Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Дастан Сарыгулов, экс-мамкатчы:

"Көралбастардын кылганы"
Жакында басылмалардын биринде Дастан Сарыгулов тууралуу "Кыргыз десе оозунан көк түтүн булоологон, коомчулук мурдараак алтын чатактарына аралашкан адам катары тааныса, акыркы мезгилдерде санжырачы, тарыхчы катары билген Дастан Сарыгулов деген мырза бар". Ал "Оң менен сол кандаш, ичкилик кандаш эмес" деп айтканы тууралуу жазышкан. Элди ыдыратканга белсенип киришип жатабы деп Дастан Сарыгуловго кайрылып, оозунан муну уктук.

- 3-4 жыл мурун "Апта" гезитине уруулук түзүлүш тууралуу маек бергемин. Ошол убакта саясатта душмандарым көп эле, балким ошолордун буйуртмасы болсо керек. Берген маегимди бурмалап этек башын шылып, башкача өңүттө жарыялап жиберишкен. Андан бери көп жыл өтсө дагы көрө албастар ошону казып чыгып, "элди бөлдү" деген жалаа жаап атышат.
- Ичкиликтер - Оң, Сол менен кандашпы?
- Чын-чынына келгенде баардык түрк эли кандашпыз.
- Алтында иштеп жүргөндө көп алтын уурдаган дешет?
- Ал дагы Акаевдин жапкан жалаасы. Алтын тамеки эмес, "чирип кетти, жарабай калды" деп солоп алганга болбойт. Анын эсеби бар, эгерде алтын уурдаганда азыр камалып отурмакмын. Аны 2 жыл текшерип, изилдеп чыгышты.





Замирбек Парманкулов, экс-депутат:
"Кружка сындырып камала жаздагам"
Кара-Кулжада "бала баатыр" деген тергеме аты бар Замирбек Парманкулов деген бар. Убагында Акаевге атырылып, Бакиев менен бакырышып жүргөн. Жогорку Кеңештин депутаттыгына чейин барып, жеке бизнестеринин дагы битин сыкчу. Бакиев доорунда коомдук ишмерлер, бийликке акырая карап койгондор куугунтук жеп атканда бу дагы "Сибирге" айдала жаздаган. Анткени Бакиев менен так талашка чыгып, шайлоого катыша турганын бийлик билип алып, торго салгысы келет. "Коомдук тартипти бузду" деген айып менен иши сотко өткөн. "Бала баатыр" бейбаш окшойт деп сураштырсак, кафеде пивонун кружкасын сындырып койгону үчүн камакка кабылган экен…
- Сизди 1 кружка үчүн соттоп жиберишкенби?
- Бул мындай, Акаевдин режимине каршы чыгып жүргөн кез эле. Ошто бир кафеде досторум менен тамактанып атканбыз. Акаевдин ырайымсыз кылып аткан иштерин талкуулап, бакылдап сүйлөп отурганбыз. Бир маалда бирөө жөөлөп келип, столдогу кружка түшүп кетип сынып калды. Анан милициялар кармап кетип, "коомдук тартипти бузду" дешти. Көрсө Акаевдин аңдыган адамдары шылтоо издеп аткан экен. Ошол менен Акаев качып кетти. Бакиев келип, бул дагы Акаевдин катачылыктарын кайталай баштады. Анын туура эмес саясатын сынга алдым. Ошондо Акаевдин тушунда сынган "кружка чырын" алып чыгып, мойнума такты. Абдан эле күлкү келээрлик бекен? Бул ишти сотко өткөрүп, камалсын деген чечим чыгарышыптыр. Бакиев да качып кетти, кеткенден кийин акталдым.





Темир Сариев, "Ак Шумкар" партиясынын лидери:
"Биз кайра ынтымакка чакырып атабыз"
Темир Сариевди күйүгүп чуркап Атамбаевдин алдына барып, "бийликти оштуктарга алдырып жибербейли, түндүктүктөр бир күч бололу!" деп жүрөт деген кеп жүргөн. Байланышсак…

- Ал биздин партияны оппонент көргөн тараптардын чыгарган ушактары. Уруу-урууга бөлүп, жердешчилдик саясат, аракет көргөн жерим жок. Тескерисинче азыр ар бир кокту-колоттон чыккан талапкерлердин катарын толуктаган жокпуз. Кайра биригип, жалпыбыз бир күч бололу. Жердешчилдик илдетинен арылалы деген аракеттер жүрүп атат. Муну ооз эки гана эмес, учурунда иш жүзүндө көрсөтөбүз. Парламенттик шайлоодо дагы биринчилерден болуп жеңилүүнү моюндап, тааныганбыз. Башкалардай "жеңилип калдык" деп эл чогултуп журт козуткан эмеспиз. Бул баарынын эле колунан келе бербейт. Демек, бизге бийликтен дагы элдин бейпил турмушу маанилүү.




  Бирбүркүм

Түлеевдин армиясы
Талапкерлердин 30 миң кол топтоо аракетинде талапкер Түлеев алдыга ат салдырбай баратыр. Анан калса Нариманды аярлап, кол кабыш кылгандар көбөйдү. Өзүнүн жеке ишканасында эле 2000 киши иштейт экен. Мэрияда, Темир жол ишканасында иштешкен мурдагы тарапкерлери, 7-апрель партиясы, "Ак Бата" партиясы, пенсионерлер партиясы, "Генерал ордо" коомунун активдүү мүчөлөрүн кошкондо агитациялык, кол топтоо өнөктүгүндө 10 000 ашык киши иштеп атыр дейт. 150 000 миң ашык кол топтоп бүгүн-эртең БШКга тапшырганы туру. Түлеев армиясын дагы көбөйтүп, кадыр баркын көтөрүүгө катуу киришип аткан кези. Султанов экөө, кимибиздин рейтингибиз салмактуу болсо, ошого жол бошотуп, экинчибиз штаб башчы болобуз деген келишимге келишкен экен. Бу жүрүштө Түлеев алдыга чыгып, элде айтылып жүргөндүн тескерисинче болуп Султанов эмес Түлеев президенттикке ат салышып, Марат ака жол бошотушу толук мүмкүн болуп турат.


Калматов кайда, Москвада
Жакында депутат, президенттикке кандидат Анарбек Калматов түшүнөн чочугансып эле Москвага учуптур. Жетип эле итбай-чотбай тааныштары менен пиво ичип, бир түнөп алып эле кайра артка, Бишкеке учкан экен. Анда жанында коштоп жүргөн жандоочтору "эмнеге келдик да, эмнеге кеттик? Ушул итбай-чотбайлар менен пиво ичкени эле келдик беле?" деп сурашса. "Азыр ушул мода болуп жатпайбы. Эгер Москвага келип кетсең "ээ ушунун Москвада, Кремлде колдоочусу бар экен", деп сени саясатчы катары таанып эсептеше баштайт экен. Антпесең сени кыргыздар маңка катары көрүшкөнүн байкап жатпаймбы? Бишкеке барганда шеф Москвадан чоң акча алып келди деп имиш тараткыла, ошондо көрөсүң биздин короого элдер жайнап келе баштаганын" дептир.


Курама темир курч болот имиш
Тээ мурдатан бийликтин бийик сересинде жүрсө дагы Айкөл Манас атабызды эстеп койбой, эми шайлоого жакын калганда анын эстелигин Маскөөдөн оруска окшоштуруп жасатып келип алып чокчойтуп кое салганы аз келгенсип, анын ачылышында туруп алып дагы бир кызык кептин учун чаргытты. Кечээги салтанатта кезеги менен сөз алган өкмөт башчы "Былтыр биздин курама эл экенибизди унутуп, арабызга от жагышты. Биз курама журтпуз. Манас атабыз курама элди журт кылган. Курама темир курч болот" деп кайдагы нерсени таап чыкты. Эми элестетсеңер, кыргыз өзү 3 миллионго жетпеген алакандай эл болсо каяктан курама болмок эле? Уруулук түзүлүшүн алганда деле оң, сол, ичкилик болуп үчкө бөлүнгөнү менен анын түбү деле бир болуп жатпайбы. Манас атабыз кезинде азыркы трайбалист Атамбаевге окшогондордун айынан бытырап кеткен уруулардын башын бириктирип, ошону айткан курама жыйып журт кылдым деп. Баарынан кызыгы, өкмөт башчы ушул жыйында туруп алып "ким элди уруу-урууга, түндүк-түштүккө бөлсө ал кыргыздын, Манас атабыздын душманы" деди. Эми карап көргүлө. Алмаз Атамбаевдин айланасына өңчөй трайбалисттер жыйналып, Темир Сариев баш болуп: "Бийликти түштүккө алдырбайлы, Атамбаевди колдойлу" деп жыландын башын кылтыйтып жүрсө башка сөз айтыштын кажети барбы? Эгерде муну менен гана токтосо бир жөн эле, бүгүн ошол трайбалисттер өздөрүнчө жыйналганда "Талас, Нарын, Көлдүктөргө биз түндүктү бириктиребиз деген шылтоону айтабыз да, жалаң чүйлүктөр бийликке келебиз, башкаларга бийлик бербейбиз" деп шерттешкени туурасында даректүү кептер каңгып жүрөт. Демек, Атамбаев кыргызга акыл үйрөткөндү коюп, өзү баш болгон командасы трайбалисттик илдеттен арылса жакшы болмок.








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??