Акыл казынасынан

Майып көпөлөк

Күндөрдүн биринде бир киши отуруп, мындай бир окуяга күбө болот. Бир көпөлөк пиллада кичинекей бир тешикче ачып, бир нече убакыт бою ошол тешикчеден денесин чыгарууга аракет жасап жатты. Көпөлөккө алдыга жылууга эч дарманы, күчү жетпечүдөй сезилди. Колунан келген бардык аракетти жасап, башка кыла турган айласы калбагандай болду.
Ошентип, киши көпөлөккө жардам берүүнү чечти. Колуна кайчы алып, кичинекей тешикти чоңойто баштады. Бул тешиктен көпөлөк оңой эле чыгып кетти. Бирок, көпөлөктүн денеси кургап, кичинекей канаттары болсо бырышкан бойдон жатып калды.
Киши байкоосун уланта берди. Анткени, ал "көпөлөк канаттарын ачып, денесин көтөрүп асманды көздөй учуп кетет"- деген үмүттө эле.
Бирок, ал ойлогондордун бири да болгон жок. Көпөлөк жашоосунун калганын соолуган денеси жана бырышкан канаттары менен жерде сойлоп өткөрдү. Канчалык аракет кылса дагы учалган жок. Албетте, киши жакшы ниет жана кайрымдуук кылды. Пилладагы кичинекей тешикчеден көпөлөк кысылып, суурулуп чыкканда гана Жараткан анын денесиндеги суюктукту канаттарына жиберип, уча турганга мүмкүнчүлүк жана күч бермек.
Анткени жаратылыштын мыйзамы ушундай, "жашоо үчүн күрөшүү" дегендин мааниси дагы ушунда. Ар бир адам, ал турсун кыбыр эткен жандыктын бардыгы өз күчү, өз аракети менен гана жашоо үчүн күрөшө алса Кудай дагы түйшүк үчүн эки эселеп күч берет. Турмушта анык керек боло турган нерсе - аракет. Эгерде Жараткан бизди бардык нерсеге күч жумшабастан эле жетүүгө жол берсе, анда жогорудагы көпөлөк сымал майып болуп калат элек.




25.08.2011-1.09.2011
Кой. Бул апта кой жылдызындагылар үчүн жаңы долбоорлор менен иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул иштен өзүңүздөн жаңы энергия, жаңы энтузиазмдын пайда болгондугун байкайсыз. Эгер жагымсыз жагдайлар түзүлсө жакын адамдарыңыз жардамга келишет. Ошондой эле сүрөт, музыка, дизайн жаатында эмгектенгендердин сферасы кеңейет.
Букачар. Эмгектенүүгө ыңгайлуу болмокчу, тактап айтканда сырткы келбетти калыбына келтирүү же болбосо үйдү жасалгалоо иштери. Имджиңиздин жакшы жагына өзгөрүшү менен өзүңүздү ажарлуу сезип жагымду пикир алышуулар болот. Интуицияңызга ишенсеңиз ийгиликтерге жетишесиз.
Эгиздер. Сиз үчүн маалымат, идея жана методдор өзгөчө кызыктуу көрүнгөнү менен иш жүзүндө ийгиликсиз болушу ыктымал. Бирок бул убакыттын өтүшү менен калыбына келет. Бул аптада сиз жасап бүттүм деген ишти жыйынтыкташыңыз керек. Акырында баардыгы өз ордуна келип, ишиңиздин жемишин көрөсүз.
Бөйөн. Бөйөндөр үчүн жаңырган апта жагымсыз болгону менен ишинен баар табат. Сүйгөнүңдү багындыруу жана каалаганына жетүү оңойго турбайт. Пикир алмашуу оорчулукка туруп, өзүңүздү жалгыз сезесиз. Сабырдын түбү сары алтын дегендей сабырдуулук кылсаңыз баардыгы болот.
Арстан. Арстан жылдызындагылар светтик жашоого каалоосу ойгонот. Бул мезгил сунушталган ишти ийне-жибине чейин иштеп чыгууга ылайыктуу. Сырткы чөйрө өзүнүн ири бийлигин жүргүзөт. Олуттуу мамиледе кимдин жалган айтып жатканын аныктоо оорчулукту туударат. Бул учурда кырдаалды колго алып, стратегия жөнүндө ойлонуу маанилүү.
Суупери. Жагымдуу көрүнгөн нерсе сууперилер үчүн мааниге деле ээ болбошу мүмкүн. Кызматташтыкта же алышып- беришүүдө сиз баалуу нерсеңизден кол жуушуңуз күтүлөт, болбосо каалаган нерсеңизге жете албайсыз. Юридикалык суроолордо, романтикалык байланыштарда чектен ашкан тынчысдануу болушу мүмкүн, анткени светтик окуялар жана дебаттар жакындап келе жатат.
Тараза. Бул жумада айланадагыларыңыз позитивдүү же негативдүү мамилелери менен сизди чыйралтат. Анын натыйжасында энергияңыздын агымы жеке уникалдуулугуңузду жана адаттагыдан сырткары шыгыңызды ойготот. Бирок, тескерисинче да кырдаал болуп калышы мүмкүн.
Чаян. Адамдар жана кырдаал сизге көбүрөөк эркиндикти жана көз карандысыздыктын баалуулугун аңдап билүүгө түрткү болот. Жагымсыз факторлор тоскоол болбосо, анда сиз кызматташкан топтогу адамдардын аракети сизге көрүнүктүү пайда алып келет. Эл менен баарлашуудагы ыкмаларыңыз жана көз караштарыңыз чечкиндүүлүктү талап кылат. Пикир алмашуу чөйрөңүз кеңейет.
Жаачы. Майда-чүйдөгө көңүл бурууңуз тынчсызданууга алып келет. Ойлонулбаган кадамдардан бармагыңызды тиштеп калышыңыз мүмкүн. Тажрыйбаңыз жана билимиңиз жетишпеген тапшырмаларды аткаруудан алыс болуңуз. Жоготууну каалабасаңыз колуңуздан келбеген жумушка башыңызды салбаңыз.
Текечер. Сиз бул жумада өтө чыдамкайлыгыңызды көрсөтөсүз. Эгерде сизге тигил же бул ишти бүтүрүүгө узак убакыт талап кылынса, ал убакыт табылат. Сиздин аракетиңиз тажрыйбаңыз жана көптү көргөнүңүздүн шарапаты ийгилик алып келет. Эгерде сиздин тажрыйбаңыз аз болсо, анда сизге көптү көргөн, такыба адам жардамга келет.
Суупери. Эгер сиз бир калыпта жүргөн, уюштургуч, өз максатыңызды даана, ачык билген болсоңуз, демек, бул сапаттарыңыз бийиктиктерге жетүүгө максималдуу өбөлгө түзөт. Билимиңиз жана тажрыйбаңызды даңазалай турган учурду колдон чыгарбаңыз. Кыскасы, сиз көздөгөндөй максатка жете аласыз.
Балык. Балыктар үчүн жаңырган апта ийгиликтүү жана тынч өтөт. Жаныңыздагы адамдар өз иштери менен алек болуп, эч тоскоолдук түзүлбөйт. Жуманын экинчи жарымында көз караштардын ар тараптуулугу жыйындарды жана дискуссияларды өткөрүүгө тоскоол боло албайт. Кызматташтык келишимдер ийгиликтүү болот. Сиздин талабыңыз канааттандырылып, башкалардын суранычын дагы аткара аласыз. Өзгөчө, окуу иштери ийгилик алып келет.