Мырзалар кулак салгыла

Кантип кийинем?
Айымдар имиджин өзгөртүү же туура кийинүү үчүн имидж консультанттарга барышат. Ал эми эркектер бул жагынан аксашат. Аларды оңдоп түзөөчү бир гана аялы, же жакын досу болот. Кийимди туура тандап, кийүү да оңой эмес. Мырзалар мүнөзүнө, фигурасына жараша кийинүүлөрү кажет. Маселен, толук жигиттер (анча эмес) чапташкан кийимдерди кийүүлөрү керек. Дегеле кийимди кантип тандоо керек? Келиңиз анда биринчи костюмдардан баштайлы.

Эркектердин костюму 3 типке бөлүнөт. Америка костюму, Англия костюму, Европа костюму
Америка костюму олбурлуу, чоң эркектерга туура келет. Бул тип америкалык толук, кең далылуу мырзалар үчүн чыгарылган. Бул стилдин өзгөчөлүгү пиджагы 3 топчулуу болуп, кийген адамды узун, арыгыраак көрсөтөт.
Англия костюмун атлетикалык дене түзүлүштөгү мырзалар кийсе болот. Бул костюмда артында же эки капталында тилиги болот. Костюм фигураны чыгарып, өзгөчө ийинге басым жасалат. Андыктан спорттук дене түзүлүштөгү мырзалар кийишсе жаңылышпайт.
Европа костюмун арыкчырай келген, өтө узун эмес мырзалар кийишсе болот. Пиджакта тилик болбогондуктан сиздин боюңузду саал узун көрсөтөт. Өтө арык жигиттер чапташкан костюмду алуудан алыс болуңуздар.

Түскө карай жүрүңүз
Кара - эң классикалуу түс. Бул түс кече болобу, жолугушуу болобу кете берет. Кара түс сиздин фигураңыздагы анча-мынча кемчиликтерди жашырып да коет.
Боз - бул түс универсалдуу десек болот. Себеби, бардык өңдөр менен дал келе берет.
Кочкул көк түс- эскирип бараткан классика. Эгерде костюмуңуз кочкул көк түстө болсо ак көйнөк, боо байлама кара туфли менен кийсеңиз куп жарашып калат.
Ачык түстөгү костюмдарды күнүгө кийүүгө болбойт.
Ак костюмду салттуу түрдө үлпөт тойго кийишет.
Бут кийимди тандаңыз
Кара костюм - кара ботинка, кара же кочкул көк түстөгү байпак
Боз костюм - кара ботинка. Байпагыңызды галстука ылайыктап тандап алсаңыз болот.
Кочкул көк түстөгү костюм - күрөң түстөгү ботинка, байпагыңыздын өңү да күрөң болсо дурус болот.

Джинсы сүйүүчүлөрдүн эсине
Джинсы көбүнчө кеда менен жакшы отурат.
Ачык көк түстөгү джинсыга ак же агыш түстөгү кедалар ылайык болот.
Крассовка менен джинсы кийген ал эски мода десек болот.
Эгерде ботинка кийем десеңиз анда башы тоголок кийбей эле койгонуңуз жакшы. Мүмкүн болушунча башы кууш ботинка тандаңыз.
Жаштарга ылайыкталган балбырак джинсыларга ботинка караманча төп келбейт.

Пиджак тандоодо:
o Топчулангандан кийин көкүрөгү өйдө көтөрүлбөш керек.
o Далысы бүктөлүп тартылбашы керек.
o Пиджактын узундугу жамбашты жабыш керек.
o Шымдын узундугу отургандан кийин байпакты жабыш керек.

Махабат Сексенбаева




  Сандан-санга: сериал

Нургүл БЕЙШЕН
(Бу чыгарма
"Жанызак@басманын" менчиги)
Орошон кумар ошол түн
(Башы өткөн санда)
БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
- Тастыктайм.
Туура он беш секунддан кийин телефон шыңгырады.
- Мен баратам. Эмне болду?
- Геммаңа айт. Музыканы өчүрсүн. Мен жинди болоюн деп калдым.
- Эмне-е?
- Эмне уксаң ошо! Музыкаңарды өчүргүлө же башкасын койгула! Болбосо проводдоруңду кыркам азыр!
- Гемма!
Дароо Атабековдун "Күндөр жаңыраты" жаңырып кирди.
- Рахмат, - Баян трубканы кармаган бойдон шалдырап отуруп калды.
Нурлан телеэкрандын алдында өзү менен өзү күрөшүп турду. Болгону жарым мүнөт араң чыдап, анан караңгы туюму жеңип кетти да:
- Мониторду күйгүз! - деп кыйкырды. Экран дароо жанданып, Берметти эмизип отурган Баян көрүндү. Берметтин кичинекей манжалары, ууртунан сызылган сүт, колун сербеңдетип кайра эле эмчекке тырмышканы, Баяндын балкылдап сүткө толгон мамагы, кызынын көкүлүн сылаган колдору…
- Үндү кош! - Нурлан өз үнүнөн өзү чочуп кетти.
- Нурлан мырза?
- Үндү кош деп жатам, Гемма.
- Адаттан тыш нерсе болуп жатабы?
- Ооба.
- Түшүнүктүү.
- Гемма, сен үндү бересиңби, жокпу?
Эмнегедир Гемма буйрукту дароо аткарбай кечеңдеп жатты. Экрандан Баяндын шарт башын көтөргөнү, бирөөгө сүйлөгөнү, шашып бөлмөдөн чыгып кеткени көрүндү. Гемма келжиреп отуруп албаганда, азыр аялынын ким менен сүйлөшкөнүн укпайт беле…
- Кайда чыгып кетти? - деп кыжынгычакты телефон шыңгырап, Баяндын кабатырланган үнү угулду:
- Нурлан! Нурлан! Мен Баянмын. Эмне болду? Жооп берчи? Сага бирдеме болдубу?
- Баары жайында эле. Эмнеге сурап жатасың?
- Гемма сени адаттан тыш иш кылып жатат деп айтып жатпайбы?
- Эч нерсе кылбай эле отурам.
- Гемма айтты…
- Сен качантан бери Гемманы угуп калгансың? Ал эмне дейт?
- Үнү башкача чыгып жатат деди. Мен азыр барам.
Нурлан кыйкырып жиберди:
- Каякка?
- Сага баратам.
- Токто! Бала менен чыкпа үйдөн. Мен жөн эле отурам дейм.
- Эмне үчүн сен бизге келесиң, а биздин сага барганыбызды каалабайсың?
Нурландын айласы кетти:
-Эгер азыр келсең, кайра кетпейсиң, уктуңбу? Ушуга макул болсоң, кел. Болбосо келбе. Түшүндүңбү?
Баяндын үшкүргөнүн угуп, трубканы кулагына аябай такады. Куду баягы түнкүдөй оргуштап чыккан каалоосун басыш үчүн муштумдарын катуу түйүп алды. Тырмактары алакандарына батып кеткенин сезип турду. Азыр ал жанында болсо, денесинин ар бир сантиметрин изилдеп чыгаар эле…
Бермет жаралган түнү алар эки жолу кошулушкан болчу. Биринчисинде, шашкалакташып, экөө тарп талашкан карышкырлардай бирин-бири тытып кете жаздашкан. Андан соң… О-о, аны кантип сөз менен жеткирүүгө болот билбейм… Эс-учун жыйып алышкан соң алар махабат оюнун кайрадан башташкан… Бул жолкусу ажайып керемет болгон… Тылагы бардын баары эле катын эмес экенин Нурлан ошондо билди. Беш жыл бою астыртан аңдып, качан бир ушуну кучактап жатаар экенмин деген эркектик дымагы болгону менен мынчалык кумаркеч болот деп күткөн эмес. Ушундай катыны туруп, оңду-солду жойлогон Мирбекке таң калды…
"Бир көрмөккө кыз болмок эмне?" деп Баян да ошол түнү бар өнөрүн аяган жок. Ушундай жандили менен мурда-кийин эрине деле берилген эмес экен, ойлоп көрсө. Ал экөө төшөк ойнун өтө эрте баштап алышып, махабаттын толук даамын сезбей калышкан окшойт. Кимдир бирөө көрүп койбосун деп көрүнгөн жерде ит-жыгылыш кылып жүрүп эле, мектепти бүтүрүп үйлөнүп алышкан. Кийин Мирбектин таскагы чыкты, Баян: "өзүм кылган иш өз башыма муш" деп унчукпай чыдачу…
Баян ал түнү Нурланга денесин эле берген жок, жандүйнөсүн, жүрөгүн кошо берип салды. Эч нерсесин аяган да, жашырган да жок. Калп эле арамза кылыктанып, чойоктогон да жок. Нурлан анын ушунусуна чалынды. Эгер эле, аялдык кылып, кылт этсе, ычкырын колуна карматып, басып кетмек. Эркектердин бир жаман кыялы болот, жеткиче күйүп-жанат, жеткен соң, дароо жүзүн үйрүп калат. Нурлан да ошондой чалпоо мүнөздөн куру эмес эле…
- Нурлан, бара берейинчи? - трубкага астейдил шыбырады Баян. - Сага жардам керек.
- Азыр эмес. Баарын өзүм жайгарам. Бул менин маселем.
- Экөөбүздүн жолубуз бир жактуу каттам дегиң келеби? - Баян таарыныч кылды. - Мага сен түн жарымында чуркасаң, а мен сага керек учурда кол да суна албасам, үй-бүлө болгонубуз кайсы?
- Туура айтасың, кымбатым, никенин жолу эки жактуу каттам. Кааласаң келе бергин. Бирок келсең, кайра кетпейсиң.
- Анте албасымды билесиң, - Баян каршы болду. - Дагы бир оюнчук никенин мага тыйындай кереги жок. Бири-бирибиздин жашообузду болбогон нерсе менен татаалдаштырбайлычы, Нурлан?