Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин өлкө элине куттуктоосу
Кымбаттуу агайын-туугандар!
Урматтуу мекендештерим!
Сиздерди Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгынын 20 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Дүйнө тарыхында 20 жыл - кыска гана үзүндү. Бирок, киндик каныбыз тамган, эне сүтүн эмген өлкөбүз үчүн андагы болуп өткөн окуялардын мааниси жана курчтугу, өнүгүүнүн өтө татаал, чиеленишкен жолу жана теңдешсиз тажрыйбасы жагынан алганда, баштан кечирген бул кыска мезгил - кылымга тете болуп турат.
Калайык-калкыбыз эгемендик үчүн эч аянбастан баарынан кечкен чымырканган, жаратман күч-аракети менен өткөн Кыргызстандын көз карандысыз өнүгүү жолунда көз ирмемдей учуп өткөн алгачкы мезгили эстен кетпес. Ошол керемет мезгил баарыбыздын көкүрөгүбүзгө кылымдар бою эңсеп келген армандуу кыялдар ишке аша баштагандагы бийик сезимдерге жык толгон бир башкача жаркын маанай уялатканын кантип унутабыз? Мекенибиз дал эгемендик алганда гана нукурасынан өнүгө баштап, демократиялык жолго түшүп, советтик тоталитардык өкүмдардык мурастан арылууга мүмкүндүк алды. Дүйнө коомчулугу Кыргызстаныбыздын улуттук өрүштүү жолго түшкөнүнө ынанып, аны өз катарына кучак жая тосуп алды. Ошондо жаныбызда ишенимдүү досторубуз жана шериктерибиз турду. Биздин эгемен мамлекеттүүлүгүбүздүн тагдыр чечкен алгачкы абдан кыйын мезгилинде колдоп, жардам бергени үчүн бир туугандай болуп калган Россияга чексиз ыраазылык жүрөктүн тереңинде сакталып кала бермекчи. Ошол Россия бүгүн да элибизге тагдырлаш боло жеңилибизди жерден, оорубузду колдон алып турганын ким тана алат?
Кыргызстандын жаңы тарыхындагы бурулуш учурда мага өлкөнү башкаруу озуйпасын ишенип тапшырганы үчүн тагдырга жана элиме терең ыраазымын. Элимдин ысыгына чыдап, суугуна тоңгонума, тагдырына таламдаш болгонума бактылуумун. Ошондогу эң жаркын үмүттөргө жетеленип, таттуу кыялдарыбыз ишке аша баштаганда, тилекке каршы, 2005-жылы март айында океандын ары жагынан бизге таптакыр чоочундар тарабынан даярдалып, башыбызга түшкөн бузуку карантүн болбогондо, өрүштүү жолубузда дагы бир топ илгерилейт элек. Ал карантүн мамлекеттик төңкөрүш түрүндө түштү. Кесепети ушул, мамлекетибиз кургуйга кулоо алдында калды. Аны менен бирге былтыр 2010-жылдын жазында жана жайында болуп өткөн окуялар да жүрөктү сыздатты. Мындан жыйырма жыл мурда нукура эгемендик жолу менен ишенимдүү алга бараткан өлкө бүгүн ара жолдо, саясий жана социалдык-экономикалык арсар абалда калып отурат.
Элимдин кылымдарды карыткан тарыхын терең изилдегендиктен, байыркы замандарда кыргыз эли мындан да кыйын жана каргашалуу тагдырды баштан кечиргенин билемин. Андыктан, бүгүн да элдин канында ошол азаптуу жана илгерки жоокер заманда уюган күч-кубат өлкө башына түшкөн каргашалуу кыйын сыноодон өткөрүп кете алат деп бекем ишенемин. Атап айтканда, ал күч-кубат улуу Манастын 1000 жылдыгын, Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгын белгилегенде ого бетер ширелип, болоттой курчутулуп, токсонунчу жылдардын оор сыноолорунан алып өтпөдүбү. Ал эми жакынкы келечекте Ата Мекенимди дүйнө коомдоштугунун өнүгүшү өрүш алган мүчөсү катары теңтайлашып кетээрин көрүп турамын.
Эгемендик күнүндө мекендештериме, ар бириңерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат турмуш каалаймын. Ылайым асманыңар бүркөлбөй ачык болуп, күнүңөр жаркырап тийип турсун. Азап-кайгыңарга, ийгилик-кубанычтарыңарга, аруу тилегиңерге ар дайым ортоктош бойдон -
Аскар Акаев




  Бирбүркүм

Солтон сарыда ок чыкты
Мурдакы өкмөттү эл байлыгын жеп ичти -деп жамандаганыбыз менен азыркы бийлигибиз алардан кем калышбай жатат. Элдин ырыскысын жеп, байлыгын башка мамлекеттерге таратып жатканын угуп төбө чачың тик турат. Кумтөрдө 15 жылдан бери элибиздин алган пайдасы 370 млн. АКШ долларын түзсө, ал эми Кумтөр компаниясы 3 млрд. 681 млн. АКШ доллар киреше алган эле. Бул кыргыз элин шылдың кылгандай кеп. Башкача айтканда өндүрүлгөн алтындын ондон бир бөлүгү гана элибизге тийип жатат. Дүйнөнүн тарыхында болуп көрбөгөндөй шылдың. Муну бийлик бутактагыларыбыз укса да укмаксан, көрсө да көрмөксөн. Себеби, мунун баардыгына чиновниктер өзүлөрү күнөөлү. Акыркы бир айдын ичинде Терек-Сай, Суусамыр кендеринен чет мамлекеттик компаниясы куулуп чыгарылып, эл ишин токтоттурду. Өткөн жумада Солтон-Сары кенинен жергиликтүү эл Кытай компаниясын кетирди. Кенди кайтарган кыргызымдын эр азамат СОБРдун үч кызматкери элге ок чыгарды. Булардын кылыгына жинденген эл ок чыгарган СОБР кызматкерин колго түшүрүп, автоматтары менен чогу протоколдун негизинде жергиликтүү орган кызматкерлерине өткөрүп берди. Кен байлыктарды жегендерге кекенген патриот "Кыргызстан жаңы күчтөрү" эмки кезекти кыргыз элинин байлыгын, ырыскысын жеген Кумтөр компаниясында деп жатышат.


Ак чүпүрөк Ак куланын туягына чырмалып
Кечээ Айкөл Манастын айкели ачылып жаткан чакта үстүндө жабылган чүпүрөктү сыйрып ачуу зыйнаты болгон чакта, айкел ачылганда Манастап ураан чакырабыз деп камына жарданып карап турган калың калктын шаабайы сууду. Ылдыйдан кызыл жип менен тартканда дароо сыйрылып кала турган чүпүрөк Манас атабыздын Аккуласынын кулагына чырмалып, андан шамал учурса туягына жармашып отуруп көптө барып араң түштү. Муну жамандыкка жоругандар арбын. Эсиңиздерде болсо, 2005-жылдын 14-августунда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин ант берүү аземи болуп, ага берилген президенттик белгини Бакиев моюнга илбестен туу менен кошо ак үйгө жөнөтүп жатканда, тууну жана штандарты алып кетип бара жаткан кызыл килемченин так ортосун бир милийса кесип чуркап өткөндө бул кишинин жолу болбойт деп болжошкондору туура чыгып, анын артынан өлкө хаоско чырмалды. 1995-жылы август айында Таласта Манас Ордо комплексинде Манас эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүүгө келген ошол кездеги президент Аскар Акаев жылмаңдай эл менен учурашып чуркап бара жатканда 2 ирет калпагы башынан учуп кетип, жан жөкөрлөрү кууп жүрүп кармаганда дагы көргөндөр жамандыкка жорушкан. 2010-жылдын 3-июлунда филармонияда ант берген Роза Отунбаева трибунага чыккан кезде ант бере турган тексти жоголуп, бир топто табылган эле. Анда дагы штандарты алган Президент айым кайсы солдатка сунаарын билбей алактап калганда мамлекет хаоско тушугаарын айтышкан. Айтор жаман жышаандардан кутулбас болдук го.


Катани эч кимге кошулбайт!
Акыркы учурда алдыда келе жаткан президенттик шайлоонун фавориттери аныктала баштады. Түштүктөн Камчы Ташиев менен Адахан Мадумаров болсо, түндүктөн Алмаз Атамбаев менен Өмүрбек Суваналиевдер. Калган талапкерлер соодалашуу үчүн гана жарышка чыккан аутсайдерлер экени айтпаса деле белгилүү боло баштады. Ушул 4 талапкердин ичинен ташы улам өйдөлөп бара жаткан Өмүрбек Суваналиевге биригүү боюнча ар кыл талапкерлерден сунуштар байма-бай түшүп жаткан чагы экен. Бирок, Катани мен эч ким менен бирикпейм, акырына чейин күрөшөм, жеңем деп билекти катуу түрүнгөнү. Ал тургай Атамбаевден келген жуучулардын дагы оозун Ошту каратып жөнөткөнү дайын боло баштады. Аскар Салымбеков да бир ирет алдына түшүп келгени ырасталууда.


"Асман пресс"








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??