп жылдардан бери Көк-Арт дарыясында көпүрө жоктугунан райборборго түз каттай албай, айланып каттап, кыйналып келебиз. Дарыяга көпүрө куруп, биздин түйшүгүбүздү жеңилдетүү боюнча жергиликтүү бийликтегилерге, Өкмөткө көп жолу кайрылганбыз. Мына эми, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов келип, көпүрөнүн капсуласын койгондо, тилегенибиз ишке ашат экен деп, терибизге батпай сүйүнүп олтурабыз. Эгерде көпүрө курулуп бүтсө, жолубуз бир нече эсеге кыскарып, райборборго кыйналбай каттап калабыз.
Тынчтык Садырбек уулу




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??