Шумдугуңкур

Тынымсыз күлгөн кыз
Улуу Британияда 7 жашар кыз Энна Стивенс дээрлик бир айга чейин тынымсыз күлгөн. Жаш кыздын бул таң калыштуу кылыгы мээсиндеги шишикти алып таштагандан кийин болгон. Мээсиндеги шишик алынгандан кийин кызы болбогон нерсеге деле тынымсыз күлүп жатканын байкап чочулаган ата-эне ак халатчандарга кайрылышкан. Алгач кызы бир күлгөндө 15 мүнөт тынбай күлүп, андан соң өзү токтоно албай калган. Эннанын оорусун доктурлар операциядан кийин эмоциясын контролдой албай калат деп түшүндүрүшкөн. Мындай ооруга операциядан кийин 5% бейтаптар чалдыгышат. Али алдыда кызды 16 ай химио-радиотерапия күтөт. Бирок, врачтар Эннанын сакайып кетерине 80% ишенишет.


Жашыл тер чыккан кытай
Кытайлык медиктер денесинен жашыл тер бөлүнүп чыккан өзгөчө бейтапка түшүндүрмө бере албай баштары маң. 52 жаштагы бейтап өзүнүн тери жашыл болуп калганын байкай баштаган. Алгач жаткан жери, ич кийими жашыл болуп калган. Кийинчерээк жуунган учурда сууну боеп баштаган. Таң калыштуусу бул адам эч кандай дискамфортту сезбейт. Медиктерге ден соолугу кандай абалга келип калгандыгын билүү үчүн гана кайрылган. Доктурлар канын текшергенде эч кандай өзгөчөлүк байкай алышкан эмес. Ак халатчандар бейтаптын оорусунун себебин таба алышпай бейтаптын оорусун түшүндүрүп бере турган адам чыгаар деген тилекте ЖМК аркылуу элге кайрылуу жасашкан.


1 200 000 долларлык төө
Хамдан бин Мухаммед Аль Мактум төөнү 10 миллион (1 200 000$) дирхамга сатып алган. Муну менен Дубайдын шейхи БАЭ төөнүн баасынын рекордун койгон. Баалуу жаныбар Абу Дабиде өткөн фестивалда сатылган. Төө "маджахим" тукумунан, башка төөлөрдөн айырмасы сулуулугунда, алдыңкы буту жеңил келип, арткы буту күчттүү делет. Аталган фестивалга жылына 10 миңге чукул төө катышат. Жылына өткөрүлүүчү көрсөтмөнүн аянты 10 кв/км. Фестивалдын уюштуруу комитети 35 млн. дирхамды 100 авто унаа байгеге койгон. Абу Дабинин принци шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян байге фондун көбөйтүү үчүн өз чөнтөгүнөн каражат кошкон. Бирок, Эмираттын бул белектери Катардын чаңында калат. Себеби, Катарда төө жарыштын жеңүүчүлөрүн алтын мынтык, жол тандабас "Лендкрузер" менен сыйлашат. Андыктан асыл тукум төөлөрдү эң байлар асырашат, аларды жөнөкөй "ауди" же башка белек менен сынакка апкеле албайсың.


Териси жок бала
Улуу Британияда териси жок бала төрөлгөн. Ымыркайдын денесинин айрым гана жерлери тери менен капталган. Ал дагы кичине катуу кыймылдатса үзүлөт. Эксперттердин айтымында бул оору миллиондун биринде гана болот. Мындай сейрек оору менен ооруган адамдын организми тери менен эттин ортосундагы чапталуучу затты чыгара албайт. Бул оору менен төрөлгөн наристенин ата-энеси дени сак адамдар, энеси кош бойлуу кезде өзгөчөлөнгөн белгилер деле болгон эмес. Эскерте кетсек бул оору менен Улуу Британияда дагы бир жаш бала жашап келет. Анын жашоосу жалаң ороп чулгоодон, бинттерден турат. Жанды ачыштырган бинтти жумасына 3 ирет алмаштырып туруу кажет.




  Дүйнөсөз

Ливия. Ливиянын козголоңчулары Моаммар Каддафинин аялын үч баласы менен чогуу кабыл алган Алжирди Ливияга каршы агрессияда айыптады. Каддафинин экинчи аялы Сафия Фаркаш Алжирге дүйшөмбү күнү Каддафинин 34 жаштагы кызы Айеша жана Мухаммад, Ханнибал деген эки уулу менен келгенин Алжирдин тышкы иштер министрлиги бышыктады. Бул окуя Алжир менен козголоңчулардын Улуттук Өткөөл кеңеши көзөмөлдөгөн Триполини тирештирди. Каддафинин өзү кайда экени белгисиз бойдон. Улуттук Өткөөл кеңеш аны балдары менен кошо ондогон жылдардан берки зөөкүр бийлиги үчүн сот жообуна тартууну максат кылууда, антпесе, Каддафи балдары менен Ливияда жаңы козголоң чыгарышы мүмкүн деп коркушат. Ал эми Каддафинин өзү кайда экени белгисиз бойдон. Улуттук Өткөөл кеңеш аны балдары менен кошо ондогон жылдардан берки зөөкүр бийлиги үчүн сот жообуна тартууну максат кылууда, антпесе, Каддафи балдары менен Ливияда жаңы козголоң чыгарышы мүмкүн деп коркушат.


Казакстан. Казакстанда Семей полигону расмий жабылганына туура жыйырма жыл толду.Семейдеги өзөктүк сыноолор 1989-жылы аяктаганы менен полигон расмий түрдө 1991-жылдын 29-августунда жабылган. Аянты 18 миң чарчы чакырым келген, совет доорунда "Семипалатинск -21" деп аталган полигон азыр деле ачык турат, ал аймакка билген да, билбеген да киши кирип кетүүсү мүмкүн. Казак мажлисинин Семей курамына кирген Чыгыш Казакстан облусунан шайланган депутаты Нуртай Сабилянов мунун себебин мурдагы полигондун аянтынын чоңдугу менен түшүндүрөт. Окумуштуулардын айтымында, Семей полигону жабылган жыйырма жылдан кийин деле аймакта радиациянын деңгээли нормадагыдан он эсеге көптүк кылат. Жарык дүйнөгө келген ар бир жыйырма наристенин бирөөсү кемтик төрөлөт. Көптөгөн тургундар рак илдетинин түрдүү формаларына кабылышат.


  Атакайың

Вера Брежнева бузукубу?
Россиянын шоу бизнесиндеги суктанаарлык түгөйлөрдүн катарын Лера Кудрявцева менен Сергей Лазерев толукташат. Бирок, бул эки жаштын сүйүүсүнүн туруктуулугуна коомчулук анчейин ишене бербейт. Эскерте кетсек былтыркы жылы Лера айым мурунку сүйүүсү Игорь Верниктин кучагынан байкалып, Сергей ызы-чуу чыгарган эле. Бул жылы эстафетаны Сергей алган өңдүү. Сергей Лераны Вера Брежневага алмаштырды. Папарация Вера менен Сергейдин өбүшүп аткан жеринен тартып алышкан. Сергей менен Лера журналисттердин көзүнчө мамилесин такташууга өтүшкөн. Канткен менен эки жаштын бири-бирине болгон сезими али бар экени кубандырды.


Леди Гага Кытайдын кара тизмесинде
Популярдуу ырчы айымдар Леди Гага менен Бейонсе Кытайдын маданият министрлигинин кара тизмесине кирди. Бул эки ырчынын композицияларын туура эмес кабылдашып, Кытайдын интернет баракчаларына киргизүүгө тыюу салышты. Анткени, дүйнөлүк желе республикадагы бийликтин катуу көзөмөлүндө. Эгерде ыр талапка жооп бербесе интернеттен алып ташташат. Бийликтин бул чечими чыккан соң 15-сентябрга чейин бардык музыкалык сайттар кара тизмеге кирген ырчылардын ырын алып таштоолору кажет. Кытайда 2009-жылы эле маданияттын деңгээлин түшүргөн, табити начарлар менен күрөшүү мыйзамы кабыл алынган. Кара тизмеге киргендердин басымдуу бөлүгү Тайвандан, Гонконгдон анча-мынчасы Япониядан. Батыш өлкөлөрүнүн ичинен Леди Гаганын алты ыры кирген.


Тиль Швайгер баш тартты
"Бесславные ублюдки", "Достучаться до небес" тасмаларынын каарманы Тиль Швайгер өткөн аптада орустун режиссеру Федор Бондарчук менен төрт саат баарлашууда болду. Анда Бондарчук Швайгерге "Сталинград" картинасынан роль сунуштаган. Аталган тасма экинчи дүйнөлүк согуш учурун чагылдырмак. Бондарчук немец актеруна фащисттик Германиянын офицеринин ролун сунуштаган. Бирок, Швайгер аталган образды жаратуудан баш тартты. "Сталинград" тасмасында образ жаратышым мүмкүн, эгерде ал роль гитлердик Германиянын өкүлү болбосо деп билдирди актер.


Кристина уулунун көзүн көгөрткөнбү?
Ушул аптада интернет басылмалардын биринде Кристина Агилеранын уулу Макстын көзү көгөргөн сүрөтү чыккан. Бул сүрөт басылып чыгаары менен коомчулукта ар кандай сөздөр тараган. Айрым эрктүү журналисттер Кристина уулуна жетиштүү деңгээлде кам көрбөйт деп да чыгышкан. Анын эртеси эле ырчы официалдуу билдирүү жасап, журналисттердин божомолун четке каккан. Кристинанын айтымында уулу баласын караган кыз менен сейилдөө учурунда жыгылып көзүн көгөрткөн. Максты ошол замат бейтапканага апарышканда, доктурлар кооптонбой эле коюу керектигин айтышкан. Ырчынын жактоочусу сүрөттү басып чыгарган басылмага, ырчынын репутациясына шек келтирди деген дооматын койгон. Жактоочунун айтымында Кристина эң мыкты эне, жана баласы жыгылган учурда ал жанында болгон эмес.


Махабат Сексенбаева