Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

- Эмнеге көп азгырыласыз?
Мирлан Жетигенов, ырчы:
- Азгырылганымбы, тамекиге. Негизи өзүм чекпей, бирок досторум же жанымдагы бир бейтааныш адам чегип жаткан болсо, аларды көрүп азгырылып чегип кетем. Бирок, үйдөн, машинадан ойлобойм. Ал эми казиного өмүрүмдө бир эле жолу баргам, анда кудай жалгап азгырылып кеткен жокмун.

- Төлгөгө ишенесизби?
Жанетта Бобкова, ырчы:
- Төлгөгө ишенбейм, эми мурда жаш кезде ишенчүбүз. Кыздар менен барып карта ачтырып дегендей. Онунчу класста окуп жүргөндө төлгө ачтырганы барганбыз. Баардыгыбыздын алдыдагы жашообузду айтып берип, мени он бирди бүтүрүп такыр эле наркы дүйнөгө кетесиң деген. Ошондо жүрөгүм түшкөн, күтүп качан өлүп калат болдум экен деп. Кийин апама айтсам аябай урушкан. Ошол окуядан кийин ишенбей калгам жана баргым келбейт дагы.

- Аялыңызды ойношу менен кармап алсаңыз эмне кылмаксыз?
Рустам Аташов, кино режиссер:
- Вот это вопрос ээ(күлүп). Буга чейин андай болот деп ойлобопмун. Менби... эми, эмне кылмак элем. Ал учурда эки варианты бар да. Биринчиси кокустан үстүнөн чыгып калган учурда кызуу кандуулукка алдырып, кармана албай өлтүрүп салмакмын экөөнү тең. Ал эми экинчи жагынан алганда алыста жүрүп угуп калсам мен өзүмдү-өзүм сабырдуулукка чакырып... Бирок, баары бир уруксат берип коймокмун кете бер деп. Мен кечире албайм андайды, жашамак эмесмин. Ушундай эки варианты бар.

- Кудай алдында тазасызбы?
Гулнур Асанова, ырчы:
- Кудай алдында эч ким таза эмес да. Беш маал намаз окуган такыба адамдар дагы күнөө кетиришет. Мен өзүм намаз окуп, таалим сабактарга барсам деген оюм бар. Буга чейин чооң күнө кетиргем, кетирген эмесмин деп айта албай. Кудай баарын көрүп турат да, өзү айтсын(күлүп). Эгер жашоону 100% деп алсак, кырк пайызын таза эмесмин деп айтаар элем. Кетирген күнөө иштеримди сооп иштер менен тазалап койгонго аракет кылам.

Гүлзат САдЫРБЕК кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??