Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Мектеп турмуш

Инженер үй курса, мугалим адамдын жан дүйнөсүн курат
Үйдө дайыма жакындарыбыз менен баарлашып, кеңешип, маселени бирге чечишкен сыяктуу эле мектепте дагы окуучулардын аныкталган ачык жашоосу болот. Балага ата-эне тарбия берүүгө умтулгандай эле, мектеп дагы балдарды адам болуу үчүн тарбиялоого максаттанат. Биздин алгачкы сапарыбыз Бишкек шаардык №73-мектепке карай болду. Туңгуч кичирайонунда жайгашкан бул мектеп 1993-жылы курулган. Долбоор боюнча 1 миң 266 орунга каралган мектепте учурда 1 миң 560 окуучу окуйт. Негизинен Туңгуч кичи районунун жана үч жаңы конуштун: Алтын-Ордо, Рухий-Мурастын жана Кырмандын балдары билим алышууда.

Ниязбеков Раушан, №73-мектептин директору:
- Мектептин курулушу кайра куруу мезгилине туш келип калып, мектептин жарымы бүтүп, жарымы бүтпөй калган. Ошондо жетекчи болуп бекигем. Мына 18 жылдан бери стабилдүү иш жүргүзүп келебиз. Мугалимдерибиз быйыл 10го жакын райондук-шаардык сынактарга катышып, ийгиликтерге жетишти. Быйыл 6 классты эксперименталдык класс кылууга даярдап жатабыз. Мурда иштин жүргүзүлүүсү дагы, коом дагы башкачараак болчу. Бүгүнкү күнү окуучулар арасындагы ар кандай жагымсыз окуяларга ата-энелер дагы, мугалимдер дагы, окуучулардын өздөрү дагы күнөөлүү. Анткени, кендирди кескен турмуштун азабынан ата-энелери Россияда соода кылып, окуучуларга көңүл бөлүнбөй келет. Экинчиден, мугалимдердин айлыгы аз болгондуктан, мугалимдер эптеп-септеп эле иштеп келишкен. Биз окуучулар арасындагы ар кандай конфликттүү окуялардын алдын алганга аракет кылуубуз зарыл, анткени, мектептен кандай балдарды тарбияласак, коом дагы ошого жараша калыптанат.

Мамбеталиева Бактыгүл, окуу жана тарбия бөлүмүнүн башчысы:
- Биринчи маселе, китеп көйгөйү бизди көбүрөөк аксатат, ошого карабастан, бул маселени дагы өзүбүз чечкенге аракет кылып жатабыз. Быйылкы жылыбыздын ийгилиги, баардык предметтер боюнча мугалимдерди кабыл алганыбыз. Ата-энелердин жардамы, мугалимдердин демилгеси менен 5 класс жаңыланды. Биздин мектепте шаар боюнча фондго эң эле аз -100 сомдон гана чогултабыз. Чогулган каражат боюнча Октябрь райондук окуу борборуна отчет берилип, текшерилип турат. Мектепте тарбия иштери жакшы колго алынган, дагы жардамчы катары уюштуруучу алып жатабыз. Тартип бузуулар таптакыр жок дебейм, анча-мынча болот. Бизге келген окуучулардын көбүнүн ата-энелери Кыргызстандан сыртта иштеп кетишип, балдарын туугандарына таштап кетишкендер. Ушундай балдар чынында эле көйгөйлүү болуп калышат, өзүнүн баласындай эч ким карабайт да. Коом ушунча кыйналып жаткан кезде ата-энелер балдарын унутуп коюп, акча табууга, акча саноого аракет кылышып, түйшүктүн баары мектепке түшөт. Эгер Өкмөттөн мугалимдерге атайын каражат бөлүнүп, 10 чакты кружоктор ачылса, балдар мектептен тышкаркы учурунда пайдалуу нерсе менен алектенсе сонун болот эле.

Чынара Эсеналиева, тарых мугалими:
- Ушул мектеп ачылгандан бери эмгектенип келатам. Мугалимдик кесип албетте, абдан түйшүктүү кесип. Себеби, балдардын дүйнөсүнө кирүү, аны түшүнүү ар бир адамдын колунан келе бербейт. Окуучулар менен иштөө үчүн мугалим кылдат психолог болушу зарыл. Мамлекетибиз өз алдынча болгондон соң, түйшүгүбүз ого бетер көбөйдү. Эгер мугалим болом деген жаш адамдын чыныгы кыялы болсо, ал чын жүрөгү менен мектепке келиш керек, а эгерде элдир-селдир эле иштей берем деген оюу болсо, анын ишинен эч жыйынтык чыкпайт. Биз келечектин адамдарын тарбиялап жаткан адамдарбыз. Эгер инженерлер үй куруп жатса, биз адамдын жан дүйнөсүн курабыз.

Токтобекова Раиса, методикалык иштер бөлүмүнүн жетекчиси:
- Мен мектепте 17 жылдан бери иштеп келатам. Биздеги эң негизги эле көйгөй азыркы инновациялык программалар боюнча жаңы окуу китептери, жаңы методикалык колдонмолор жокко эсе. Эгер мындай басылмалар көбүрөөк болгондо мугалимдер менен кеңешмелерде же балдарга сабак өтүүдө кеңири колдонууга болот эле. Бирок, ушуга карабастан, окуучулардын билим деңгээлинин сапаты жакшы. Жогорку категориядагы мугалимдерибиз, Эл агартуунун отличниктери бар. Быйыл мугалимдердин сандык-сапаттык түзүмү боюнча 60 мугалим катталды. Жаш мугалимдер үчүн насаатчы мугалимдерди даярдап, сабакты кандай кылып өтүү өзөгүн, анализин, мектептеги иш-кагаздары менен иш алып баруу боюнча жаңы окуу жылында ишти баштайбыз.

Саманчиева Махабат, кыргыз тили жана адабият мугалими:
- Батыштын, салттуу жана СССРден бери келаткан методика деп аралаш билим берип келаткандыктан, алгылыктуу бир методика жокко эсе. Кыргыз тилчилер ийри отуруп, түз кеңешип кыргыз тилин окутуунун жаңы ыкмаларын карап көрүүбүз зарыл. Окумуштууларыбыз дагы, тилчилерибиз дагы "Кыргыз тили жоголуп баратат" деп айтып жатышат, ушул сөздү айтуунун өзү эле такыр кечиримсиз. "Кыргыз деген байыркы эл, касиеттүү эл, ыйык эл" деп айтып алып эле, кайра артыбыздан кетип "Тилибиз жоголуп кетет" деп айтканыбыз туура эмес. Бул кыска ойлуу саясатчылардын кеби. 2000 жыл тарыхыбыз бар, дайрадай "Манас" эпосубуз туруп тилибиз жоголуп кетет деген туура эмес. Мынакей КТРКда "Дөөлөт" деген берүүнү канчалаган жаштар көрүп жатат. Кичинекей баладан, ата-энеден башташыбыз керек. Мен корейлер менен иштеп калдым, алардын балдары 6 жашка чейин миң жомокту билип чыгышат экен.

Гүлзат Супатаева, жаш адиси:
- Менин мугалим болуп калуумдун себеби ушул кесипти жүрөгүмдө ыйык тутунуп келгенимден болду. Жаш балдарды тарбиялоо өтө оор, бирок ошого карабастан, өз кесибимди катуу сүйгөндүктөн балдарга болгон күчүмдү, билимимди берип тарбиялоого аракеттенем. Албетте, салыштыра келсек, үйдө ата-эне бир эле баланы тарбиялоодо кандай түйшүккө учурап жатат, мектепте болсо андан көп баланы тарбиялап, билим берүүгө туура келет. Мектепте иштеп жүрүп бир топ ийгиликтерге дагы жетиштим, бул менин гана жеке эмгегим эмес, айрыкча окуучуларымдын активдүү салымы бар. Мисалы, 2005-жылы шаардык семинарда 85 мугалим катышып, анын ичинен 35 мугалим ачык сабагыма катышып, мага дагы, окуучуларга дагы абдан ыраазы болуп кетишкени кадимкидей стимул болгон.




  Адеп сабагы

Нуржан Сакиева
(Манас илиминен үзүндү)
(Башы өткөн санда)
БАЛАНЫ ЭРКЕ КЫЛБАШ ҮЧҮН ЭРКЕЛЕТПЕШ КЕРЕКПИ?...
Табияты эмнеге шыктуу болсо ошол тема боюнча ой жүгүртө алган, маани берип сүйлөшө алган курбу-курдаш, дос-теңтуш күтө башташып, балдар өз чөйрөсүн (круг) өзүлөрү тандоого коомдогу кыймылдар менен кошо аракетте болушат.
Кошо аралашып жүргөн достору кандай болсо, бала өзү дагы ошондой мүнөз-адатта болуп, баланын жашоого болгон калыптанууусу өзүнө чөйрө тандап алуусу менен башталат. Ошондуктан ар бир Ата-Эне баласынын кимдер менен дос экендигин, кимдер менен эмне маселе боюнча карым-катнашта экендигин жана кимдер менен эмне маселеде сүйлөшө тургандыгын астырдан байкоого алгандары жакшы натыйжа берет.
Балдар опурталдуу убактарында эмнеге жана кандай ишке аралашкан болсо, ошол иштерден суурулуп чыгып кетүүсү көптөгөн кыйынчылыктарды жаратып, андан аркы жашоо жолдору дагы опурталдуу курактагы тутунган чөйрөсүнө көз каранды болуп, кошо жүргөндөрү, кылган иштери тескери жолдордогу достор же балдар болсо келечеке багыт алуусу алардын көзөмөлүндө жана аралашуусунда болуп калып, аттанган жолу тескери жолго багыт алууга аргасыз болот.
Опурталдуу курагындагы жакшы чөйрөлөргө аралашуусу, спортко машыгуусу, тил үйрөнүүгө ж.б нерселерге алектенүүсү балдарды жаман Нерселерге азгырып кетүүчү жолдордон алыс кылып, баланын эмгекке же окууга алектенүүсү ар кандай жаман иштерден арачалайт.
Өспүрүм курактан жигиттик куракка өтүүдө эркек балада жалпы дене-мүчөсүндө гормоналдык өзгөрүүлөр пайда болуп, бул учурда психологиялык дагы өзгөрүүлөр жана калыптануулар өтө баштайт.
Бул учурдагы калыптануусуна психологиялык акыбалдары өтө мааниге ээ болуп, үйдөгү жана мектептеги жашоо шарттар оң жана тескери таасирин тийгизе алат.
Баланы кичинесинен турмуштук жагдайларга даярдоодо Ата-Эне сабак окуусуна гана көңүл бурбастан, баланын кимдер менен чогуу жүргөндүгүнө жана кандай балдар менен мамиле кылгандыгына дагы маани берип, кандай менен дос болуп, эмне иш менен алек болуп жүргөндүгүнө көз салуулары--иликтеп-изилдеп билип туруулары керек: Балага айлана-чөйрөсүндөгүлөр кандай мамиле кылат? Мектепте жалгыз эмеспи? Достору менен тил табыша алабы? Мугалимдери менен жакшы түшүнүктөбү? ж.б. көптөгөн маселелер балдардын мүнөзүнүн жакшы калыптанышына шарт түзөт.
Чөйрөдөн жана коомдон кол үзүп кетип калбагандыктан балдар өз чөйрөсүндө жана өзү жашап аткан коомдо өзүн ишениимдүү жана көңүлдүү алып жүрүүгө ар кандай тоскоолдуктар болбошу керек. Балдар арасындагы тымызын атандашуулар баланы мокотуп, чүнчүтүп койбош үчүн үйдөгү Ата-Эненин дагы пайдалуу кеп-кеңештери өтө керек болуп, бала ар кандай оор кырдаалдардан улуу адамдардын туура берилген кеп-кеңештери менен чыгып кетүүгө жол таап, уруш-талашсыз, ар кандай проблемаларсыз чара колдонууга ык алып, өзүнүн кийинки келечек жолдоруна тажрыйба алат.









кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??