Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Быкшыма

"Кристалл" Бабановго
эмне үчүн керек?
Өткөн жумада Жогорку сот Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" заводунун банкрот болгонун тааныган чечим чыгарып берди. Муну менен Мамлекеттик мүлк министрлиги эмнеге жетишти?
Жарым өткөргүчтөрдү өндүрүүчү ишкана, керек болсо өткөн жылы улутташтырылбаптыр. Бирок, буга Мамлекеттик мүлк министрлигиндеги кээ бир чиновниктер бети кызарып койбостон, заводду өзүнүн менчиги катары эсептешкендей. Өткөн жылдан бери ушундай бир кожоюндук кылды дейсиз, ишкана орточо 10 миллиондогон долларлык жабдуусунан куру-жалак калды. Андан кийин, активин андан ары бөлүп-талаш үчүн "Кристалл" заводун банкроттук абалга жеткиришти. Мүлктүн бир бөлүгүн жаңы түзүлгөн "Таш-Көмүр Солар" ишканасына өткөрүшүп, эми азыр аны Мамлекеттик мүлк министрлиги менен анын "кол жоолугуна" айланган атайын администратор Кубанычбек Абакиров сатууга аракет кылышууда. Фирманы башкарган Аттокур Жетибаев болсо бир жылдан бери заводду талап-тоноп жатат деген кептер тарап жатат. Бир кезде жакшы "бөлүшпөй" койгондуктан аны "Кристаллдан" иштен айдаган экен, эми ошол толбой калган жерлерин толтуруп жатат окшойт.
Акыркы учурларда Мамлекеттик мүлк министрлигинин бир топ чиновниктери, Абакиров менен Жетибаевдер ММКлар аркылуу өтө активдүү иштеп жатышат. Заводду алар талкалабагандай, өзүн сүттөй ак көргөзгүсү келишүүдө. Эң жакшы инвесторго сатышат имиш. Арийне, заводду эч ким сатып албайт, анткени, Мамлекеттик мүлк министрлигинин ага тиешеси жок, завод мамлекеттин менчиги болгон эмес. Чыныгы сатып алуучулар "Кристаллдын" кожоюндарына барып жатат. Чиновниктер ушундай бир башаламандыкты түзүп коюшту, жакшы инвестордун жакында келиши күмөн. Эгерде заводду сатып ала турган болсо, аны андан ары талап-тонош үчүн өзүлөрү эле башка бир фирмалар аркылуу алышы мүмкүн. Ушундан улам, бабановдук министрлик ушунчалык сүйүнгөн Жогорку соттун чечими элге, мамлекетке, инвестициялык климат үчүн эч нерсе бербейт. Тескерисинче, өзүлөрүнүн гана капчыгын ойлогон чиновниктердин өкүмзордугунан, инвесторлордун укугу корголбой келгени баягы эле тааныш көрүнүштү сүрөттөйт.
Баса, Жогорку соттун чечими чыкканга чейин Өмүрбек Бабанов ишканада болгон эле. Эмнеге дебейсизби? Балким, "Максим-2" аны менчиктештирип алууну көздөп жаткандыр?
Азамат Жетишбаев





Мансап берсе кең мекен,
Максим болуш эмне экен
Москванын колдоосун сактап калышы үчүн Атамбаев, Бабановдон кол үзүшү керекпи?
Бабанов менен Максим Бакиевдин бирге иштеткен бизнеси жана достугу анын орус саясатчылары менен болгон алакасын муздатты десек болот. Биринчи вице-премьер экономиканын кирешелүү секторунун бардыгына көзөмөл жүргүзүүгө аракет кылып жатканын эске салсак, Россия премьер-министрге маселени кабыргасынан коюп: же бизди колдо, же мындан ары өзүңдүн "оң колуңду" кармап жүрө бер деши мүмкүн.


Элибиз тамашалап жүргөндөй, эгерде Максим Бакиев экономиканы толук көзөмөлгө алууга үч жыл коротсо, а Өмүрбек Бабанов жарым жылда эле үлгүрдү. "Республика" партиясынын көзөмөлү алдында турган энергетика министри Аскарбек Шадиев эми өзүнүн коррупциялык механизми менен ар дайым сынга алынып келген электр энергиясын экспорттоо маселелерин жана ТЭЦке көмүр ташып жеткирүүнү тескейт. Ошондой эле Камбар-Ата ГЭСинин курулушу дагы энергетика министрлигинин көзөмөлүндө. ГЭС бүгүнкү күнгө чейин иштебей турат, өткөн жылы бөлүнгөн акчалар каякка жумшалганы белгисиз экенин бир нече жолу айтылып келди. Транспорт жана коммуникация министрлигине токтоло турган болсок, бул жерден дагы Өмүкенин изин табууга болот. Жолдун жана инфраструктуранын курулушуна Өкмөттөн үлүш сурап жатышканын кытайлык инвесторлор күбүр-шыбыр кеп кылышууда.
Бабановдук банкир-айым Бактыгүл Жээнбаева Улуттук банкты башкарып турганда банк секторун бөлүп-талоого бар күчүн жумшаганы жөнүндө уламыштар айтылып жүрөт. АУБ банкын банкрот кылып, анын активи менен "Залкар Банкты" түзүп, АУБдан калган филиалдары, кыймылсыз мүлктөрү, банкоматтары, дасыккан адистери, кызматкерлери менен элди өзүнө тартканы бекеринен эмес. "Залкар Банктын" жетекчилигинде Бабановго баш ийген адамдар отурат. Банктын сатылышы, же ал жоюлгандан кийин анын активи кудурети күчтүү бизнесмендин колуна тиет болуш керек. "КыргызКредитБанк", "Акылинвестбанк" банктарына консервация режимин киргизүүнүн артында дагы Жээнбаева турат. Банктарды банкрот кылуу Бабановго өзүнүн банк секторунда таасирин күчөтүү үчүн өтө ыңгайлуу. Анын жакын адамы Нурдин Илебаев ирандык "ФинансКредитБанкын" башкарып турду. Бабановдун жеке менчиги болгон "Кыргызстан" банкында административдик ресурстун таасири менен кардарларыбыз көбөйүп жатат дешип, шапкесин көккө ыргытып кубанып жатышат. Бир катар компаниялар эмгек акы долбоорлорун дагы ошол жакка которушууда. Эгерде, банк секторун бөлүштүрүү боюнча схема ишке аша турган болсо, анда, банк системасынын жарымы Бабановго баш ийип калмакчы. Анда эле акчаны чет өлкөгө чыгарып кетүүчү аянты бир кыйла кеңеймек.
"Республика" партиясынан Жаратылыш ресурстар министрлигине башчы болуп келген Замирбек Эсенаманов канчалаган балакетти алып келди. Тоо кен тармагы кыйрап жатат. Ал болсо лицензия бергенди билип, компаниялардан шефи өзүнүн "үлүшүн" алдыбы, ошону билүү менен гана алекпи? Эсенаманов өзүнүн шефи үчүн бүткүл дүйнөнү калчылдаткан ирандыктар менен жолугушуунун айласын тапкан деген маалыматтар бар. Биздин уран кендерибиздин эсебинен Ахмадинежаддын бомба жасашы жетишпей жатты эле.
Анын койгон адамы Даир Кенекеев башкарган Мамлекеттик мүлк министрлиги кандай ыкмалар менен иштеп жатат? Министрлик аралашкан "Кыргызнефтигаз" чыр-чатагын эске салсак болот. "Кристалл" заводу менен азыр эмне болуп жатат? Мекеменин чиновниктери заводдун активдерин бөлүп-талап алыш үчүн, же болбосо мыйзамды тоготпостон ишкананы сатууга ачык эле аракет кылышууда. Алар ташкөмүрлүктөрдүн жумушсуз калып, өмүрүнүн аягына чейин ачка калышын калышат го. Мамлекеттик мүлк министрлиги жана башка улутташтырылган обьектилерге да ушундай мамиле кылып жатат. Тартып алынган менчик обьектилердин Бакиевдерге эч кандай тиешеси жок экенине карабастан, алардын чыныгы кожоюндарын таптакыр угуп коюшпайт. Эми бирөөнүн менчигин сатууга аракет кылып жатышат. Анын кожоюну сотко берди, эгерде утуп ала турган болсо, Даир Кенекеевден эмес, бюджеттин эсебинен төлөтүп алат. Мамлекеттик мүлк министрлиги Бакиевдерге каршы иштеп жаткандай түр көрсөткүсү келишүүдө. Бирок, алардан иши таптакыр теңирден тескери! Алар обьектини тартып алышып, рыноктогу баадан төмөн саткысы келишет (маселен, "Bavaria" яхтасы). Албетте, фермерлер андай обьектилерди сатып алышпайт, демек, текейден арзан өзүнүн адамдарынын колуна тиет. Төмөндөтүлгөн баалардан бюджет ири каражат табышы күмөн, бирок, соттон кийин чыныгы кожоюндарына көп төлөп калышы мүмкүн.
Мамлекеттик мүлк министрлиги Максимди ачык эле жакташууда. Биздин чиновниктер, негедир экс-"ханзааданын" майлуу обьектисин сактап калууну каалап жатат? ААК "Альфа Телекомдун" кожоюндары-Мамлекеттик мүлк министрлиги (49%) жана Белокондун Латвиядагы банкындагы Максимдин жеке банкири директору болгон оффшордогу Southfield компаниясы. Биринчи вице-премьер Кыргызстандын экономикасынын эң бир кирешелүү жерлерин өзүнүн колуна алып, инвесторлорду иштетпей, алардын жеке менчигин тартып алууда. Ал эми Алмазбек Атамбаев президентикке талапкерлигин коюда Кремлдин колдоосуна муктаж болуп турат. Ал жакта Максимди жана анын досторун, өнөктөштөрүн көп деле жактыра беришпейт.
Азиз Турсункулов








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??