Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Айнура Салахидинова:
"Жигитимди эмне кыласыз?"
"Күлкү ден соолуктун мүлкү" деп кыргызда бекер айтылган эмес. Биз да бул макалды утурлай атактууларды Асмандын тамашалуу торуна салууну чечтик. Биздин торубузга чү дегенде эле Айнура Салахидинова түштү. Ырчы кызыбыз учурда буту-бутуна тийбей концерт берем деп чуркап жүргөн кези. Убактысы эч нерсеге жетпей аткан кызыбызга коңгуроо кылып тамашабызды баштадык.

- Саламатсыңарбы?
А: - Саламатчылык.
- Мен сиздин күйөрманыңыз болом. Номериңизди араң таптым. Атым Тагай.
А: - Эмнеге чалып жатасыз?
- Жөн эле сиз менен таанышып сүйлөшкүм келди. Каршы эмессизби?
А: - Кимден алдыңар номерди?
- Ырчы балдар таап беришти. Сизге жолугуп сүйлөшсөм болобу?
А: - Эмне жөнүндө сүйлө-шөсүңөр?
- Күйөрманыңыз менен сүйлөшүп отурса болбойбу?
А: - Менин колум бош эмес азыр. Концертиме чуркап жүрөм.
- Жардам бербейинби концертиңизге?
А: - Эмне кылып жардам бересиз?
- А эмне жардам керек?
А: - Рахмат байке, мен сизди тааныбайм.
- Таанышпайлыбы, демөөрчү болуп берейинби?
А: - Жок, байке рахмат.
- Кезикпейлиби, сүйлөшөлү.
А: - Менин колум бош эмес деп жатам го.
- Жарым саатка да бошой албайсызбы?
А: - Эмне анча срочна.
- Сизди жакшы көрүп, ырларыңызды угуп жүрөм да.
А: - (Жактырбай) Жашыңыз канчада?
- Сизден 6 жашка улуумун. Сиздин жигитиңиз барбы?
А: - Жигитимди эмне кыласыз?
- Мүмкүн жолукканда жагып калсам жигитиңиз болоттурмун.
Түүт-түүт… телефонду коюп салды. Ага карабастан кайра байланышка чыктык.
- Айнура, эмне коююп салдыңыз?
А: - Мен за рулем кетип атам.
Ошентип тамашабызды эртеси күнү уланттык. Кекээрленип телефонду көтөрбөй бой көтөргөн кыздардан го дедик эле. Бирок, Айнура биздин оюбузду четке кагып, чалганыбызда алды. Анда тамашанын уландысына кезек берели.
- Кандайсың Айнура, мен кечээ чалдым эле сизге. Кандай ден соолуктар?
А: - Нормально
- Ийгиликтер болуп атабы?
А: - Ийгилик болбой атат.
- Налогдоруң төлөндүбү?
А: - А анын баары чечилип бүткөн.
- Алдын ала элеби?
А: - Ооба.
- Бүтүргөн кишиңди берчи. Эмнеге менсиз бүтүрүп койду. Булардын баары менин полномочиемде болчу да. Эми эмне жардам кыла алам.
А: - Бир ай мурдараак айтпайт белеңиз. Баары бүткөндөн кийин…
- Телефонуңду таппай жүрдүм да. Эми кандай кылайын, жардам кылайынчы?
А: - М-мм, анда билет алыңыз.
- Эл канча билет алышат. Мен канча алайын.
А: - Ар кандай 200гө чейин алышат.
- Макул 200 билет алып ишканаларга таркатып берейин. Анан бир чайлашып отурабызбы? Же мени менен чай да ичпейсиңби?
А: - Мен орозомун.
- Орозо бүткөндө чай ичебизби? Муңдуу ырларды эле ырдай бересиң, мага күлүп жайнап келесиңби?
А: - Мен сизге өзүм чалам…
Трубканы койду. Орусча айтканда "грамотно" кылып койду ырчы кызыбыз. Кийин тамаша дегенибизде. Мен кечээ эле сезгем ушуну деп күлүп тим болду. Эмне дейбиз, концертиң аншлаг менен өтсүн, ийгилик!
Барчын Аскарова







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??